Кыргыз гезиттер архиви

  Элтамга

Жакында "Темирлан" чыгат
Автор жөнүндө маалымат
ОМОРОВ Асыкбек Мамбетакунович 1953-жылы Ат-Башы районунда туулган. Эки техникалык кесиптин ээси: Фрунзе политехникалык институтун бүтүрүп, инженер-куруучу, экинчиси - Новосибирскидеги мамлекеттик аэрофотосьемка жана картография инженерлер институтун бүтүрүп, инженер-геодезист.
Учурунда самбо күрөшү боюнча СССР спортунун чебери. Кроссворд түзүүдө Гиннес китебинин рекордсмени. Кыргыз Совет энциклопедиясынын авторлорунун бири, орусча-кыргызча топография-геодезиялык сөздүктүн биринчи автору. Курулуш боюнча эки китептин жана "Аэробика для ума", "Проверь себя", "Учурдун учкай сөздөрү" деген китептердин автору.
Отуз жылдан ашык Чыңгызхан, Темирлан, Осмон империясы жана Аттила тууралуу дүйнөнүн 16 өлкөсүнөн баалуу тарыхый булактарды чогултуп, болгон окуялар тууралуу көп сүрөттөрдү жана схемаларды түзгөн. Анын "Чыңгызхан" деген тарыхый эссе китеби 2008-жылы чыгып, Эл аралык Мустафа Кемаль Ататүрк атындагы илим жана маданият багытындагы фонду тарых боюнча Азиядагы эң мыкты китеп деп баалап, Алтын медаль менен сыйлаган. Түркиядагы "Мугиад" тоо кендери боюнча Эл аралык ассоциациянын 1996-жылдан берки мүчөсү. Көп жылдары инженердик-геология чалгындоо экспедициясынын начальниги жана курулуш мекемелеринде жетекчилик кызматтарда иштеген. "Макмал" алтын кен комбинатынын генералдык директорунун 1-орунбасары болгон. "Эмгектеги артыкчылыгы үчүн" медалдын ээси. 1990-95-жылдары Бишкек шаардык кеңешинин депутаты.


- Мен 30 жыл бою Чыңгызханды, Темирланды жана Осмон империясын Аттиланын материалдары боюнча изилдеп, 16 мамлекетте болдум. Анын сегизи Европада, сегизи Азияда. Кээ бир мамлекеттерде эки ирет болсом, Стамбулга беш жолу барып келдим. Анткени Осмон империясы боюнча көптөгөн материалдар Стамбулда эмеспи. Чет өлкөлөргө чыккан сапарымда өтө кызыктуу тарыхый курулуштарга кезиктим. Жер ортолук деңизинин чыгыш жагында Мольерка аралы бар. Анын Пальма деген шаарындагы храмды испандыктар XIV кылымда 44 жыл курушкан. Ошол храмдын полун түстүү айнектерден жасашкан. Кызыл, көк, жашыл түстө болуп, өтө эле кооз. Ичине кирип бассаң, айнек сынып кетчүдөй болуп өзүңдү өтө эле кооптуу сезесиң. Бирок өтө бекем, жүк көтөрүмдүүлүгү жогору. Ал шаарды багынтып, Осмон империя аскерлери Алжирди өздөрүнө каратып, кайра Жер ортолук деңизи аркылуу артка сүзүп келе жатканда Пальма шаарын өзүнө каратып, ушул курулган храмды дээрлик үч кылым мечитке айландырып таштаган.
