Кыргыз гезиттер архиви

  Миң түркүн адам

Виктор ЮЩЕНКО
Украина башчысы Венгрия президенти Ласло Шойом менен болгон расмий жолугушуусунда Киев россиялык газдын Европага өз учурунда жана кынтыксыз өтүүсүнө жоопкер экенин билдирди.

Янис БИРКС
Рига шаарынын мэри шаардык думадан 9-майда өтүүчү Жеңиш күнүнө карата массалык иш-чараларды өткөрүүгө уруксат бербөөсүн суранды. Биркстин айтуусунда, мындай иш-чаралар сөзсүз түрдө массалык башаламандыкка апкелет. "9-майга өзгөчө ынтаа менен Латвия мамлекетинин анык душмандары гана даярданышат. Эгер мындай аракеттерге жол берсек, бул массалык түрдө Латвия мамлекеттүүлүгүнөн баш тартуу болуп эсептелинет" дейт мэр.

Карла БРУНИ
Парижде белгисиз адамдар биринчи айымдын жеке сүрөттөрү сакталган ноутбук жана видеокамераны уурдап кетишкен. Полициянын айтымында, андагы интимдик сүрөттөр Карла Бруни Рафаэл Энтовен менен жолугушуп жүргөндө жасалган. Ал эми Рафаэл менен Карланын ортосунда Орельян аттуу 8 жашар бала бар экени белгилүү. "Уурулар өлкө башчысы Николя Саркозини ыңгайсыз абалга калтыруу үчүн сүрөттөрдү сатып же интернетке жарыялап жиберүүлөрү мүмкүн" деп кооптонууда полиция кызматкерлери.

Жеки Чан
Айтылуу Гонконг актеру өзүнүн 100-кинотасмасына тартылууда. 55 жаштагы Жеки Чан режиссер Стенли Тонг менен биргеликте "Кытай зодиагы" аттуу кинодолбоордун үстүндө иштеп аткан чагы. Тасманын мазмуну азырынча табышмак, бирок анын Кытай, Австрия жана Франция мамлекеттеринде тартылары белгилүү болду. Жеки Чан апрелдин ортосунда өткөн пресс-конференциясында "эркиндик кытайлыктар үчүн зыяндуу, себеби, катаал көзөмөлсүз эл оюна келгенин жасай баштайт" деп, кытай жаштарынын батыш баалуулуктарына кызыкканын өкүнүү менен баса белгилеп, көпчүлүктүн нааразычылыгын туудурган. Дүйнөлүк атак-даңкка Голливуд тасмаларына тартылып жүрүп жеткен актер кийинчерээк анын ою туура эмес чечмеленгенин билдирген.
Гарри КАСПАРОВ
ОГФ лидери, оппозиционер бардык жарандарды ЮКОСтун экс-башчысы Михаил Ходорковский менен "МЕНАТЕПтин" экс-жетекчиси Платон Лебедевди соттоп жаткан сотко келүүгө чакырды. Каспаровдун айтымында, Россияда болуп жаткан башаламандыкка, өкүмзордукка күбө болуу үчүн көп нерсенин кереги жок - паспорт менен азыраак убактың болсо жетиштүү. "Бизнесмендер да, саясатчылар да, карапайып адамдар да сотко келип, өлкөдө өкүм сүргөн хаосту өз көздөрү менен көрүп кетүүлөрү керек" дейт шахматист.




