Кыргыз гезиттер архиви

  Биз экөөбүз

Таланттардын табышкан уул-кызы
Кыргыз эл артисти
Саламат САДЫКОВАнын кызы жана маркум талант Чубак САТАЕВдин тун уулу кол кармашканына жарым жылдай убакыт болуп калды.
Кубаныч САТАЕВ атасынын жолун улап ыр созуп келсе, Кундуз АВАШОВА "Манас FM" радиосунун продюсери.
Кубаныч САТАЕВ: - Кандайча табышып калганыбызды уктап атып да айтып беришим мүмкүн. 2006-жыл эле. Бишкек четиндеги кафелердин биринде музыкант элем. Кубаныч деген дос балам экөөбүз ошол кафедеги тапчандардын улам бирине барып, комуз менен аккордеондун коштоосунда ырдачубуз. Ошондой эле күндөрдүн биринде Кундузду көргөм. Коллективи менен эс алып келишкен экен. Баары чыгармачыл адамдар болгондуктан, улам бир ырды сурашып, баарлашып атып таанышып калдык.
Кундуз АВАШОВА: - Мен адатта жанымдагыларга кимдин кызы экенимди айтпагыла деп тыйып турчумун. Ошондо Кубанычты Чубак Сатаевдин уулу деп тааныштырышса, кесиптештеримдин бири: бизде да Саламат Садыкованын кызы бар деп айта салган.
Кубаныч: - Мен да ал кишиге окшоштуруп койгом. Радиого ырларыңарды алып келгиле деди Кундуз. Ошентип, иш жаатында байланышта жүрдүк.
Кундуз: - Радиого ырларын берип, кийин ар кандай салтанаттарга чакырып жүрдүм. Колдон келишинче, ММКга чыгуусуна жардам берип жаттым.
Кубаныч: - Адегенде бизди чыгармачылык жакындатты. Анан достоштук. Кийин-кийин гана кыз-жигит болдук. Башында Кундуз мага чыгармачылык жактан жардамдашып, көмөктөшүп, кеп-кеңешин айтып колдоп жүрдүк.
Кундуз: - Бир чети чыгармачылыгы мени тартып турса, экинчиден, жандүйнөлөрүбүздөн да окшоштук таап алдык окшойт. Мыкты, ишенимдүү дос болорун, сөзүнө турган, тартиптүү жигит экенин кызматташып жүрүп байкадым. Колумду сураганда мен көп күттүрдүм. Бир чети Куба мени сабырдуулугу, чыдамкайлыгы менен да таңгалдырчу. Башка болгондо эбак тажап кетип калмак. Түшүнө да билди, күтө да билди мени. Ажырашкандан кийин колумду сурагандар көп болгон, бирок, дайым бир сапаты же мүнөзү жакпай кала берчү. Кубанычтыкындай образды издеп жүрүптүрмүн, азыр ойлосом. Жубайлардын мамилесинде башкы ролду сүйүү эмес, түшүнүү жана мүнөздөрүнүн төп келиши ойнойт экен. Көп нерсени басып өткөндөн кийин Кубанычты жолуктурдум. Бул мени кандай болсом, ошондой кабыл алды.
Кубаныч: - Менде биринчи көргөндө эле башкача бир сезим болгон. Бирок, башында эле билдире албайсың да.
Кундуз: - Куба мага деле жакчу, бирок, адамгерчилиги менен гана.
Кубаныч: - Сөз таштап, тамашалап тийишип калганым менен чындап сезимимди айталган эмесмин.
Кундуз: - Менин жанымдагылар Кубанын сезимдерин байкап калышчу, бирок, мен таптакыр эле моюнга алчу эмесмин. Кийин деле элчилеп ээрчишип, күндө чогуу жүрүүгө деле мүмкүндүк болчу эмес. Мен иштемин, Куба гастролдо. Көпкө көрүшпөй калуу да бизге чоң сыноо болду окшойт. Бир-эки айга жок болуп кетсе, ушуну менен жолукпайт деле болушубуз керек деп калчумун. Бирок, кайра эле жолукчубуз.
Кубаныч: - Гастролго кеткенде аябай сагынып калчумун. Келгенде шыр Кундузга учурашып келчүмүн.
