Кыргыз гезиттер архиви

  Адамдын амалы алты төөгө жүк

Банк менен базарды "сындырган" шылуун

Азыркы заманда ууру- кески же киши өлтүргүчкө караганда алдамчылыр жөн адамдарды сыздатып кетишчү болду. Өз башымдан өткөн окуяны айтайын. 2007-жылдын жайында борбордогу "Азамат" машине базарынан Азамат Рахимов деген бейтааныш жигиттен "Мерседес-Бенц" Е200 автосун 7500 долларга сатып алгам. А.Рахимов менин көзүмчө Бишкек шаардык МАИсине кирип, машинени техкароодон өткөрүп, документке мөөр койдуруп чыккан. Документтери да жайында эле. Бу машине чыгымды көп талап кыларын айдагандар билет, анүстүнө ал авариядан кийин кайра жасалган эле. Ай өтүп-өтпөй "Мерседести" кайра баягы базарга алып чыктым. Базардан Таалай Өмүров деген байке "мага "Мерседести" берип, сен менин "Аудимди" албайсыңбы" дегенинен, айтканын туура көрүп экөөбүз алмашып, мен "Аудини" айдап кеттим. Арадан аз өтпөй, бу машине бузулуп, оңдотоюн десем оңбогондой акча жээрин угуп, баягы көнгөн базарга сатуу үчүн кайра чыктым. Таалай байкеге дагы жолугуп калсам болобу. Экөөбүз ары-бери сүйлөшүп жатып, кайра эле машине алмашууга макулдаштык. Мен "Аудинин" үстүнө 2500 доллар кошуп ага бердим да, анын "Мерседес-Бенц" Е280 автосун айдап кеттим.
Декабрдын аягында мага Таалай байке чалып, "сен мага эмнеге залогдо турган машинени сатасың" деп доо койгонуна таңгалдым. Көрсө, бая мен ага "Аудиге" алмашкан "Мерседес" Балыкчы шаарында "АТФ банк" менен А.Рахимовдун ортосундагы келишим боюнча залогдо турган унаа экен. Таалай машинени өзүнө каттатканы барып, ушунун үстүнөн чыгып атпайбы. А.Рахимов "Мерседести" мага сатканга чейин адегенде банкка залогго коюп акча алып, бирок машиненин документтерин кантип алганын ким билсин, кайра аны базарга алып чыгып мага сатып пайда көрүп, бир учурда эки адамды алдаган тура.
Кийин Азамат Рахимовду издеп Балыкчыга далай бардым. Бишкектеги дареги боюнча барсам, ал үйүн небак сатып көчүп кетишкенин, мен сыяктуулар аны издеп бул дарекке көп келерин да билдим. Ушу жылдын февралында милийсалар келип, короомдо турган "Мерседес-Бенц" Е280ди алып кетишти. Же акчадан жок, же машинеден жок отуруп калдым. А.Рахимов мен сыяктуу башкаларды да алдап, бир машинени банкка да, ломбардга да залогго коюп акча алып, ошол эле учурда аны базарга жасалма документ менен сатып, бир учурда үч адамды сызга отургузган учуру бар экен. Ушу тапта Бишкектин Ленин райондук бөлүмүнө менин, Руслан Жаркынбаевдин Рахимовдун үстүнөн жазган арыздарыбыз боюнча кылмыш иштери козголуп, бирок иш жүрбөй турат. Муну изилдеп көрсөк, анык иттин өлүгү ушерде көмүлүптүр. Азамат Тахировдун энеси Кайыргүл Кенжебаева президенттин иш башкармалыгына тиешелүү дарылоо борборунда массаж жасап иштейт экен. Ушу тоскоол болуп атат деп далилдей албайбыз, бирок козголгон кылмыш иштеринин жүрбөй жатышына бул аялдын тиешеси бар го деп шектенебиз. Анткени бул аял Акүй-Көкүйдөгү тааныштарын ортого салып, баласына каршы козголгон кылмыш иштерине тоскоолдук жасап жатат деп ойлойбуз. Себеби, мен бул жөнүндө президенттин наамына арыз жазган соң гана, 45 күн өткөндөн кийин иш козголуп, ушу тапта шаар прокуратурасы бул ишти кароодо. Анан калса, А.Рахимов камакка алынып, бирок кайра прокурордун санкциясынын негизинде ата-энесинин жеке кепилдиги менен камактан бошотулганда, "банктагы карызыбызды жаап, сага саткан машинени залогдон бошотуп беребиз" деп безилдеген К.Кенжебаевага ишенген элем. Залогдогу машиненин ишин бүтүрбөй ишти бир ай созуп, акыры "билген жериңе барып, каалаган кишиңе арыздан" деп менин күйбөгөн жеримди күл кылды. Эгер ал мыйзамдан корксо, залогдо турган машинесин баласына саттырат беле?.. Уялбай дагы баламды милийсалар сабап салыптыр деп көрүнгөн жерге арызданып жүрөт имиш. Эгер баласы сабалганы анык болсо, санкция берген прокурор күч колдонуунун издерин көрөт эле го.
"Керегем сага айтам, келиним сен ук" дегендей, башкалар да мен сыяктуу ушундай шылуундарга туш болбосун.
Рысбек РАХМАТОВ, Ысык-Ата району, Ново-Покровка айылы




