Кыргыз гезиттер архиви

  Президент Курманбек Бакиев

Жаңылануу Багыты
(Уландысы.
Башы 6,10-беттерде)
Ошондуктан, биз маданий саясаттын төмөнкүдөй максаттарын аныктайбыз. Бирдиктүү тарыхый мурас идеясынын тегерегинде маданияттардын, конфессиялардын өз ара ымала күтүп жана аралашуусу аркылуу кыргыз улутунун идеологиясын жаратуу. Билим берүү системасын жаңылоо аркылуу "кадр революциясын" ишке ашырып, инновациялык мүмкүнчүлүктөргө жетишүү. Билим берүүдө, илимде, кол өнөрчүлүктө, көркөм өнөрдө, басма ишинде жана ЖМКда, башка гуманитардык чөйрөлөрдө бирдиктүү маданий саясатты иштеп чыгууга жана ишке ашырууга жөндөмү жетик башкаруу системасын түзүү. Маданий саясаттын экономикалык пайдубалын түптөө аркылуу маданияттын ар кыл чөйрөлөрүн колдоо. Маданият көйгөйлөрүн жалпылап талкуулоо жолу менен мамлекеттик маданий саясатка калктын колдоосуна ээ болуу. Мамлекеттин маданий саясатынын негизи болгон кыргыз элинин маданий жана тарыхый мурасын арттыруу жана маданий көп түрдүүлүктү колдоо.Бардык социалдык катмарлардын, региондордун, этностордун өкүлдөрүнүн текши билим алуусуна шарт түзүү. Өлкөнүн бардык жерлеринде сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүүнү камсыз кылуу. Билимге негизделген экономика жана окумал коом куруу аркылуу өнүгүү. Улуттук жана региондук маданияттарды универсалдык маданияттын басырындысынан калкалоо жана өнүктүрүү.
Билим берүү тармагы төмөнкүдөй өзгөртүүлөргө муктаж: азыркы заманга жараша сабаттуулук тууралуу жаңы түшүнүктү түзүп, аны баштапкы жана орто билим берүү системасына жайылтуу; билим берүү маңызын демократташтыруу процессине жана социалдык-экономикалык таламдарга ылайык өзгөртүү, агартуу жана таалим-тарбия берүү тажрыйбасын жер-жерлерге таратуу; борбордук, жергиликтүү органдардын жана билим берүү мекемелеринин иш милдеттери менен ыйгарым укуктарын ажыратуу аркылуу билим берүүнү реформалоо; окуу жайларды эмес, окуу процессине катышкандарды каржылоо жолу менен билим берүүдө атаандаштык мамилени калыптандыруу; кесиптик билим берүү жана жумушчу кесипке дасыккан адистерин даярдоо системасын кайра калыбына келтирүү; окуучуларга билим берүүнүн жана окуу жайлардын ишмердигинин натыйжаларын тыштан көзкарандысыз баалоо ыкмасын жайылтуу; билим берүү мекемелерин жумушчу орундар рыногундагы абалга ылайыкташтыруу; атамекендик дипломдордун эларалык таанылуусуна жетишүү; ЖОЖдорго изилдөө жана долбоорлоо борборлорунун иш милдетин кайтаруу; алыскы региондорго интернетти жана аралыктан окутуу түрлөрүн жеткирүү.
Бийлик
жана
өлкөнү
башкаруу системаларын реформалоо
Бийлик жүргүзүүнүн жана мамлекеттик түзүлүштүн универсал моделдери болбойт. Бирок, ар бир тарыхый учурдун милдеттерин чечүүгө ылайык моделдери бар. Албетте, демократия ар түркүн топтордун мүдөөлөрүн толугурак камтып, капыстан чыккан көйгөйлөрдү чечүүгө кудуреттүү келет. Ал эми автократия болсо орчундуу милдеттерди чечүүгө ресурстарды тезирек топтойт. Кризис шартында өнүккөн демократиялык мамлекеттер рынок эркиндигинен мамлекеттик жөнгө салуу жана башкаруу жагына ооп жатышканын бүгүн байкап жатабыз. Кризис тез эле өзүнөн өзү жок болуп кетпеси түшүнүктүү болуп калды. Кыргызстан демократиялык мамлекет бойдон кала берет. Ошону менен катар азыркы заман бийлик жана башкаруу системасын жаңылоону талап кылууда. Ушундан улам төмөнкүдөй эки башка багыттагы тенденция келип чыгууда. Биринчи, макулдашууга жетишүү жана ресурстарды натыйжалуу пайдалануу максатында өлкөнү башкарууга ар түрдүү топторду кошуу. Экинчи, өлкөдөгү кырдаалга көзөмөлдүк кылуу үчүн көпчүлүккө текши жага бербеген, бирок зарыл чечимдерге баруу үчүн бийликтин жөндөмүн күчөтүү.
Жаңы башкаруу системасында бул эки тенденцияны өз ара айкаштыра алмакчыбыз.
