Кыргыз гезиттер архиви

  Сандан санга: сериал

Келдибек НАЗИРОВ
Сапардагы махабат
Катуу сүрдөгөнүмдөн көзүмдү дароо алакачтым. Бүткөн боюм чымырап, эки бетим ысып чыкты. Анын мени жактырып тургандай боорукер караганы көз алдыман кетпейт. Ошол күндөн тарта Мехмет саунага тез-тез келип, мени айланчыктай турган болду.
Өз элиңден четте, бөтөн өлкөдө акча табам деген күн курусун. Жумуштун оордугу күн сайын сезилип, эртең менен турганымда керээли кечке кыйнала турганымды ойлоп жашагым келчү эмес. Неге ошондо болгон акчамды алып баса бербедим деп ушул күнгө чейин арман кылам. Билесизби жеңе, жандүйнөң жабыркап, балдарга болгон сагыныч боор этиңди эзип, көкүрөгүң сары зилге толуп турганда жүрөгүңө бүткөн ыйык сезим жашоого канат байлайт экен. Ал сезим Мехметтин мага жалооруп караганы эле. Аны көргөн сайын санаадан арылып, дүйнөм түгөл болчу. Тармал чач, узун бойлуу, кара көз, кара каш, ак жуумал Мехметке күн санап арбалып баратканымды өзүм сезбедим.
Саунага не бир сонун, не бир татына кыздар келчү. Ошончо сулуулардын арасынан үч балалуу, өңүнөн нуру өчкөн мени Мехмет карамак беле деп өзүмчө ойлоно берем. Ошол эле убакта арзып баш кошкон күйөөм, үч балам бар экенине карабай, жанагыдай сезимге кабылып, аны оюмдан алыс сүрө албаганымды ойлоп, өзүмдү тилдеп да алам. Бирок Мехметти көргөндө оюмда анын бири калбай көңүлүм толуп, жагымдуу мүнөттөр башталат.
Бир күнү жумуш аяктап калганда саунада Жусуп деген киши жашы отуздар чамасындагы орус келин менен эки кишилик бөлмөгө кирип, такыр эле чыкпайт. Уктап калышкандыр деген ойдо үстүңкү кабатка чыгып барсам, экөө төшөктө дагы эле эрмектешип жатыптыр. Келиндин жалынып-жалбарып сүйлөгөнүн угуп, негедир башкача болуп кеттим. Алардын жатканын көзүм менен көргүм келди. Бирок эшик бек эле. Ошондо мен өзүм да эркек каалаганымды сездим. Алар шашылбады, бөлмөдөн чыккандан кийин бассейнге түшүп, улам кучакташып өбүшүп жатышты. Мен жашы улуу келиндин тартынбай сүйүүгө баш-оту менен берилип, жанындагы эркектен башка баарын унутуп, каалагандай сайрандап жатканына суктандым. Ошондо Бектур экөөбүздүн төшөктөгү абалыбызды эстедим. Мен өмүрүмдө тиги аял сыяктуу жыргалга батып, сүйүү даамын таткан эмесмин. Баары Бектур каалагандай, анын айтканындай болчу. Көрсө, мен эркек менен болгондогу ажайып кумарды татпаптырмын.
Эртеси Мехмет мага бир куту шоколад, жакшы атыр алып келди. "Кечинде келем, чай ичип сүйлөшүп отуралы" деген сунушуна каршы болгон жокмун. Менин бөлмөм кенен болчу. Ошол жерде чай, кофе даярдап, иш жок болсо эс алчумун. Ал эми жатаканам короонун четиндеги жыгач үйдө эле. Матвей карыя да ошол жерде жашачу. Жатаканамда кенен керебет, кийим салчу шкафтан башка эч нерсе жок эле. Тамакты саунадагы бөлмөдөн иччүмүн.
Мехмет экөөбүз саунадагы бөлмөдө көпкө сүйлөшүп отурдук. Ал жыгач иштетүүчү фирманын кожоюну экен. Ошентип Мехмет экөөбүздүн ортобузда сүйүү башталды. Мен ага бекем байланып, аны көрбөй калсам сагынчу болдум. Бирок туура эмес эле. Аны менен түбөлүк болбогондон кийин күнүмдүк кызыкчылыкка арбалып, үйбүлөмдү унутуп баратканыма жүрөгүм сыздачу. Эмне болсо ошол болсун, бир айдан кийин кетем деп өзүмө катуу сөз бердим. Үйбүлөлүү аялдын талаалап жүргөнү азап экенин ошондо билдим.
Бир күнү Улара келип, экөөбүз чер жазыша көпкө сүйлөштүк. Мага жардам берди. Ага бир айдан кийин кете турганымды айтсам, мени узата турган болду. Башкы офиске Мехмет менен барып акчамды алдым. Улара мен кете турган күндөн бир күн мурун кечинде келди. Кечке чейин иштеп, эртеси башкы офиске барып, дагы бир айлык акчамды алып жолго чыкмакмын. Бул Мехметке катуу тийди окшойт, кабагы ачылбай, үңкүйүп эле калды. Аны аяп жүрөгүм тилинип турса да, унчукпадым.
Аңгыча кеч да кирип, кийимдеримди даярдадым. Ошол күнү өчөшкөндөй эл аябай көп болду. Улара жан-алы калбай чай, кофе ташып жүргөн. Мен үстүңкү кабаттагы бөлмөлөрдү иретке келтирүү үчүн чыгып кеттим. Бөлмөлөрдүн полун бир сыйра жууп, шейшептерди алмаштырып бүтөлекте саунадагы түрктөр ач айкырык салып, ызы-чуу боло түштү. Бир балээ болдубу же бирөө-жарым саунада эс-учун жоготтубу деп шашып түштүм. Баары кийимдеринин чөнтөктөрүн тинтип ызы-чуу болуп жатыптыр. Эмне болгонуна түшүнбөдүм. Аңгыча мага бирөө келип, "биздин чөнтөгүбүздү ким тинтти, баарыбыздын акчабыз, алтын сөйкөлөрүбүз жок" деп жеп жиберчүдөй акшыйып, колун көзүмө кезеди.




