Кыргыз гезиттер архиви

"Пейджерибизге" жана SMS үчүн кыска номурга сахна жана саясат жылдыздарына арналган далай арзуу, сын-пикир билдирүүлөр түшүп турат. Ошондон улам жылдыздарга багытталган билдирүүлөрдү "Пейджердин" "Пейджерчесине" жарыялап турууну туура көрдүк. Коомдогу окуяларга күйүп-бышсаңыз - "Пейджерге" 66-55-68 номурун бурап, жылдызды сүйүп-күйүп атсаңыз, же сын айтсаңыз - "Пейджерчеге" AGYM деген сөздөн баштап 2525 кыска номуруна SMS жолдоңуз. Бул ирет рубриканын мейманы - диктор Гүлшан МОЛДОЕВА.

п-103. Менин бала чагымда кандай болсоңуз, эч өзгөрбөй, азыр деле калыбыңызда келе жатасыз. Ылайым бар болуп, ар убак жылдызыңыз жанып турсун! Бүбүнур.
п-104. Кышында "Дордой" базарынан көрдүм эле. Теледегиге караганда бир аз башкачараак экенсиз. Өзүңүзгө арналган сөздөр бар эле, токтоюн деп, теңсинбей көңүлүмдү оорутуп коебу деп корктум. Ырыс.
п-105. Чыгармачылыгы-ңызга ийгилик. 0772ХХХХ98. Жыргал.
п-106. "Арноо концертинин" көркүн Бактыбек агай экөөңүздөр эле чыгара аласыздар. 0555ХХХХ36. Чынар.
п-107. Өзүңүздү сахна адамы катары элестете аласызбы? Негизи эле ырдайсызбы? 0777ХХХХ12. Замир.
П-108. Гүлшан эже, ден соолугуңуз чың, өмүрүңүз узун болсун. Талыкпай иштеп, чыгармачылыгыңызды өркүндөтө бериңиз. Биз сизди абдан жакшы көрөбүз. Алина.
Бир SMS-билдирүүнүн баасы $0,75

"Пейджер" - Сиздин үнүңүз!

Урматтуу окурман!
Кимдир бирөөгө же айрым бир жагдайда сын-пикириңиз, зарыл сөзүңүз, каалооңуз барбы? Ар аптанын экинчи күнү (шейшемби) эртең мененки 10дон 12ге чейин 66-55-68 телефонуна чалып же AGYMpage деген сөздөн баштап 2525 номуруна SMS-билдирүү жөнөтсөңүз болот. 3-4 сүйлөмдөн ашпаган куйкум сөзүңүздү, боорду эзген азил оюңузду, көңүл көтөргөн куттуктоолоруңузду күтөбүз. Бүйүр кызыткан билдирүү ээси "Пейджердин" белегине арзыйт. "Пейджер" - сиздин үнүңүз! Чалыңыз, SMS-билдирүү жөнөтүңүз. Бир SMS баасы $0.75

