Кыргыз гезиттер архиви

 "Таймда" тастыкталды

Олигархат карааны: миллиардерлер да ыйлайт
Кремль эшигин тээп кирүү укугун сатып алган бул чириген байлар абалы бийликтен ажырады, анан миллиарддаган акчасынан айрылып отур. Ал олигархтардын кантип оболоп учуп, кантип жерге конгонун журналист Марк Франкетти иликтеп, Улуу Британиянын дүйнөгө белгилүү THE TIMES гезитине жарыялады. Биз аны которуп жарыялоону туура таптык. Канткен менен көлөмү жагынан көп айырма болгонуна карабастан, эски СССР этегинен чыккан мамлекеттерде олигархтардын пайда болуш тарых-таржымалы коендой окшош.


Өздөрүн дүйнө түркүгү санап алган бул адамдар Москва жакасына жайгашкан революцияга чейинки мергенчилик усадьбасында жолукту. Орто кылымдагы немис өнөрүн туурап курулган бул сепил азыр Кремлдин менчиги. Россиянын менменсинген байлары жансакчыларынын бүтүндөй армиясы, өз шоопурлары, брондолгон БМВ, атайын заказ менен 300 миң фунтка жасалып, көз тайгылткан "Майбах" лимузини менен "Бентли" аркылуу келди.
Миллиардерлер готика сыпатынан тыш мунараларды кыйгап өтүп, дубдан курулган мейманканага жайгашканча Кремлдин "Мейендорф" усадьбасына чейинки 25 миль канжолду милийсалар казкатар тизилип кайтарып турду. Чычкан мурдун өрдөтпөгөн ошол "жашыл" канжолдон саатына 100 миль менен үлпөттүн кожоюнунун кортежи өттү.
Өткөн жылдын май айында шайланган Россиянын жаш, жаңы президенти Дмитрий Медведев алар менен галстуктун өзү тургай жыты жок кырдаалда бейформал жолугушуу өткөрмөк. Кремль ноябрда өткөн ал жолугушууну өлкөнүн эң бай, эң таасирдүү магнаттары менен президент финансы кризиси маселелерин талкуулады деп аныктады. Россия коммунисттик борбор пландоосунан жапайы капитализмге канталап өтө баштаганда мамлекеттин кызарган жерин үзүп-жулкуп байыган бул адамдарды олигархтар деп коюшат. Эпчил десе эпчилдиги андан ашкан, шылуун десе шылуундугу мындан ашкан, акча дегенде атасын сатуудан таюу тартпаган бул жаштар (көпчүлүгү кырктан араң ашкан) бийликтеги байланыштары аркылуу жыйырма жылга жетпеген убакытта эсеби сансыз байлыкка ээ болуп чыга келди.
Арийне бу саам алардын көңүлү анчалык шат эмес. Анткени Россиядагы кредит кризисинен олигархтар баарынан көп жабыр тартты. Өткөн жылдын майында өлкөнүн фонду рыногу өз наркынан 80 пайыздан ашуун төмөн түштү.
Кечээ жакында эле Россияда долларлуу 110 миллиардер боло турган. Алардын көпчүлүгү антташып алгансып Москвада жашашчу. Дүйнөнүн бир да шаарында мындай эмес. Кризис кыязы, ал миллиардерлердин санын эки эседен ашуун кыскартты сыяктанат. Айрым маалыматтарга караганда, Россия магнаттарынын чыгымы төбө чачты чын эле тик тургузат: 150 миллиард доллар!
Лорд Питер Менделсонду Корфадагы наркы 80 млн. фунт турган яхтасына чакырган алюминий магнаты Олег Дерипасканы алалы. Мен аны менен акыркы ирет жолугуп аңгемелешкенде (жаздын аягы эле) Россиядагы байлардын байы деп Дерипаска эсептелчү. Анын байлыгы болжол менен 14 млрд. фунтту түзгөн. Перуда өтө турган экономикалык форумга менчик самолету менен өтүп баратып, Медведевди бирге түштөнүүгө чакыруу максатында Москвага конгон 41 жаштагы Дерипаска 6 млрд. фунтунан ажырады. Кремль ага шашылыш 3 млрд. фунт кредит бөлгөнүнө карабастан, кредиторлоруна карызы ушу тапта да кабат-кабат болуп үйүлүп туру.