  ДҮЙНӨКҮН

ДАРТДҮЙНӨ. Жаңы пайда болгон чочко тумоосу өтө тездик менен жайылып, оору очогу болгон Мексикада андан каза болгондордун саны 152 кишиге жетип, ал эми дарт жуктуруп алгандар 2000ден ашты. Эң алгачкылардан болуп чочко тумоосу менен ооруп көз жумган 39 жаштагы Мариа Адела Гутиеррес болду. Эл каттап жүргөн Мариа Адела кеминде 300 адамга илдет жуктурушу мүмкүн деп айтылууда. Ооруканага ичи өтүп, демалалбай келген аялга өзүнүн кант диабети кошул-ташыл болуп, 5 күндөн кийин көз жумган. Ушундай эле белгилер менен оорушкан 16 адамдан кийин илдет атайы изилдөөгө алынып, үч жумадан кийин расмий аталыш алган. Учурда АКШда 64 кишиде чочко тумоосу катталып, бул илдеттен 2 жашар баланын чарчаганы белгилүү болду. Мындан тышкары, Австрия, Германия, Франция, Перу, Египет, Израиль мамлекетеринде да мындай дартка 79 адам кабылганы белгилүү болду.
КҮЙДҮЙНӨ. Россиянын Саратов шаарында 6 жашар бала 3 жаштагы наристени машине менен тебелетип алган. Алынган маалыматтар боюнча, балага ВАЗ 2115 машинесинин ачкычын атасы машинени жылытып тур деп берген. Тилекке каршы, унаа жүрүп кетип, жакын жерде ойноп аткан баланы тебелеп кеткен. Наристе ошол эле жерден көз жумган. Учурда тергөө иштери жүрүп, кимдин айып тартаары чечилип жатат.
ЧЫРДҮЙНӨ. Украинанын Донецк облусундагы Мариуполь айылында 60 жаштагы адам чырдаша кетип, 32 жаштагы уулун өзүнүн мылтыгы менен атып өлтүрүп салган. Күбөлөрдүн айтымында, ата-баланын ортосундагы чыр болор-болбос нерседен чыккан. Күтүүсүздөн сейфинен куралын алып чыгып, ата сөрөй кеп-сөзгө келбей, баласын көкүрөк тушка атып ийген. Кожойкенин чакыруусу менен келген дарыгерлер болгон аракетин жасашса да, уулунун жанын алып калалбай калышкан. Учурда кылмышкерге "Атайы өлтүрүү" статьясы менен кылмыш иши козголуп, уулунун артында калган 2 жашар небереси бир көз ирмемде эле атасынан да, чоң атасынан да ажырап калды.
ШАҢДҮЙНӨ. Кытайдын Нанькин шаарында бийик такалуу бут кийимде чуркоо боюнча мелдеш болуп өттү. Ага шаардын 18ден 55 жашка чейинки тургундары катышып чер жазышты. Мелдештин шарты боюнча аял-эркектер өз-өзүнчө, андан соң жуп-жубу менен чуркашты. Аялдардын бийик такалуу бут кийим кийүүдө мол тажрыйбасы бар экенинен улам уюштуруучулар алар үчүн таканын бийиктиги 10 сантиметрден жапыз болбошу керек деп шарт коюшкан. Мелдеш туурасында ой бөлүшүп жатып, мырзалардын бири "мен өмүрү жасабай турган ишти жасаганыма абдан кубанычтуумун. Башка шартта эч ким мени аялдар кие турган бут кийимди кийгизе алмак эмес" деп билдирди.
ТАҢДҮЙНӨ. Улуу Британиянын тургуну, куруучу Джордж Джексон аукционго тармал түктүү чочкосун алып чыкты. Бул австриялык мангалица породасындагы таңгалычтуу чочкону 51 жаштагы фермер Тим Фиттон кызы Алиса үчүн 250 фунт стерлингге сатып алган. Анын айтымында, белек Алисага абдан жаккан. Эми фермердин үйбүлөсү чочкону эртерээк үйүнө алып кетип, кадимки чочколор аны кандай кабыл аларын билүүгө ашыгууда.




 Айланбас жердин айланма жаңылыктары


БЕЛЬГИЯ. Брюсселде элчилик деңгээлдеги РФ-НАТО Кеңешинин алгачкы расмий жыйыны болуп өттү.
РОССИЯ. Забайкалье крайында миң гектар аянт тайга өрттөнүүдө.
ТҮНДҮК КОРЕЯ эгер БУУ өзүнүн санкциялары үчүн кечирим сурабаса, ядролук сыноолорду жана баллистикалык ракеталарды кое берүү боюнча эксперименттерди улантаарын билдирди.
БРАЗИЛИЯ. Өлкөнүн түндүк-чыгыш аймагындагы суу каптодоон 150 миң киши жабыр тартып, 47 миң адам үй-жайсыз калды. 39 шаарда өзгөчө кырдаал жарыяланды.
ЯПОНИЯ. Өлкө премьер-министри Таро Асо Россиядан Түштүк Курилди бөлүштүрүү боюнча сунуштарды күтөрүн билдирди.
КАЗАКСТАН Кытай жергесине атом электростанцияларын куруу боюнча Пекин менен келишим түздү.
ТАНЗАНИЯ. Курал-жарак сакталган складдын жарылуусунан 3 адам каза болду.
АКШ. Техас штатында чочко тумоосунан улам өзгөчө кырдаал абалы киргизилди.
ЕС Персид куймасындагы араб өлкөлөрүнүн кызматташуу кеңеши менен эркин соода туурасында бир пикирге келе алган жок.
АЗЕРБАЙЖАН. Бакунун нефть академиясында белгисиз адам 1-кабаттан 6-кабатка көтөрүлүп баратып, ырайымсыздык менен жолунан кездешкен 14 адамды өлтүрүп, андан соң өзүн-өзү атып өлтүргөн.