Кыргыз гезиттер архиви

  Күн тийген жердин күкүгү

Жерге түшсөңөр боло…
"Элим үчүн, элим менен" коомдук фондусунун төрагасы Аманбай Сатыбаев "Жаңырык аптанын" №11 санында "Аскар Акаевди Кыргызстандын баатыры. Үй-бүлөсүнө карата айтылган ушактар чындыкка коошпойт. Акаев билимдүү, акыл-эстүү, абройлуу. Тарыхта чыныгы улуттук лидер, чыныгы реформатор катары калат. Акаевдей же андан өткөн президент болуш өтө кыйын" деп жазыптыр. Эми жаңыдан өз алдынча болгон өлкөгө тирүү жан болгондон кийин ким президент болсо да, сөзсүз жаңылык кийирмек. Ал президенттин милдети, ошон үчүн президент. Бирок мамлекетке миңдеген суроолорду чечип, жакшы жолго кое турган маселелер толуп жатат. Мына ошолордун 80-90%ын аткарса, баатыр болбосо да лидер деп атасак болот.
Ушу күнү баарыбыздын башыбызга мүшкүл салган коррупцияга, оппозиция лидерлерин ооздуктоого, эркин басылмалардын эбин кантип табууга кеңири жол чаап берди. Акаевди билимдүү, адилеттүү деп айтаар элек, жок дегенде СССРден калган эсепсиз байлык-мүлктү бир ууч шылуундарга гана таратпай, адилеттүү бөлүштүрүп, бөлүнбөгөнүн ортого коюп койгондо. Кыйратуу эң оңой, куруу баарынан оор экенин макоо деле билет го…
Колхоз-совхоздорду, завод-фабрикаларды талкалап таш-талканын чыгарып жоготту. Саясатта эң орчундуу маселе: Үзөңгү-Куушту Кытайга өткөрүп берип, чет элге жер бергенге жол ачып берди. Кыргыздарды бүткүл дүйнөгө тарап кетүүгө аргасыз кылды. Чегаралар ачык калды. Кыргызстандыктарды патриоттук сезимде тарбиялоодон алда канча алыс болду. Кыргызды 2 млрд. доллар карыз кылып коюп, аягында үй-бүлөсү менен качып кетти.
Азыр массалык маалымат каражаттарындагы кандай президент болуш керек деген суроолорго мекендештер түрдүү жооп берип жатышат. Мен төмөндөгүдөй президент болсо деген ойду сунуштаар элем.
Ар бир кыргыздын улуусун атам, абам, энем, эжем, кичүүлөрүн биртууган ини-карындаштарым, бөбөктөрдү балдарым, ушул мамлекет - менин үй-бүлөм, менин жерим - элимдин жери, менин үйүм - элимдин үйү, менин оокатым - элимдин оокаты. Элим үчүн мен жооп берем, өлсөм мени элим көмөт деген, өзү үчүн менчикти ойлобогон, бир метр жерди чет элдиктерге ыраа көрбөгөн, эли-жери үчүн коркпостон, керек болсо көкүрөгүн тоскон инсан кыргыз эл башы (президент) болушу керек.
Мына ошондо коркокпу, чыккынчыбы, патриотпу, баатырбы, ошол элдин жүрөгүнөн чыккан ойлор ким экендигине баа берер эле.
Караш НАСЕР




  Эстутум

Өлгөндөр даңкталмайын, тирүүлөр баркталбайт
Кыргыз совет адабиятынын алгачкы адабият изилдөөчүсү катары Токтогул, Тоголок Молдо жана Молдо Кылыч ж.б. акындардын чыгармаларын изилдөөгө чыйыр салган Тазабек Саманчин быйыл 100 жашка толмок (1909-1979-жылдар). Эл агартуу тармагындагы башкы эмгеги "Чоңдор үчүн алиппе" үч ирет басылуу менен сабатсыздыкты жоюуга чоң көмөк көргөзгөн. Мындан тышкары, 8-класс үчүн "Биздин адабият" окуу китебинин автору жана 8-класс үчүн "Кыргыз адабияты" хрестоматиялык жыйнагынын түзүүчүсү болгон.
Лев Толстойдун "Анна Каренина", А.Чеховдун "Ваня таяке" сыяктуу чыгармаларын орусчадан которгон. 1946-жылы өзү баш сөз жазып, Молдо Кылычтын тандалма чыгармалар жыйнагын чыгарат. 1948-жылы Молдо Кылычтын өмүрү, чыгармачылыгына арналган кандидаттык диссертациясын коргоп, кыргыз окумуштуу-адабиятчыларынын ичинен алгачкы филология илиминин кандидаты болгон. Ошол эле жылы "Кылыч - жазуучу акын" аттуу монографияны жарыкка чыгарат. 1950-жылы илимий иши жана "Манас" эпосу боюнча негизсиз караланып, он жылга эркинен ажыратылат. Күнөөсүз экендиги далилденген соң 1955-жылы акталат.
Ден соолугунан ажырап, майып болгон Тазабек Саманчин Илимдер Академиясындагы жумушуна орношалбай, педагогика илим изилдөө институтунда илимий кызматкер, андан сырткары, Кыргыз мамлекеттик пединститутта окутуучу болуп иштеген.