Же президенттин "Мейендорфдогу" жолугушуусуна келген Россиянын алгачкы магнаттарынын бири - Михаил Фридманды айталы. Forbes журналынын божомолунда анын байлыгы 10 млрд. фунтту түзүп, дүйнөдөгү эң бай адамдардын тизмесинде жыйырманчы орунда турчу. Кризиске чейин. Эми уюлдук байланыш операторунун акция пакетин эптеп сактап калуу үчүн Кремлден 1,3 млрд. фунт шашылыш жардам суроодо.
Фридмандын теке маңдайында "Арсенал" футбол клубунун акционери Алишер Усманов отуру. 12 гектир жерге жайгашып, туш-туштан ишенимдүү күзөт менен курчалган, куну бир нече миллион фунттук чарбасында аны менен түштөнгөнүмө бир жылдан анча-мынча эле ашты. Анда анын байлыгы 5 млрд. фунтту түзөт дешчү. Акыркы айларда бизнеси оожалып өсүп бараткан. Азыркы учурда ал байлыгынын каймагын калпытып ийди дешет…
Кремлге "кичи-кичилеп" колун сунган олигархтар өчүрөтүндө атургай "Челси" футбол клубунун ээси, мультимиллиардер Роман Абрамович да бар. Анын "ЕврАЗ" тоо кен-металлургия компаниясы мамлекеттен 1,7 млрд. фунт карызды эки бөлүп алып, чет мамлекеттердеги бересесин төлөөгө үлгүрдү.
Кабат-кабат берилип жаткан карыздарды Кремлдин арам аракети катары карагандар көп. Айрым компаниялар менен анын ээлерине шашылыш кредит берип, карызга белчеден батыруу менен Кремль баалуу активдерди кайрадан мамлекеттештирип, көптөн көксөгөн мүдөөсүнүн үдөөсүнө чыгышы, тагыраак айтканда, мамлекет көзөмөлүнө өткөрүшү ыктымал. Ар тараптан ой жоруп келгенде кризис бар болгону олигархтардын, алар качандыр бир ээ боло калган бийлик табытына кагыла турган акыркы мык экендигине ынанууга болот.
Россиялыктардын көпчүлүгү "каракчы-барон" дешип аябай жек көргөн бул адамдардын Кремль менен болгон алакасын тогуз жыл мурда бийликке келген, азыр премьер-министр аталганы менен өлкөнү бура бастырбай башкарып аткан Владимир Путин таптакыр башка нукка бурду. "Олигарх" деген түшүнүк постсоветтик Россияда бардыгы ошонун колунда дегенди билдирет. Арийне Батышта чириген байлардын саясый бийликке келишин эскинин саркындысы катары карайт.
Азыркы тапта биз батыштагылар карандай бизнес менен шугулдангандарды гана олигарх деп элестетебиз. Олигархтардын айрымдары Кремль менен башкалардан алдаканча артык алакалаш. Бирок бири дагы саясатка кийлигишпейт. Андай алака олигархтар үчүн албетте керек, бирок бизнести мизилдетип өстүрүү үчүн саясый мансаптан баш тартууга туура келет. Россия олигархтары бизнестин мындай мыйзамдарын мыктап өздөштүрүп, бийликке бүгүлүп кызмат кылуудан оңу жок деп тапты. Эсеби маселең, каражаты аз спорт командаларын колдоп коет, тигил же бул иштерге мартчылык менен жардам көрсөтөт же компанияларды сатууга же сатып алууга сөзсүз макулдук берет.
