Кыргыз гезиттер архиви

  Бүгүн барың эртең жок...

"Карышкыр" капилет окко учтубу?

Калайык Медет Садыркуловдун сөөгүн жерге берип бүтөлекте ЖК депутаты Санжарбек Кадыралиев киши колдуу болуп каза тапты. Адатта мындай кабарды укканда эң ириде окко учкан кишинин элеси тартылып, ким эле, кандай эле, кантип жүрдү эле деген суроолор биринин артынан бири келе берет. Бирок кыргыз баласы маркумга акарат айтпайт. Атургай каршылаштары да жакшы жагын эскерип, ал жөнүндө көп сүйлөгөндөн тайсалдап кетет. Окуя Санжарбек Кадыралиев кызматтык машинесинен түшүп үйүнө карай басканда болгон. Аткан адам биртоп жерге жөө качып барганына караганда, депутатты үйүнүн жанында көпкө чейин аңдып отурган.
Биз эми кичинекей эле өлкөбүз. Бирок биздеги кылмыш окуяларынын жүрүшү Голливуд кинолорунан да жаман. 2005-жылдан бери Жогорку Кеңештин 4 депутаты белгисиз бирөөлөр тарабынан атылып каза болду. Эми алардын ар бирине жакшы эле, жаман эле, криминал эле деп баяндама бербейли. Алардын өмүр таржымалын билгендер өз бүтүмүн алда качан чыгарып алышкан.
Союз мезгилинде Жогорку Кеңештин депутаты болуп уйчу, койчу көп шайланчу. Бул да бир жагынан жакшы болгон экен. Анан эле эгемендик келип, профессионал парламент түзүлдү. Алардын ар бирине үй, кызматтык машине, кызматын кылганга катчы, жардамчы берип жылуу-жумшак жерге отургузуп койдук. Ал аз келгенсип өкмөт аларга отчет берип көзүн карап калды. Казынанын акчасын депутаттар бөлүштүрдү. Анын укугу мыйзам тарабынан корголуп, колтийгис макамга ээ болду. Натыйжада фискалдык органдардын текшерүүсүнөн жабыр тартып, укук коргоо органдарынан жалтактаган бизнесмен акчалуулардын баары депутат болууга аттанышты. Мындагы максат бирөө эле - эгер депутат болуп калса, беш жыл мышыгын бирөө "пыш" дебейт. Бизнеси өркүндөп-өсүп, пачке-пачке жашыл акчалар агылып түшөт. Андыктан бизнесмени да, криминалы да шайлоого аттанып депутат болууну самады. Эгер легендарлуу парламенттен кийинки эл өкүлдөрүнүн ар биринин өмүр таржымалына көз жүгүртсөк, арасында карапайым, ары билимдүү, байлыгы жок кишилер өтө эле аз. Болсо да тилинин убайын көргөн Адахан Мадумаров, Өмүрбек Текебаев сыяктуулар. Демек, криминалдагы же бизнестеги кишилер депутат болуп келсе, ал атаандаштарын көмүскөдө туруп муунтууга кудуреттүү. Айтканын сот, прокуратура, ИИМ, фискалдык органдар угууга милдеттүү болгондуктан, ар кандай маселени чечүүгө эгедер. Азыр оппозиция лидерлеринин айрымдары парламенттик республика болууну сунуштайт. Бирок дагы эле депутат болуп акчалуулар келе берсе, анда абал мындан да жаман болушу мүмкүн.
