Кыргыз гезиттер архиви

  Торбо канткенде толот?

Желин муштаган жерде желкозулар туулат
Гезитибиздин өткөн (№09 (637) санында азыр чоң көйгөйгө айланган ун маселеси жана суу чарбасы туурасында кеп жүргөн. Бу саам да ошол өңүттү улай, айыл чарбасына керектүү шаймандардын жетишсиздиги, жазгы талаа жумуштарына болгон даярдык ж.б. маселелерге токтолобуз.

(уландысы)
12 млрд. сом айыл чарбасы үчүн жомок
Бүгүн-эртеңден жазгы айдап себүү иштери башталат. Ага болгон даярдык кандай? Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министрлигинин маалыматына караганда, бул үчүн бюджеттен 500 млн. сомдон ашуун каражат бөлүнүптүр. Жалпысынан дан эгиндери 621 миң гектар жерге себилет деп пландалса, анын 410 миң гектарына буудай айдалат. Ал эми арпа менен буудай себүүгө 56,3 миң тонна үрөн керек. Божомолдорго караганда, 6971 тонна үрөн жетпей калышы ыктымал. Ушундан улам: "Быйыл дагы азык-түлүк каатчылыгына тушукпайбызбы?" деген суроо туулат. Буга "ооба" деп жооп берсек туура болчудай. Анткени, айыл чарба тармагына мамказынадан жеткиликтүү акча бөлүнбөйт. Маселен, экс-министр Сооронбай Жээнбеков "Азаттык" үналгысына (19.04.2007) курган маегинде жазгы талаа иштери үчүн бери дегенде 10-12 млрд. сом талап кылынарын баса белгилеген. Өкмөт жазгы талаа иштери үчүн бөлүп аткан 500 млн. сом Сооронбай мырза айткан 10-12 млрд. сомдун жанында шоона эшпей калары турган иш.
Чындай келгенде, өнөржайы 18%, курулуш тармагы 15%, Т.Мамашовдун Туризм агенттиги ички дүң жыйымдын 4%ын гана берет. А айыл чарбасы 40%ды түзөт. Ортодогу айырмачылык асман менен жердей бекен? Ошого карабастан, кыргыз бийлиги бул тармакка салкын мамиле кылып келгени кызык. Эгерде, айыл чарбасына жеткиликтүү көңүл бурулса, керектүү тамак-ашты сырттан ташыбай, өзүбүздөн өндүрсөк болбойт беле?

Дыйкандарга 1 млн. 680 сом
Өнүккөн өлкөлөр айыл чарбасына зор маани берип, бул тармакты мамлекет камкордугуна алган. Маселен, Европа мамлекеттери бир гектар жерге 600 доллардан дотация берсе, Казакстан түштүк райондоруна 15 млрд. теңге бөлгөн. Орус туугандар дыйкандар алган кредиттин үстөк пайызын бюджеттен төлөп берет. Ал эми биздечи? Кыргыз өкмөтү дыйкандарга жардам берүү максатында "Айыл банкына" 150 млн. сом чегерген. Үстүбүздөгү жылдын 2-мартына карата алынган маалыматка ылайык, бияктан дыйкандарга 1 млн. 680 сом таратылыптыр. Бул бөлүнгөн акча каражаты өз дарегине толугу менен жетпесин каңкуулаган жокпу? Анүстүнө кредиттин үстөк пайызы 22% болгондуктан, аны төлөөгө көпчүлүгүнүн шаасы жетпейт.
Арзан берип, жогору баада сатып алабыз
Башка мамлекеттерде өндүрүлгөн продукциянын 60-70%ы кайра иштетилет. А бизде болсо бул көрсөткүч 8%дан ашпайт экен. Демек, биз, чийки сырьену сыртка арзан баада экспорттоп, кайра аны эки-үч эсе жогору наркта сатып алабыз. Кыргызстанга өсүмдүк майларынын 50%ы, мөмө-жемиштердин 37,3%ы импорттолуп, коңшуларыбыздын экономикасынын өнүгүшүнө зор салым кошулууда.
Сөзүбүздүн башында, Кыргызстан калкын жыл бою нан менен камсыз кылуу үчүн 1 млн. 100 миң тонна буудай жетиштүү экенин айтканбыз. Мындай көлөмдөгү буудайды өзүбүз толугу менен өндүрө албагандыктан, Россия, Казакстандан жылына 300-400 миң тонна буудай сатып алабыз. Мындан өзүбүз гана зыян тартабыз, буудай тыштан келгендиктен, баасы да жогору болот. Анын ордуна бюджеттен 4-5 млрд. сом бөлүп, ага дыйкандар өндүргөн продукцияны сатып алышыбыз абзел. Бул бир четинен мамлекет тарабынан көрүлгөн камкордук, экинчиден, өндүрүлгөн продукция наркы бир калыпта сакталышына кепилдик болмок.




Маалымат үчүн
o Акыркы он жылда дыйканчылык боюнча институттун окумуштуулары тарабынан күздүк сугат жерлерине ылайыкташтырылган алты: "Бермет", "Кызыл дан", "Достук", "Кыял Тилек", "Асыл", кайрак жерлерге себиле турган үч: "Эритроспермум-760", "Адыр", "Кайрак", жаздык буудайдын үч: "Даңк", "Аракет", "Касиет", күздүккө да, жаздыкка да сепсе жарай турган эки: "Интенсивная" жана "Жамин" деген сорттор жаралган.
o СССР курамындагы 15 республиканын ичинен Кыргызстан мал чарбачылыгы боюнча 2-орун, талаачылык боюнча 4-орунду ээлеген.
o Ушу тапта ички продукциянын 2,7%ын мамлекеттик жана жамааттык чарба, 59,4%ын фермердик дыйкан чарбалар, 36,6%ын өздүк жеке чарбалар өндүрүп жатат.
o 2001-жылдан 2007-жылга чейин буудай аянты 478,5 гектардан 360,3 миң гектарга азайып, түшүм алуунун көлөмү 434,5 миң тоннага төмөндөгөн. Ошондой эле күнкарама, зыгыр, софлор эки эсеге, пахта аянттары 20%га азайган.
o Акаев заманынын ашынган "реформаторлорунун" бири, мурдагы вице-премьер-министр Бекболот Талгарбековдун сунушу менен 500 ири чарба талкаланып, жыйынтыгында 280 миңге чукул майда чарбалар пайда болду.





