Кыргыз гезиттер архиви

  Кинонун чыры жана сыры

Мамлекеттик бюджеттен каржыланган тасмалар аз. Бирок, акыркы жылдары өкмөт атайы каражат бөлүп, тасмалар тартыла баштаганы кубандырбай койбойт. Мындан эки жыл мурун режиссер Замир ЭРАЛИЕВдин "Тоо" деген аталыштагы тасмасына мамлекеттик бюджеттен акча бөлүнгөн. Бирок каржыланган тасма эмдигиче тартыла элек. Каражаты жетиштүү тасманын токтоп турушуна эмне себепкер экендигин режиссердун өз оозунан угалы.

Замир ЭРАЛИЕВ:
"Тасмага бөлүнгөн акча дайынсыз жоголду"
- "Тоо" аттуу тасманы 2007-жылы эле тартып бүтүрмөкмүн. Бирок, 2007-жылы өткөн Ысыккөл кинофестивалына башкы директор болуп калганыма байланыштуу кино тартууга мүмкүнчүлүгүм жетпей калды. Ошондуктан, кинону токтото турайын да, фестивалды жакшылап өткөрүп алалы, кийин деле тартам деген чечимге келгем. Фестиваль ийгиликтүү өттү. 2008-жылы май айында кызматтан бошоп калдым. Ошого байланыштуу бир-эки ай эмне кылаарымды билбей, фильмдин тагдыры белгисиз болуп калды. Себеби, Нур уулу Досбол "Сиздин үстүңүздөн курч материалдарды Эсеп палатасы жазыптыр, прокуратурага бергени атабыз" дегенде албетте мен шок болдум. Кандай болот деп тынчсыздандым. Бирок, Эсеп палатасы менен кадимкидей эле айтыштым. Аларга силердин өкүлүңөр туура эмес иштептир деп ойлорумду айттым. Бул учурда фильм тууралуу ойлонгонго да мүмкүнчүлүк болбой калды. Бирок, башкы прокуратура текшергенине кабатырланганыма карабай фильмге кирише баштадым. Айтор, 2008-жылдын 10-августунда биз съемкага чыктык. Ошондо мен бир нерсеге абдан таңгалдым. Фильмдин директору Наталья Филипповага фильмге кеткен акчанын эсебин бер десем, ал мага "сиз ушул акчага киришпей эле коюңуз. Бул режиссердун иши эмес. Андан көрө чыгармачылык жагын көбүрөөк ойлонуңуз. Акча, административдик маселелерди мен чечем" деп койду. Ортобузда конфликт болбосун деп айла жок макул болдум. Киного тартуу мөөнөтү план боюнча бир ай он күн болуш керек эле. Бирок эки жумадан кийин "Кыргызфильмден" "киного бөлүнгөн каражат түгөндү, съемканы токтотуп келгиле" деген кабар келди. Токмоктун жанында абдан кооз Кегети деген коктуда тартылып аткан. Фильмдин 60 пайызы тартылып, 40 пайызы калган. Кыска метраждуу фильм болгондуктан жетишээрлик эле акча которулбады беле деп таңгалып калдым.
- Бул фильмге мамлекет тарабынан канча каражат бөлүндү эле?
- Негизи, бул ишти 2007-жылы баштаганбыз. Ошол кезде фильмге 600 миң сом бөлүндү. 2008-жылы 700 миң сом бөлүнүп, баш-аягы бир миллион үч жүз миң сомду түздү. Бизде толук метраждуу фильмдер учурда орто эсеп менен үч жарым миллион сомго чейин тартылат. Ал эми биздин кыска метраждуу фильмибизге бул чоң эле сумма болчу. Акча түгөндү дегенден кийин "Кыргызфильмге" келип, карызга болсо дагы акча берип турбайсыңарбы десем болбой коюшту. Жок дегенде бүткөнүн монтаж кылалы дедим. Сергей Ломакин деген жигитти таап, ал монтаждамай болду. Материалдардын баарын киностудиянын компьютерине киргиздик. Ишибиз көпкө созулуп, Сергей да ишке жоопкерчиликсиз мамиле жасады. Бир айдын ичинде эмнегедир компьютер бузулуп, ичиндеги материалдын баары жоголуп кетти. Муну атайылап кылдыбы деген да ой пайда болду. Учурда фильмди продюсерлерге же спонсорлорго көрсөтөлү деп, көрсөтө албай кыйналып атабыз. Бул фильмдин акчасы кайда кетти, эсептеп бергиле деп киностудияга кайрылсам, директордун орунбасары Айнаш Токобаева маалыматтык таблица жасап берди. Таблицада тартыла турган "Төкөр" деген фильмдин директору Зина Касманкуловага Наталья Филиппова биздин фильмдеги 52 миң сомду карызга бериптир. Бул туура эмес да.