21-апрельде "Пейджер" менен сүйлөшкөндөр:
П-527. Карынын сыйы - ыймандуу үйдө. Чоң муштумдун сүрү - арактуу үйдө. Караш Насер.
П-528. Бишкек шаарынын тургуну курбум Аидага салам. Аида, мен жакында барам, таарынбай тур. Нуржан.
П-529. Акылай, Асылай неберелеримди 22-апрель туулган күндөрү менен куттуктайм. Келечекте илим-билимге сугарылган кыргыздын бактылуу кыздарынан болгула. Чоң атаңар Арабай, Чаек.
П-530. Молдовандар виносун, грузиндер чачасын ичип жыргап жата беришпейби. Аларга эмне жетпейт? Тезек теришпесе, светтери өчпөсө. Бизде ошолордукундай жашоо болсо, Акүйгө үч маал чокунуп, бата берип турмакпыз. Алмаз.
П-531. Айланайын Советимдин жарыгы ай, / Коммунизмге бара жатсак жамырай / Кыргызстанды тоноп жарды кылгандар / Кан кусушуп, өтсө экен жарыбай. Эркин Жаныбеков.
П-532. Англия, Италия "Милан" команда футболчусу Дэвид Бекхэмдин жылдык айлыгы 32 млн. евро экен. Кыргыз футболчулары, келечекте силердин деле эмгек акыңар 32 млн. сомдон болуп калар. Алга! Караш Насер.
П-533. Чаектин жашоочусу Уулжан эжебизди 1-май туулган күнү менен куттуктайбыз. Жездебиз Токтосун менен бакубат турмушта небере-чөбөрө жытын искеп, аман болуңуздар. Сиңдиңиз Дамира, күйөө балаңыз Тилек.
П-534. Азыркы оппозицияны жамандабаган биздин ырчылар эле калды окшойт. Ырчылардын деле продюсерлери бир ойлонуп, өз ырчыларынын ырларына оппозицияны чымчылаган бир-эки сап кошуп койсо, ырдаган ырларынын маңызы чыкчудай. Бир бала.
П-535. Ат-Башыда катуу шамал болуп, үйлөрдүн крышаларын учурду эле, нерви начарлардын "крышалары" кошо жылып кеткен окшойт. Учуп түшкөн шиферлерди талашып, кызыл чеке болуп мушташып атышат. Ташиев барып, жаңжалды чечип бербесе, граждандык согуш чыгып кетиши мүмкүн. Мамбетов А.
П-536. Уулум Жаркынбекти, эгиз неберелерим Алина, Албинаны келе жаткан туулган күндөрү менен куттуктайбыз. Ден соолуктарыңар чың, бактылуу-таалайлуу болуп, бардык каалаган максаттарыңардын орундалышын каалайбыз. Атаңар Тилек, апаңар Дамира.
П-537. Мадумаров тажиктерге белекке берип келген 275 метр жерде Досбол Нур уулу, Рахат Ачылова, Айбалаевдер төрөлгөн экен. Кыргыз эли үн катпаса да, ушул үчөө киндик кан тамган жерге барып коштошуп келишпейби. Алмаз.
П-538. Сүйүктүү курбу кыздарым Умиданы 21-апрель, Айгуляны 26-апрель туулган күндөрү менен куттуктайм. Бактылуу-таалайлуу кыздардан болгула. Тилеген максатыңарга жетип, дайыма сүйүнүп жүргүлө. Адинай.
П-539. Сен сүйдүң, мен сүйбөдүм, жакшы көрдүм / Аккуусун касиеттүү алсам көлдүн / Көрсөтүп тийгениңди, меникин да / Өзүңө салыштыра келип жүрдүң. Эркин Жаныбеков.
П-540. Мураталы ажы даватчыларына бирдей форма кийгизип, тазараак жиберсе болот эле. Айылга кирип келишкенде иттер улуп, уйлар мөөрөп, койлор короого кире качып жатышат. Бир чара көрүшпөйбү. Мамбетов А.
П-541. Өңсүз-түзсүз, жытсыз, катуу эмес, газ эмес, суюк эмес, порошок эмес наркотик бар. Бирок анын даамын татып калгандар да бар. Ал эмне деген зат? Ким ойлонуп, ким табат, анын сырын ким ачат? Табыш.
П-542. Алмазбек Атамбаевдин президенттикке көрсөтүлгөнү туура эле болду окшойт. Таразанын тең салмактуулугун сакташ үчүн туруктуу оппозиционер, бир топ жалаалардан таза чыгып жүргөн Өмүрбек Текебаевди премьер-министрликке даярдаш керек. Кенжебек.