***
Ал эми улуу Кытай сепили III кылымда башталып, Темирлан өлгөн күнү курулушу тык токтогон. Кытай дубалы жалаң тоонун кырлары менен курулган. Дубалдын туурасы 3 метрден 5 метрге чейин жетет. Бийиктиги 10-11 метр. Дубалдын курулушу 7200 чакырымдан кийин токтотулган. Кытайлардын дубалды салуудагы жападан жалгыз максаты - көчмөн түрк элдеринин кол салуусунан коргонуу болгон. Улуу Кытай сепили канча кылым өтсө да дубалында жарака жок. Андан бери канча жолу жер титиреди. Көрсө, алар жерди алты метрге чейин казып, 30 см кум төгүп, андан кийин байланган боо камыштарды таштап, дагы үстүнө кум салып, ушундай ыкма менен толтуруп чыгышкан. Андан кийин гана кесилген таштар менен дубал тургузушкан. Ал эми таштарды бири-бирине кынаганда ак ылайды пайдаланышкан. Аралашманы даярдоодо кытай улутунан башка улут катыштырылган эмес. Анткени, даярдоо иши жабык жүргүзүлгөн. Көрсө, алар күрүчтү ундай майдалап алып, аны кайнатып цемент иретинде пайдаланышкан. Тең жарымы күрүч болсо, тең жарымына таза чопо топурак кошулган. Жалпысынан Улуу Кытай сепилине 13 млн. 920 миң тонна күрүч сарпталган. Аны бүгүнкү күндөгү нарк менен эсептегенде 400 млрд. доллардын тегерегинде болот. Кытай сепилин курууда ар кандай себептер менен 8 млн. 250 миң кишинин өмүрү кыйылган.
***
Темирландын төрт баласы болгон. Алар Жохангир, Маназамин, Оморшейх, Мироншах. Темирландын үч бөлүктөн турган герби болгон. Алар асман, жер, сууну туюндурган. Темирлан дүйнөнү төрт багытка: чыгыш, батыш, түндүк, түштүк деп бөлүп, төрт баласына бөлүп берген. Ал Мавераннахр империясы. Он башыларды Темирлан он эки кишиден түзгөн. Анткени ал ааламдын бүтүндүгүн он эки сан менен белгилеген. Себеби, күн он эки саат, түн он эки саат. Бир жыл он эки ай, бир мүчөлүк жыл он эки жыл. Мындан тышкары, асмандагы жылдыздар да он экиге бөлүнөт. Андыктан, Темирлан жүздүктү 120 кишиден, миңдикти 1200 кишиден кураган.
Темирлан 1405-жылы 18-февралда Кытайга жортуулга баратып көз жумат. Кышында жортуулга барганынын себеби, Аму дайрасынын музунан өтүү жеңил болгон. Темирландын сөөгү Самаркандга "Гур Эмир" мүрзөсүнө коюлган. "Гур Эмир" деген сөздүн мааниси - падышалар мүрзөсү дегенди билдирет. Анын бардык жакындары небере эмирлеринен бери ушул мүрзөгө коюлган. Ал өз мугалимин өтө барктаган колбашчы болгон. Ошондуктан балдарына "мен өлгөндө мугалимимден бир карыш ылдый койгула" деген осуятын калтырган.
Мугалими Улугбек согушка жөндөмсүз адам болгону менен өтө билимдүү киши болгон. Астрономия илимин ушу киши ачып, жердин геодезиялык координаттарын түзүп чыккан. Өзүнүн чыгарган жылдыздар гороскобу боюнча айтканы дал келген. Анткени баласы Абдулатиф бийлик талашып аскер башчысына атасынын башын алдырткан. Өзү түзгөн гороскобу ушундай жазылган болчу. Анын илимий китептери окуучулары тарабынан уурдатылат. Кийинчерээк бул Константинополь шаарынан табылып, европалык окумуштуулар Улугбектин эмгегин өздөрүнө ыйгарып алышкан.
