Кыргыз гезиттер архиви

  Миң түркүн адам

Владимир ВОРОНИН
5-апрелде өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон оппозициянын пикетке чыгып, массалык башаламандык уюштурушу мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракет катары бааланат деп билдирүү жасады өлкө башчысы. Воронин өлкөдөгү абалды дистабилдештирүүгө Румыния кызыкдар деп, анын Молдавиядагы элчисин нон-грата персонасы деп жарыялады. Акыркы эки күн ичиндеги башаламандыктын натыйжасында манифестанттар президенттик резиденцияны ээлеп, ага Румыния желегин желбиретип, парламент имаратын өрттөөгө чейин барышкан. Ворониндин сөзү боюнча, пикет менен талап-тоноочулуктун демөөрчүлөрү өлкө аймагынан чыгып кетишкен, ал эми 118 адам уюштуруучу катары камакка алынган. "Бардык нерсенин чеги болот. Эгер мындай башаламандык дагы бир ирет кайталанса, өлкө тынчтыгы үчүн бийлик күч колдонууга аргасыз болот" деп билдирди президент.
Фидель КАСТРО
Команданте Кубага келген АКШ конгрессмендери менен расмий түрдө жолугуп, "Америка көп жылдык кас аракети жана блокада саясаты үчүн Кубадан кечирим суроосу керек. Ушундай шартта гана түзүлгөн кырдаалдан биргелешип чыгууга болот" деп билдирди. АКШ делегациясынын жетекчиси Барбара Линин айтымында, 82 жаштагы Фидель Кастронун ден соолугу чың, акыл-эси тунук бойдон.
Алла ПУГАЧЕВА
Апта аралыгында айтылуу примадоннанын акыркы 11 жыл ичинде биринчи жолу жеке концерттери болуп өттү. Бул Алланын сахна менен расмий коштошуусунун башталышы болмокчу. Андан соң 15-апрелде өтүүчү "Туулган күнүң менен, Алла!" аттуу концертинен кийин Пугачева КМШ өлкөлөрүнө коштошуу концерти менен турнеге жөнөйт. Эки жарым саат бою күйөрмандарына ырахат тартуулаган ырчы 28 чыгарма аткарып, көпчүлүккө таанымал ырларын элди аралап, залдын коштоосунда ырдап берген. Аягында кучагына гүл батпай, көзүнө жаш тегеренген Алла сахнада тизелеп туруп "Силер менин жашоомдогу эң ыйык, эң улуу сүйүүм бойдон каласыңар! Ар убак мени колдогонуңарга миң мертебе ыраазымын!..." деп концертин бүтүрдү.
Саддам ХУСЕЙН
Хилла шаарында жайгашкан Саддам Хусейндин резиденциясын оңдоп-түзөп, жергиликтүү бийлик азырынча ирактык көрүүчүлөрдү кабыл ала баштады - Саддамдын уктоочу бөлмөсүндө өткөрүлгөн бир түн акысы 172 доллар, ал эми жалпы хан сарайга саякаттоо 85 цент турат. Кире беришинде Хусейндин портрети илинип, анын аты-жөнү чегилген бөлмө терезелеринен Вавилон урандылары менен Эфрат дарыясынын кооздугун көрүүгө болот. Реставрация иштерине 7 млн. доллар каражат бөлүнгөн. Калган 2 млн. долларды бийлик келген көрүүчүлөрдөн чогултууга белсенүүдө.
Валдис ПЕЛЬШ
Атактуу шоумен мураскерлүү болду. Биринчи никеден Эжейн жана азыркы жубайы Светланадан Илва аттуу кыздары бар Валдис Пельш былтыртан бери панкреонекроз илдетинен жабыркап, дарылануу операциясыз ийгиликтүү аяктаганы белгилүү. Учурда бактылуу ата ымыркайына ысым берелек.




  ДҮЙНӨКҮН

БАЙДҮЙНӨ. Forbes журналынын иликтөөсү боюнча 16 жаштагы Майли Сайрус бир жылда 26 миллион доллар таап, Голливуддагы эң бай өспүрүм деп табылды. Телеэкрандан, журнал беттеринен түшпөй, күйөрмандардын армиясына ээ болгон Майли жакында автобиографиялуу китебин жарыкка чыгарган. Ал эми экинчи орунду 19 жаштагы Дэниел Рэдклифф ээлесе, үчүнчү орунда эгиздер Мэри-Кейт жана Эшли Олсендер турат.

