Кыргыз гезиттер архиви

  Шоу винегрет

Чөнтөк жолдош
Уюлдук телефон заманбап жашообузда байланыш каражаты эле эмес, анын ажырагыс бир бөлүгү. Ага кандай карайбыз, кандай мамиле жасайбыз, буга кызыга алгач жылдыздардан сураштыра баштадык.

Бегимай КАРАБАЕВА:
"Уюлдук күйөрманым бар"
Телефонду жанымдай көрөм. Эң алгач уюлдук телефонду 1-курста окуп жүргөндө алгам. Маркасы Siemens-45 болчу. Апамдан жашырып, контрактка деген акчаны телефонго сарптаган элем. Айылга барганда апама дос кыздарымдыкы деп жалган айтып көтөрүп жүргөм. Бирок, алдаганым бат эле билинип калып, апам өзүм деле алпермекмин деп кейигени бар.
***
Тез-тез алмаштырганды жакшы көрөм. Кээде эки жума ичинде. Жалпы 10-15 чакты телефон көтөрдүм. Эки ирет гана апам сатып берди, калганын өзүм эскисин сатып же алмаштырып үстүнө акча кошуп улам ала берем. Азыркысы - Nokia 6310. Жакындан бери Samsungдун акыркы маркадагысына кызыгып, акча чогултуп жүрөм. Уюлдук телефондун көк же кызгылт түстөгүлөрүн жактырам. Эки уюлдук оператордун кызматынан пайдаланам. Албетте, ыңгайлуу, пайдалуу тарифтерин караштырам. Учурда "Накта", "Жаштык" тарифтериндемин.
***
Бирдик бар убакта да маяк бергенди жакшы көрөм. Смс көп жазам, аз сүйлөшөм. Жагымдуу смстерди атайын бир папкага сактап коем. Кээде смс жеткени туурасындагы отчетторду да өчүрбөйм, анткени, билдирүү алганын танып атса бетине коюп берем. Жагып калган смстерди блокнотко да жазып коем. Айрым учурда өзүм жактырган адам менен сүйлөшүп атканда үнүн диктафонго жаздырып алып, бош убакта алардын үнүн тыңдайм. Флэшкасында сакталган үн, смстерди кийин - 40-45терге чыкканда жаштыгымды эстеп ырахат алармын.
***
Телефон шыңгыры көбүнчө пианинонун ойнолушун каалайм. Чет өлкөлүк ырлар телефонумда дээрлик жок. Телефонума куран аяттары, келмелерди көп жаздырып алам да, күндө бир сыйра кайталап угам. ММС, уюлдук интернетти пайдаланбайм. Эсинде эки гана оюн бар, бирок, мен оюндан көрө көбүнчө радио угам.
***
Телефон жоготкон учурларым да жок эмес. Кээде маршрут, кээде такси, атургай, интернет клубдарда да көп унутуп калам. …Таңгаласың, айрым учурда жашыруун номурлардан кыздар чалып алып, "ырдабай эле койбойсуңбу" деп көңүл чөгөрүшөт. А жигиттер тескерисинче, каалоо-тилегин билдиришет.
***
Эки айдан бери бир уюлдук күйөрман таптым. Номурду кандай алмаштырам, мени ошондой таап алат. Жашыруун номурлуу телефондон чалат. Телевидениеге кандай кийинип келгенимден бери кабардар болот. Азыркыга чейин ким экенин билбейм. Кээде төрт сап ырын арнап калат. Ыр жазат экенсиң, ыр боюнча жолугуп сүйлөшпөйлүбү десем, азырынча экөөбүздүн жолукканыбызга эрте деп коет. Теледе иштейсиңби, таксистсиңби десем, жок дейт. Ысымы Майрамбек экенин гана билем. Ошол мага табышмак.




  Жизнь деген ар кандай…

Чолпонайдын жоруктарынан…
Мындан эки-үч жыл мурун "Акшоола" балдар хору менен Екатеринбургга фестивалга барган элек. 1-апрелде ошол жакта болуп калдык. Гүлмира эже (ред.- Г.Эсенгулова) баш болгон кыздар топтогу жигиттерди тамашага салууну чечтик. "Өзбектердин бийчи жигиттери силерди өнөр таймашка чакырды. Ырдагандан башка колуңардан келбестигин айтышууда" деп алдадык. Чоң-кичинесине карабай баары намыстанып, биз айткандай клоундардын кийимин кийип, тамак иччү фойеге түшүштү. Концерттен сырт убак болгондуктан, башка 14 мамлекеттен келгендердин баары карап, кол менен көрсөтүп жатышты аларды. А кыздар баарыбыз клоундардын "мурундарын" кийип тизилип "1-апрелиңер менен!" деп койдук. Жигиттерибиз ыза болушту, бирок, канча аракет кылышса да кыздардан эч өчтөрүн алалышкан эмес.
***
Университеттеги курбулар чогулуп, бир кыздын үйүнө жатак конок болуп бардык. Анткени, ал курбубуздун апасы мейманга кетип, ал жалгыз экен. Өзү аябай коркок. "Ведьма из Блэр" деген болгон окуяларга негизделген мистикалык, аябай коркунучтуу тасманы көрүп атабыз. Тынымга өчүргөн маалда бир кыз менен сүйлөшүп алып, башкаларга көрсөтпөй телевизордун жанындагы вазаларды ичке жип менен байлап алдык. Тасмада кишини өлтүрүп аткан коркунучтуу бир учуру бар, ошол жерге келгенде тигил кыз экөөбүз жипти тартсак, вазалар тоголонуп килемге түшүп калды. Кыздар ызы-чуу, кыйкырык салып, эшикке чуркап чыгышты. Кээси апаларына чалып "мени алып кет" деп алышкан. Тамашаладык десек ишенишпей, көпкө коркушту. Кайра өзүбүз өкүндүк. Ошондон кийин жанагы кыз экөөбүздүн тамашаларыбызга курбуларыбыз ишенбей калышкан.