Кыргыз гезиттер архиви

 "Таймда" тастыкталды

Олигархат карааны:
миллиардерлер да ыйлайт
(Уландысы. Башы өткөн санда)

Кремль эшигин тээп кирүү укугун сатып алган бул чириген байлар абалы бийликтен ажырады, анан миллиарддаган акчасынан айрылып отур. Ал олигархтардын кантип оболоп учуп, кантип жерге конгонун журналист Марк Франкетти иликтеп, Улуу Британиянын дүйнөгө белгилүү THE TIMES гезитине жарыялады. Биз аны которуп жарыялоону туура таптык. Канткен менен көлөмү жагынан көп айырма болгонуна карабастан, эски СССР этегинен чыккан мамлекеттерде олигархтардын пайда болуш тарых-таржымалы коендой окшош.
Атургай Россия туткасын кармап турган адам менен тутумдаш Авен дагы олигарх феномени өткөн чак деп эсептейт.
"Биз олигарх болбой калдык, - деп билдирди жакында ал. - Мен грек тилин билбейм, бирок менин түшүнүгүмдө олигарх деген акчасы, саясый бийлиги бар киши болуш керек. Путин келгени ал эреже өзгөрдү. Азыр бирибиз дагы саясый бийликте жокпуз".
Борис Ельциндин учурунда иш таптакыр башка эле. Россия кылмышкерлик, башаламандык, жакырчылык сазына белчеден батып калган. Көпчүлүк көөнөрүп, ыргалып араң турса, совет түзүлүшүнүн урандысынан пайда болгон ашкан айлакер, тоодой тобокелчил, асмандаган дымагы бар бир ууч топтун арааны жомоктогудай ачылган. Эч нерседен кайра тартпаган эпчил, шылуун-шум бир ууч топ коммунизм корун бир заматта оодара тартып, талап-тоноп кетти. Тарыхта бир дагы мамлекет мынчалык ылдам талап-тонолбосо керек.
Байлыгы 12 млрд. фунтту түзөт деген Абрамович сибирдик жетим бала эле. Бул мансабын резина өрдөктөрдү сатуу менен баштаган. Хутордо өскөн жакын досу Дерипаска мага ал автомобилди алгач 10 жашка чыкканда көргөнүн айткан.
Россиядагы ири мунайзат компанияларынын бири ЮКОСтун мурдагы баштыгы, азыр түрмөдө жаткан Михаил Ходорковский бизнесин студенттердин арзан кафесинин кожоюну катары баштаган. 2000-жылга чейин Россиянын кудурети күч олигархы болуп турган Борис Березовский автомобиль импортунан ашкан пайда тапканча илимий кызматкер эле.
Кыялга чапчаң, ишке ыкчам бул адамдардын олигархка айланышына албетте, Кремль өзү шарт түздү. Акчага да, саясый колдоого да зарурат болуп турган Ельцин администрациясы өз учурунда "кылым кызылкулактыгы" аталган мамлекет байлыгынын мерчемдүү бөлүгүн барымта аукциону деген шылтоо алдында дээрлик бекер сатууга макулдук берди. Мындай көзбоемочулук келечектеги олигархтарды очойгон олжого батырды.
Аз да болсо жаңы чыга баштаган олигархтардын алгачкыларынын бири - Владимир Потанин никель жана платина чыгарган дүйнөдөгү эң ири ишкананын негизги акция пакетин 170 млн. долларга сатып алды. Кризиске чейин бул тоо кен-металлургия гигантынын баасы 19 млрд. фунт болчу.
Березовский Абрамович менен биргелеш бизнес ачар алдында "ити жаңыдан чөп жей баштаган" нефть трейдери болчу. Бул бизнесмен үчүн атайын ачылган нефть компаниясын сатуу указын чыгарууга Ельцинди көндүрүү үчүн көп деле убакыт талап кылынган жок.
