Кыргыз гезиттер архиви

"Пейджерибизге" жана SMS үчүн кыска номурга сахна жана саясат жылдыздарына арналган далай арзуу, сын-пикир билдирүүлөр түшүп турат. Ошондон улам жылдыздарга багытталган билдирүүлөрдү "Пейджердин" "Пейджерчесине" жарыялап турууну туура көрдүк. Коомдогу окуяларга күйүп-бышсаңыз - "Пейджерге" 66-55-68 номурун бурап, жылдызды сүйүп-күйүп атсаңыз, же сын айтсаңыз - "Пейджерчеге" AGYM деген сөздөн баштап 2525 кыска номуруна SMS жолдоңуз. Бул ирет рубриканын мейманы - ырчы Айчүрөк ИМАНАЛИЕВА.

п-80. Айчүрөк эже, кыргыздын желегин желбиретип биринчи жолу "Славян базарына" барганыңыздан бери күйөрманыңызга айланып, сиз менен ушунчалык сыймыктангам. Андан бери көп эле жерде болдуңуз окшойт. Бирок ошол фестиваль эсимен кетпейт. Сизди жакшы көрөм. Дилбар.
п-81. Динара Акулова экөөңөр кыска юбка кийбей эле койбойсуңарбы. 0777ХХХХ29. Айка.
п-82. Эч нерсеге карабай болгон күчүңүздү жумшап, алдыга умтулган сапатыңызды сыйлайм, урматтайм. Бар болуңуз! Каныкей.
п-83. Китеп жазууңузга эмне түрткү болду? 0770ХХХХ90. Жыпариза.
п-84. Жөнү жок бирөө менен аябай урушуп атканыңызга күбө болгом. Жиниңиз келгенде үйдөгүлөргө да ушинтип кыйкырасызбы? 0550ХХХХ11. Мери.
П-85. Анжеликадай таланттуу кызды тарбиялап чыкканыңызга ыракмат. Тынар.
П-86. Сахнада өзүңүздү алып жүргөнүңүз абдан жагат. Ырларыңыз кээде супсак болуп калганда кийимиңиз, келбетиңиз, кыймылыңыз менен баарын жууп кетесиз. Талыкпаган эмгегиңиз менен сахнадан түшпөй келатасыз. Азаматсыз! Кымбат.
Бир SMS-билдирүүнүн баасы $0,75




"Пейджер" - Сиздин үнүңүз!
Урматтуу окурман!
Кимдир бирөөгө же айрым бир жагдайда сын-пикириңиз, зарыл сөзүңүз, каалооңуз барбы? Ар аптанын экинчи күнү (шейшемби) эртең мененки 10дон 12ге чейин 66-55-68 телефонуна чалып же AGYMpage деген сөздөн баштап 2525 номуруна SMS-билдирүү жөнөтсөңүз болот. 3-4 сүйлөмдөн ашпаган куйкум сөзүңүздү, боорду эзген азил оюңузду, көңүл көтөргөн куттуктоолоруңузду күтөбүз. Бүйүр кызыткан билдирүү ээси "Пейджердин" белегине арзыйт. "Пейджер" - сиздин үнүңүз! Чалыңыз, SMS-билдирүү жөнөтүңүз. Бир SMS баасы $0.75

31-мартта "Пейджер"
менен
сүйлөшкөндөр:
П-419. Мелис Эшимканов теледен ой жүгүртүүсү тайкы, сабатсыз режиссер-редакторлорду кууганы абдан эле туура экен. Орустун берүүлөрүн көчүрүп эле жан багып жүрүшкөн турбайбы. "Минута славысын" "Баракелде!" деп бакырышты. "Две звездысын" "Кош жылдыз" деп кошоктошту. "Звезды манежаны" "Жылдыздар манежде" деп майрамдап атасыңар. Андан көрө ордо, кыз куумай, көк бөрү сыяктуу кыргыздын улуттук оюнун алып чыкпайсыңарбы, ошо жылдыздарды катыштырып. Эч нерсе колуңардан келбесе, анда төө чечмейди жандандыргыла. Молдоасан.
П-420. Мыктыбек Арстанбек үкам, теледен жети атаңды айталбай калганыңда менин жети өмүрүм жерге кирди. Айлаң кеткенде ашыналарды санап ийсең болмок. Эми айылга эле кел, өрүк-мейиз сатып оокат кылабыз. Кочкор акаң.