  Мыйзам баян

Ишкана ачкың келсе...
Юридикалык жактар, филиал, өкүлчүлүктөрдү мамлекеттик каттоо жөнүндөгү мыйзам күчүнө киргенине жарым айдан ашуун убакыт өттү. Жаңы мыйзам адатта көп суроо, көп түшүн-бөстүктөрдү жаратат. Мыйзамдын жыйынтыктуу иштеп кетишине көмөк болсун деген ниетте Юстиция министрлигинин юридикалык жактарды каттоо башкармалыгынын башчысы
Бекибай МАМЫТОВго
кайрылып, жаңы мыйзамдын айырмачылыктарын элге түшүндүрүп берүүсүн өтүндүк.
Иштен чыккан мыйзам. Жаңы мыйзам менен мурдагысынын айырмасы асман менен жердей болуп калды. Биринчи кезекте азыр элге жеңил. Мурунку мыйзам негизинде, мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн баарын көрсөтүп арыз толтурушчу, учредителдик документтерин топтоп, аны нотариустан күбөлөндүрүп алып келишчү. Аны биз юридикалык экспертизадан өткөрүп, 10 күн ичинде карап, документтерди статкомитетке жөнөтчүбүз. Алардан атайын стат-карточка алып, андан соцфонд, салык инспекциясына барышчу. Ишкана жайгашкан имаратка ижара келишимин түзүп келчү. Булардын баарына биртоп убакыт талап кылынчу.
Жаңы жаралган мыйзам. Бул боюнча бирдиктүү терезе принциби кирди. Ишкана жайгашчу имараттын ижара келишими талап кылынбайт. Учредителдик документтердин зарылчылыгы жок. Өзүнүн гана чечимин алып келет. Мисалы, мен Бекибай Мамытов "Бекибай" аттуу ЖЧК (ОсОО) ачып атам. Ушул чечимде дарегин белгилеп, паспортун көрсөтөт. Биздин башкармалык үч күндүн ичинде карап чыгабыз. Салык, стат комитетке чуркатпайбыз. Нотариуска болгону чечимди гана күбөлөндүрүп келет. Интернет аркылуу Салык инспекциясына ыргытабыз, алар эки сааттын ичинде ОРКПО кодун берет. Бул ачылып аткан фирманын номери. Интернетке мүмкүнчүлүк болбой калган учурларда телефон аркылуу да маалымат алуу чарасы каралган. Бардык тийиштүү мекемелерден өткөргөн соң, мыйзамга шайкеш келсе, үч күн ичинде кайрылган жаранга фирмасынын күбөлүгүн колуна карматабыз. Бир күндө бүткөн учурлар да бар. Ошондой эле жаңы мыйзам боюнча ишмердиги токтоп, тийиштүү мекемелерге эки жыл аралыгында отчет бербеген болсо, алар дароо жоюлат. Кен казуу ишканалары кен казылып аткан региондо катталат. Бул менен салык кен кайсы райондо казылса, ошол райондун казынасына түшөт.
Алгачкы жыйынтыктар. Азыр борбордо да, региондордо да мамлекеттик каттоо боюнча кайрылгандардын саны өстү. Буга куру убаракерчиликтин жоктугу жана жөнөкөйлөтүлгөн тартип себеп болду көрүнөт. Эгер мөөнөтүн кечиктирип же туура эмес катталып калган учурлар болсо, башкармалык, башкармалыктын региондогу өкүлчүлүктөрү жооп берет. Бүгүнкү күндө ишкананы каттоонун типтүү келишимин эки тилде мамлекеттик интернет порталына жайгаштырдык. Ал жерден алып эле пайдалана беришсе болот.
Шектүү ишмердиктер кандай көзөмөлдөнөт? Шектүү ишмердиктер боюнча биз жооп бералбайбыз. Чечимди берип атканда кайрылган жаран бардык маалыматтарды анык, так, чын маалыматтарды берип атканын билдирет. Чындыкка шайкеш келбеген маалыматтар үчүн административдик жоопко тартуу жазасы бар. Мамкаттоодон катталган фирмалар туурасындагы маалыматты ар бир адам ала алат. А мурда сот, прокуратура жана адвокат гана ала алчу. Ошондой эле чет элдик фирмалардын филиалдарын каттоодо мурдагыдай эле борбордук кеңсесинин иштеп атышы аныкталышы керек. Ломбард, микрокредиттик уюмдарды каттоо үчүн Улуттук банктан макулдук алып келүүлөрү зарыл. Айрым уюмдар Антимонополиялык комитеттен уруксат алуулары тийиш.
Саясый партиялар, коомдук уюмдар, коммерциялык эмес уюмдардын катталуу тартиби. Бул ишмердиктерде мамлекеттик каттоо мурдагыдай эле шартта жүргүзүлөт. Мисалы, саясый партияны каттоодо кайрылып аткан уюм "Саясый партиялар жөнүндөгү" мыйзамга туура келер-келбеси текшерилет. Массалык маалымат каражаттары катталса, алар "ММК туурасындагы" мыйзамга шайкеш келиши шарт.
Жазып алган
Айнагүл САПАРБЕК кызы