Кыргыз гезиттер архиви

"Агымдын" кат куржуну адаттагыдай окурман журтунун арзуу каттарына, арман саптарына, бакытка балкыган, эстегенде жүрөк эзген окуя баяндарына, же бирөөгө болгон таарынычына, бугуна, көкүрөктө катылган сырына, көөдөндөгү кайгы-муңуна ачык. Аралык араңарды бөлүп турса да - жандүйнөңөр шерик болсун! Ал эми "Жаншерик" рубрикасы ортоңорго орток болсун.

Китеп-текче
"Аяндан" макал-ылакап
Кубат ЖАКЫПОВдун "Аян ырлар" китебинен

Кудайдан сырың жашырба,
Кур-бекер баспа жашыңда.
***
Сөйкөлүү кызды сүйгөнүң,
Күйүттү башка үйгөнүң.
***
Куурай жакканга тезек жаккан текеберсиниптир.
***
Жамынганы курмушу, жакшы имиш жашоо-турмушу.
***
Кумдан кыш куйсаң урандыда каласың,
Кулдан баш кылсаң куу заманга барасың.
***
Тек жай сурашуу тегин иш эмес.
***
Суусаганга суу кымбат.
***
Кошоктолуу музоого кош ырыскы жолугат.
***
Темирди ийсе да болот,
Тентекти сүйсө да болот.
***
Төөнүн төшүнөн улактын жамбашы улук.
***
Баатырлыгын баштаган колунан тааны,
Жакырлыгын жамаган тонунан тааны.
***
Сабыр кылсаң сан балээден каласың.
***
Теңир бирөө, теңдешкис сөзү сүрөө.
***
Ыстакан кармаганың - ыйманыңды жалмаганың.
***
Кой бакканды койчу дейт,
Ой бакканды ойчу дейт.
(Уландысы бар)




Тамгалардан сап курап…
Түшүмө кирдиң неге?
Түнтүрөөк мүнөзүңдө,
Адатынча жай басып…
ойго батып…
Сырың бар айтучудай, айтпачудай,
Бугуң бар көз жаш болуп каптачудай.
Түшүмө кирдиң неге?

Балким сен мени эстедиң,
Же балким "Достук" багын араладың.
Миң сырдуу кайыңдардын күүсүн угуп,
Бир сырдуу жүрөгүңдү жараладың.

Кайыңды аста сылап салааларың,
Жаш селки аруу күндү сагынаарын.
Ыр кылып, ый аралаш айтып алып,
Балким сен жүрөгүңдү дарыладың.

Балалыктын акыркы жомогундай,
Балдай күндөр кетиптир коногундай.
Бизди ээрчитип киргизип бак ичине,
Бизди ээрчитип чыкчу эле бир таман жол.

Отурам жасап алып ойдон кеме,
Үн-сөз жок таарынычың түшүндүрүп.
Түшүмө кирдиң неге?..
Дыйканбек КЕРИМБАЕВ




Жанымды кыяр белем Мекениме?..
Мекендин мекени бар Мекен деген!
Мекен үчүн жан кыйышкан эчен деген.
Жаным менин керек болсо мекениме,
Жанымды кыяр белем Мекенге мен?

Жашоонун оңолушу эгер билсең,
Ага сенин жаның гана керек дешсе.
Үн дебей буйдалбастан өлөр элем,
Үй-бүлөмө ошол бакыт алып келсе!

Кандай кыйын кезеңде жашоодобуз,
Жашабастан өзүнчө эле кыйноодобуз.
Ойдогудай жашоо мүмкүн алдыдадыр,
Үмүт менен өмүрдү улоодобуз.

Бирок буга Мекен сенин эч күнөөң жок,
Андан көрө уктабай биз ойгонсок.
Жамандыкты тилебей жараткандан,
Жалкоолукту, ич тардыкты такыр жойсок.
Мээржан Макишева,
Москвада соодагер, мурдагы орус тили мугалими




  Кумирге кат

Күмөндөр АБЫЛОВго
Сизди көргөндө эле күлкүмдү тыя албай калчумун. Каргылданган үнүңүздү укканда ого бетер. Өзүм ар бир тамашаңызды жаттап, туурап үйдөгүлөрдү күлдүрчүмүн.
…Азыркыга чейин күйөөм мени сизге жабыштырат. Жаңы үйлөнгөн кездери тамашалап, "сага тийбегенде ушул кишиге атайын барып таанышмакмын. Балким, мени карамак…" деп койсом, кийин ошол тамашам өзүмө муш болгон. Катуу кагылышканда же кылдан кыйкым издегиси келгенде жок жерден сизди мисалга келтирчү. Аяштарыбызга да жар салып, кээде отуруштарда "Оо, Жамиля" деп ырдап берчү. Анан да менин ысымым сиздин аялыңыздыкы менен окшош болуп калганын кара. Сүйөм, күйөм дебейм, болгону бир бугумду чыгарып алайын дедим да, ушундай чыгынып туруп кат жазып турган чагым. Жашымда кандай жактырсам, азыр сизди ошончо сыйлайм. Өзүңүз айтмакчы, "Дагы эле турам, тура эле берем бакка жөлөнүп…"
Жамиля, Ысык-Көл




Гүлнур САТЫЛГАНОВАга
Сага далай кат жазам. Далай ыр сап арнайм. Өзүмчө эле. Сага жеткиргенде не? Сансыз күйөрман арасында. Баары бир ошолорго кошосуң да…
Сөз камдайм. Өзүмчө эле жолукчудай. Мен сага бул өмүрдө жолугушум керек эле…
Элдей эле кубанчың бар. Турмушуң бар, оокатың бар. Кайгың да бар. Аны сезем. Бирок башка, таптакыр бөтөнчө бир ааламда жаралгандай сезилесиң.
Сүйүнөм өзүмчө эле. Улам ар бир ийгилик, улам жаңы ырыңа. "Төрөлбөй" калган ырың болбосун деги!
Кабылбек, Бишкек




  Абактан кат

Сынооңо ыраазымын!..
Эмнеден жаздым, эмнеден жаңылдым?.. Ушинтип жаш кезимди түрмөдө өткөрөт белем… Ары суз, ары сыз. Билип-билбей жасаган күнөөм үчүн кечир! Ата-энем, биртуугандарымдын өмүрүн бер, денсоолугун сакта.
Кудайым, кечир мени!
Ушул берген сынооң үчүн ыракмат. Ыраазымын барына да, жогуна да. Темир тордон мен бошоп, азат күндү көргөнчө эне-атамды аман кыл. Биртууганды эсен кыл.
Кудайым, кечир мени!
Жыландын баласы да түшпө-сүн мындай жерге. Тузу оор жерден тез чыгар! Тирүүлүктүн тозогунан бошот. Кырсыктан сакта! Жашмын азыр, жаштыгымда ушундай азап чегип турам. Эми баары мага түшүнүктүү.
Жараткан, жаштыгымды ая! Жаштыгымды жаштыктай сүрөйүн. Азат күндү тезирээк бер!
Кудайым, кечир мени!
Жүрөгүмө ыйман, тилиме куран сал. Мага да бак бер. Бүлө бер, бала бер. Эл катары бакыт даамын татайын. "Жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк болбойт" дегендей, мага азабың жетиштүү, Жараткан.
Миргүл, аялдар колониясы