***
Темирландын түпкүлүгү кыргыз. Негизинен Эрдемти барлас менен Тоодой барлас экөө биртууган болот. Орто Азиядагы Бууданчаар дегендин кыбыра кыргыз балдары. Ошондон улам барлас уруусу түптөлгөн. Эрдемти барластын баласы Сүйүнчү, андан Акжан, Ноен, Бакадыр, Илиңкыз, Тарагай. Тарагайдын баласы Темирлан төрөлгөн. Эмне үчүн Темир? Анткени, ошол мезгилде бул металл сейрек болуп, темир куралы бар адам өтө барктуу болгон. Ал эми "лан" деген сөз араб тилинен чолок дегенди билдирет. Ал биринчи Камараддин менен согушканда жаанын огу бутуна тийип, чолок болуп сылтып калган. Биз деле жетимиш жылда орусча сүйлөп көнүп калбадыкпы, ал мезгилде перси жана араб тилдеринде сүйлөгөн мода болгон. Кийин 1386-жылы бардык элдерди бириктирип, улуу курултай куруп, Улуу Эмир деген атка конгон. Мен да Темирлан жөнүндө жазган чыгармамда Улуу Эмир деп жаздым. Баары болуп төрт чыгармага 30 жылдык өмүрүмдү арнадым. Чыңгызханды 11 жыл, Темирланды 8 жыл жаздым. Азыр басмага даярдап, бир сыйра көздөн өткөрүп жатам. Кудай буюрса, күзүндө жарыкка чыгат.
Мындан тышкары, Темирландын Мавераннахр империясынын картасын түздүм. Темирлан адам менен сүйлөшкөндө ички сырын билип турган. Эл салык төлөбөй, жаңыдан көтөрүлүш чыгарып жатканда өрткө жеткирбей басып таштаган. Мисалы, Кавказга жортуулга баратканда Иранда чыккан көтөрүлүштү угуп, аскерлеринин башын кайра артка буруп, аларды кырып салган. Кырганда да жөн кырбай, баштарынан пирамида тургузган. Баары болуп жүз жыйырма пирамида. Бир пирамидада жети миңден баш болгон. Башкача айтканда, бир учурда 840 миң адамдын башы алынган. Бул кары-жашына, жынысына карабады дегендик. Темирлан улуттун психологиясын мыкты билген. Анткени, Иранда ошол мезгилде күрддөр жашаган. ООН кийин түзүлүп, кээ бир улуттар анын кара тизмесине өзгөчө болуп кирди. Алар күрддөр, чечендер, уйгурлар, түрк мешхеттер, лезгиндер, цыгандар ж.б. Булар өз алдынча республика түзө албайт. Темирлан муну ошондо эле билген. Темирландын империясы Чыңгызхандын империясынан аянты жагынан беш эсе аздык кылат. Анын армиясынын курамындагы аскер башчыларынын көпчүлүгү кыргыздар болгон. Мисалы, Актемир, бул тарыхта да калды. Ал өмүр бою Темирланга ак кызмат өтөгөн. Аны Селжуктарга башчы кылып койгон. Темирлан ар бир согуштун тактикасын мыкты ойлонгондон кийин баштаган.
***
Гексотаэдр формасындагы "Кохинор" деген алмазды сүрөткө тартып алайын деп Англияга бардым. Ал Англиянын улуттук музейинде сакталып турат. Бул алмазды Гвалилора деген Куумоюнга тартуу кылган. Куумоюн атасы Бабурга берген. Бабур кайра өз баласы Куумоюнга берип коет. Куумоюн Персиянын шахы Тахмаспага берет. Тахмаспа кайра Низамшахка тартуу кылат. Низамшах Хуррамшах Жаханга, Жахан Персиянын падышасы Надир Шахка, Надир Шах кайра Раджид Синкх деген радживдердин өкмөт башчысына берет. Ал эми Раджид Синкх Англиянын Лоуренс деген генералына берип, ал 1852-жылы Лондонго алып кеткен. Бул алмаз өтө чексиз баалуу буюм катары улуттук "Тауэр" деген музейде сакталуу.
Куумоюн 1530-жолборс жылында Улуу Могол империясынын башкаруу системасын түзгөн. Ал империянын кеңеши, анын алдында Могол императору, императордун алдында үч министрлик сыяктуу система киргизген. Биринчи жер системасы, суу системасы, от системасы. Жер системасына: айыл, мал чарбасы, үй курулуштары ж.б. кирген. Суу системасына: сугат каналдары, дан үчүн ороолор, жашылча кампалары, от системасына: согуш жана аскердик иштер кирген.
