Кыргыз гезиттер архиви

  Президент Курманбек Бакиев

Жаңылануу Багыты
(Уландысы. Башы 6-бет)
Ал - дүйнө тез өзгөрүп жаткан шартта улуттук саясатты иштеп чыгып жана жүзөгө ашырууга ар кыл коомдук топторду тартуу эсебинен, терең талдоо аркылуу озунуп иштөөгө жөндөмдүү башкаруу системасына жетишкен өлкө. Башкаруу системасында азыркы технологиялык талаптарга шайкеш компетенттүү адамдар иштейт. Чиновниктер аппараты кыскартылат, бирок кыйла үзүрлүү иштеп, улуттук таламдарды жүзөгө ашырууга күчүн үрөп, татыгына жараша сыйлык акыларды алышат.
Ал - башкаруу системасында, сотто, тартип сактоо органдарында, муниципалдык органдарда, саламаттыкты сактоодо, турак-жай коммуналдык комплексинде, билим берүүдө реформаны жүзөгө ашырган өлкө.
Ал - парламентинде бир канча партия болуп, конструктивдүү оппозиция иштеп, талкуулардан жана өз ара пикир табышуудан кийин калк менен бюджетке залакасын салмактап чыккан соң мыйзамдарды кабыл алууга жетишкен өлкө.
Ал - жарандык коом институттары үзүрлүү иштеген, кырдаалды талдоо жана башкаруунун натыйжалуулугун арттыруу боюнча мамлекеттик заказдарды, Атамекендик жана эларалык гранттарды иштетүүгө талдоо борборлору катышкан, укук коргоо уюмдары укук таламдарын коргогон өлкө.
Биз натыйжа бере турган экономика түзгүбүз келет.
Анын негизги контурлары булар:
Мамлекеттик бийлик өзүнүн негизги экономикалык милдеттерин -бардык экономикалык субъектилер үчүн экономикалык жүрүм-турум эрежелерин түзүп, көз салып жана инфраструктуранын өнүгүшүн камсыз кылат. Мамлекет бизнести колбала катары санабайт жана анын ишине кийлигишпейт.
Өлкөдө менчик укуктарын коргоо саясаты бекем сакталат. Мамлекет менчикти ар амал менен тартып алуучулуктун жана кайра бөлүштүрүүнүн мыйзамсыз түрлөрүнө жана кыймылсыз мүлктөгү алдамчылык аракеттерге катаал бөгөт коёт. Мындай саясат инвестициялардын келишине, улуттук жана региондук ири долбоорлорду ишке ашырууга өбөлгө түзөт.
Өлкөдө туруктуу улуттук валюта жана натыйжалуу финансы системасы иштейт, стратегиялык резервдер жана тышкы экономикалык көйгөйлөрдү, анын ичинде мүмкүн болуучу кризистерди алдын алуу механизмдери түзүлөт.
Анын негизинде ири энергетикалык долбоор ишке ашырылат - тиричилик жана өндүрүштүк муктаждыктар туруктуу жана жетиштүү электр менен камсыз кылынат, электр кубатын чет жакка сатуу мүмкүнчүлүгү кеңейет. Мунайзаттан кийинки доордо аймактык лидер болууга жол ачкан мол электр энергиясы түзүлөт. Шаарлардын жана алыскы айылдардын жашоо-тиричилигинин көзкарандысыз системасын уюштурган, электр унаалары - өнүккөн өлкөлөрдө жакынкы он жылдары кеңири киргизиле турган бул дүйнөлүк тенденцияга биз да кошула алабыз.
Бирок мындай айрым ресурстарга мамилени өзгөртүү, энергияны үнөмдөөчү жана экологиялык багыттагы технологияларды кеңири киргизүү эсебинен жетишилет. Бул үчүн чарба жүргүзүүнүн бардык чөйрөсүндө жаңы идеологиялык принциптер - ыкчам инфраструктуралык өнүгүү, чарба жүргүзүүнүн ресурс сарптаган түрүнөн ресурс жараткан түрлөрүнө өтүү талап кылынат.