П-421. Таирова Дильнозаны 3-апрель туулган күнү менен куттуктайм. Диля, сага чың ден соолук, узун өмүр, иштериңе албан ийгиликтерди каалайм. Мунара.
П-422. Элибиз из кубарга качан тунат / Алыштан арабыздан шум да турак / Депутат, депутаттын уулу көптөн / Уурдалып али күнчө ың-жың турат. Эркин Жаныбеков.
П-423. Темирбек Дүйшекеевдин макаласына жооп. Манас Кудай эмес, сыйынуу бир гана Кудайга таандык. Манастын кадырына жетип, даңазала. Манас кыргыз элинин тун баатыры. Биз, Манастын урпактары, Манас менен сыймыктанабыз. Манасты кыргыз үчүн кудай жараткан. Манас болбосо, бүгүнкү кыргыз мамлекети болмок эмес. Манас урагыс чеп болгон. Караш Насер.
П-424. Бишкек тургуну, сиңдим Сабира Кенжебаеваны туулган күнү менен куттуктайм. Насилибиз нарктуу ата-эненин / Сени апама окшоштура беремин / Капалансам, көңүлүмдү көтөрүп / Сенсиң дайым туура кеңеш берээрим / Жүрөк сокпой, жашоо бүтүп калса эгер / Эжекелеп көздөн жашты төгөөрүм / Узун өмүр, бакыт-таалай кааларым / Эч жамандык көрбөсө дейм эгерим. Эжең Фаина.
П-425. "Евровидениеге" Кыргызстандан талант таппасаңар, Коко Музообашты жибербейлиби. Калыстар тобунда Пугачева отурса, Коконун көзүнө ашык болуп, экинчи же үчүнчү орунду берет эле. Жылма.
П-426. Урматтуу Молдомуса Ташболотович, биз Кадамжайдан сиздин ишеним телефонубуз бар, пайдалансаңар болот дегениңизден, пресс-катчыңыз Бакыт Сеитовго билдирүү жасадык эле. Ошондон бери эки айдын жүзү болду, эч майнап чыккан жок. Сизден сураныч, ушул билдирүүнү сурамжылап койсоңуз. Эралы, Кадамжай революция комитети.
П-427. Бишкектин тургуну Софа Жумалиевнага. Төрөлгөнсүң өрүк гүлдөп турганда / Торолгонсуң алма жыттуу гүлзарда / Ата-эненин кенже кызы аталып / Апакебиз алпештеген сен секелек жылдарда / Бир убакта аталгансың жакшы кыз / Азыр болсо 60тан аштыңыз / Неберелер алды-артыңдан чуркашып / Арта берсин таалайыңыз, бактыңыз. Туулган күнүң кут болсун деп балдары менен Батмакан эжең.
П-428. Кыргызстандын кээ бир өпкөсү жок аткаминерлери, ЖОЖ декандары, ректорлору Россиянын ордендерин сатып алышып, той жасап, жөнөкөй эрдердин кыжырын келтирип жатышат. Мамкатчы Нур уулу Досбол жок дегенде ушуларды тыйып койгонго жараса, эл анын бар экенине, иштеп атканына ишенет эле. Калиман.
П-429. Өспүрүмдөрүбүз тарбия-таалим алып, тартиптүү болуп калышты. Картаңдар автобуска киргенде былтыйып унчукпай отурган кээ бир жаштарыбызды "ордуңду берчи" десе, унчукпай бошотуп беришет. Караш Насер.
П-430. Би-Би-Си радиосунан айтты, бир бээ үч кулун тууптур, бир кулундун боорунда "кыргыздар, көппөгүлө" деген жазуу бар экен дейт. Байкуш айгыр бээге айтса керек, "бийликтегилер көппөгүлө" деп туусаң, мени союп, сени камап салат деп. Биз кайсы арыбызга көпмөк элек. Алмаз.
П-431. И.Арабаев атындагы КМУнун экология жана жаратылышты пайдалануу институтунун география, экология жана туризм факультетин 2008-жылы аяктаган ГТ-51 группасында окуган бардык группалаш балдар-кыздарга салам жолдойм. Дос кыздарым Айнура, Толкун жана Махабатка сагынычтуу салам айтам. Баарыңарга ийгилик, келечегиңердин кең болушун каалайм. Силерди сагынган Жамал .
