Кыргыз гезиттер архиви

  Дарыгерлердин катачылыгынан

Адамдын жаны кыйналганда ак халатчандар көздөн учуп, алар жаныңды алып калчу периштедей туюлат эмеспи. Бирок, ак халатчандардын кайдыгерлигине нааразычылыктарын билдирген адамдар акыркы кездерде арбыгандай. Жалал-Абад облусундагы Тогуз-Торо районунун Карасуу айылынан Орозов Тойчубек Мусаевич 19 жаштагы уулу Нурбакыт ак халатчандардын катачылыгынан көз жумганын айтып, акыйкаттын жоктугуна кейип отурду.

Армандуу он тогуз жаш...
Чиркегичке кыпчылып...
Өткөн жылдын 18-августунда уулум Нурбакыт эртең менен үйдүн жанынан пресстөөчү машинеге чиркегичти чиркейм деп атып, эки темирдин ортосунда кысылып кырсыкка кабылган эле. Үйдөгүлөр дароо эле райондук "тез жардамды" чакырышыптыр. Мага жумушка телефон чалып, Нурбакыттын кырсыктаганын айтышканда райондук ооруканага бардым. Ооруканада Нурбакытты үчүнчү кабатка көтөрүп баратышкан экен. Эмне болду деп жанына барсам, уулум кан кусуп жиберди.Андан кийин Нурбакытты реанимацияга текшергени алып кетишти. Реанимациядан Исак деген врач чыгып, "ашказаны жарылган окшойт, азыр башкы врач кетип баратат, ага бир ооз операция жасайлыбы деп айтып койгула" деди. Башкы врач Жакишев Аманканды кетип бараткан жеринен токтотуп, чакырып келип, ага иштин чоо-жайын айттык. Ал жашы өтүп калган, пенсиядагы киши экен, 5-6 айдан бери операцияга катыша электигин айтышты.Башкы врач Нурбакытты бир сыйра карап, одураңдап: "Түшкү тамактануудан келип анан операция жасайм, эки саат күткүлө" деп орой жооп берип кетип калды. Ошол жердеги хирург-врач Доктурбек менен анестезиолог Исакты түшкү тамактанууга жибербей, өзүм чай-чамек алып берип, кармап турдум. Аңгыча медсестра келип: "Уулуңуз катуу кыйналып атат, карабасаңар болбойт" деди. Эмне кылаарымды билбей чыйпылыктай жанымдагы Доктурбекке карап: "башкы врачты күтпөй эле тезирээк операция жасай бергиле" десем, ал "сиз уруксат бересизби?" деп сурады. Уруксат береримди укканда ичип аткан тамактарын токтотушуп, халаттарын кийип, операцияга даярданып калышты. Жаңы эле операцияга кирели деп атышканда башкы врач Жакишев өзү келип калды. "Баламды операция жасаганга макулмун" деп тил кат жаздырып алышты. Андан кийин Жакишев операцияга өзү кирип, жанындагы врачтар менен жасамай болду. Бир сааттын тегерегинде операциядан чыгышып: "Жакшы болуп калды, анча-мынча чычыркай майлары айрылыптыр, канаптыр, ошолорду тазалап, тигип койдук. Балаңыздын жараты жеңил экен, кичине эле жерин ачтык. Беш-алты күндө жакшы болуп, таптаза айыгып чыгат" деп жадырап-жайнап айтышты. Биз да доктурлардын айтканына ишенип, колдоруна сүйүнчүсүн карматтым. Балам айыккандан кийин өзүңөрчө ыраазы кылам деп сөз да бердим.
Өмүрдү кыскарткан операция
Арадан эки саат өтпөй уулум наркоздон ойгонду, бирок, тынч алалбай кыйнала баштады. Операция болгон жерин жабыштырып тигип, эч кандай труба (зонд) деле салбаптыр. Эмнегедир тиккен тигиштеринен суу чыгып, түнү менен катуу кыйналып чыкты. Эртең менен башкы врач Жакишевге тигиштерден суу чыгып атат деп көргөзсөк, ал карап туруп: "бул промывная вода, эч нерсе болбойт" деп колун шилтеп басып кетти. Нурбакыт оңолобу деп күтсөк, тескерисинче, оорусу күчөй берди. Доктурлардын ооздорунан чыккан дарылардын баарын алып келдим, бирок ал да жардам бербеди. Жаратынан чыккан суу чылпылдап көбөйүп, ар бир 10-15 мүнөт сайын астындагы шейшеп, матрацтарды алмаштырып аттык. Баламдын акыбалы начарлап, жөөлүп, кыйкырып, түшүнүксүз акыбалга келе баштады. Акырында алар интоксикация башталганын айтышты. Кечинде суу токтобой, Нурбакыттын абалы абдан оорлоп калганда Жакишевди чакыртсак, ал "кайрадан операция жасаш керек экен" деди. Бирок, биринчи операцияга чогуу катышкан Доктурбек деген врачты таппай А.Жакишев: "Мен жалгыз операцияга кире албайм, көзүм да жакшы көрбөйт" деп чочулап, Жалал-Абаддан санавиацияны чакырса, өтө кеч болуп кеткендиктен эртең менен келебиз деп коюшту.