стакандап чогултканды Бөтөлкөлөп чачкандар
Акчага эмес, алыңарга жараша
Акыркы мезгилде кайсы гана соода түйүнүнө барбайлы, койкойгон кооз бөтөлкөлөрү спирт ичимдиктери көз жоосун алат. Расмий маалыматтарга таянсак, Кыргызстандын бюджетин толтурган эң кирешелүү тармак да алкоголь өндүрүшү. Бирок, дүкөндөрдө, базарларда сатылган ичимдиктердин баарынын эле сапаты бирдей эмес. Колго жасалган ичимдиктин ден соолукка зыянын, мамлекеттин казынасын бөксөртөрү тууралуу Мамлекеттик алкоагенттигинин бөлүм башчысы Каныбек КАЧКЫНБАЕВдин оюна орун беребиз.

- Жашыруун жасалган спирт ичимдиктерин кармаганда ар кандай административдик айыпты гана колдонуп жүргөңүздөрдү билебиз. Дегеле, буларды кантип ооздуктоого болот?
- Жакында Кылмыш кодексинин жаңы статьяларына өзгөртүүлөр кирип, айыптар көбөйдү. Мурда 2000-3000 сом төлөшсө, азыр 10000ге жетти. Бирок, буларды жалаң эле айып менен ооздуктай албайбыз. Мисалы, спиртти эле айта турган болсок, анын төрт түрү бар. Ичимдикке колдоно турганы - бул тамак ашка гана колдонгон спирт. А беркилер техникалык, химикалык, синтетикалык болуп бөлүнөт. Алар өзүнүн даярдоо наркы боюнча тамак-аш спиртинен төрт эсе арзан. Булар деле спирт деп аталганы менен аны ичүүгө болбойт. Көпчүлүк жарандар жасалма аракты дал ушул ичүүгө болбой турган спирттерден жасашат. Дүкөндөрдөгү эң арзан спирт ичимдигин көрсөңүз, демек ал жасалма деп билсе болот.
- Кыргызстандын заводдорунан чыккан таза ичимдиктердин эң арзаны канча сом турат?
- Ишканада бардык шарттар боюнча даярдалган спирт ичимдигинин эң арзан баасы 40-42 сом. Ушул эле арактар базарда мындан эки эсе арзан турганын көрөбүз. Демек, спирт ичимдиги канчалык арзан болсо, ал жасалма экендигинен белги берет. Ал эми шампандын баасы жүз сомдон кем эмес болушу шарт. Ошондуктан, ичимдиктин арзанына качырып, ал жердеги документтерди талап кылбай каалаган аракты иче беришсе, сөзсүз түрдө адамдын ден соолугуна зыян алып келет. Жакындан бери жасалма аракты ооздуктоо үчүн ар кандай плакаттарды жасап, таратып атабыз. Ишеним телефондору да иштейт. Эгерде жасалма ичимдик тууралуу ким маалымат билсе, ишеним телефондоруна чалып кабарласа болот.
- Арактан уулангандар жана жасалма ичимдик менен шугулдангандар кай жакта көп?