Өлкө аймагын кандай пайдаланабыз деген маселеге башка өңүттөн сереп таштоо зарыл. Шаарлар менен шаарчалардын азыркы тармагы - бул негизинен советтик доордун мурасы, Советтер Союзунун бирдиктүү экономикалык саясатынын кесепети. Бүгүн биздин өз экономикабыз жана социалдык милдеттерибиз бар.
Өлкөбүз аймакта маанилүү геосаясый орунда жайгашкан, анын эсебинен өз жерибизди региондук кубаттуу логистикалык түйүнгө айландыра алабыз. Башкача айтканда, Кыргызстан товарлардын, адамдардын, акчалардын, маалыматтардын агымынын маанилүү коому боло алат. Калк жыш отурукташкан жерлерден ар жакка чачып отурукташтыруу, логистикалык түйүндөрдү жарата ала турган жаңы технологиялык комплекстерди түзүү үчүн биз жаңы шаарлар менен шаарчаларды, жолдор менен аба майдандарын долбоорлойбуз.
Башкаруу системасы финансылык, транспорттук, энергетикалык, маалыматтык, билим берүү инфраструктурасына басым жасайт. Анын натыйжасында өлкөнүн бардык аймактары боюнча калкка кызмат көрсөтүүнүн сапаты артат, кайсы жерден болбосун баарын буюртма берүү жана төлөө мүмкүн болуп калат. Үйдөн чыкпай туруп медициналык кеп-кеңеш, администрациядан маалымат, укуктук кеңеш алууга, кесипке такшалууга жол ачылат.
Өнүккөн инфраструктуралардын негизинде өндүрүштүн жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнүн комплекси пайда болот. Айыл жеринде жашоонун жогорку сапаты камсыз кылынат.
Жаңы иш орундарын түзүү, өнүккөн инфраструктуралар, жарандардын укуктарын коргоо, алардын чечимдерди кабыл алуу жана ишке ашыруу процессине катышуусу, ишкердикти колдоо аркылуу өлкөнүн бардык региондорунда текши жашоо сапатын арттыра алабыз.
Күчтүү
маданий саясат түзүү кажет
Экономиканын жетишкендиктери жана нукура социалдык саясат калктын өтө аялуу топторун - балдарды, ары-картаңдарды, майыптарды коргоого өбөлгө түзөт. Майыптар менен пенсионерлер коомдун экономикалык турмушуна катышууга мүмкүнчүлүк алышат.
Улуттук мурастар музейлерде гана сакталбастан, эларалык көргөзмөлөрдө кеңири коюлат, мектеп программасына киргизилип, ЖОЖдордо жана илимий борборлордо үйрөнүлөт жана изилденет.
Улуттук фонду каржылап жана тескеген түптүү жана колдонмо изилдөөлөрдүн улуттук программалары жүзөгө ашырылат.
Улуттук маданий мурастар мамлекет колдоого алынып, өлкө ичинде жана эл аралык рынокто ийгиликтүү атаандашуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.
Чет жердеги кыргыз диаспорасы Атажурттун колдоосуна ээ болуп, маданий тамырын сактоого мүмкүнчүлүк алат, эмгектик миграция процесси келишимдер аркылуу мамлекеттик колдоого алынат.
Биз эңсеген келечекти жаратуунун негизи - билим берүү жана тарбия.
Диплом - билим берүү системасынын негизги үзүрү, ал эми аны алуу жолдору коррупция куралы болуудан калат. Биз билим берүүгө анын түпкү маңызын кайтарып беребиз. Бул адамдын коомдо ийгиликтүү жашоосуна, ал эми коомго болсо бүгүнкү жана келечекте кадрларга болгон муктаждыгын канааттандырууну билдирет.
