Кыргыз гезиттер архиви

KG-Stars
Бегимай ЭСЕНГУЛОВА окуу жайынан гастролдорго атайын уруксат алды. Анүчүн продюсеринен атайын кат гана керектелет. Чыгармачылыкка түшүнүү менен караган окутуучулары ырчы кызга ушундай жеңилдик карашкан.

Самат ДӨӨЛӨТ-БАКОВ Түркияда жарым жыл иштеп кайтты. Эми кайрадан билек түрүнө чыгармачылык менен алпурушуп жүргөн чагы. Кыргызстанга кайтканы эч бир ыр-кечеге катыша элек Саматты күйөрмандары ушул айдын дал ортосунда өтө турган "Жылдыздуу саат" аталган концертте көрө алышат.

Султан САДЫРАЛИЕВ Ош тараптагы гастролунан кайтары менен өз айылындагы жашоо-турмушту экранга чагылдырууга киришет. Анткени, "Айылым" аттуу ырынын клиби баштан-аяк Султандын кичи мекени - Таластын Көк-Ой айылында тартылмакчы.

Кайрат ПРИМБЕРДИЕВ элдин тынчтыгын бузгандыгы үчүн аз жерден милицияга иши түшүп кала жаздады. Жаңы көчүп барган батирдин короосундагы балдар менен күлкү күнүнө карата концерт уюштурушкан эле. Түшүнбөй калган айрым коңшулар милиция чакырууга чейин барышкан. Бирок, наристелердин кубанычынан улам 20-30 чакты ата-эне Кайрат баш болгон уюштуруучуларды коргоо менен түшүнүк катка кол коюп беришкен.

КУРАЛ эгиз бийкечтерди издөөдө. Эгиз кыздар анын жаңы ырына арналган клипке тартылат. Сценарий боюнча Курал сүйгөн кызын башка жигит менен көрөт. Бирок көп өтпөй эле ал Куралдын сүйгөн кызынын түгөйү экени аныкталат. Эгер бул жигитти жакындан таанып же клипке тартылгысы келген эгиздер кастинг маалын тактай жүрүшсүн.

Продюсер Нурлан МАМАКЕЕВ "жылдыздар фабрикасын иштетүүдөн" чарчай элек көрүнөт. Жакындан тарта "Кантип жылдыз аталуу керек?" деген реалити шоу баштап, бир кыз, бир жигитти элге таанытуу, жылдызга айлантуу, айтор, сахна төрүнө карай жолдогу ар бир кадамын телекөрүүчүлөрдүн назарына коймокчу.

Дайыр ИСМАДИЯРОВ жакындап келаткан акыркы коңгуроо аземине карата Талас, Караколго жеке концертин пландап турат. Алгачкы тушоо кесүү концерти Нарында өтүп, ырчынын аймактардагы күйөрмандары менен жолугушуу дал ушул шаардан башталган. Кызыгы, билет ордуна бир үйбүлө эчки берген. Атайын ыр угалы деп келишкен бул бүлөдөгү 8 күйөрманды концерттин уюштуруучулары киргизбей кое алышкан эмес. Ал эми эртеси малды базарга алпарып, акчага айлантып алышкан.

Ди-джей Канат КАДЫРЖАНга угарман-күйөрмандары 13 миң долларлык уюлдук телефон тартуулоону убада кылышууда. Буга себеп ди-джейдин жакынкы түз эфирлердин биринде өзгөчө уюлдук телефон туурасындагы маалымат окуганы себеп болгон. Каатчылык маалында да ушунчалык берешендик барбы же апрель айынын таасири экени белгисиз.




World's stars
Дима БИЛАНдын "үлпөт тою" өтүп, ага россиялык мен-мен дегендердин баары чакырылган. "Тойдо" ырчы менен келинчегинин кийимдери ушундай. Бирок, чындап үйлөнүү үлпөтү эмес, а жөн гана "Биландын тою" аталган мода-көрсөтмө. Аталган иш-чараны продюсер Яна Рутковская модельер өнөктөшү менен биргеликте уюштурган.

Крис БРАУН сүйлөшкөн кызы ырчы Рианнаны сабап жана коркутканын сотто да моюнга алган жок. Сот залына ал төрт жансакчысы менен жарым саатка кечигип келип, судьянын кебинен кийин "Мен күнөөлүү эмесмин" дегенден башка ооз ачпаган. Кийинки процесс 29-апрелге белгиленди. Эгер Кристин күнөөсү далилденип калса, беш жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн.

ШЕРдин үч жылдык гана өмүрү калды. Ушундай тыянакты америкалык профессор Дэвид ДЕМКО чыгарган. Беделдүү эксперт 62 жашар жылдыздын саламаттыгын, жашоо мүнөзүн, депрессияга көп кабылышын, буга чейинки операцияларын жана турмуш соккуларын тереңден изилдеп чыккандан кийин ушундай бүтүмгө келген.

50 жаштагы МАДОННА Малавидеги сапарында чуркоо килемчесинен жыгылып, бутун оорутуп алган. Эскерте кетсек, бул Африка өлкөсүнө ырчы жергиликтүү балдар үйлөрүн кыдырып чыгуу максатында келген.

Даярдаган Айнагүл САПАРБЕК кызы