Окуялар чыгыш жыл календарларынын негизинде чычкан жылынан баштап, каман жылдарына чейин таблица түзүлүп, XIV кылымдын XVI кылымга чейинки окуялар камтылган.
Темирландын көп аялы болгон. Бирок көчмөн элдердин салтында атанын энчисине байбиченин балдары гана ээ болот. Кайтыш болгондо бийлик байбиченин балдарына берилет. Бул салтты Осмон империясында Мехмет IV бузуп, байбиченин балдарынын баарын өлтүрүп, өзү токолдун баласы катары бийликке келген. Андан кийин Мехмет IV өлөрдө "ким биртуугандарын өлтүрүп бийликке келсе, жер жүзүндө теңчилик болот" деген буйрук чыгарган. Албетте, бул туура эмес. Бирок тарыхта Чыңгызхандын, Темирландын, Осмон империясынын балдары бирин-бири кырып отуруп, ынтымакта жашаган эмес.
Темирландын жалгыз комузчусун кээ бир тарыхый булактарда Кетбука деп айтса, кээ бир тарыхый булактарда Токтогул деп айтылат. Ал комузду жакшы көрүп, шахматты кыйын ойногон. Ал эч качан шашкан эмес. Жөнөткөн чалгынчылары келмейинче чыдап отура берген. Ал эми Бабур шашкалактап отуруп, өзбектерден канча жолу жеңилди. Үчүнчү жолу Ирандын шахы Исмаил шах менен биринчи Самаркандды алуу үчүн өзбектерди кыргынга учураткан. Ошондон кийин өзбектердин көпчүлүгүнүн Бабурга жек көрүү сезими пайда болгон. Бирок Самаркандды алалбай, Кабулга кирүүгө аргасыз болуп, чоң атасы Темирландын согушка кылган мамилесинин туура болгонун ойлойт. Анан Ооганстанда базасын түзүп, жеңиштерге жетише баштайт.
***
1939-жылы Сталин 1,5 млн. рубль бөлүп, "Гур Эмир" мүрзөсүн кайра оңдоого археологдор менен антропологдорду кошуп жөнөтүп, сыртын оңдоп, ичин ачкыла дейт. Анткени, "Гур Эмирде" көп табыттар болгон. Темирландын бир буту кыска экенине таянган советтик антропологдор анын сөөгүн тапкандан кийин Москвага алып кетишкен. Темирландын сөөгүн ачып жатканда Каимов деген улуту өзбек адам кинооператор катары ошол жерде болгонун айтат. Ал көрүстөндү ачып жатканда, үч абышка пайда болуп, "балдарым, мүрзөнү ачпагыла, элде көп кан төгүлөт" деп айтып, чыгып кетишкен. Артынан ошол замат чыгышып, абышкаларды таппай калышкан. Ошол Темирландын мүрзөсү ачылган 1941-жылы 22-июнда Гитлер Советтер Союзуна кол салган. Андан ары Каимовдун айтуусунда, 1943-жылга чейин СССР жеңиле берген. Акыры Каимов Жуковго жолугуп, Темирландын сөөгүн өз ордуна алып барууну сунуштап, аны мусулманчылык эреже менен көмсөк жеңишке жетишебиз деп айтат. Жуков муну Сталинге айтат. Ошондо Сталин кыргыздар кайсы санды жакшы көрөрүн сураган. Ал сан жети жана тогуз болчу. Ошондо Сталин Темирландын сөөгүн тогуз жолу Москвада, тогуз жолу Сталинградда айландырып, ырымдап, Самаркандга жеткиришет. Чынында Темирландын сөөгү кайра 1943-жылы өз ордуна коюлган күнү фашисттик Германия Сталинградда жеңилип, ушул жыл экинчи дүйнөлүк согушта бурулуш жылы болуп тарыхта аттын кашкасындай жазылып калды. Ушул жылдан кийин 1945-жылы 9-майга чейин жеңүүнүн үстүндө болду.
Келдибек НАЗИРОВ
А.Оморовдун "Чыңгызхан" китебин сатып алчулар (0772) 411353 телефонуна чалыңыздар.