Кыргыз гезиттер архиви

  Сая-саалы

Кырсыктын кылары ушу
Аксы районундагы Райкомол айылында жер көчкү жүрүп, 16 адам набыт болгон. Кырсыктан үч үй толук кыйрап, дагы алты үй зыян тарткан. Каза болгондордун он бири баатыр эне Калбүбү Койчуманованын балдары болгон. Алтынбек Бооков жана Ырыс Ажиевге тиешелүү үйлөр кыйрап калган. Каза болгон он бир баланын бешөө чоң, калгандары мектеп курагындагы жана кичине балдар. Бирок алардын бири таятасыныкына кеткендиктен аман калгандыгы белгилүү болду. Бүгүн Жалал-Абад облустук администрациясы каза болгондордун тажиясын өткөрөт.
"Агымдын" жамааты кырсыктан каза тапкан боордошторубуздун үй-бүлөсүнө көңүл айтып, азасын бөлүшөбүз.

Чырдын башы суудан
Апрелдин аягында Казакстанда Арал деңизин коргоо боюнча эларалык фонддун саммити - өлкө башчыларынын жолугушуусу өтөт. Мунун жыйынтыгы кандай болору жөнүндө тажик илимдер академиясынын илимий кызматкери А.Камалидинов "Өзбек бийлиги Тажикстан менен Кыргызстандын Рогун жана Камбарата ГЭСтерин куруусуна каршы чыгат же ГЭСтерди өз пайдасына ылайыктап курууну сунуштайт" деген пикирин айтып чыкты. "Мындан башка сунуштар деле болсо болмок, бирок азыр эмнелер сунуш болору белгисиз. Эң маанилүүсү, уникалдуу суу сактагычтарды куруу менен суу аз болгон жылдары кыйналбай чыгууга мүмкүн болорун көрдүк. Суу сактагычтар курулса, саясый, экономикалык көп маселелер чечилип, балким жаңы Орто Азиянын түптөлүшүнө негиз салынмак" дейт. Кызык бекен?

ОДКБ сыры өзбекке маалым
Ушу тапта Ереванда ОДКБ биримдигине катышкан өлкөлөрдүн Тышкы иштер министрлеринин кеңеши өтүүдө. Кеңешмеде ОДКБ башкы секретары биримдикке кирген өлкөлөрдүн эларалык коопсуздугу жөнүндө маалымат берет. Ооганстандан келип жаткан нарко коркунуч талкууланат. Кызыгы, Өзбекстан анын ишине катышуудан баш тарткан. Себеби, анын ишинен майнап чыгарына ишенбейт. Аталышы чубалжыган көп эле эларалык уюмдар түзүлүп, маңызы терең көп эле маселелер талкууланган өңдөнөт. Бирок, чынында алардан натыйжа аз экени башынан эле белгилүү да.

Түлөө өткөрсөңүзчү…
Бишкектин Киев-Тоголок Молдо көчөлөрүндө жайгашкан "Дан-Азык" ишканасына каракчылык жасалды. Бул имарат "Жаңы Кыргызстан" партиясынын лидери Үсөн Сыдыковдун офиси экенин эл билет. Былтыр да бул жер өрттөнгөн. 14-апрелден 15ине караган түнү беткап тагынган беш адам офиске кирип, алтымыштагы кароолчу аялды сабап, бир кабинетке камап коюшуп, Сыдыковдун кабинетине киришкен. Бирдемени атайын издегендей, кагаздарды чачышкан. Башка фирмага тиешелүү эки компьютерди принтери менен уурдап кетишкен. Кыязы, алар Үсөн Сыдыковго тиешелүү деп ойлошсо керек.




  Крим-аалы

Издөөдөгү кылмышкер кармалды
Ысык-Көл облусунун Түп РИИБнин изкубарлары үстүбүздөгү жылдын январь айында Шаты айылынын тургуну, 52 жаштагы А.Жумалиевди өлтүргөн кылмышкерди издөөгө салган. 16-апрелде бул кылмышка тиешеси бар деп ошол эле айылдын тургуну, 34 жаштагы Ж.Б. кармалды. Көрсө, мастыктан чыккан чырдан улам айылдашын сабап өлтүргөн экен.

Аялга бычак сайган
15-апрелде Кочкор айылынын жашоочусу, 33 жаштагы Т.Багышев 48 жаштагы А.Асангазиева менен уруша кетип, курсакка бычак менен сайып жиберген. Кылмыш изин суутпай аталган райондун изкубарлары Т.Багышевдин колуна кишен салышты.

Аңги алыска узабады
Ысык-Көл облусунун Түп районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери кыз зордуктап, издөөдө жүргөн 1982-жылы туулган Р.Шаршеевди колго түшүрүштү.
Жасаган кылмышын мойну менен тартып сурак берип отурган кези.

Жасалма документ жасаган шылуундар
Бишкек шаарынын тургуну И.Носик жашаган үйүн батирге берип, Россияга кеткен. Үй ээси И.Носиктин документтерин бурмалап жасап, аны сатууга аракет жасаган Н.Альмухаметов менен Р.Галяутдинов кармалышты. Алар үйдү ала турган кардар менен сүйлөшүп, андан 7000 Америка долларын алууга да үлгүрүшкөн. Учурда шылуундардын үстүнөн кылмыш иши козголду.