"Мейендорфто" Медведев менен жолугар алдында Москвадагы кабинетинде Фридман мага: "Ири бизнес бүгүн Россия саясатына таасир тийгизет деген жөнеле жөөжомок, жөөлүгөн кеп" деп айтты. Ал постсоветтик капитализмдин эң ийгиликтүү ишке ашкан долбоору, Россиянын бизнес тарыхындагы жапайы мезгилдин ветераны - ТНК-ВР мунайзат гигантынын деректирлер кеңешинин төрагасы. "Олигарх" түшүнүгү Россияда 1990-жылдардагы маанисин жоготту. Бийлик тизгини Путинге тийгени бизнес саясатка реалдуу таасир бералбай калды. "Путин ири бизнести саясат менен ширеңкедей ойнотпой турган өтө чечкин адам" дейт ал.
Украинада туулган, жаш кезинен "Свободаны" кууп уккан Фридман 17 жашында Москвага келип, эң жакыр студентке айланган. Ал совет учурунда эле театр белеттерин товарга алмаштырып, көмүскө көмө бизнес жасачу. Ал Советтер Союзундагы жеке бизнес жасагандардын алгачкыларынан. Оболу тажрыйба жасай турган чычкандарды баккандан баштап, бизнес ишмердигинин бардык түрлөрүн сынап көрдү. Кийин терезе жуучу компания ачты. Ал мунайзат өндүрүү, чекене соода, телекоммуникация, банк ишмердиги өңдүү бизнеске тиешеси бар "Альфа-Груп" консорциумун түзүүнүн алгачкы кадамы болуп берди. Фридманды иш боюнча өнөктөшү Петр Авен катуу сүрөдү. Авен 1992-жылы тышкы экономика байланыш министри боло калып, Санкт-Петербург мэриясынын чиновниктеринин бири, КГБнын мурдагы полковниги, ошол тапта четел инвестициясын тартуу боюнча жоопкер Владимир Путин деген менен ысык ымалага өтөт.
"Бийликти өз ишиңдин кызыкчылыгына көндүрүү аракети бир кеп, саясый чечимге, айталы, өкмөт кызматына дайындоого таасир этүү - башка кеп, - дейт Фридман. - Мен өлкө саясатынын чыгаандары менен ымала түзүү өтө кооптуу деп эсептечүмүн жана эсептейм. Тескерисинче, алардын далдаасында жүргөн оң. Бирок Россияда бийликтен бирөө арттан жөлөп турбаса, сени эч ким укпайт".
Фридман менен Авен мурдагы маалымат технологиясы жана байланыш министри Леонид Реймандан кирешеси көп уюлдук байланышынын жалпы улуттук операторлугу акциясын талашып, аз жерден бычак мизинде кала жаздаган. Бирок андан аман-соо өттү. Эки жак тең бири бирин сотко берди. Рейман Путиндин кабинетин какпай кирүүгө мүмкүнчүлүгү бардыгын эске алганда, Фридман анда тоодой тобокелчиликке барган. Бирок Авен Путин менен андан ашса ашкан, бирок эч кем калбаган таттуу болчу. Натыйжада, президент министри коррупциянын бетин ачам деп коркутканына карабай, эки жакка тең болушкан жок. Тек талаш-тартышка чекит коюлар алдында шап ооздугу үчүнбү, айтор, Рейманды отставкага айдап жиберди.
ТНК-ВР биргелешкен ишканасынын акционерлери - Фридман жана россиялык үч миллиардер өткөн жылы генералдык деректирлик маселесинде англиялык өнөктөштөрү менен катуу чарпыша кетип, ал айыгышуу көпкө созулду. Магнаттар анын отставкасын талап кылышты. ВР аны аябай катуу колдоду.
Биргелешкен ишканага ким кожоюн экендигин россиялыктар британдыктарга бат эле билгизди. Россия бийлиги генералдык деректирдин кызмат өтөө мөөнөтүн көтөрүп чыкты, визасын андан нары узартпай койду. Ошентип компаниянын жаңы деректири дайындалды. Магнаттар көшөгөнүн артындагы оюнга канчалык тиешеси бардыгын, албетте, моюнга албайт.
(Уландысы бар)
Кыргызчалаган
Аман Акматов