- Республика боюнча эл көбүрөөк жайгашкан аймак Чүй менен Ош облусунда көп кездешет. Биздин адамдар ичкен арагынын эмнеден жасалганын билишпейт, атүгүл кызыгып да коюшпайт. Ошондон улам уулангандар көп. Колго жасагандар өзүлөрү деле кандай спирт аралаштырганын билишпейт. Жасалма арактан уулангандардын так эсеби бизде жок. Бирок, Саламаттык сактоо министрлигинде катталгандар көп. Андан тышкары, колго жасалган ичкиликтер заводдукуна караганда алда канча арзан. Заводдон чыккан продукцияны чыгарганда анын чыгымы, мамлекеттин бюджетине түшчү салыктары бар. Бул жагынан алганда жасалма продукция жашыруун чыккандыктан эч кандай салык төлөшпөйт. Мыйзамдуу түрдө иштеген ишканаларга конкуренция да болуп атышат. Завод-ишканалар өкмөткө акча төлөп, бардык талаптарга жооп бере тургандай санитардык абалын, технологиянын бардык шарттарын колдонуп жасашат. Ал эми ортодон окшоштуруп, үйдөн антисанитардык абалда колго жасалган арактар жарандардын ден соолугу менен катар заводго да, мамлекетке да бир топ зыян алып келишет.
- Жасалма арак менен шугулдангандарга карата кандай чаралар бар?
- Мамлекеттик алкоагенттиктин кызматкерлери тарабынан үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталда жашыруун түрдө жасалган ичимдиктердин бир нечеси ачыкка чыкты. Мисалы, Каракол шаарындагы Тельман көчөсүнөн биздин кызматкерлер жашыруун түрдө аракка кошулуп аткан 300 литрден ашык спирт табышкан. Андан тышкары, мыйзамсыз түрдө жасалма ичкиликтерди куючу 837 бош бөтөлкө, ар кайсы ишканалардын аты менен жазылган ичкиликтер табылган. Алардын арасында сырттан импорттолуп келген Россия өндүрүшүнүн бөтөлкөлөрү да бар. Бирок, эң негизгиси Кыргызстандын бөтөлкөлөрү басымдуулук кылат. Мыйзамсыз жасалган акциздик маркалар, пробка, этикеткалар табылды. Бул боюнча материал даярдап, ишти прокуратурага өткөрүп бердик. Кара-Балта шаарындагы "Берекет" соода түйүнүнөн 88 литр спирт кармалды. Аны текшергенде мыйзамсыз ичимдиктер даярдалып атканы аныкталды. Бишкек шаарындагы Жибек Жолу көчөсүнөн Р.Жусубакунова деген айымдын үйүнөн колго жасалган коньяк кармалган. Аны адегенде мамлекеттик алкоагенттиктин кызматкерлери ишке байланыштуу текшерүү иретинде 50 бөтөлкө сатып алышкан. Сатып алынган продукция мыйзамсыз түрдө жасалган экен. Алар дагы 200 бөтөлкө заказ беришкен. Булардын баасы соода түйүндөрүнөн алда канча төмөн болгон. Ал 200 бөтөлкө даярдап, кардарларды үйүнө чакырган кезде полиция кызматкерлери менен барып кармалды. Бул жерден адис катары айтарым, коньякты даярдоо технологиясы өтө кылдаттыкты талап кылат. Ал атайын жүзүмдүн ширелеринен даярдалып, андан кийин виноматериал жасалып, экинчи жолу иштелип чыгат. Коньяктын спирти кем дегенде челектерде үч жылдан ашык сакталыш керек. Үч жылдан ары он, жыйырма жылга чейин сакталып кете берет.

Назгүл КАЛМАМБЕТОВА