Кыргыз гезиттер архиви

  Ким эле? Ким болду?

Шахтер… Көчө шыпыргыч… Зоотехник…
Төбөсү көрүнгөн коомдук ишмер, саясатчы өңдүү инсандарыбыз эмгек жолун качан жана кантип баштаганын окурман журтчулугуна тааныштырууну эп көрдүк. Рубрикабыздын бүгүнкү мейманы - Жогорку Кеңеш, тагырагы, мыйзамчы депутаттар.

Нарынбек МОЛДОБАЕВ
Нарын шаарындагы автовокзалдын от жакчу жайы бар эле. Бу жерде көбүнчө арактын "атасын" тааныткандар иштегендиктен, көмүрдү сатып, от жакчу жай жакшы иштебей, сууктан суу түтүктөрү тоңуп калчу. Мектептен чыккандан кийин Нарынбек мырза кээде кочегарларга жардам берчү экен. Бир күнү от жаккычтардын экөө тең жумушка чыкпай калып, суу түтүктөрү жана автовокзалдын батареялары тоңуп калбасын деп өзү жалгыз от жаккан. 1970-жылы атайын от жаккыч болуп ишке орношкон. Кочегарлык милдетти армияга кеткенге чейин (1971-жыл) аткарган. Алгачкы маянасынын (160 рубль) чыпчыргасын коротпой энесине тапшырганы эсинде.

Жолдошбек ЖАКЫПОВ
Совет доорунда дипломдуу адистерди айыл жергесине жолдомо менен ишке жиберчү. Жолдошбек мырза 1981-жылы К.И.Скрябин атындагы айыл чарба институтун аяктары менен Ак-Талаа районунун Жданов атындагы колхозунда эмгек жолун баштап, беш жыл бою зоотехник болуп иштептир. Айына 140 рублдан маяна алып, ата-энесин кубанычка бөлөгөнүн дагы деле айтып түгөтө албайт.

Акбаралы КАБАЕВ
Армиядан жаңы келип, урунарга тоо, урушарга жоо таппай жүргөн кези. Анан 1972-жылы классташтары менен чогуу Таш-Көмүр шаарындагы "Түндүк" ("Северная") шахтасында катардагы шахтер катары иштей баштаган. Алгачкы маянасы 120 рубль болуп, үй-бүлөсүнө зор жардамы тийген. Жакын туугандарын чакырып, айлык майлаганы дале көз алдында.

Асанбек БАЙТИКОВ
Кетмен-Төбөлүк эл өкүлдүн карапайымдыгы ушунда - ал иштебеген жер жок. Маселен, 1987-жылы кичи мекенинде 2-разряддагы бетончулуктан эмгек жолун баштаган. Алгачкы алган маянасынын көлөмү жана аны эмнеге коротконун такташтыралы десек, А.Байтиков иш сапары менен Санкт-Петербургга аттаныптыр…

Ибрагим ЖУНУСОВ
17 жаштагы боз уланга ырчы болом деген ой үч уктаса да түшүнө кирбесе керек. Дегенибиз, Ибрагим мырза КМУнун (азыркы КУУ) экономика факультетине тапшырып, тилекке каршы, экзаменден кулап калган. Андан кийин (1978-1979-жылдары) Кара-Суу районунун пахта заводуна катардагы жумушчулукка кабыл алынат. Жумушчу деген аты эле болбосо, азыркы ырчы-саясатчынын негизги милдети - чаңызгыта көчө шыпыруу эле. Агезде ырчынын эки агасы окуу жайда билим алгандыктан, тапкан акчасы (110 рубль) алардын баскан-турганына, калганы апасынын капчыгына кетчү.

Азизбек ТУРСУНБАЕВ
Өзү каалаган окуу жайга өтпөй калып, Ала-Бука районундагы "Бирлик" совхозуна 1983-жылы катардагы жумушчу болуп кирген. Алгачкы айлыгы 70 рублди түзүп, анын 20 рублине жоро-жолдошторуна жумушун жууп берген. Чартаңбай тепкени ушул: лимонад, пирожки, коржикке курсактарын болушунча тойгузушкан. Калган 50 рубль үй-бүлө бюджетин толуктаганын А.Турсунбаев жылмаюу менен айтат.

Гүлжамал СУЛТАНАЛИЕВА
Жогорку окуу жайга тапшыруу ниети жүзөгө ашпаган соң, 1987-жылы Тянь-Шань жүк ташуучу автобазасына секретарь-машинистка катары ишке кабыл алынган. Эң кызыгы, ага чейин Гүлжамал айым машинка басып көрбөптүр. Андан бир жыл өткөндөн кийин В.В.Маяковский атындагы кыз-келиндер институтунун физика-математика факультетине тапшырган. Ошентип, кезинде университеттин босогосун аттай албай, аргасыздан секретарь-машинистка кызматын аркалаган Г.Султаналиева бүгүн минтип бакыйган саясатчыга айланып отурат.

Ажибай КАЛМАМАТОВ
Жаңыдан мектепти аяктап, Оштогу окуу жайлардын биринде кечки бөлүмдө билим алчу. Тыйын-тыпырдан кыйналгандыктан, бош убагында эрмек кыла турган иш таппай жүргөн эле. Досторунун ичинен бирөөсү Ош облусунун ДЭУ-21 пунктуна жумушка аларын айтканда, сүйүнгөнүн көрүп ал. Ошентип, Ажибай мырза үчүн 1971-жыл өмүр бою жадында калды. Алган маянасына (78 рубль) нават баштаган таттуу, печеньеден бери алып, Гүлчөдөгү ата-энесин кубанычка бөлөгөн.

Арапбай ТӨЛӨНОВ
Жогорку Кеңештин эки жолку чакырылышында катары менен шайланып келген эл өкүлүнүн өмүр таржымалы өтө кызык. Арапбай аке борбор калаадагы Жалал-Абад кафесине ээлик кыларын жашырып, дайыма танып келет. Кеп анда эмес, биздин айталы дегенибиз башка. А.Төлөновдун өмүр таржымалына саресеп салсак, 1979-жылы "Павильон" ашканасында ашпозчулук кылып, турмуш жолуна кадам таштаптыр. "Акжолчунун" эмгек жолундагы алгачкы кадамы туурасында кыскача оюн билели деп байланышсак, сылык гана баш тартты.

Осмонбек АРТЫКБАЕВ
Бизнестин ичегисине кан куйган Осмонбек мырзанын эмгек жолу Күрпсай ГЭСинде башталган. Агездеги слесарь-монтажердун айлыгы 170 рублди түзгөн. Маңдай тери менен тапкан акчасына кудуңдаган Осмонбек мырза "чү" дегенде эле чыштай кийинип, ата-эне, биртуугандарына да белек-бечкек алганды унут калтырган эмес.

Нурканбек КЕРИМБАЕВ