Кыргыз гезиттер архиви

  Улуттук каналдын "Кайдасың?.." көрсөтүүсү - "Агымда"

Издейм сени, арасынан элдердин...
Дайынсыз жоголуунун себеби көп. Биздин иликтөөлөрүбүз боюнча аялдар арасындагы сойкулук дагы дайынсыз жоголгондордун санын толуктап турат. Бишкекте түнкү кардарлардын черин жазып, соңунда акчасын алган менен оорусун жугузуп, жыргалы менен кошо азабын берген сойку кыздардын саны күн сайын көбөйүүдө. Сойкулук жолуна түшүп кеткен кыздарды милиция кызматкерлери көчөнүн ар кай жеринен чогултуп, аты-жөнүн тактап, "бул жумушуңарды экинчи жасабагыла" деп айтымыш болушканы менен, иш жүзүндө буларды жок кылуучу бир да мыйзам кабыл алына элек.

Кыргызда "Кызга кырк үйдөн тыюу" деген жакшы сөз бар. А бирок ушул сөздү айрым ата-энесин алдап, денесин сатып сойкулук жолуна түшүп кеткен кыздарыбыз түшүнүшөр бекен. Алынган маалыматтарга караганда, Кыргызстанда эле 26 миң кыз-келин сойкулук менен алектенет. Алардын алды 13-14 жаштарда болсо, арты 30-35 жашта.
"Кайдасың?.." көрсөтүүсүнүн ушул жолкусунда дайынсыз жоголгон адамдар менен катар сойкулукту кесип кылып акча тапкан кыз-келиндердин тагдырлары да камтылган.

Бейшекеева Мадина Карпыкановна
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Отрадное айылында туулган. Бишкек шаарында иштеп жүрүп, 2003-жылдан бери кабарсыз.

Жунусалиев Асан
Жашы 27де. Он жыл мурун Казакстанга иштегени кеткен бойдон келген эмес. Акыркы маалымат боюнча Алматы облусунун Кербулак районуна караштуу Сары-Булак айылында Бейземиров Жафар аттуу адамдын колунда иштеп жүргөн. Ата-энеси жана биртуугандары издешет.

Абдраев Болоталы
65 жашта. Аламүдүн районундагы Арашан айылынын тургуну. 2007-жылдын 13-сентябрынан бери дайынсыз. Кызы жана биртуугандары издешет.

Байбосунова Бактыгүл
1966-жылы туулган. 2000-жылы декабрь айында жумуш издеп кеткен бойдон кабарсыз. Түркияга кеткен деген маалымат бар.


Абдыкеримов Беккул Чолпонкулович
1965-жылы Токмок шаарында туулган. 1984-85-жылдары Ооганстанда аскердик кызмат өтөгөн. Оң жак көкүрөгүндө октон алган жарат тагы бар. 1990-жылы үйдөн чыккан бойдон дайынсыз. Жанында эч документтери болгон эмес.

Шарапов Курбанбек Кенжебаевич
1974-жылы туулган. Баткен районундагы Кара-Бак айылынын тургуну. 1997-жылы Зардалы айылына аңчылыкка кеткен бойдон келген эмес.

Элебесов Садырбек Бейшенакунович
1951-жылы туулган. Жети-Өгүз районундагы Дархан айылынын тургуну. 2001-жылы 15-ноябрда көчөгө чыккан бойдон келген эмес.

Курбанкулова Кызбурак Жаныбековна
1958-жылы Жалал-Абад облусунун Сузак районунда туулган. 2001-жылдын сентябрь айында Дордой базарындагы ашканалардын биринде иштеп жүрүп, сыртка чыккан бойдон кайтып келген эмес.

Айкынбаев Таалай Нурбекович
1969-жылы туулган. Бакай-Ата районунун тургуну. 1992-93-жылдары Бишкек шаарында Ош базарында иштеп жүргөн. 1994-жылдан бери кабары жок. Россияда же Казакстанда болушу мүмкүн деп божомолдошот туугандары.

Токтосунов Базарбай
1940-жылы туулган. Ноокат районунун тургуну. 2001-жылдын май айында Бишкектеги уулунун үйүнөн чыгып кеткен бойдон кабарсыз. Психикалык жактан жабыркагандыктан, мурда да жоголуп табылган.