Алаксыткан көзү ачык, алдамай 20 миң сом
Доктурбек менен башкы врачтын ортосунда тымызын пациент талашмай бар экен. Уулумду Доктурбек операция жасайын десе, башкы врач келип өзүм жасайм дептир. Ошого жини келген Доктурбек операцияны "Жакишев өзү жасадыбы, эми өзү жооп берсин" деп алысыраак туугандары кайтыш болуп, ошол жакка кетип калыптыр. Нурбакыттын ичинен чыккан кан аралаш төрт литрдей сууну да көрсөтүп, врачтар чочулап атышты.Ошентип, эртеси таң атпай Жалал-Абаддан Козубай Абдыкалыков, Мырзаке Тажиев деген врачтар келишип, Нурбакытты экинчи операцияга киргизишти.Үч саатка созулган операциядан чыккан врачтар Нурбакыттын медкарточкасын толтуруп атып: "Биринчи операция жасаганда жакшылап карасаңар болмок, ашказанында эки жери тигилбей калыптыр, боору да жарык экен.Баарын тигип, калыбына келтирдик. Жок дегенде операциядан кийин труба койсоңор эч нерсе болмок эмес. Дагы жакшы уйку бездери таза экен" деп ошол жердеги Жакишевге айтышты. Уулум операциядан кийин кеч ойгонду, шайы жок, абалы оңолгону билинбейт. Ал күнү шаарга алып кетейин десем, ордунан жылдырганга болбойт деп кетиргилери келбей коюшту. Эртеси күнү алып барайын десем Жакишевдин аялы ошол ооруканада врач болуп иштейт экен, ал мага пол жууган санитарка аялды ээрчитип келип: "ушул аялдын "көзү ачык", сөзүн угуп койчу" деди. Ал аял көзү ачыктык кылып, мага: "Балаңды самолет менен алып кетсең, жолдон көз жумуп калышы мүмкүн. Эртең саат 11ге чейин балаң кыйналат, андан кийин жакшы болуп кетет" деп айтты. Мен самолетту даярдап койгом. Көзү ачык келиндин сөзүн угуп эмне кылаарымды билбей турсам, Жакишевдин аялы: "мүмкүн эртең 11 ге чейин жакшы болуп кетээр, күтүп туруңуз" деп мени алаксытты. Бул учурда Нурбакыттын заарасы да чыкпай калган. Алардын сөзүн угуп, кетпей калдык. Эртеси күнү уулумдун абалы абдан оорлоп калганда эч кимдин сөзүн укпай,10 миң доллар төлөп самолет чакыртып, Бишкекке алып кеттим. Ооруканадан Исак Матыев деген врачты кошуп беришти. Бишкекке кетип баратканда Жакишев:
"Түшүнүп турам кыйналып атасың, бул сага берген жардамым" деп конверт сунду. Ошондо эмнегедир жүрөгүм бир жамандыкты сезгендей болду. Конвертти ачкан жокмун. "Эгерде балам бир нерсе болсо, бул конвертти эч нерсеге кошпойм" дедим да чыгып кеттим. Кийин Бишкекке келгенде 20 миң сом экенин билдим. Баламдын абалы начар болсо да самолет менен аман-эсен Бишкекке келди.

