Кыргыз гезиттер архиви

  Миң түркүн адам

Виктор ЮЩЕНКО
Украина президенти "Коммерсантъ" гезитине берген маегинде кезексиз президенттик жана парламенттик шайлоолор өтө турган болсо экөөнө тең талапкерлигин коерун билдирди. Кабарчынын жаңы өлкө башчынын келиши Украинанын демократташуусун аксатышы мүмкүнбү деген суроосуна Ющенко "бул жалаң эле мен баш оорута турган нерсе эмес, бул жалпы украиналыктардын көйгөйү. Эгер өнүгүүнүн башка үлгүсү бар экенине ишенсең, тандай бер!" деп жооп берди. "Менин жаным менен кошо жатчу өзүмдүн ыйык туткан баалуулуктарым бар. Кийин 5 балама жарык жүзүм менен "Силерге мен бийликке келгендеги жарды Украинадан алда канча жогорку сапаттагы өлкөнү тапшырдым" дегидей болушум керек" деп ой бөлүштү президент.
БЕНЕДИКТ XVI
Кечээ 82 жашка чыккан Рим Папасы аялдардын аборт жасатуусун жактаган көз карашы үчүн Ватиканда иш алпара турган АКШнын үч өкүлүнүн талапкерлигин четке какты. Обама сунуштаган талапкерлердин бири, экс-президент Джон Кеннединин кызы Кэролайн Кеннединин билдирүүлөрү өз мекениндеги католиктер общинасынын да нааразычылыгын жаратууда. Эгер ылайыктуу киши табылбаса Обаманын июлдагы Ватиканга боло турган иш сапары татаалданышы мүмкүн.
Шимон ПЕРЕС
Израиль өлкө башчысы өзүнүн "Президенттин үйүндөгү акылдуу адамдардын жолугушуусу" аттуу телекөрсөтүүсүн алпара баштайт. Берүү эки айда бир жолу улуттук телевидение эфиринен чыгып, Израиль коомчулугу үчүн маанилүү темаларды козгойт. Алгачкы көрсөтүү израилдиктер менен еврейлердин ортосундагы мамилеге арналарын Перестин атайын өкүлү билдирди.
МАДОННА
Дүйнөлүк ырчы 40 миллион долларга Нью-Йорктон таунхаус сатып алды. 26 бөлмөдөн турган британ стилиндеги керемет үйдүн 13 уктоочу бөлмөсү, 14 жуунуучу жайы, вино ороосу, китепкана, эки машинелик гараж, лифт, 19 камини жана мындан тышкары 278 чарчы метр аянттуу бакчасы бар экени белгилүү болду. Бир кемчилиги - жер алдынан өтүүчү поезддердин ызы-чуусу. Учурда Мадонна үйдүн жасалгасын өзгөртүп, коопсуздугуна катуу көңүл бөлүп жаткан кези.
Оскар ДЕ ЛА ХОЙЯ
Лос-Анжелестеги пресс-конференцияда атактуу боксер карьерасынын аяктаганын билдирди. 36 жаштагы Оскар мындай чечимге бир нече ай толгонуудан кийин келген. 1992-жылы Барселона олимпиадасынын алтын медалын жеңип алган мушкер мындан аркы ишмердиги да бокска байланыштуу болорун кабарлады.
Катя ЛЕЛЬ
Орус эстрадасынын жылдызы өткөн жумада тунгуч наристелүү болду. 36 жаштагы Катя жубайы Игорь менен кеңешип кызына Эмилия деген ысым берди.