Бийлик системасын реформалоо үчүн төмөнкүлөр зарыл : Парламенттин реформа жүргүзүүгө зарыл мыйзамдар пакетин иштеп чыгуу жөндөмүн арттыруу;
парламентте бир канча ири, биринчи кезекте, орто багыттагы партиялардын пайда болушуна өбөлгө түзүү; сот, прокуратура жана укук коргоо органдарын реформалоо; өлкө коопсуздугунун бир бүтүн системасын түзүп чыгуу.
Сот реформасы боюнча сунуштар: Кылмыш-жаза мыйзамдарын гумандаштыруу.Соттордун көзкарандысыздыгын, ошону менен катар жоопкерчилигин арттыруу. Жарандардын конституциялык укуктарын чектеген тергөө иштерине уруксат алуу укугун прокуратурадан сотторго өткөрүп берүү.
Менчик укуктарын коргоо боюнча жарандык мыйзамдарды жана сот процесстерин өркүндөтүү. Администрациялык юстицияны өркүндөтүү, бийлик менен алака-катыш чөйрөсүндө жарандардын жана юридикалык жактардын укуктарын камсыз кылуу. Сотко чейин элдешүү жолу менен чечүүгө мүмкүн болгон чарбалык талаш-тартыштардын укуктук негизин жана тажрыйбасын кеңейтүү.Сот чечимдерин аткаруу жана аларды аткарбагандык үчүн жоопкерчиликти күчөтүү. Сот процессинин ачык-айкындыгын камсыз кылуу. Квалификациялуу юридикалык жардамдарды камсыз кылуу, бекер жардамга муктаж болгондордун укуктук талабын канааттандыруу. Сот өндүрүшүнүн материалдык - техникалык базасын жакшыртуу.
Укук коргоо системасын реформалоо боюнча сунуштар: Кадрларды которуштуруу аркылуу укук коргоо органдарында коррупция, урук-тууганчылык жана жердешчилик көрүнүштөрүн жоюу. Тергөөнүн жана прокуратура көзөмөлүнүн сапатын арттыруу, алдын ала тергөө органдарындагы кыянатчылыкты ашкерелөө. Укук коргоо органдарындагы кылмыш-жаза иштерин кароодо бири-бирин кайталоону жоюу. Коомдук тартипти сактоодо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен коомчулуктун ролун көтөрүү. Укук коргоо кадрларынын сапатын арттыруу. Укук коргоо системасынын ишмердигинде ачыктыкты жана жарандык коом менен шериктештигин камсыз кылуу. Материалдык-техникалык базасын жакшыртуу.
Өлкө коопсуздугун чыңдоо боюнча сунуштар: Өзгөрүлмө шарттарда капилет чыгуучу ички жана тышкы көйгөйлөрдү эске алуу менен коомчулук менен макулдашылып, укуктук жактан бекитилген Кыргызстандын тышкы саясый доктринасын түзүү; Улуттук коопсуздукту камсыз кылган мамлекеттик органдардын дараметин арттыруу жана ишмердигинин натыйжасын жогорулатуу; Өлкөнүн коопсуздук жана аймактык бүтүндүк маселелери боюнча өз ара алгылыктуу чечимдерди иштеп чыгуунун эларалык талкуу жана макулдукка жетишүү механизмин камсыз кылуу; Кыргызстандын улуттук таламдарын колдоо багытында эларалык өкмөттүк эмес уюмдар менен алака-катышты кеңейтүү; Суу-энергетика, экология, маданий алака-катыш жана башка эки жакты кызыктырган маселелер боюнча коңшу мамлекеттер менен эгемендик, тең укуктук жана улуттук мүдөөлөрдүн тең салмактуу принциптеринин негизинде шериктештикти өнүктүрүү; Мамлекеттик чек араларды делимитациялоону жана демаркациялоону аягына чыгаруу; Миграциялык процесстерди жана агымдарды күчкө салбастан, жөндөп туруу тажрыйбасын өнүктүрүү; Эмгек мигранттарын коргоону күчөтүү.
Мамлекеттик башкаруу системасын реформалоо үчүн төмөнкүлөр зарыл: Башкаруу системасын жөнөкөйлөштүрүү, иш милдеттерди кайталоодон арылуу. Мамлекеттик органдардын ишмердигин такай баалап туруу жол-жоболорун киргизүү. Ар кыл коомдук топтордун кызыкчылыктарын эске алуу менен саясый чечимдерди кабыл алуунун жана мамлекеттик саясаттын документтеринин форматтарын иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу. Калкка мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандарттарын иштеп чыгуу жана киргизүү. Бардык деңгээлдеги мамлекеттик кызматчыларды жаңы стандарттарга шайкеш иштөө боюнча кайра даярдоо системасын киргизүү. Мамлекеттик кызматчылардын кызмат боюнча өсүшүнүн так эрежелерин жана критерийлерин түзүү. Аларды басынтууларга жана кордоолорго жол бербөө. Кадрдык резерв түзүү. Заманбап башкаруу технологиялык комплекстерди, "Электрондук өкмөт" технологиясын киргизүү.