Атургай ишкананын приватташтыруу боюнча жоопкер жетекчисин Березовский түн ортосунда төшөктөн тургузуп келип, керектүү документтерин даярдаткан дешет. Ошентип жаңыдан ачылган "Сибнефть" компаниясы Березовский менен Абрамович консорциумуна 100 млн. долларга сатылат. Абрамович анда бар болгону 29 жашта болчу. 10 жыл аралыгында бул ишкана Абрамовичке 7 млрд. фунт таза киреше түшүрдү.
Бийликке коммунисттер келип калбасын деп корккон Россия магнаттары 1996-жылы Ельциндин шайлоо кампаниясын финансылайт, өздөрү жана Кремль түзгөн медиаимперия аркылуу ар кандай колдоо көргөзөт. Ошентип ана-мына ээрден оодарылат акыбалына жеткен Ельцин шайлоодо жеңип чыгат. Фаустукундай бул пакт олигархтар өкмөткө таасир этмек түгүл, анын бир бөлүгүнө айлантууга шарт түзөт. "Биз Ельцин чөйрөсүнүн таяныч-жөлөнүчүнө айландык, - дейт Фридман. - Анткени бизде акча да бар эле, коммунисттерди бийликке жолотпойбуз деген максат да бар эле". Олигархтар 1995-1998-жылдардагыдай бийликке эч качан жеткен жок.
Анын башында эл эмдигинин Распутини деп алигиче жек көргөн Березовский турду. Магнат Ельциндин кызы жана эң жакын кеңешчиси Татьяна Дьяченко, президент администрациясынын башчысы, кийин Дьяченкого үйлөнгөн Валентин Юмашев менен ысык мамиле түзөт. Саясат "чабуулчулары" Таня, Валя деп эркелетип чакырган бул экөөнүн тең Ельцинге таасири күч болчу. Анын "каны-жанына" бул экөөндөй Россияда эч ким аралаша албаса керек. Алар даана дарбаза кайтаруучулар эле. Аз жерден ажалы жетпей калган Березовский (машинесине коюлган бомба шоопурунун башын жулуп кеткен) аларды аябай пайдаланган. Алар менен Абрамовичти да Березовский тааныштырган. Ал тааныштыктын канчалык таттуулугун ушундан билиңиз, Абрамович белгилүү убакытка чейин алар менен чогуу жашаган.
"Бир күнү кечинде Танянын дачасына бардым эле, - деп эскерет меймандардын бири. - Сакал-муруту алынбаган, жынсы кийген бир жигит машинеден эң мыкты француз винолорун түшүрүп, муздаткычка азык-түлүк жайгаштырып, шашлык жасап жүрдү. Мен жаңы повар го деп ойлогом. Бу ким деп сурасам, Юмашев күлүп: "Бул Рома эмеспи, дачасынын ремонту бүткүчө биз менен жашап атат" деди".
Мартабасы ашып, таасири ташып турган мезгилде Березовскийге биртоп байкоо салып жүрдүм. Падыша доорунан калган Москвадагы аксарайда жайгашкан анын "клубунда" атмосфера айрыкча өзгөчөлөнүп, кабыл алуу бөлмөсү кудум Кремлдикин эске салчу. Менменсинген бизнесмендер менен саясатчылар тишине чейин куралданган жансакчылары менен магнат качан кабыл алат алакетинде күтүп турчу эле. Сүйлөшүүлөрдү узун түштөнүү үстөлүндө кызматчысын улам кнопка басып чакырып өткөрчү.
Березовский байлыкка караганда бийликти жана алардын тиштешип, тытышып турганын жакшы көрчү. Россиянын көлөкөдөгү кардиналына айланганына сыймыктанчу. Бир жолу мага клубунда Россиянын премьер-министрин алмаштырууну көздөп атам деп тиш кычырата жылмайып сыр төккөнү бар. Айткандай эле оорулуу президенттин ордуна Путин ылайыктуу деген Ельциндин күйөө баласы Юмашевди катуу колдогон. Ошол колдоосу муш болуп кийин өз башына тийди. Березовский менен Абрамович Путиндин шайлоо кампаниясына каражатты катыра жумшаган.
