Кыргыз гезиттер архиви

  Абак акыбалынан

Сулуулуктун бир түсү
Жума башында Бишкек сыртындагы аялдар колониясында сулуулар сынагы өткөрүлдү. Кадимки эркин жашоодогудай. Ар кандай деңгээлдеги кылмыш менен абакта отургандар эки-үч саатка болсо да, темир тор артында экенин унутуп, сулуулукту бүт күч менен даңазалап, атайын түзүлгөн калыстар тобунун сынында болушту. Жалпы беш отряддан бирден бийкеч катышып, бүт өнөрүн тартуулашты.


Сулуулар коштоочулары менен бирге чыгыш ханышалары, Клеопатра, Верка Сердючка, Алла Пугачева, Максим Галкин өңдүү жылдыздардын образдарын жаратып, бирге мөөнөт өтөп отурган айымдардын да, сырттан кирген ММК, Гуин өкүлдөрүн да бир эсе таңгалдырып, бир эсе шаңга бөлөштү. Жыйынтыгында, жаз периси Раушан, ажайып пери Рая, экинчи вице-мисс Динара, ал эми биринчилигине Алмаш аталды. Баш байгеге комуз чертип да, тамагын да жасап келип, бийин жана кол өнөрчүлүгүн көрсөткөн Гуля татыды.
Сынакка катышкан ар бир бийкеч жана аны коштогон отряд ырчылар Бактыгүл Бадыева, Назми, Талант Кадыров, Бакыт Букаевден өздүк белектерин алып, ал эми баш байге ээси Улуттук биринчи каналдын башкы директору Мелис Эшимкановдун атайын белеги - түстүү телевизор менен сыйланып, атайын Ардак грамотасын алды.
Сынак соңунда ага күбө болгондордун баары аталган иш-чараны уюштурган продюсер Назгүл Насиевага терең ыраазчылык билдирип, ГУИН атайын грамота менен сыйлаарын убада кылды. Сынакты баштан аяк кыргыз эстрадасынын жылдыздары Айжан Газиева, Бактыгүл Бадыева, Талант Кадыров коштоп ыр созуп, абактагы айымдардан үмүттү өчүрбөөнү өтүнүп, оптимист болууга чакырышты. Алардын бекем мүнөздөрү үчүн таазим да этишти.
"2009 сулуусу" атыккан Гуля 31 жашта. Нарындан. Мөөнөтү - 16 жыл. Бирок, бизге Гуля абакка кантип кабылганын айткысы келбеген соң, койнуна батпай турган кубанычынан артта калган тагдырын эсине салгыбыз келбеди. Үстүндө кийип турган көйнөгүн сурадык. Өзү ойлоп таап, 45 гезит сарптап, 3 суткада тигип бүткөн экен. Комуз коштоосунда ырдаганы, убагында Күрөңкеев мектебин бүтүргөн. Конкурста утам деген деле максаты болгон эмес, жөн эле катышып чер жазууну көздөгөн. Атаандашы деп абакташ айымдарынын эч кимисин санаган эмес, катышкан бийкечтердин баарын бирдей көрөт.
Нургүл Жумаканова аталган колония начальнигинин биринчи орунбасары. Иштегенине 11 жылдай болуп калды:
- Кенедейимде көзөмөл-дөөчү болуп келгем ушул жерге. Офицер болуп, окууну аяктап, ушул жерден эмгек үзүрүн көрүп атабыз. Жумушубуз оор эле. Бул жерде Кыргызстан боюнча жүрүм-туруму начар, же кырсыктап келип отурган ар кыл тагдырлуу аялзаты. Кылмыштуулук боюнча айтсак, киши өлтүрүү жазасы менен келгендер көп. Ош тараптан баңгизат менен кармалгандар көп. Жашы жетелек кыздар да бар. Алыбыздын жетишинче, иштеп атабыз. Ушул жерден баары жазасын өтөп, жакшы жакка нук алып чыкса дейбиз.
- Бир бошонуп, кайра түшкөн айымдарды кандай кабылдайсыздар?
- Баарыбир ичибиз ооруйт. Күнү-түнү чогуу жүрүп, ар биринин кыял-жоругу тургай, тууган-уругуна дейре жаттап бүтөсүң. Кайра кайтпасын деп аракеттенебиз. Бүгүнкү жашоо шарттарына жараша айла жок кайра келгендер бар. Туугандары түрмөдөн чыктың деп кабылдабай койгондор болот. Көңүлү калып, кайра кылмышка барышат. Кээси ушул жердин даамын татып алган соң, атайылап кылмыш жасап келишет. Түрмөгө кайрылбай, кылмышка кайра малынбай, аялзатынын өмүрүн сүрүп жүрө беришсе деп тилейт элем. Аракка берилеби, баңги сайынабы, кандай болгон күндө да ата-энеси, тууган-туушкандары туура түшүнүп, көмөк көрсөтүп, колдоосун аянбай турушса болот эле. Чыкканда кээсинин паспорттору жок, жумушка да кире алышпайт. Кудай кур койбойт, кандай күндө да адам аракет кылып, жаман жолго баспоого аракеттенүүгө тийиш.
- Жолдошуңуз кызматыңызды түшүнөбү?
- Башында таптакыр кабылдачу эмес. Бара-бара көндү. Биз иштебесек, мындай жерге ким иштейт? Түрмө деген, адамзат канча жашаса, ошончо жашоо сүрөт. Бул жерге да кызматкер керек. Ошентип, кенедейибизден, күнү-түнү ушул жерде эмгек өтөп жүрөбүз.

(Уландысы 10-бетте)