- Бул ишти териштирүү максатында кандай чараларды колдондуңуз, кайда кайрыл-дыңыз?
- Республикалык каржы полициясына фильмге түшкөн каражат белгисиз жоголду, бул акча кайда кеткенин билип бергиле деп кайрылдым. Фильмдин директору Наталья Филиппованы деле күнөөлөйүн деген оюм жок. Ал деле аракеттенип жүрдү. Бирок, ага эки жума өтпөй акчаны түгөндү дегениңерге түшүнгөн жокмун, сен таарынба, мен финполицияга кайрылам дедим. Ал эмне үчүн финполицияга бересиз, мен ар бир тыйындын кайда кеткенин далилдей алам деди. Анда эмнеге чочулап атасың, далилдей алсаң делилдеп бер дедим. Финполиция текшерип, 90 миң сомдун түшүнүксүз пайдаланылганын айтышты. Көрсө, суммаларды көбөйтүп, ашыгы менен жазып коюшуптур. Фильмдин администратору айдоочу катары да акча алган. Машинесинин маркасы 1970-жылдагы "Жигули" эле. Былтыр анын машинеси болжол менен 40 миң сом турса, анын эки жума киного тартылган арендасына 28 миң сом төлөнүптүр. Дагы бир мисал фильмдеги автоунаалардын бензинине 60 миң сом кетиптир деп уктум. Машиналар анчалык май короткудай жүргөн эмес. Бирок, акча жок, фильм тартылбай калды. Финполициянын өкүлүнө кайсы акча кайда кеткени тууралуу түшүндүрүп бергиле деп өтүнгөм.
- Мамлекет тарабынан ушунча каражат жумшалып, бирок, фильм толук тартылбай калганы өкүнүчтүү. Мүмкүн чыгармачыл чөйрөдөгү көралбастыктан улам бут тосуулар болгондур?
- Үч жыл ушул киноконцерндин башчысы болуп иштедим. Ошол кезде тартып аткан киносуна жардам сурап келген режиссерлор көп болгон. Алардын жакшы ой-пикирин уксам, жардам бергенге аракет кылчумун. Мисалы, Талгат Асыранкулов деген режиссер "Бейиш куштары" тасмасын тартып атып акча жетпей калганда, он миң доллар бөлүп бергенбиз. Ал тасма кийин чоң фестивалдарга катышып келди. Ошол эле Темир Бирназаров "Жолоочу" тасмасын тартып атып "Белгисиз маршрут" фильмине өтүп, ага 3,5 миллион сом бөлүп бергем. Эрнест Абдыжапаров мага канча каршы чыгып жүрсө да ага "Уурунун махабаты" тасмасы үчүн бир жарым миллион сом бөлүп бергенде, ушул акча жетет, калганын өзүм табам деген. Актан Арым Кубаттын "Жийде" деген фильмине бир жарым миллион сом бөлүнүп берилди. Бакыт Карагулов тарта турган "Төкөр" тасмасына бир жарым миллион сом которсом, ушул жетет калганын өзүм табам деген. А азыр болсо башка жерден акча издебейм, өкмөттүн акчасына тартам деп айтып калыптыр. "Кыргызкиного" мен келгенге чейин жылына үч миллион сом эле бөлүнчү. Ошонун жарымы аппаратка, ремонтко кетип, фильм тартылчу эмес. Төрт жылдын ичинде болгону мамлекет каржылаган бир эле фильм тартылган. А мен иштеп атканда жыл сайын толук метраждуу "Бейиш куштары", "Петрарканы окуу", Кадыржан Кыдыралиев жөнүндө документалдуу фильмдер тартылды. Мультфильмге үч миллион, дубляжга төрт миллион сом бөлүндү. Улуттук долбоор менен "Курманбек", "Сынган кылыч", "Курманжан Датканы" тарталы деп даярданып турганбыз. Башкы прокуратура, каржы полициясы, Биринчи май райондук прокуратурасы менин иштеримди текшерип, жумушуман кемчилик тапкан жок, айып да кое алышпады.
Назгүл КАЛМАМБЕТОВА




Кан жыттанган аш бычак
Он жыл бою ичимдик ичип, араксыз жашоосун элестете албаган Эсентурдан үйүндөгүлөр тажап, "Шанс" аттуу реабилитациялык борборго алып барышкан. Бул борбордо аракка берилип кеткен адамдарды дарылоо курсу өтөт. Өзүнө окшогон достору менен үч жарым айдан бери дарыланган Эсентурдун кебетеси оңолуп, кайрадан үйүнө кетүүгө мүмкүнчүлүк алат. "Шанс" борборунан өзү менен кошо дарыланып жүргөн Рахат аттуу жигитти үйүнө ээрчите келген.