2000-жылдын башында Ельцин отставкага кетип, президент бийлигин аткарууну Путинге тапшырып, бүт дүйнөнүн оозун аңырдай ачырганда мен Березовскийге Чоң театрдан жолугуп калдым. "Биз жеңдик, - деп кубанычын жашыралган жок ал. - Биздин өлкө дүйнөдөгү эң мыкты мамлекет. Биздин президент дүйнөдөгү эң мыкты президент" деди ал Путин тууралуу. Аны менен кошо өзүнүн күнү батып баратканы, азуусун айга жанган Россия олигархтары бийликтен эртең-бүрсүгүнү кол жууру эки тарапты тытыштыруунун москвалык мастеринин ал кезде үч уктаса түшүнө кирген эмес.
16 жыл КГБга кызмат кылган, жеткен көрөгөч, ашкан чечкиндүү Путин ишти ошол замат мурунтуктан алды. Кийин аңызга айланган жолугушуу 2000-жылы Кремлде өттү. Путин ооматы ашып-ташып бараткан Россия олигархтарынын баарын чакырып, жаңы шарт, жаңы эреже койду.
Андагы жакшы жаңылык - арам жол менен чогулткан байлыгыңарга тийбейм деди. Жаман жаңылыгы - мындан нары алар саясатка жолобос болду. Жаралган жасаты менен күчтүү мамлекеттин жактоочусу Путин Кремлди приватташтырууга аракет жасагандарды аябастыгын ачык каңкуулады. Арийне айтканын айткандай аткарды. Анын көз кырына эң алгач Ельцинди жактап, Путиндин президент болушуна бүт медиаимпериясынын күч-кубатын жумшаган медиаолигарх Владимир Гусинский илинди.
Кийин Россияны таштай качкан Гусинскийге көзбоемочулук айыбы тагылып, Москванын жаман жагынан атагы чыккан тергөө түрмөсүнө тыгылды. Натыйжада, "Калашников" автоматын кезеген маскачан жоокерлердин катышуусу менен Гусинскийдин медиахолдинги Кремлдин көзөмөлүнө өттү.
Андан кийинки кезмет Кремль саясатын сындай баштаган Березовскийге жетти. Прокуратура магнаттын ишкердик "илимин" текшере баштады. Бир кезде Кремлдин ажыт-атасы аталган адам камактан коркуп, Россиядан кечип, өз самолету менен Лондонго конду. Аяктан саясый башпаанек алып, Путиндин айыгышкан сынчысына айланды.
Березовский Путин менен таймашын таңдайы катканча эле таңшыды. Анын эң жакын досу, иш боюнча 20 жылдан берки өнөгү, Абрамовичтин арбайы ушунчага жетишине чоң түрткү болгон Бадри Патаркацишвили андан айырмаланып, коңулдан башын чыгарган жок. Өткөн жылы куну бир нече миллион фунт турган Сурреедеги аксарайында жүрөктөн каза болгондон биртоп ай мурда мен аны менен жансыз деңиз жээгиндеги Израилдин бир бейиштей болгон курортунда жолуккам.
"Бир күнү мени Лубянкага (мурдагы КГБ, азыркы ФСБнын штаб-квартирасы) чакырды, - деп айткан ал мага бассейн жээгинде кофе ичип отуруп. - Мени аяктан ФСБ деректири машинеге отургузуп, Кремлге алып келди. Путин менен жекеме-жеке жолуктум. Путин Санкт-Петербургда иштеп турганда аны менен ысык мамиледе элек. Березовский экөөбүзгө Петербургга автосалон ачууга жардам берген".
Маркум Патаркацишвилинин айтымында, Путин ага: "Сиз ким тараптасыз, Борис тарабындабы, биз тарабындабы, мен ошону билгим келет, - деген имиш. - Биз тарапта болсоңуз, Россияда каласыз, бизнесиңиз гүлдөп өсөт. Борис тарапта болсоңуз, сиз дагы анын таз кейпин киесиз, ошону билип коюшуңуз керек".
Көп өтпөй миллиардер грузин Россияны таштай качып, орус прокуратурасы ага издөө жарыялайт.
(Уландысы бар)
Кыргызчалаган
Аман АКМАТОВ