Кундуз: - Бирок, кетип баратканда сөзсүз жолугуп, коштошуп кетчү.
Кубаныч: - Мен башкалардай эмоцияга алдырып, жакшы көргөнүмдү, сагынганымды айта албайм. Бирок, ар бир жолу сагынып келчүмүн. Гастроль маалында сагынсам да телефон чалып, тынчын алчу эмесмин.
Кубаныч: - Былтыр "расмий" түрдө 17-мартта колун сурагам.
Кундуз: - Ошол күнү бир күн кечке жадатып телефон чалып атып кафеге чакырды. "Бул жигит негедир ашыкча кетип баратат, барам да эшиктен эле жолугуп кетип калам" деп пландагам. Бирок, болбой атып мени кафеге ээрчитип кирди. Жолдош баласынын, анын келинчегинин көзүнчө сунушун айткан. Буга чейин эки ирет айтканынан сөзүн бөлүп, токтотуп салган элем.
Кубаныч: - Баш кошолу дедим. Баарыбир бири-бирибизсиз жашай албайт экенбиз. Сезимдер бар экен ортодо деп калдым. Өзү жогоруда айткандай, көпкө ойлонуп жүрдү. Үйлөнөр алдында үйдөгүлөргө айттым. Улуу бала болгондуктан, көп нерсени өзүм эле чечем. Алар деле мага өзүң чеч, жаш бала эмессиң дешкен.
Кундуз: - Экөөбүз тең эле бирдей убакта айттык. Биздин чөйрөбүз да билчү эмес кыз-жигиттик мамилелер жаралганын. Кубаныч да эч кимге билдирбей, менин ушул талабымды акырына чейин чыдап аткарды. Мүнөздөрүбүздүн да окшоштуктары мени таңгалдыра берчү. Таптакыр мамилелер жокто мен бир түш көргөм. Анда Кубаныч экөөбүз жубайлар экенбиз. Кызыгы - ага чейин бул жөнүндө ой да, кеп да жок эле. Бир ирет сөз баштаганынан мен эгер сен француз же итальян болгонуңда мени түшүнмөксүң. Кыргыздар мени түшүнбөйт деп койгон элем.
Кубаныч: - Жашым улуу деп эле тартына берчү болуш керек.
Кундуз: - Өзүм таластык болгон соң, Манас күмбөзүнө барган сайын зыярат кылууну кыялданчумун. Атам менен апам эрте ажырашып кетип, ал жакка жамандык-жакшылыкта гана барбасам, көп баралчу эмесмин. Биз үйлөнүп, Таласка барарыбыз менен ошол жакка бардык. Кубанычка ушул үчүн да аябай ыраазымын.
Кубаныч: - Жаңы таанышканда эле Кундуз таластык экенин айтып, "жердеш иним турбайсыңбы" дегени жаккан. Кеп жерлигинде эмес, атасы кай жактан болсо, ошол жактанмын дегени көңүлгө уюган. Ата-журтун сыйлагандар жагат мага. Айрымдар ата-энеси ажырашып кетсе, тай жагын төркүн санап калышат го.
Кундуз: - Эркектин пири улук дейт. 2-класста кеткем. Бирок, атам менен чогуу жүрүп өспөсөм да, чоң ата-чоң апанын тарбиясын көргөн, өзгөчө үйбүлөдө өскөн кызмын. Чоң атам аябай жакшы киши болгон. Молдо эле. Салтты катуу кармап, бузбоого үндөчү бизди. Кыргыз дегенди ыйык туткан акыркы адамдардын бири болчу. Тилекке каршы, балдары ал кишинин жолун татыктуу уланта алышкан жок. Аз да болсо чоң атамдын тарбиясын көрүп, айткандарын эсимде сактап калгам. Ошол себептен, таластын кызымын деп тааныштырам өзүмдү.
- Азыр үйбүлөдө чечимди ким кабылдайт?