П-543. Урматтуу УТРКнын "Ала-Тоо" программасын алып барган дикторлор, көрсөтүүдө жаңылыктарды бириңдин сөзүңдү экинчиң жула качпай, кичине олуттуу мамиле кылсаңар боло. Болбосо кудум ыр кесенин кезегиндей болуп, декламация сыяктуу несерьезный болуп жатат. Келдибек.
П-544. 19-апрелде Мотуевдин маегин көрүп элдин баары ыраазы болушту. КТР ушундай берүүлөрдү көп-көп берип турса жакшы болот эле. Чыдамсыздык менен күтүп, кошуналардын баары чогулуп көрүп, бир черибиз жазылды. Кадырбай.
П-545. Чет элде жүргөн жаштарыбыз эл-жерди сагынганда чогулуп алып, улуттук тамактарыбыз: палоо, лагман, фунчеза жасап жеп, сагынычты таратабыз дешиптир. Улуттук тамактарыңар ошолор болсо, эл-жерди аябай эле сагынган экенсиңер. Тополоң.
П-546. Сарымсакова Уулбүбүнү 23-апрель туулган күнү менен куттуктайм. Сага чың ден соолук, узун өмүр, иштериңе албан ийгиликтерди каалайм. Жакшылыктардын гана күбөсү болуп, жүзүң кубанычка, шаттыкка бөлөнүп турсун. Жаңыл.
П-547. "Эркиндик" бульвары чын эле эркиндик бульвары болуптур. Ары өтсөң деле, бери өтсөң деле жалаң кыргыз балдар-кыздар отургучка эмес, анын үстүнө чыгып алышып, вино ичип, тамеки тартып отурушат. Асек Аваз.
П-548. Караш Насер агайдын адамгерчилигине таазим кылып, агайга чың ден соолук, узун өмүр, жаз айындагыдай жаркын маанай каалайм. Агай, балдарыңыздын урматын көрүңүз. Алмаз Мамбетов.
П-549. КТР оңолуу жолуна түшкөндөй. Мурункуга караганда көрсөтүүлөрдү күтүп, кызыгуу менен көрчү болдук. "Бөдөнөнү сойсо да, касапчы сойсун" деген туура экен. Эшимканов барганы КТР жаңыланды, мурункуга караганда айырмалана баштады. Ишти колунан келгендер жасаса, ушинтип майын чыгарат да. Ийгилик силерге! Алымбек.
П-550. СССРди эле жамандайсыңар, СССРдин тушунда кокусунан бирөө набыт кетсе, күч министрлери өзүлөрү эле отставкага кетишмек. Силер дагы жигитчилик кылып көрбөйсүңөрбү. Керимкул.
П-551. Доктор Назаралиев, президент болбосоң да апийимди айдата көр. Кара куурай чегип атып, баарыбыз капкара болуп кеттик. Таза апийимден чегип, бир жыргайлы. Көлбай.
П-552. Айжан Иманкулова деген сулуу бар эле. Көптөн бери теледен чыкпай калды. Суусатып, сагынтып кайда жүрөсүз? Жоодураган көзүңүздү, жылмайганыңызды сагындым. Эрик.
П-553. Премьер-министр Чудиновдун кыргыз тилин үйрөнүүгө убактысы жетпей аткан имиш. Бизде дайыма ушундай. Кыргыз тилин үйрөнөөрдө, кыргыздын жазуу-сызуусун окуурда эч кимдин колу бошобойт. Антсе да ыракмат сизге, аракет кылганыңыз үчүн. "Кыргыз тилин эмне үчүн билбейсиң" десе таарынып, айрым чиновниктерибиз керек болсо кечирим суратканга чейин барып атышпайбы. Кызгалдак.
П-554. Сиңдим Керимкулова Айдайды туулган күнү менен куттуктайм. Айка, эч качан ооруба. Бардык каалаган тилектериң иш жүзүнө ашып, эч нерседен кем болбо. Окууңду ийгиликтүү аяктап, турмуштан өз ордуңду тапкан бактылуу кыздардан бол. Элвира.
П-555. Байлык, бийлик - колдун кири. Бүгүн бар да, эртең жок. Адамдык сапаттарыбыздан оолактабайлычы. Баарыбыз эле акча менен креслонун кулуна айланып калдыкпы? Байэл.
П-556. Бир кезекте жерге чырпык сайгандар / Сөөгү сөпөт болуп жатса тиякта / Саябандап элдер, куштар сайрандаар / Чынарлары термелиште биякта! Эркин Жаныбеков.
Жеңүүчүбүз - (П-541), редакция менен байланышыңыз.
Даярдаган
Канышай БЕШБАЕВА