Жашырганда эмне, азыркы саясый партиялардын курамында да көпчүлүк байлар мандат алышты. Үч фракцияда тең ушундай. Муну эч кайда каталбайсың. Эгер депутатты колтийбестигинен ажыратып, маянасын азайтып, үй эмес жатаканадан жай берип, кылмыш кылса участкалык милиционер да камаганга укуктуу болсо, анда азыркы депутаттардын көпчүлүгү биринин артынан бири мандатын тапшырмак. Депутат болуп бир палатада отургандан кийин эч ким коллегасынын айыбын ачпайт. Ошондуктан мурдагы чакырылыштын депутаттары кылмыш жасаган кесиптештерин Башпрокурордун колуна салып беришкен эмес. (Ү.Сыдыков, М.Айбалаев, Б.Эркинбаев ж.б.). Өткөндө Роза Отунбаева көпчүлүк депутаттардын бизнеси бар деп айтып чыккан. Бирок ага эч ким деле көңүл бурбады. Бул жерде айтайын дегенибиз, депутат бир гана мыйзам жазып аны аткарууну көзөмөлдөсө, өз милдетин аткарса, атып кетүү, жок болуп кетүү деген нерселерден оолак болор беле деген кеп.
Эми Санжарбек Кадыралиевдин өлүмүнө келсек, депутат өтө жаш эле. Жаш болгон соң курч болчу. Акыркы кезде ар бир маселеде өз оюн айтып, такшалып келаткан. 2006-жылга чейин анын аты Ош шаарында көп угулчу. Себеби, эрежесиз эр уруш боюнча турнирге чыгып, бир канча жолу жеңишке жетишкен. Кличкасы "Карышкыр". Натыйжада, Кыргызстандын Панкратион федерациясынын вице-президенти болуп иштеген. 2006-жылы ЖК депутаттыгына талапкер болуп, Куршаб шайлоо округунан Мамат Орозбаев менен ат салышкан. Атаандашуу курч мүнөздө өтүп, аягы талапкерлердин тополоңу менен коштолуп, ок атуучу куралдарга чейин пайдаланышкан. Санжарбек Кадыралиев депутат болгонго чейин экс-депутат Рустам Мамановдун жигиттери менен жүргөнү белгилүү. Ал эми Рустам Маманов темир жана түстүү металл менен шугулданган.
Маркумду жакындан билгендер жарытылуу бизнеси жок экенин айтышат. Азырынча Санжарбектин эмне себептен атылганы белгисиз. Чынында, ал кыргыз деген патриот болчу. Башка улуттун өкүлдөрү кыргызды ак жеринен кодулап жатса, карап туралчу эмес. Анын ушул сапаты өзгөчө белгилөөгө арзыйт.
Депутаттын өлүмү боюнча ар түрдүү божомолдор айтылууда. Аткан кишинин фотороботу тартылып, гезиттерге жарыяланды. Андыктан табылып калгысы бардыр.
Биз табылып калабы деп көп эле жолу үмүттөнүп келебиз. Бирок ушу сыяктуу чоң иштердеги үмүтүбүздү Ички иштер министрлиги таш каптырып келатат. Бул иштин учугу чыгарына көз жетпейт.
Келдибек НАЗИРОВ




