Кыргыз гезиттер архиви

  Фотоирмем

Жылдыздар жылдыздарга жанаша
Күйөрмандар кумир санаган жылдыздарына жанаша сүрөткө түшүүгө кандай ашыкса, биздин жылдыздар да дүйнө, андан бери КМШ жылдыздары менен да эстелик сүрөт калтыргысы келет. Биздин сахна жана спорттун айрым өкүлдөрүнүн сүрөттөрүн карап, бул көзирмемдерди таап чыктык.

Гүлнара ТОЙГОНБАЕВА Космонавт Салижан Шарипов менен. "Жылдыздуу жердешим" аттуу ырыма клип тартуудан кийин түшкөн сүрөт. Ысыккөлдө элек. Салижан жубайы экөө мени, чыгармачыл топту өздөрү эс алып аткан коттеджге меймандашкан. Ортодо кызык баарлашуу жүргөн. Ал бизге космостон тарткан Кыргызстан жана Ысыккөлдүн сүрөттөрүн көрсөткөн. Скафандр кийген сүрөттөрүн автографы менен берген".

Актан ИСАБАЕВдин бул сүрөтүн өз архивибизден таптык. "Беш жылдыз" эларалык сынагына калыстар тобунун мүчөсү катары барган кезиндеги сүрөт. Батыркан Шукенов менен.

Бактыгүл БАДЫЕВА россиялык"Би 2" тобу менен . Жолугушууга шарт түзүлүп калып, эки мырза эстеликке кыргыз кызын ортого алып түшүшкөн.

ОМА "Boney M" менен. Алардын Бишкектеги былтыркы концертинде. Алар мейман, Ома жергиликтүү ырчы катары таанышып, эстеликке ушул сүрөттү калтырышкан. Азыр ортодо байланыш болбогону менен, ошол учурда бири-бирине жылуу каалоо-тилек айтып узашкан. Биздин Ома дүйнөнү багындырган бул таланттардын карапайымдыгын баса белгилеп келет.

Гүлнара ТОЙГОНБАЕВА "Город-312" тобу менен. "Эки жыл мурун Нооруз майрамында. Эсимде жамгыр төгүп турган кез эле. Алар Москвадан эки гана күнгө келип, борбордук Алатоо аянтында чоң концерт беришкен. Убагында Света экөөбүз Рафаэль Сарлыковдун "Аракетинде" бирге ырдаганбыз".

Айгерим РАСУЛ кызы Марк Дакаскос менен. Голливуддун бул жылдызы мейман катары чакырылган кинофестивалдын жабылыш салтанатынан кийинки сый тамак маалындагы сүрөт. Ырчы кыз Марк Дакаскосту жактырганы менен аталган кечеге келеринен кабары жок эле. Өзү айтмакчы, Марк Дакаскосту көрүү үч уктаса түшүнө кирген эмес. "Ырдап атсам эле бирөө колун булгалап атат. Дакаскоско окшоштуруп коем. Кайра ал бул жерге неге келмек эле дейм. Көрсө, ага окшош киши эмес эле, Марк Дакаскостун өзү экен. Сүрөткө түшөлү деп өздөрү чакыртышып, продюсери визиткасын берип, фотоаппаратына тартып алышкан. Андан соң, ошол жердегилерден мен да тартып коюну өтүнгөм. "Рахмат" дегенди билет экен, ыраазычылыгын билдирген. Аябай кичипейил, жөнөкөйлүгүнө суктангам. Биздин айрым жылдыздарыбызга караганда алдаканча карапайым адам экен" дейт таңдана Айгерим.


Шахзода Кыргызстанга концерт менен келген кездеги сүрөт. Өзбектин бул сулуу ырчысы жергиликтүү ырчы кыздар менен таанышкысы келгенин уюштуруучуларга билдирген. Концерттин уюштуруучусу Элла Акулова аркылуу таанышкан, эки элдин сулуу кыздарынын жолугушуусунан бир көз ирмем. Бактыгүл атайын Шахзода үчүн банкет уюштуруп, сыйлап узаткан.


Улан МОЛДОДОСОВ ЦСКнын чабуулчусу Вагнер ЛАВ менен. Японияда Азия чемпионатына барганда аэропортто. "Көрүп калып эле англисче учурашып, сүрөткө түшүүнү өтүндүм. Макул болду. Менин сүрөткө түшүп атканымды көрүп калган биздин командадагы балдар келсе, Вагнер Лав качып кетти. Ошончо балдардын ичинен мага ушундай мүмкүнчүлүк түзүлүптүр" дейт Улан.

ОМАР Федор Бондарчук менен. "Жаңы толкун" сынагынын биринчи күнү. Омар ырдап бүткөн маал. Ага чейин репетиция учурунда бир-эки ирет көргөн. Омар ырдап чыккан соң Бондарчук коридордон жолугуп, Омардын жакшы ырдаганын айтып, куттуктаган. Жылуу жагдайдан улам сүрөткө да түшүүгө шарт түзүлүп калган.

Валерий Меладзе менен ошол эле жылдыздуу кечеде. Татыган сыйлыгынан улам "Жаңы толкун" сынагынын уюштуруучуларынын бири Омарды орус эстрадасынын бир катар акулалары менен тааныштырып жүргөн кез. Меладзе да өз кеңешин айтып, биздин жигитти кадамдан жаңылбоого чакырган.

Доминик Жокер менен . Конкурс башталганга чейин бир жума репетиция болгон. Ошогезде бул экөөнү германиялык ырчы Брендон Стоун тааныштырган. "Чернач музыка", "фирма" деп коюшат ич арада, ошондой музыкага Омар да кызыгат. Ушул себептенби, Доминик экөөнүн жылдыздары бат эле келише түшкөн.

Валерия менен... Конкурс толугу менен бүтүп, жеңүүчүлөр аныкталгандан кийинки жылдыздуу кечеде. Баарынан сыймыктуусу азыр Лондонду багындырып аткан орус ырчысы Омарга өзү келип, куттуктап, профессионалдык жактан бир катар кеңештерин айтып, Россия эстрадасына чыгууга үндөптүр. Ошол учурда фотоаппараттын обьективинде кармалган бир көз ирмем.

Даярдаган Айнагүл САПАРБЕК кызы