Кыргыз гезиттер архиви

  Шоу винегрет

Жылдыз отуруш
НАЗМИге ким темир аргымак тартуулады?
Күн менен түн теңелген күнү Назми туулган күнүн белгилеп, ар тармактагы досторун чогултту. Ырчынын мүнөзүнө жараша меймандары арасында кыздарга караганда жигиттер басымдуулук кылды. Арасынан өзү жакында жарыялаган жигитти издедик. Айтымында, колун сураган жигит акыркы чыгарылыштагы темир аргымак тартуулаган. Ошондой эле сахналаш түгөйү Сапар экөөнүн тең уюлдук телефон номурларын кулакка жагымдуу сандарга алмаштырып берген. Назми дагы бир мырза - аранжировщик досунан өзү далайдан бери самап жүргөн ырды белекке алды.

Сүйөм сени
Сөзү Г.Шакированыкы,
обону К.Абдыкадыровдуку
Сүйүү деген укмуш дүйнөнүн,
Кереметин келет сүйлөгүм.
Сездирбеген жандай серпилип,
Сен деп жашап келем сүйгөнүм.
Кайырма:
Сен белемсиң жүрөктүн теңи,
Айталбаймын оюмду деги,
Кыялымда күтө беремин.
Сүйөмүн, сүйөмүн сени.

Жандай басып бирге жүрбөдүң
Жактырамын жайнап күлгөнүң.
Билдире албай ички сырларым
Кыйналганым такыр билбедиң.




Кумирге кат
Кат жазгыла мен капага батканда,
Айым-күнүм чыга түшсүн асманга Ырчы
Замир АРЫКБАЕВге
Келишимдүүсүң, жылдыздуусуң, жагымдуусуң, жакшынакайсың… Ушинтип сага жылуу мүнөздөмө издей берет элем. Тааныштым акыры. Эсиңден деле чыксам керек. Жаныңа барып алып, кайра чочуганымчы. Шуулдак экенсиң, каалдак экенсиң, жеңил, ошол эле учурда оор басырыктуу сезилесиң. Тамаша, сенден эмес, таанышканымдан чочудум окшойт. Кайра жакындагым келбей кетти. Себеби, сага тартылган штрихтер ошол калыбында калышын көздөдүм. Себеби, сен да пендесиң. Сезимдердин күчтүүлүгү мени нелерге түртөт ким билет, бир чети өзүмдөн чочуладым. Бүлөң бар, кызың бар экенин билем. Жакында дагы наристе күтүп жатканыңарды уктум. Бактыңды бузбайын. Жакындасам эле, меники болчудай сезиле берчүсүң. Бир жагынан өзүмчүлдүгүмдөн корктум. А мен эмне? Канчалаган күйөрман кыздарыңдын катарынан көтөрүлө албай кала берем…
Укмуш деле сөз байлыгым жок, ушул катты журналисттерге ишенип жөнөттүм. Оңдоп-түзөп чыгарып коюшар.
Бегайым, Бишкек




Тамчы кабар…
Эрмек МАМАТОВ маши-нелүү болду. Достуктун күчүн караңыз, ырчы жигиттин достору чогулуп, Эрмектин ишмердигине жардам болсун деген ниетте "Тойота Камри" маркасындагы темир тулпар тартуулашкан.
***
Бактыгүл БАДЫЕВА чыгыш жаңы жылынын урматына сахналаш курбуларын бүт чогултуп, саунага меймандаган. Курбуларынын кебинде, ырчылар мындай форматта эсалууну тартуулаган ырчы кызга ыраазычылык билдирип, укмуштай чер жазып узашкан.
***
Пиарды мыкты өздөштүр-гөн, баскан изинен чаң чыгарган Зарина ХАСАНОВА ызы-чуудан чарчаганбы, айтор, быйылкы туулган күнүн жакындарынын курчоосунда жупуну белгилөөнү чечти.
***
"Аралаштын азил кечеси" өз салтын улап, жаңырчу айдын алтысына да тамаша кечесин белгиледи. Күлкүгө бир тоеюн десеңиз, бир назар таштап көрсөңүз болот, окурман!