П-432. Пикет болду. Бийлик деле, оппозиция деле токтолгонсуп калыптыр. Ынтымактуу, жумурткасыз өткөрүп алышты. Бирок бийлик Кыргызстандагы иттердин баарын чогултуп келген окшойт. Таң аткыча улуп-уңшуп уйку беришпеди. Мамбетов А.
П-433. Алмазбек Атамбаев, адегенде 6 завод курдуң эле, эмки ат салышта 6 ГЭС курам деп кыйкырсаң, эл баарысына кайыл болуп, жок дегенде жарык болсунчу деп сени шайлап алат. Аскербек Исаев.
П-434. Ажобуз Россиядан миллиондогон кредит келет деп сүйүнүп жатат. Бирок буга чейин мындай кредиттерден пайдаланып, айрым министрлер баш болуп "талап-тоноодон жапа чеккендер" деп коом түзө коюп, миңдеген сомдорду өздөрү талап кетишкен. Ошондой болбосок болду. Калмурат.
П-435. Урматтуу мэр Нариман мырза, шаарыбыздагы орус пенсионерлери үчүн автобуста жүрүүнүн баасын 2 же 3 сом кылып койбосоңуз болбой калды. Бекер деп эле студенттер менен жөнөкөй жүргүнчүлөр жалаң ушул орус пенсионерлеринин айынан автобуска түшүштөн заарканып да калышты окшойт. Бир бала.
П-436. Ар жылдын ар жеринен ажал аймап / Томсоруп теңтушумсуз далай аймак / Тобунан калып калган турнадаймын / Мезгилдер учкан сайын өргө айдап. Эркин Жаныбеков.
П-437. Эки кишинин башы кошулган жерде эле маркум Садыркулов жөнүндө сөз. Элдин баары саясый буйрутма деп жатышат. Пил менен кумурска сүзүшүп, пил жарылып өлүптүр деген спектакль даярдалган дейт элдин баары. Алмаз.
П-438. Кулунбаева Айзатты 4-апрель туулган күнү менен куттуктайбыз. Бактылуу бол, жүзүңдөн жылмаюу кетпесин. Ар убак ден соолугуң чың болуп, өмүрүң узун, келечегиң кең болсун. Узак сапарга аттанганы турасың, жолуң шыдыр, жолдошуң Кыдыр болуп, аман-эсен кайтып кел. Чолпон, Амина.
П-439. Өткөндө Өмүрбек Текебаев 20-апрелге чейин саясый акцияларды өткөрөбүз деп айткандан кийин кашайып эле түшүмдөн Кубанычбек Апас кетпейт десең. Эми 20-апрелге чейин эл Кубанычбек Апас менен Интернеттен байланышса, мен түшүм аркылуу байланышат окшойм.
П-440. Эл каттоо бүткөндөн кийин электр жарыгы дайыма күйүп турат экен. Электр жарыгы жокто элдин саны өзгөрөөр бекен деп бийлик өткөн жылы элди жөн эле тамашалап коюптур. Эгер элдин саны көбөйгөн болсо, быйыл электр жарыгын тукум курут кылабыз деп жатыптыр. Мамбетов А.
П-441. Сүйүктүү курбу кызым Аиданы 1-апрель туулган күнү менен куттуктайм. Чексиз бакытка, кубанычка, көңүлдүү күндөргө жана бактылуу көз ирмемдерге бай, байсалдуу, узак өмүр каалайм. Эң негизгиси, алтын башың аман болуп, бир гана жакшылыктарга күбө болуп жүрө бер. Адинай.
П-442. Өлкө жетекчилери пенсионерлердин жашоосун качан оңдойт? Алган пенсиябыз күнүмдүк нанга араң жетет экен, квартплат, кийим-кече дегенди кошпогондо. Балдар-кыздарыбыз болбогондо ачкадан өлмөк окшойбуз. Ошон үчүн жаш кезде дөөлөттүү карылыкты тилеш керек турбайбы. Замирбек.