Эсентурдун аялы бала-бакырасы менен эринин арагынан тажап, төркүнүнө баса берген эле. Ээн үйдө жалгыз жашагандан көрө эрмектешип чогуу жашайлы деп ээрчитип келген жолдошу Рахат экөө бири-бирине психикалык жактан жардам берип, экинчи ичимдикти оозубузга албайбыз деп сөз беришет. Рахатты да үйбүлөсү арагынын айынан чыгарып жиберишкен экен. Уулу Эсентурдун үйүнө келген энеси баласынын арак ичпей жолдошу экөөнүн тынч жашап атканын көрүп, санаасы тынчып кетип калат. Арадан бир айга чукул убакыт өткөндө эмнегедир Эсентурдун арак ичкиси келип, өзүн-өзү канчалык карманса да организми ичимдикти талап кылып туруп алат.
Үстүбүздөгү жылдын 10-январында түнкү саат он бирлер чамасында Эсентур Рахатка:
- Бүгүн ичимдик ичип, кичине эс албайлыбы. Эртеңден баштап ичимдикти оозго алмай жок, кайрадан дарылануубузду улантабыз, - деген сунушун айтат. Өзү да арак ичкиси келип, араң жүргөн Рахат досунун сунушуна дароо макул болот. Экөө ээрчишип көчөгө чыгышат да, биз аракечтердей болуп арак ичпейбиз деп үч бөтөлкө коньяк алып келишет. Эшиктин алдындагы жайкы ашканага маңдай-тескей отуруп бир бөтөлкө коньякты ичкенден кийин эле Эсентурдун өзүнөн-өзү кыжыры келип, тагдырына наалат айтып, Рахат менен уруша баштайт. Анысы аз келгенсип ашканадагы буюм-тайымдарды талкалап, дубалды тээп, тынчтандырууга аракет жасаган Рахатка кол салат. Анын мындай кыялына Рахат да туруштук бералбай, экөө мушташа кетишет. Эсентур Рахаттын чачын жулуп, денесин тиштегилей баштайт. Анысы аз келгенсип, анын эрдин тиштеп жулуп алат. Катуу оорудан улам Рахат эс-учун жоготуп, жерге жатып калат. Эсине келсе, маңдайында Эсентур отурган экен. Баягыдай жулунбай,тынчтанып калыптыр. Ордунан турайын деп кыймылдаган Рахатты көргөн Эсентур анын жанына келип кайрадан муунта баштайт. Эсентурдун кылыгына кыжырланган Рахат ага каршылык көрсөтүп, столдун ары жагында турган аш бычакты көрүп, колун созуп бычакты алат. Андан кийин аны өлтүрөм деп муунтуп аткан Эсентурду көкүрөгүнө сайып жиберет. Жанатан бери муунтуп өлтүрүүгө аракет жасап аткан Эсентурдун алы кетип, эсин жоготуп жыгылат. Аны ошол жерге калтырып, Рахат теңселе үйгө кирип жатып алат.
Эртеси таң атканда үйдөн чыкса жайкы ашканада канга чыланып Эсентур өлүп жаткан эле. Эмне кылаарын билбеген Рахат аны сүйрөп үйгө киргизет да, кечке чейин үйдөн чыкпай отура берет. Аңгыча кошуналардын айтуусу менен Эсентурдун апасы да кирип келет. Уулунун өлгөнүн көрүп дароо милиция чакырат. Эсентурдун өлүмүнө себепкер болгон Рахаттын колуна кишен салынып, темир торго отургузулат.
Жакында Бишкек шаарынын Ленин райондук соту 1968-жылы туулган, мурда бир нече жолу соттолуп келген Бердикеев Рахаттын ишин карап, үй мүлкүн конфискациялоо менен он алты жылга эркинен ажыратты. Адам өзүнө эмес, аракка кул болот деген чын белем.
Назира КУЛМАТОВА