ШАМДҮЙНӨ. Италиядагы бир нече ирет болгон жер титирөөдөн 30 саат өткөндөн кийин куткаруучулар уранды алдынан 98 жаштагы Мария д'Антуоно айымды аман соо алып чыгышкан. Эч жеринен жараат албаган карыя жер титирөө ал түймө түйүп жатканда болгонун, ошо боюнча Мария колунан жип-шуусун түшүрбөй сабыр күтүп, бир суткадан ашык өзүн алаксытып, куткаруучуларды күтүп күн кечиргенин айтып берген.
УРДҮЙНӨ. Бут кийим ыргытып тигил же бул саясатчыга каршылык көрсөтүү көзкарашты билдирүүнүн бир ыкмасы болуп калгандай. Индияда 7-апрель күнү өткөрүлгөн брифинг маалында "Дайник Джагран" гезитинин кабарчысы Джарнаил Сингх суроосуна жооп берүүдөн баш тарткан өлкөнүн ички иштер министри Паланиаппан Чидамбарамды көздөй ботинкесин ыргытып жиберген. Министр буйтап кетүүгө үлгүргөн. Учурда сурак берип аткан кабарчы одоно кылыгын мойнуна алып, бирок берилген суроого чиновник так жооп бериши керек деп эсептейт. Ал эми мындай каршылык көрсөтүүгө чыйыр салып Джордж Бушту көздөй ботинкесин ыргытып жиберген ирактык 30 жаштагы журналист Мунтазер аль-Зайдинин 3 жылдык абак мөөнөтү 1 жыл болуп кыскарганы маалым болду.
БАРДҮЙНӨ. Гиннес китеби боюнча ааламдагы эң кары айым, Лос-Анжелисттин тургуну Гертруда Бейнс 115-туулган күнүн өткөрдү. Ооруканага туулган күндү майрамдоого Гертруданын достору эле эмес, Гиннес китебинин өкүлдөрү да келип, "дүйнөнүн эң узак жашоочусу" деген сертификат тапшырышты. Ошондой эле Бейнс айымга АКШ президенти Барак Обама да куттуктоо жиберген. 1894-жылы кулдун үйбүлөсүндө төрөлүп, жалгыз баласы ич келтеден чарчап калган Гертруда бир да жолу тамеки тартып, арак ичип көргөн эмес. "Менин узак жашаганымдын бир себеби да ушул" дейт Бейнс айым.
ШОКДҮЙНӨ. Филиппин аралдарынын балыкчылары ааламда сейрек кездешүүчү ири ооздуу акуланы торго түшүрүп, жаратылышты коргоо уюмдарынын каршылыгына карабастан союп жеп алышкан. Донсол шаарынын жанынан кармалган жарым тонналык акуланын узундугу 4 метрди түзгөн. Жергиликтүү жашоочулар андан кокос сүтү менен даярдалуучу улуттук тамак жасап, курсактарын кампайтышкан.




 Айланбас жердин айланма жаңылыктары


ГРУЗИЯ. Кечээ Тбилисиде парламент имаратынын алдында президент Михаил Саакашвилинин отставкасын талап кылган оппозициянын ири митинги башталды.
ИТАЛИЯ. Жер титирөөдөн каза болгондордун саны 272ге жетти. 30дай адам уранды алдында калып, дайынсыз жоголууда. 1500 адам жараат алып, 70 миңдей адам үй-жайсыз калган. Аймакта ушу убакка чейин жер титирөөлөр кайталанууда.
ЧЕХИЯ. Премьер-министрликке 58 жаштагы Ян Фишер дайындалды.
МОЛДАВИЯ. БШК парламенттик шайлоодо коммунистер партиясы 49,48% добуш менен жеңишке жетишкенин расмий жарыялады.
ЮАР. Жүк ташуучу машине айдоочуларынын жалпы улуттук мөөнөтсүз каршылык акциясы башталды. Ага 30 миң адам катышып, өлкө жетекчилигинен айлык акыны жогорулатууну талап кылышууда.
УКРАИНА. Консот Ющенконун арызын канааттандырып, Раданын президенттик шайлоону 25-октябрда өткөрүү токтомун жокко чыгарды. Айрым жергиликтүү ММКнын маалыматы боюнча 25-апрелде президент парламентти таркатуу боюнча токтомго кол коюшу күтүлүүдө.
ПЕРУ. Трибунал экс-президент Альберто Фухиморини адам укугун бузуу айыбы менен 25 жылга эркинен ажыратты.
ИНДОНЕЗИЯ. 560 орундуу парламентке 38 партиядан 11 миң талапкер ат салышууда.
ИРАК. НАТО аскерлеринин аймакта болуу мөөнөтүн 31-июлга чейин узартты.
ТҮНДҮК КОРЕЯ лидери 67 жаштагы Ким Чен Ир өлкө башчылыгына 5 жылдык мөөнөт менен кайра шайланды.
МАДАГАСКАР. Тропикалык циклондун натыйжасында 8 адам өлүп, 3000 адам үй-жайсыз калган.

WWW булактарынан даярдаган Канышай Бешбаева