Мындан тышкары: Кабыл алынган чечимдерди катуу көзөмөлдөө жана натыйжалуулугун арттыруу. Бийлик органдарына так милдеттерди коюп, алардын аткарылышы тууралуу отчет талап кылуу. Чиновниктердин кызматынан көтөрүлүшүн алардын тапшырылган ишти аткарышы менен айкаштыруу.
Кыргызстандын аймактык-мейкиндик башкаруу системасын калыбына келтирүү зарыл. Ал үчүн өндүрүш күчтөрүн жайгаштыруунун улуттук программасын түзүү керек. Анда өнүгүү очогу боло турган жаңы ишканалардын, шаарлар менен шаарчалардын курулушу, транспорттук жана башка инфраструктуралар үчүн орун аныкталат. Улуттук программанын негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте орто мөөнөткө эсептелген нормативдик эки типтүү документти иштеп чыгуу талап кылынат. Тармактык программалар; региондук, райондук жана жергиликтүү - бардык деңгээлдеги администрациялык бирдиктер үчүн аймактык программалар.
Биз өлкөнү башкаруунун түпкүлүктүү принцибин тандашыбыз керек болот.
Узак
мөөнөттү пландаштыруу принциби
Бул советтик жана постсоветтик коом үчүн салттуу принцип жана ал администрациялык ыкмалардын үстөмдүгүнө негизделген. Ал пландарды аткаруунун натыйжалуу механизмин түзүп, тийиштүү көзөмөлдү камсыз кылууга мүмкүнчүлүк берет. Бирок башкаруунун мындай системасы кырдаалдын өзгөрүүлөрүн элес албай жана ага жараша туура жана учурунда жооп чараларды көрүүгө жөндөмсүз. Бул система жаңычылдыкка умтулбайт жана өнүгүүгө карай күч үрөбөйт.
Стратегиялык программалоо принциби
Бул принципке таянуу аркылуу биз эңсеген келечектин белестерин белгилеп, алга илгерилөөнүн жол-жоболорун аныктай алабыз. Кырдаалды мезгил-мезгили менен баалап жана багытты оңдоп-түзөп туруу механизми, максаттуу программалар, орто мөөнөттүк пландар түзүлөт. Ошондо администрациялык мамиле жарактан чыгып, коммуникативдүү мамилеге зарылдык туулат. Бийликтин ар кандай органдарынын ишин координациялоонун, кырдаалды баалоого жана кабыл алынган чечимдердин аткарылышына ар түркүн топторду тартуу механизмдери иштей баштайт. Бул принцип кырдаалдын өзгөрүшүнө ыкчам жана ылайыгына жараша жооп чара көрүүгө өбөлгө түзөт. Бийликтеги адамдар алмашкан кезде да түпкүлүктүү багыттардан айныбай, кадам улоого негиз түзөт. Жаңычылдыкка умтулуу жана алга өнүгүү үчүн күч үрөгөнгө жагдай түзөт.
Ошондуктан, программалаштыруу өлкөнү стратегиялык башкаруунун негизги принциби болуп калууга тийиш.
Программалык принципке өтүүдө төмөнкүлөр талап кылынат: өлкөнү башкаруу системасын реформалоо зарылдыгы; жаңыча кадр саясатынын зарылдыгы; бийликте турган чиновниктердин айрымдарынын кескин өзгөрүүлөргө каршы турушу.
Азыркы замандын катаал талаптары экинчи принципти тандоого түртөт.
Экономикалык процесстерди натыйжалуу
тескөө
Кризистен чыгуунун негизги жол-жоболору маалым. Алар бюджетти кайра кароо аркылуу менен болсо да чыгымдарды болушунча кыскартуу. Саресеп үнөм.
Чечимдердин аткарылышына көз салуу. Жаңы жумушчу орундарды түзүү.
Атамекендик ишкерлерге жана бизнеске жеңилдиктер. Керектөө талабынын артышын колдоо. Даректүү социалдык көмөк. Инвестицияларга шарт түзүү.
Бирок азырынча дүйнөнүн бир да өлкөсү мамлекеттик саясаты жана иш-аракеттери менен антикризистик чаралардын мындай айкашын камсыз кыла алган жок. Ошондуктан, кризистен чыгуу үчүн кылдат жана акылга салынган саясат жүргүзүү керек. Мисалы, салык жеңилдиктерин ким алышы кажет - ишканасын чөктүрбөй кармап, айлык төлөгөндөр алышы керекпи же ишканасын жаап, өлкө экономикасына салымын киргизбей жаткандарбы? Мүмкүн, ушундай иштебей турган ишканаларды мамлекеттештирүү керектир? Биз айыл чарбасында, курулушта жана өндүрүштө жаңы жумушчу орундарды түзүү аракетин көрөбүз. Биз ишканаларды кайра жандантканга ар тараптан өбөлгө түзөбүз. Жаңы жумуш орундарын ачууга стратегиялык маани берип жатабыз. Менин божомолумда, 2009-жылы иш жүзүндө 50 миңден кем эмес жаңы жумушчу орун ачабыз.
(Уландысы 14-бетте)