П-443. Талант уулу Баяманды 31-март туулган күнү менен куттук сунабыз. Дайыма ден соолугуң чың болуп, илимдүү, атыңа затың жарашкан бай бол. Кемпиректин камчыга сап болчу жигиттеринен болушуңду каалаган байкең Акжол.
П-444. Оппозициянын митингисинен көп нерсе үмүттөнүп аттым эле. Негедир мурункудай шаң жок. Эл да азыраак болуп калды. Мейли, башталышы гана дейличи. Кадыр.
П-445. Элибиз жыргап жаткансып, мечит куруу максаты менен молдокелер марафон өткөзүп, тиги жер саз экен, болбойт дешип, ал жердин багын кыркып, фундамент куюп коюшкан. Азыркы салабыз деп жаткан жери - эски мүрзөнүн орду. Эми ал жерден шагырап сөөк чыкпаса болду. Алмаз.
П-446. Улуттук университеттин студенти, бөлөлөрүм Наргиля, Наргиза Калмуратоваларды 1-апрель туулган күндөрү менен куттуктайм. Силерге чың ден соолук, узун өмүр, окууларыңарга ийгилик каалайм. Дайыма ушундай сулуу болуп, алдыга умтула бергиле. Жанара.
П-447. Ташбоо Жумагулов кай жагынан ташыркап калганын билбедик. Жакында бир гезитке берген интервьюсунда "Бакиевден башка ажого татыктуу адам жок" деп ушунчалык кошоматтык чокусуна чыкканын кара. Акман.
П-448. "Токмогу күчтүү болсо, кийиз казык жерге кирет" деген чын тура. Жашың өтүп калса деле бирөөгө көз каранды болсоң айлаңды кетирет экен. Айтканы айткан, дегени деген. Болбосо бир ооз сөз менен эле "бошсуң" деп коет. Амалың гана жок. Тил кыска… Чалабек.
П-449. Сыймыгыбыз, алтын апабыз Саитова Манзураны 60 жаш торколуу тою менен куттуктайбыз. Алтын апа, ден соолугуңуз чың, ылайым өмүрүңүз узун болуп, биздин бактыбызга аман-эсен болуңуз. Балдарыңыздын атабыз көрбөй кеткен жакшылыктарына күбө болуп, тойлордун гана убарасында жүрүңүз. Көп жашаңыз. Уул-келиндериңиз, кыз-күйөө балдарыңыз, неберелериңиз Азирет, Бермет, Жылдыз, Кундуз, Адилет.
П-450. Самара, Бактыгүл, досуңар Клараны көзү мындай болсо эле ушактап киресиңер. Кокус көрүшүп калсаңар, кудай бетин салбасын, эт-бетиңерден кетип, жүрөгүңөр эзилип кетет. Клараны көтөрүп эле алайын дейсиңер, айлаңар жок. Жапжаш туруп, кошоматчылыкты эмне мынча өздөштүргөнсүңөр? Таңгалам силерге. Амантур.
П-451. Кудая тобо, Каркыраны казактарга берсек, элдин бетин кантип карайбыз, кийинки урпактарга эмне деп жооп беребиз деп ач кыйкырык салган эл өкүлдөрү кадимкидей эле басып жүрүшөт. Сөз байкуш айтыла берет тура. Элдин бетин карай албай, үйүндө отуруп калган депутатты деле көргөн жокмун. Замира.
П-452. Бишкектин мэри Нариман мырза, элге чыгаарда ораторлуктан кудай айтпаса, сүйлөй турган сөзүңүздү алдын ала камдап алууну ойлонуп көрбөйсүзбү. Кантип эле жубайыңыздын кесибин билбей калмак элеңиз. Же бири-бириңерди көрбөй үйлөнгөн жаш жубайларсыңарбы? Кайрат.
П-453. KG шоу бизнес борбору менен Биринчи Улуттук канал өткөрүп аткан "Кыргызстан сулуусу (Красавица Кыргызстана)" конкурсунун дымы чыкпай өчүп калды. Финалы качан болот? Же сулуулар түгөндүбү? Супсулуу.
П-454. Нарын шаарынын тургундары Исмаиловдордун үйбүлөсүнө сагынычтуу салам жолдойм. Бакытай.
Бул жолу жеңүүчү аныкталган жок. Кыргыздар, тузуңар, мурчуңар азайганбы?
Даярдаган
Канышай БЕШБАЕВА