Кыргыз гезиттер архиви

  Балык башынан...

Унутулган идеология

Азыркы күндө Кыргызстан улуттук да, мамлекеттик да идеологияга муктаж. Президент өлкөнүн жаңылануу курсун жарыялаган менен аны бакандай баш болуп аткарчу мамлекеттик катчы Досбол Нур уулунун оозунан алиге чейин "лям" деген сөз чыга элек. Азыр эл президент айткан 1 млрд. өлчөмүндөгү каражатка турак-жай курула турганын, 2009-11-жылдары өлкө жарандарынын жашын 70 жашка узартууга аракет көрүүлөрүн, пенсияны 45 пайызга, номиналдык айлык акыны 2,2 эсеге, мындан тышкары өлкөнүн өнүгүүсү үчүн жарандардын, коомдук уюмдардын милдеттерин түшүнбөй турат. Ага караганда Адахан Мадумаров мамлекеттик катчы кезинде улуттук идеология үчүн урунттуу ой издеп, биртоп бүйүр кызыткан өзөктүү сунуштарды көтөрүп чыккан.
Жогорку окуу жайларына кирүү экзамендери жакындаган сайын бүйүрү кызып, идеологияны кыйратып койгонсуп, улам ректорлорду чогултуп акыл айтып, кеңеш бергенге өттү. "Кыргыз Туусу" гезитине чыккан мамлекеттик катчы өткөргөн ректорлор жыйынында айткандары, кечээ жакында Улуттук телеканал аркылуу ЖОЖдордун маселеси боюнча сүйлөгөнү баягы эле тажатма сөздөр. Буларды министр, вице-премьер кезинде да көп айтчу. Көрсө, Досбол Нур уулунун болгон дарамети ушул экен. Же идеологияны жүргүзүүдөн тайсалдап оппозициянын чырагына атайын май тамызып жатабы?.. Ушундан көрө өзүн да, элди да, президентти да кыйнабай кетип калса куп жарашмак. Ансыз деле секретариаттын көлөкөсүнө корголоп жүргөнү көрүнүп турат. Баарынан кызыгы, кыргызча сүйлөсө орус сөздөрүн кошуп сүйлөйт да, орусча билбейт. Илгерки колхоз парторгунун деңгээли да мынчалык эмес эле. Ал эми бул киши бүтүндөй өлкөнүн идеологу болуп жатпайбы.
Аскул КЕНЖЕБАЕВ




  Миң түркүн адам

Аскар АКАЕВ

Апрелдин алтысынан жетисине караган түнү төртүнчү небереси жарык дүйнөгө келди. Экс-президенттин уулу Айдар келинчеги Сайкал менен түтүн булатканына 6 жылдын жүзү толуп, үчүнчү ымыркайдын жытын искеп аткан чагы. Ал эми кызы Бермет Акаеванын бир уулу бар экенин эскерте кетели.

Өмүрбек ТЕКЕБАЕВ

"Атамекен" партиясынын лидери "ат чабышта" мөрөй талашпай турганын күлкүчүлөр күнүндө жарыялаган. Ал оюнан кайттыбы же таажы кумары жеңип кеттиби, айтор, БЭК курамындагы саясатчылар ичинен татыктуу талапкер чыкпаса, президенттикке аттанууну ойлонуштурарын "Азаттык" үналгысына билдиргени кызык.

Гүлнара ДЕРБИШЕВА

"Акжолчу" депутат айым өлкө башчысынын сүрөтүнө зар болуп жүрү. Кабинетине президент К.Бакиевдин портретин илдирем деп ЖКнын иш башкармалыгына кайрылса деле оңгулуктуу жооп алалбайт.

Бек БОРБИЕВ

Өткөндө УТРК берүүлөрүнүн биринде оркойгон "секрети" секирип чыкты. 4000 сомдук маянага каниет кылган ырчы-бажыканачы Кыргызстандын гимнин билбейт экен. Ап-бали! Бек мырзанын бу кылыгын кандайча түшүнөбүз?

Марат СУЛТАНОВ

Буга чейин ичинен "Кудай мага эркек бала айтпаптыр…" деп муңайып жүрчү эле. Эми Марат мырзанын кубанычында чек жок. Себеби, 45 жаштагы жубайы Жамийла 8-апрелде балканактай уул төрөдү. Мураскоруна азырынча ысым ыйгарыла элек.




  Ат жалында алтооз сөз

Парламент таркатылары туурасында имиш кеп жүрүүдө. Буга сиздин божомолуңуз кандай?
Касым ИСАЕВ, персоналдык пенсионер:
- Оппозиция койгон талаптардын бири - 4-чакырылыштын депутаттарын легитимсиз деп таануу. Мындан улам, 23-июлда өтө турган президенттик шайлоого карата мамлекет башчысы саясый оюн кылып, Жогорку Кеңешти таратып жибериши мүмкүн. Эгерде, "эчким менен эсептешпейм, өз каалагандымды кылам" десе, накта бардак шайлоодон кийин башталат. Анткени, президенттик жарыштын таза өтпөгөнүнө карапайым калк нааразы болуп, түрдүү чара колдонушу ыктымал…
Амангелди МУРАЛИЕВ, коомдук ишмер:
- Кечээ жакында өлкө башчысы "Жаңылануу багытын" жамы журтка сунуш кылды. Анда саясый, экономикалык абалдын жакшырышы жөнүндө биртоп жакшы ойлор бар экен. Мына ошол "Жаңылануу багытында" Жогорку Кеңеште биртоп саясый партиялардын болушу керектиги туурасында айтылат. Менимче, президенттик шайлоо өткөндөн кийин мыйзамчылардын да миссиясы аяктайт го.

Осмонали АТТОКУРОВ,
ЖК депутаты:
- Менин жеке пикиримде, бул болбогон сөз. Жогорку Кеңешти таратууга эч кандай негиз жок. Эл өкүлдөрү өзүнө тагылган милдетти туура жана так аткарып жатышат.

Асланбек САРТБАЕВ, "Учур" гезитинин башредактору:
- Алдын ала "көзачыктануу" өтө кыйын. Президенттик шайлоонун алдында кырдаал курчуп кетиши ыктымал. Ошол учурдан пайдаланып өкмөт же парламент садага чабылып кетиши мүмкүн. Бирок, буга азыркы бийликтин духу жетпейт. Эгерде, жаңы президент шайланып калса, Жогорку Кеңеш сөз жок тарайт.

Карбалас БАКИРОВ, акын:
- Депутаттар өз ишин жоопкерчиликтүү аткарышууда. Андыктан, парламентти "пошел" кылуунун зарылчылыгы жок.

Таалай ДҮЙШӨНБЕК уулу, Бишкек шаарынын тургуну:
- Азыркыдай "кой оозунан чөп албаган" депутаттарды табыш кыйын. Андыктан, парламент таркабайт. Жогорку Кеңешти таркатуу Акүй үчүн ашыкча түйшүк. Анын үстүнө, бир жылда президенттик, парламенттик шайлоону өткөргөнгө мамказынанын чама чаркы чак келбейт. Мындай пикир оппозициячыл саясатчылардан тарап атса керек.

Нурканбек КЕРИМБАЕВ