Кундуз: - Балким айрым эркектерге жакпашы мүмкүн, бирок, менимче, үйбүлөдө аялдын да пикири бар. Өз пикиримди сөзсүз айтам. Кубаныч бул сапатымдан мурда эле кабардар болуп, билип туруп анан колумду сураган болсо керек. Бир маселе чыкса, башка бирөөгө айтып даттанбайм. Ачык эле Кубанычтын өзүнө айтам. Бул да ошондой адам. Айрымдарчылап, апасына же тууганына барып ушактап калганды жактырбайм. Мындай нерсе эки адамдын бири-бирине ишенимдин жоктугу деп ойлойм. Кеп мен айткан нерсени гана аткарышта эмес, жөн гана угуп, анан өзү чечим кабыл алышында.
Кубаныч: - Кандай гана маселе болбосун ойлонуп, талдап отуруп чечебиз. Мен эркекмин, меники туура деп уруш чыгарган нерсе жок менде. Баарын жай чечкенди жактырам. Атамдын да кызыл камчылык же аял кишиге кордук көрсөткөнүн көргөн эмесмин.
- Экөөңөр 18-20 жашыңарда баш кошсоңор, балким, мамилелер башкача курулмак. Силерге турмуштук тажрыйба да көп жеңилдик берсе керек?..
Кубаныч: - Бул жагы бар. Айрыкча, ырчыларды түшүнүш кыйын. Гастролдоп жүрө бересиң, кыздар кат жазат, телефон чалат, тийишип калат. Эгер Кундуз 18 жаштагы кыз болгондо андайларды түшүнмөк эмес. Атадан эрте калып, турмушта көп нерсени көрүп өстүм. Бишкекте үй жок, студент кезде жатаканада жашап, ачка калган күндөр өткөн. Өзүмдү өзүм багып, нан кайдан табыларын так билип чоңойдум. Чыгармачылыкта да ушундай нерсе көп болду. Бир киши мага бир сом берген эмес. "Түштүк кызды" жаздырганым эсимде. "Аюу" фирмасына кайрылсам, аранжировкага каражат бөлдүрүп бералбай коюшкан. Аранжировка ошогезде 2000 сом болчу. Атыбыз деле элге билине элек кез. Ага карабай Мирлан Алыкулов деген дос балам кичинекей афиша чыгарып, Кара-Балтанын тегерегине 15-20 күндөп жүрүп, араң 4000 сом тапканбыз. Мээнет менен жаралган ошол ыр. Буларды айтканым, турмуштун тоскоолдорунан өтүп, ак-караны ажыратып калганда Кундузду кезиктирдим.
Кундуз: - Мени таңгалдырганы - башка эле бир адамдарды Куба экөөбүздүн жаш айырмачылыгыбыз санаага салганы. Телефон чалып же атайын сурагандар болот.
Кубаныч: - Азыр да азайып калды, башында "Чын эле жакшы көрөсүңбү же "по расчету" үйлөнүп алдыңбы?" деп көп сурашчу менден. Башка болсо, балким, мушташып далилдемек. А мен жай отуруп, ортодо сезим бар экенин түшүндүрөм.
- Кандай күйөө бала, кандай келин болдуңар?
Кубаныч: - Апама жагайын деп эмес, табиятымдан кандай болсом ошондой мамиле кылам. Бири-бирибизди сыйлап турабыз. Башынан эле бизге көмөктөшүп, канатына калкалап келет. Өз баласындай көрөт. Чоң той болуп калса деле бизди катышып, эл көрүп, эл таанысын деп турат.
Кундуз: - Өткөндө досторуна "уулум жок болчу, уулдуу болдум" деп тааныштырып атпайбы. Мурда кыздарым үчүн шүгүр дечү. А мен кайын-журтума үч ирет гана бардым. Кудай буюрса далай барарбыз. Барган сайын эки үйгө барабыз. Анткени, Кубаны төрөп, ак сүтүн апасы берсе, келечегине кам көрүп, окууга өткөрүп, элге аралаштырган чоң апасы. Кубанычтын ишенген адамы - чоң апасы. Эки үйгө бирдей тең сый көрсөтүүгө аракет кылам. Башында жакпай калсамчы деп санааркагам, кудайга шүгүр, эки апам тең жакшы кабылдашты. Ушул эле темпте кетсе болду мага. Экөө тең Кубанычты аябай жакшы көрүшөт. Аны жакшы көргөн адамдар мени жаман көрбөсө керек деп ойлойм.
Даярдаган Айнагүл САПАРБЕК кызы