 

Бильярд
Алтын кийлүү Адамов
Кожомкул атындагы спортсарайында кошмоктолгон пирамида (орус бильярды) боюнча Кыргызстандын биринчилиги аяктады. Финалга Зайлан Адамов менен Жылдыз Мамедов чыгып, Адамов 5:1 эсеби менен жеңип, лузаны шарга толтурду. Коло медалга В.Шегай жана Н.Эшбаев татыктуу болушту. Бильярдчылар ушуну менен июнь айында Алматыда өтө турган эларалык чоң турнирге даярдык көргөнү убакыт алышты.

Панкратион
Эр уруш башталды!
Бишкекте 27-29-мартта республиканын биринчилиги өтөт. Бул турнирге уландар жана чоңдор катышмакчы. Чоңдор арасындагы мелдеште жеңип чыккандар Кыргызстандын курама командасына кирип, май айында борбор калаабызда өтө турган Азия биринчилигине катышууга укук алышат.

Көкбөрү
"Бөрүлүгө" айла жок
"Аккула" атмайданында өткөн республикалык турнирде чечүүчү кармашка "Бөрүлү" (Бишкек) менен "Рассвет" (Сокулук) чыгып, бишкектиктер 9:1 эсеби менен чемпиондукка жетишти. Ал эми күмүш медалдуу экинчи орунду камсыз кылыш үчүн Нарындын "Дордойу" атаандашы "ГАИ" (Бишкек) командасын өлсө-талса да утуп чыгыш керек болчу. Бул таймашта "Дордой" 3:2 менен утуп алып, тилегине жетти.

Бокс
Кана, дагы ким чыгат?
Виталий Кличко (37-2, 26) WBC жаатында чемпиондук титулун кубалык Хуан Карлос Гоместен (44-2,35) ийгиликтүү коргоп калды. Биринчи раундда Гомес бир топ айбат көрсөтүп, Кличко шашып калгандай болду. Бирок экинчи раунддан баштап Кличко өчүн ала баштады. Беттешүүгө 3-4 жума калганда Карлос пресса аркылуу капкаяктагыны айтып, Виталийдин "эсин оодара" баштаган. Психологиялык чабуул деп коет го аны! Үчүнчү раунддан баштап Кличко өзүнө ыңгайлуу аралыкты өлчөп алып, Хуан Карлостун кактабай канын соро баштады. Бешинчи раунддан кийин кубалык боксчунун оң көзү шишиктен дээрлик жабылып калды. Ал эми 7-раундда аракеттеги чемпиондун оң колу Гомести нокдаунга жөнөттү. 9-раундда Карлос эки жолу катары менен нокдаун алды, ошону менен рефери ур-соккуну токтотуп, Кличколордун улуусу чемпиондугун сактап калды. Техникалык нокаут менен утту деп эсепке алынды.

Даярдаган Төлөгөн УРУМКАЛЫЕВ