Өгөй кызын зордуктаган айбан
Аламүдүн районунун Көк-Жар айылынын 33 жаштагы жашоочусу бир жыл бою 12 жаштагы өгөй кызын зордуктаганы үчүн милициянын колуна түштү. Көрсө, мындан алты жыл мурун Ош облусунан бир кызы менен иш издеп келген аял Бишкектен экинчи жолу турмушка чыккан. Ортодо эки балалуу болуп, ээрчите келген кызы он бир жашка толгондо өгөй атасынын айбандык кумары ойгонгон. Аял жумуштап үйдөн чыккан кезде өспүрүм кызды уктоочу бөлмөгө алып барып ит кумарын кандырып, эгерде кимдир-бирөөгө айта турган болсо өлтүрүп коерун эскертип коркуткан. Адам кейпин кийген айбандын бул кылыгы бир айда 3-4 жолу кайталанып турган. Өгөй атасынын каарынан корккон кыз бир жыл бою анын зордук-зомбулугуна чыдап, унчукпай келген. Кезектеги айбандык кумарын кандырып аткан кезде, капысынан жумуштан эрте келген аял кызынын көз жашынын, эринин акмакчылыгынын үстүнөн чыккан. Учурда өспүрүмдү зордуктап кумарга баткан эки аяктуу айбандын үстүнөн кылмыш иши козголуп, темир торго түштү. Эми зордукчул аңгини түрмөдө кандай сыноо күтүп турганы бештен белгилүү.




  И-тагдаалы

Балдардын көңүлү үчүн
Кыргызстандын жетим жана майып балдарын реабилитация жасоочу жана коргоочу "Балдар жүрөгү" коомдук фондунун жетекчиси Олег Табаковдун айтымында, 10-майда Бишкекке Россиянын жылдыздары келет. ОРТ телеканалынын "Ледниковый период" долбоорунун катышуучулары машыктыруучулары менен келип, жетим, майып балдардын көңүлүн көтөрүшөт. Кино жана ырчы жылдыздардын муз үстүндөгү өнөрүн бардык каалоочулар көрө алышат.

Буюрса кыш дагы келет
15-апрелден 16-апрелге караган түнү Бишкекте жарык бардык жерде жалп өчүп, жашоочулардын үрөйүн учурду. Кээ бир жерлерде жарык менен кошо муздак, ысык суу кошо өчүп, огобетер жүдөттү. 15-апрелде күндүзү борбордук райондордун жарыгы үлүңдөп, өчүп-күйүп атып, компьютерлерге зыян келгени да маалым. Адаттагыдай эле Өнөржай, энергетика жана отун ресурстары министрлиги бул боюнча көп шылтоону айтышып, териштиребиз деп жатышат. Кебетеси, кыштан эптеп чыктык деп өздөрүн таштап ийгендерин моюнга алгысы келбейт окшобойбу.

Айттырбай келген...
Ал эми Бишкек-Ош жолунун Кара-Көл шаарындагы бөлүгүндө жеңил автомашина менен КамАЗ кагышып, өрт чыгып, натыйжада 6 адам каза болгон. Азыр кырсык себептери иликтенүүдө. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлагандай, каза болгондордун аты-жөнү дайын болду. Алар: айдоочу И.Орозакунов, жүргүнчүлөр А.Адылбеков, Н.Мавлянбаева уулу Ж.Акылбеков менен, Б.Чоңозова кызы Г.Орозакунова менен болуп чыгышты. Кырсыктын неден чыкканы иликтенүүдө. Бөөдө кырсыктан абайлабаса, жашоо менен кош айтышуу алеки саатта болуп калды.

Кел демек бар, кет демек жок
Астанада иштеп жүргөн кыргыздар редакцияга телефон чалып, казактардын кет дегенинен жадашканын айтып наалышат. Учурда миграция полициясы катуу текшерип, күн көргөзбөй жатыптыр. Алардын айтымында, 3 миңдей кыргызстандыктар мекенине көчүрүлүү алдында турат. Бирок кетиришсе да товарларыбызды сатып бүткөнчө 2-3 ай мөөнөт берип, анан жолго салышса адамгерчилик болмок дешет. Казакстанда кыргыз элчилигинин не пайдасы тийип жатканы белгисиз. Эгер чын эле казак туугандар кризистен кыйналып жатса, аларды да түшүнүү керек. Бирок маселени кууп чыкпай эле мунаса менен чечкен оңдур.




  Жума каарманы

Алмазбек АТАМБАЕВ

23- июлдагы "ат чабышта" оппозиция бир "күлүктү" сүрөөнгө аларын билдирген эле. "АКИpress" агенттиги өзүнүн маалымат булагына таянып, Бириккен элдик кыймыл (БЭК) КСДП лидери Алмазбек Атамбаевдин талапкерлигин жактырганын жарыялады. Айрым ММКлар БЭКтин саясый бюросу "Форум" ишканасында өткөнүн, анда президенттикке талапкерди кол көтөрүү боюнча аныкташканын, катышкан 13 адамдын 11и Алмазбек мырзага добуш бергенин жазып чыгышты. Булардын мындай чечимине "Акшумкар" партиясынын жетекчиси Темир Сариев каршы болгон имиш. Эгерде ушул чын болсо, анда оппозициядан бир эмес эки талапкер - Т.Сариев менен А.Атамбаев ажолукка ат салышары турган иш.