Адамдан - коомго, коомдон - адамга карай кайчылаш кыймыл билим берүүнүн жаңы түрүнө айланат. Мамлекет, иш берүүчүлөр коомдун керектөөсүнө жараша билим берүү системасына милдет коёт, ал эми педагогдор, окуучулар менен ата-энелер болсо окутуунун, таалим-тарбия берүүнүн ар кыл жолдорун тандай алышат.
Билим берүү системасы акылга сыярлык абалга салынат - жогорку билимдүү кызматкерлерге караганда устат адистерди даярдоого ык коюлат; дасыккан изилдөөчүлөрдү, долбоорчуларды жана башкаруучуларды даярдоо үчүн дүйнөлүк деңгээлдеги окуу жайлар ачылат; коомдун бардык катмарындагы таланттуу жаштарды колдоо системасы иштейт; улуттук мектептердин ар кыл тилдеги окуу куралдарга болгон керектөөсү канааттандырылат; кайра даярдоо системасы өмүр бою окуп, билимин тереңдетүүнү камсыздайт.
Таалим-тарбия билим берүү системасынын ажырагыс бөлүгүнө айланат. Өлкө турмушуна жандуу катышкан, тарыхты жана маданиятты терең билген жана кадырлаган, өлкө келечегине кызмат кылууга даяр Кыргызстандын жаранын калыптандыруу мамлекеттин жана улут элитасынын башкы максаты болуп калат.
Келечекти камаарабай жана камылгасыз күтүп отурбастан, иш жасоо, жан үрөө аркылуу ага чыйыр салабыз. Кыбыраган кыр ашат.
Жаңылануу багыты 10-15 жыл арасында биз эңсеген келечекке карай кадамыбызды аныктайт.
Жаңылануу аркылуу кризистен чыгабыз
Кризистен эбин таап чыгуу үчүн төмөнкүлөр талап кылынат.
Башкаруу системасынын өлкөдөгү экономикалык жана социалдык процесстерди тескөөгө жөндөмдүүлүгү;
Ар түрдүү коомдук топтор өз ара ыкташып, бир максатты беттеп иштешет. Антпесе кризис өлкө ичинде жана мамлекеттер арасында ресурстарды кайра бөлүштүрүү үчүн атаандаштыкты кескин курчутат, улуттук коопсуздукка коркунуч түзөт;
Жумушсуздуктун кыскарышы, калктын сатып алуу жөндөмүнүн жана жашоо деңгээлинин артышы, ишкердиктин жанданышы, инвестициялардын өсүшү анын үзүрү болуп калат;
Ички жана тышкы өзгөрүүлөр такай байкоого алынып, максаттарды, милдеттерди жана аларды чечүү жолдорун тактоого мүмкүнчүлүк ачылат. Өзгөрүүлөрдү алдын ала сезүү жана ага жараша иш кыла билүү жөндөмү - башкаруу системасынын азыркы талаптарга бап келишинин белгиси;
Социалдык-экономикалык кырдаал бюджетти жана салыктарды ийкемдүү жана ачык тескөө аркылуу жөнгө салынып турат;
Калктын жана жетекчиликтин ресурстарга сарамжал мамилеси жаңылануу эрежесине айланат.
Соңку жылдары экономикалык саясат өндүрүштү жана кирешелерди өстүрүү багытына гана ылайыкташып, жаңы жагдайларды биз өтө эле кеч аңдап жаткандайбыз. Дүйнөлүк кризис тыштан келсе да биздин турмушка таасири улам таасын билинүүдө.
Кризис шартында жашоо логикасын ар бирибиз түшүнүшүбүз кажет. Бул:
Тапканыңа жараша жашоо.Ресурстарды сарамжал сарптоо.
Коомдун таламдарына кызмат кылуу аркылуу бири-бирине жөлөк-тирек болуу.