Дүйшөмбиев Кайыржан Орозакунович
Мектеп босогосун чогуу аттагандар бирде таарынышса, бирде жарашып, бири-биринен ажырагысы келбесе дагы, он жылдан кийин ар кимиси өз бактысын издеп, ар тарапка кетүүгө мажбур болушат эмеспи. Жашоонун бүтпөгөн түйшүгү менен алышып, бири-бирин кантип унутуп калгандарын да байкабай калышат. 1970-жылы, мындан 39 жыл мурда Лейлек районунун Гагарин атындагы мектеп-интернатын аяктаган классташтар Дүйшөмбиев Кайыржандын дарегин билип берүүнү суранып кайрылышкан. Кайыржан мектептен кийин мурдагы Фрунзедеги политехникалык институтту аяктаган. Ата-энеси Ысык-Көлдөн болот. Атасы Орозакун математика, апасы Жаңылай кыргыз тили жана адабият мугалими болуп Сүлүктү шаарындагы Кольцо айылында иштеп турушкан. Кайыржандын Бооржан аттуу агасы, Айжан аттуу карындашы жана Асанкул аттуу иниси бар. Урматтуу Кайыржан! Cизди чогуу окуган классташтар Абыткул, Зайна, Жапар, Сатар, Марзия жана Бурул издешет.

Отуз жылдан кийинки жолугушуу
2008-жылдын май айында көрсөтүү дарегине Казакстандагы Луговое станциясынан Эсеналиев Болот аттуу адамдан кат келген. Көп өтпөй ошол эле мазмундагы катты экинчи жолу анын биртууган карындашы Абдыкалык кызы Гүлзат жөнөткөн. Алардын айтуусу боюнча, Улуу Атамекендик согуш мезгилинде атасы Эсеналиев Абдыкалык Кыргызстанда иштеп, таластык Айымкыз аттуу кызга баш кошот. Алар 1952-жылы Жумакан, 1956-жылы Айтбүбү аттуу кыздуу болушуп, 1957-жылы ажырашып, Абдыкалык туулган жери Казакстанга кетет. Ошол бойдон атасы эки кызын көргөн эмес. Абдыкалык 62 жашында ооруп, о дүйнөгө узар алдында балдарына Кыргызстандагы эжелерин таап, катташуусун өтүнүп керээзин калтырат. Ошол 30 жылдан ашык убакыттан бери балдары сураштырып, териштирип, атургай Талас жергесине барышып, кайсы район экендигин билбегендиктен, жолдору болбой кайра кеткен учурлары болгон. "Кайдасың?.." аркылуу алардын даректери такталып, таанып-билгендер байланышка чыгышты. Арадан бир ай өткөндөн кийин, учурда Талас облусунда жашап, уул-кыздарын чоңойтуп, небере жетелеп калышкан Жумакан менен Айтбүбү табылып, Казакстандан келген сиңдилери менен "Кайдасың?.." көрсөтүүсүнүн студиясында жолугушту.

Жумашов Нурик, Акыбаева Чолпон, Наргиза, Артур
Буларды биртууганы Акыбаев Бектурсун издейт. Бектурсун жакында боло турган үйлөнүү тоюнда туугандары менен чогуу болгусу келет.

Турдубаев Өмүрбек Жапаркулович
"Атам 1956-жылы 24-октябрда туулган. 1978-79-жылдары Нарын шаарында жашачу. Мен тамтуң баскан эки жарым жаштагы наристе кезимде атам менен апам эки башка жол тандап кетишиптир. Мен апамдын колунда калгам. Ал мени ушул жашка чейин эч нерседен кем кылбай бакты. Бирок, бул турмушта атанын орду башка эмеспи, баарыбир атамды көрсөм, жолуксам деп эңсеп келем. Арадан 27 жыл өтсө да атамды издеп Нарын шаарына бардым. Тилекке каршы, жашаган жерин да, биртуугандарын да эч ким билбейт экен. Кеч киргенде биртууган эжеси Куланакта турчу эле деп ошол жакка бардым. Алар Ат-Башынын Ача-Кайыңды деген жерине көчүп кеткен деп уктум. Ал жерди билбегендиктен кете бердим. Атамдын биртууган эжелери Бурма, Сурма, инилери Сулайман, Султан, Курманбек" деп жазат кызы Жылдыз.

Жогоруда сөз болгон каармандардын бири жакынын таап кубанып отурса, экинчиси жакшылыктан күдөрүн үзбөй, үмүт менен жашап келет. Биз бири-бирибизге боорукер болуп, жакшылык жасап, изделген тагдырларды табууга аракет кылалы, окурман! Мүмкүн, изделген тагдырлар биздин жаныбызда эле жүргөндүр... Эгерде издөөдөгү адамдар тууралуу кабардар болсоңуз төмөнкү дарекке кабарлап коюңуздар:
Бишкек шаары, Жаш Гвардия бульвары 59, "Кайдасың?.." программасы. Телефону: 65-84-83, Нуркамал АСКАНОВА, Таалайбек БАЗАРБАЕВ.
Электрондук дарек: kaidasyn@mail.ru

Даярдаган Назгүл КАЛМАМБЕТОВА