Акыркы арга
Бишкектен улуттук хирургия борборундагы Жапар Бектуров деген жогорку квалификациядагы, тажрыйбалуу хирург операция жасады. Операцияга кирээрде бала операцияны көтөрө алабы, көтөрө албайбы деп көпкө сүйлөштү, бизден да уруксат сурашты. Кыйналып аткан баламды операция жасагыла деп уруксат бердим. Операция учурунда баламдын үч ирет жүрөгү токтоп калыптыр. Андан кийин үч саатка жетпей көз жумду. Ошол жердеги врачтар да: "Тогуз-Торонун врачтары начар десек намыстанасыңар, малга да мындай мамиле кылбайт. Болбоду дегенде малга жасагандай мамиле кылып, биринчи операциясын жакшы жасашса бала тез эле сакайып кетмек. Жок дегенде бир эле күн эрте келсеңер, ичегисин жууп-тазалап аман алып калат элек. Ашказандан аккан суюктуктан улам ичегиси бүт ириңдеп, боору эзилип кетиптир" деди. Ашказандан аккан суюктук кислота, жегич болот экен да. Ошондон улам интоксикация болуптур. Айла жок, сыздап уулумдун сөөгүн айылга алып бардык.

Гиппократтын анты урабы?
Нурбакыт доктурлардын кайдыгерлигинен көз жумганын жүрөгүм сезди. Баламды акыркы сапарга узаткандан кийин жакын адамдарды ортого салып, Аманкан Жакишев келиптир. "Чырактай балаңардан айрылдыңар, менден да катачылык кетти. Силерге да кыйын болду, бир уй берейин, ошону менен тынышалы" деди. Мен ошол кезде чырактай уулуман айрылып, күйүп турган кезим эле. Ал кишиге: "Сиз иштеп турсаңыз мындай нерсе дагы уланат, башкалардын да убалына каласыз. Жашыңыз деле келип калыптыр, кызматыңызды өткөрүп, самолетко төлөгөн 10 миң долларды кайтарып бериңиз, ошол боюнча тынышабыз" дедим. Ал: "Дарыгерлердин катачылыгы, өлүм деген да болот. Билгениңди жасап ал!" деп одураңдап туруп кетти. Анын үстүнөн прокуратурага арыз жаздым. Прокуратура менен сүйлөшүп койгонбу, айтор иш үстүртөн каралып жабылып калды. Уулумдун медкарточкасын ооруканадан оңдоп, өздөрүнүн кызыкчылыгына тууралап экспертизага жиберишиптир. Текшерген эксперттер Жакишевдин тааныштары, пенсия курагындагы врачтар экен. Алар да оңдолгон медкарточканы изилдебей эле өздөрүнчө сүйлөшүлүп, жылчыксыз жаап коюптур. Эмне болгонун түшүндүм, жүрөгүм сезди. Иштин жабылып калышына акыйкаттык издеп, мурунку акимге кирейин десем арызымды кабыл албай коюшту. Саламаттык сактоо министрлигине да арыздангам. Бирок, алардан деле оңчулуктуу жооп алалган жокмун. Ошентип, өткөн жылдын август айында ак халатчандардын кайдыгерлигинен көз жумган уулум үчүн акыйкаттык издеп барбаган жерим калбады.

Нурбакыттын өмүрү канча турат?
Ушунча убакыт өтүп кетти, Жакишев астыма кайра кечирим сурап келеби деп ойлодум. Мага кыйбас кишилерди ортого салып, жиберип ийиптир. Ага да макул болуп, эми бир айылда жашасак, өлөөр балам өлдү, кечирсе кечирейин десем, сүйлөшүүгө өзү келген жок. Ал мага:"Мобу мен бергенди алып, ошону менен оозуңду жаап, арызданганыңды токтот" деп шарт коюптур. Жакишев мынча берем деп баламдын өмүрүн соодалашып атат. Адамдын өмүрүн да соодалашмак беле?.. Баламдын өмүрүн ал айткан баага сатмак белем. Нурбакыт биринчи операциядан кийин эки көзүн жалдыратып: "Ата, мени Бишкекке алып баргылачы" деди эле. Эмне үчүн анын сөзүн угуп, дароо Бишкекке алып келген жокмун деп өзүмдү-өзүм жемелеп, анын өлүмүнө себепкер ак халатчандарды жек көрүп, өкүнүп отурам…
P.S. Чырактай уулун жоктоп, акыйкат издеп, арыз-арманын айткан Орозов Тойчубектин көйгөйүн Саламаттык сактоо министрлиги, Тогуз-Торо райондук прокуратурасы угабы деген ишеним бар. Адам өмүрүн соодалап, ден соолугуна кайдыгер караган ак халатчандар мындай катачылыкты дагы кайталабайт деп ким кепилдик бералат?
Назгүл КАЛМАМБЕТОВА