ДҮЙНӨКҮН
ДООДҮЙНӨ. Немецтик аскер-деңиз флоту тарабынан колго түшкөн суу каракчысы Али Мухаммед Германия өлкөсүн сотко берүүдө. Анын айтымында, Берлин Кениядагы түрмөлөрдүн адам чыдагыс шарт-абалын билип туруп, каракчыларды өткөрүп берген. Материалдык да, моралдык да жактан жабырланып калган туткундарга Германия бийлиги эми компенсация төлөп бериши керек имиш. Кызыгы, Алинин доо арызын германиялык адвокат түзүп, жазып берген.
УЧДҮЙНӨ. АКШнын Флорида штатында төрт кишиден турган бир үйбүлөнү алып келаткан эки моторлуу самолеттун учкучу унаа асманга көтөрүлгөндө каза болуп калган. Пилотсуз калгандарын көргөн үй ээси Дуг Уайт дароо штурвалга отуруп, жубайына каза болгон учкучту креслодон чыгарууга буйрук берет. Өлүктү жылдырмак тургай, козголтууга да алы келбеген Уайт айым аны кур менен курчап коет. Дуг өзүнүн буга чейин мындай самолет айдоо тажрыйбасы жок экенине карабастан, жердеги диспетчер аркылуу Коннектикуттагы учкуч досу менен байланышып, анын көрсөтмөсү менен Форт-Майерс шаарынын аэропортуна аман-эсен келип конгон. "Бизде мындай учурлар кездешет. Бирок, диспетчердин жүргүнчүгө кайсы кнопканы басып, кайсы рычагды пайдалануу керектигин айтып түшүндүрүп жатканын биринчи жолу көрүшүм" дейт диспетчерлердин улуттук союзунун президенти Стив Уоллес.
ИТДҮЙНӨ. Улуу Британияда ретривер породасындагы Бейли аттуу иттин ашказанынан 17 буюм табылган. Итинин "илдетке чалдыкканын" Никола Перетт Бейлини кезектеги ветеринардык текшерүүдөн өткөргөндөн кийин билет. Алгач дарыгерлер иттин ичинде шишик пайда болгонун, ага сөзсүз операция жасоо керектигин айтышкан. Ал эми Бейлинин ичин ачкандан кийин карындан гольф жана регби оюндарынын колкаптары, шым, жүн мээлейлер, тогуз байпак жана сүлгү чыккан. Учурда жети жаштагы Бейлинин операциядан кийинки абалы дурус.
ШАЙДҮЙНӨ. 19-апрелде өтө турган Пасха майрамынын урматына Москвада муздан жасалган салмагы 500 кг, ал эми бийиктиги 2 метрге жеткен жумуртка даярдалууда. Муз скульптура галереясынын чеберлеринин колунан чыккан бул жумуртканы авторлор Гиннес китебине киргизүүнү пландаштырып жатышат.
ТОПДҮЙНӨ. Англияда менингит менен күрөшүүгө арналган кайрымдуулук акциясынын алкагында дүйнөлүк рекордду багындырган футбол матчы болуп өттү. 36 саатка созулган Бристоль академиясы менен "Лидс Беджерс" командаларынын беттешүүсү 255:285 эсеби менен аяктаган. Ар бири футбол талаасында 18 сааттан ойношкон командалар курамындагы 18 оюнчу натыйжада 10 миң фунт стерлинг чогултушкан.
ЖАНДҮЙНӨ. Кениялык фермер Бен Ньяумбе питондун курмандыгы боло жаздап, жыланды тиштегилеп атып, жанын арачалап калган. Ньяумбенин өзүнүн айтымында, фермер кетип баратып катуу бир нерсе басып алганын сезет. Жем аңдып жаткан жылан ошо замат Бендин бутуна, андан соң бүт денесине ороло баштайт. Эмне кылаарын билбеген Ньяумбе алдастап, жырткычты тиштегилеп атып, экөөнүн кармашы бир нече саатка созулат. Акыры жылан күчтүүлүк кылып, оролгон боюнча Бен менен бакка сойлоп чыгат да, бирок адам тишине туруштук бералбаганбы, айтор алдан тая баштайт. Мына ошондо Бен чөнтөгүндөгү кол телефонуна жетип, жардам суроого жетишет. Бир аздан кийин ал жерге полиция менен башка фермерлер келип, жырткычка чалма салып, жерге сүйрөп түшүрүшөт. Натыйжада эриндери жарылып, денеси көгала болгон Ньяумбе үйүнө жеткирилсе, ал эми капка салынган жылан бошонуп карматпай кеткен.




 Айланбас жердин айланма жаңылыктары


ВЕНГРИЯ. Экономика министри Гордон Байнаинин премьер-министр болушуна каршы митингде демонстранттар полиция менен кагылышып, 30 адам жараат алды.
АКШ. Барак Обаманын Латын Америка өлкөлөрүнө расмий иш сапары башталды.
ГРУЗИЯ. 9-апрелде башталган оппозиция митинги уланууда. Ага 30 миңден 150 миңге чейин адамдын катышканы айтылууда.
ТАИЛАНД. Өкмөт башчы Алхисит Ветчачиванын отставкасын талап кылып, массалык толкундоолорду уюштурган экс-премьер Таксин Чинаваттын тарапкерлерине бийлик курал колдонуп, натыйжада 94 манифестант жарадар болду.
МОЛДАВИЯ. БШК 5-апрелде өткөн парламенттик шайлоо добуштарын кайрадан саноого киришти. Иш-чара 21-апрелге чейин бүтүшү керек.
ИНДИЯ нын Джаркханд штатында парламенттик шайлоо убагында мао согушкерлери участокторду кайтарууга алган 10 адамды өлтүрүп кетишкен.
РУМЫНИЯ. Президент Траян Бэсеску Бухарест Молдавиянын ички ишине кийлигишип жатат деген айыптоону четке какты.
ТҮНДҮК КОРЕЯ ядро маселеси боюнча алты тараптуу сүйлөшүү курамынан чыгып, ядро программасын жандандырарын жарыялады. Жетекчилик Йонбендеги МАГАТЭ жана америкалык эсперттердин өлкө аймагынан чыгып кетүүсүн талап кылууда.
КОЛУМБИЯ. Полиция көптөн бери издөөдө жүргөн ири наркобарон Дениэл Рендон же Дон Мариону колго түшүрдү.

WWW булактарынан даярдаган Канышай Бешбаева