Будур-будур тоолордон, буура минип түшкөндөр
Тизмеге кезек узун, өмүр кыска…

Маалымат каражаттарынын биринде "балык ооз" депутаттардын тизмеси "чырк" этме сүрөттөрү менен жарыяланган. Ал макаланы окуган эл өкүлдөрүнүн бири кесиптешине звандап, "мени го туура сындаптыр. А сен жок дегенде оозуңду кыбыратып атпайсыңбы…" деп муңканат имиш. Парламентарийлердин деңгээли ушундай болсо, оозун кыбыратып койгону үчүн эле төш кагып жүргөн кырдаалда карапайым калктын турмушун жакшырта турган сапаттуу мыйзамдар жаралабы? Бул суроо… Анүстүнө, ЖКда "акжолчулар" басымдуулук кылгандыктан, көпчүлүк учурда калган эки фракциянын добушу чечүүчү мааниге ээ болбой калат. Бул - мыйзам чыгаруу органы толук кандуу, объективдүү иш алып баралбаганынын башкы далили. Мындан улам коомчулукта 4-чакырылыштын депутаттары өз миссиясын быйыл аяктары туурасында аңыз кептер айтылууда.
Азыркы парламент президентке да жакпайбы?
Өлкө башчысы К.Бакиев "Жаңылануу багытын" карапайым калкка сунуш кылганы маалым. Аталган документтин "Бийлик жана өлкөнү башкаруу системаларын реформалоо" пунктунда "парламенттин реформа жүргүзүүгө зарыл мыйзамдар пакетин иштеп чыгуу жөндөмүн арттыруу; парламентте бир канча ири, биринчи кезекте, орто багыттагы партиялардын пайда болушуна өбөлгө түзүү" деген жери табышмактуу ой жаратат. "Быйыл ЖК садагага чабылат" имишинин таралышынын башкы себеби ушунда болуп жүрбөсүн? Себеби, президент деген президент, ал оозуна келгенди оттой бербейт.
Мына ошол "Жаңылануу багыты" туурасында коомдук ишмерлер өз пикирлерин билдиришти. Маселен, ЖК төрагасы Айтибай Тагаев да президенттин бул демилгесин колдоорун "Кыргыз туусу" гезитине (10-апрель, 2009-жыл) мындайча билдирген: "Тилекке каршы, айрым учурда парламенттеги ар кандай саясый көзкараштагы фракциялар эки жээкте туруп алышып, тигил же бул маселени ар кимиси өз пайдасына чечүүгө тырышат да, парламент залындагы тирешүү апогейине жетет. Ушундай келишкис кырдаалда парламентте орто багыттагы позицияны ээлеп, улуттук кызыкчылыкты коргоп чыккан саясый күчтүн зарылдыгы сезилип калат...". Айтибай мырзанын бу пикири ар кандай ойго жем таштайт…
Тарайт, тарабайт…
Гезитибиздин өткөн санында "Парламент таркатылары туурасында имиш кеп жүрүүдө. Буга сиздин божомолуңуз кандай?" деген суроо менен окурмандарга кайрылганбыз. Ага экс-премьер-министр, коомдук ишмер Амангелди Муралиев: "…Мына ошол "Жаңылануу багытында" Жогорку Кеңеште биртоп саясый партиялардын болушу керектиги туурасында айтылат. Менимче, президенттик шайлоо өткөндөн кийин мыйзамчылардын да миссиясы аяктайт го" деп жооп берген. Бирок, мындай пикирге каршы чыккандар да жок эмес. Маселен, белгилүү акын Карбалас Бакиров: "Депутаттар өз ишин жоопкерчиликтүү аткарышууда. Андыктан, парламентти "пошел" кылуунун зарылчылыгы жок" десе, Бишкек шаарынын тургуну Таалай Дүйшөнбек уулу: "Азыркыдай "кой оозунан чөп албаган" депутаттарды табыш кыйын. Андыктан, парламент таркабайт. Жогорку Кеңешти таркатуу Акүй үчүн ашыкча түйшүк. Анүстүнө бир жылда президенттик, парламенттик шайлоону өткөргөнгө мамказынанын чама-чаркы чак келбейт. Мындай пикир оппозициячыл саясатчылардан тарап атса керек" деп түкшүмөлдөйт. ("Агым", 10.04.09).

Бизнестин ичегисине кан куйгандар
Парламенттин "пошел" болору уу-дууга айланганы, эл өкүлдөрүнүн айласы алты кеткени айтпасак да түшүнүктүү. Анткени, 4-чакырылыштагы депутаттардын көпчүлүгү ишкерлик чөйрөсүнөн келгендер. ЖКнын расмий сайтын ачып (www.kenesh.kg), парламентарийлердин өмүр таржымалына саресеп салсак, "Акжол" фракциясынан 30, КСДП фракциясынан 5 жана Кыргызстан коммунисттер партиясынын атынан шайланып келген 2 депутат убагында бизнес менен шугулдангандар экен. Сөзүбүз куру болбосун үчүн айрымдарынын ысымын атай кетели: А.Юсуров, С.Сакебаев, Ж.Салахудинов, С.Ибрагимов, О.Аттокуров, А.Арапбаев, Н.Койчубаков, Н.Молдобаев ж.б. Аты аталгандар эгерим ачык оюн билдирип, өкмөттү сынга албасы турган иш. Азыркы шартта алар үчүн депутаттык мандат - бизнести коргой турган негизги курал. Карапайым калкка кызмат кылалы дегендерин чанда жолуктурабыз. Демек, азыркы парламенттин "садага чабылышынан" депутаттар гана уттурбаса, коомдук турмушка алардын иштеген-иштебегенинин таасири өтө аз.

Нурканбек КЕРИМБАЕВ