Турдукан ЖУМАБЕКОВА, ЖК депутаты:
"Эсил кайран эсесер"
Айыл чарбасынын өнүкпөй атышына кандай факторлор таасир этери жөнүндө "Ак жол" фракциясынын депутаты Турдукан ЖУМАБЕКОВА ой бөлүшөт.

- Кыргызстан калкынын 65%ы элетте жашайт. Демек, каалайбызбы-каалабайбызбы айыл чарбасына өзгөчө көңүл бурушубуз абзел. Бул тармактын өргө жыла албай атышынын себептери көп. Алардын айрымдарына кыскача токтоло кетейин:
- Өлкөбүздүн жаратылыш шарты ар түрдүү. Андыктан, кандай өсүмдүктү кайсы аймакка себүүнүн жолун билишибиз керек. Мисалы, Таласта төөбуурчак, ордолуу Ошто пахта өстүрүү ыңгайлуу болсо, Чүй өрөөнүндө кызылча өндүрүүдөн дыйкандар уттурбайт, тескерисинче утат. Тээ СССР доорунда гектарына 250-300 центнерден кызылча түшүмүн жыйнап (учурда бул цифра 140-150 центнерди көрсөтөт), өзүбүздү гана эмес, Орто Азияны шекер менен камсыз кылып турганбыз. Бүгүнкү күндө шекердин баасы 35-40 сомду чапчып, 70%ы (2007-жылдагы маалыматка ылайык) сырттан ташылат. Ушул маселе боюнча академик Жамин Акималиев өткөн жылы маалымат каражаттарынын бирине пикирин мындайча билдирген: "Совет мезгилинде Чүйдүн өзүндө 40 миң гектарга чейин кант кызылчасын өстүрсөк, быйыл Чүйдө 700 гектарга гана кант кызылчасы өстүрүлдү. Облустагы эки кант заводун Кубадан ташылып келген камыштар менен иштеткени жатабыз. Кызылчанын башка айыл чарба продукцияларынан айырмасы - аны толугу менен өзүбүздө биринчи, экинчи, атүгүл үчүнчү жолу кайра иштеткенге мүмкүнчүлүк бар. Андан алынгандардын бардыгы өтүмдүү, жогорку рентабелдүүлүктөгү товарларга кирет. Конкреттүү мисалдар: ар гектардан орто эсеп менен 250 центнерден кызылча алдык дейли. Мындан 2750 килограмм таза кумшекер алынат, анын акчалай суммасы 82 миң сомдон ашык болот. 1250 килограмм шире (паток) чыгат, андан 350 литр таза спирт алынат, ал 50 миң сомдон ашат. 100 центнер жашыл жалбырак түшөт, андан кийин 25 центнер сулу алсак болот. Муну 30 миң сом дейли. Мындан көрүнүп тургандай ар гектар кызылча 160 миң сомдон ашык киреше берип жатпайбы. Булар түз кирешеси, ал эми кыйырларына келсек, кызылчанын жашыл жалбырагын, тобун саан уйларга берсе сүттүүлүгүн 30-40 пайызга көбөйтөт, сулу малды семиртет". Баамдагандай, бир эле Чүй облусунда кант кызылчасын өстүрүүнүн аянты 57,2 эсеге азайып кеткен. Башка тармактарды, алсак, картошка, сабиз өңдүү жашылчаларды өстүрүүнүн аянты канчага кыскарганын айтпай ак коелу.
Мурда "Айыл чарбасын химиялаштыруу" бирикмеси деген ишканалар тобу болгон. Азыр анын республика боюнча 163 штаты менен 12 уюму калды. Булардын ичинен сегизинин гана белгилүү бир өлчөмдө карантиндин алдын алуу жана химикаттарды чачуу иштерин жүргүзгөнгө мүмкүнчүлүгү бар. Ал эми Жалал-Абад, Ысык-Көл дубандарында айыл чарба зыянкечтерине, илдеттерине каршы күрөшө турган бир да ишкана же уюм жок.
Техникалык базанын абалы начар. 2008-жылдын 23-январына карата алынган маалыматка ылайык, республикабыздагы 24735 трактордун 61,6 %ы, 7013 соконун 62,5 %ы, 2896 сеялканын 60,6 %ы гана оң абалда болгон. Мунун кесепети жер иштетүүгө тийбей койгон жок. Мындан сырткары, шаймандарды оңдоочу атайын адистешкен устакана жокко эсе.
Үрөнчүлүк чарбалардын саны 200гө чукул. Тилекке каршы, алар күздүккө же жаздыкка жетерлик үрөн даярдай албайт. Эсил кайран СССР доорунда 47 үрөнчүлүк чарбабыз буудай үрөнү менен бүткүл Борбордук Азияны жана Азербайжанды, беде үрөнү менен Россия жана ГДРды, кант кызылчасынын үрөнү менен Россия жана Украинаны толук камсыз кылганы маалым.
Кыскартып айтканда, оор абалда турган айыл чарбасын мамлекет жеке көзөмөлүнө алып, маңдай тер төккөн дыйкан бабабызга көмөк көрсөтүшү абзел.