Кризистен кийинки жаңы шартта жашоого камдануу.
Бирок бул жөнөкөй логикага соңку жылдардагы биздин үрп-адаттарыбыз шайкеш келбей жатат. Биз болсо төмөнкүлөргө көнгөнбүз:
ресурстарды башаламан коротуу жана аларды пайдаланганыбыз үчүн акы төлөөдөн качуу;
башкаруу чөйрөсүндө иши үчүн жооп бербегендерге көз жумуу;
жеке кызыкчылыктар менен жеке баюуну коомдун жана мамлекеттин мүдөөлөрүнөн артык коюу;
өлкөнүн өнүгүшү үчүн кадрдык резервдерди түзүүгө эмес, өзүнө гана кызмат кылган жана диплом таратуу менен алектенген билим берүү системасын чыдап көтөрүү;
Бул жагдайдан багыттын төмөнкүдөй милдеттери келип чыгат:
идеологиялык багытты өзгөр-түү жана нукура маданий саясат; бийлик жана өлкөнү башкаруу системаларын реформалоо; экономикалык процесстерди натыйжалуу тескөө; натыйжалуу социалдык саясат.
Идеологиялык багыттарды өзгөртүү жана нукура маданий саясат
Бул эң оболу ресурстарды эсепсиз чачуу идеологиясынан аларды сактоо жана көбөйтүү идеологиясына бет алууну билдирет. Иш жүзүндө бул идеология. Мисалы, электр энергиясын же сууну коромжуга учуратуунун арты өз чөнтөгүңө зыяны тийгидей салыктар жана тарифтер саясатынан көрүнүүгө тийиш. Антпесе жаңы ГЭСтердин кубаты да азыркы энергия керектөөбүзгө жетпей калат.
Бул чет элдик маданиятты жана жүрүм-турум үлгүлөрүн ылгабай көчүрүү идеологиясынан инновациялар менен улуттук өз алдынчалык ортосунда, рынок менен мамлекеттик жөнгө салуу ортосунда, демократия менен өлкөнү башкаруу ортосунда акылга сыярлык тең салмак түзүүнү билдирет.
Бул көндүм болгон буйрукчул-тескөөчүлүк ыкмалардан коомдук диалогго жана башкаруунун программалык түрлөрүнө өтүүнү билдирет.
Бул элдешкис саясый күрөш идеологиясынан бийлик менен жарандык коомдун шериктештигине, бийликтин демократиялык институттары менен конструктивдүү оппозициянын ортосунда идеялар менен мамилелердин атаандашуусуна бет алууну билдирет.
Идеологиялык багыттарды ушундайча жаңылоо үчүн улуттук таламдарга кызмат кылган маданий саясат түзүү зарыл. Азыркы дүйнөдө мамлекеттер менен коомдордун келечеги биринчи кезекте ийги маданий саясатка байланыштуу.
Атап айтканда, канткенде коом өз бөтөнчөлүгүн, өзүнүн бүтүндүгүн жана өткөнү менен келечеги тууралу эстутумун сактап калат. Канткенде маданий деңгээл адамдык кудуретти жана экономиканын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн камсыз кылат. Канткенде маданий ченемдер менен институттар коомдо өз ара түтүшүп жана тартип менен жашоого негиз боло алат. Канткенде маданият инсандын өнүгүшүнө, глобалдуу дүйнөдөн орун табуусуна өбөлгө болот.
Үч миңинчи жылдыктагы адамдардын, маданий жана этникалык топтордун, бүтүндөй коомдордун кулк-мүнөзүнүн жана өзүн өзү таануусунун кыйроо шартында маданий саясаттын мааниси өсүүдө. Дүйнөлүк кризис маалында бул карама-каршылыктар курчуп баратат. Жаңы шартта Кыргызстанды бир бүтүн нерсе катары сактап калуу маанилүү милдет болуп чыга келди.
(Уландысы 13-бетте)