Кыргыз гезиттер архиви

  Назгүл НАСИЕВА:

"Намысыма "тийгендин "түбүнө жетем"
Бул айымды телекөрүүчүлөр "Темир тордогу үмүт" долбоорунан улам билет. Жаш кезинде теле астанасын аттап узап, өткөн жылдан бери кайрадан Улуттук телеканалда өз демилгесин ишке ашыруу аракетинде. Бул ишмердиктен тышкары, таланттуу балдарды таптап, продюсерлик менен да алек.
Эң башкы артыкчылыгы - темир тор артындагы замандаштарыбыз
үчүн бир топ жылдан бери концерт уюштуруп, маданий азык
тартуулап жүргөнүндө.

… Самап жүрүп көргөн кызы экенмин ата-энемдин. Азыр мен 37демин. Апам мени дал ушул куракта төрөптүр. Ылайык ысым таба алышпай, көпкө издешкен экен. "Ат коюп бергиле" деп атам талаачылык иштерге келген студенттерге кайрылат. Алар кырктан ашуун ысымды жазышат, анын ичинен атам Назгүл деген атты сууруп чыгат. Ошол жылдары Гүлсүн Мамашованын "Караааныңдан кагылайын, Назгүлүм" деген ыры хит болуп турган экен. Апам мугалим, атам улак тартыш, күрөштөн калбаган, бою 197 см. балбан киши болуптур. Саркашка аты менен түшкөн сүрөтү Москвада Кремлде илинген дешет. Апабыздын гени күчтүүбү, айтор, мен да, эки байкем да жапыз бойлуубуз. Атамды билгендердин айтымында, койду да ушундай тездик менен союп, жолдоштору менен мелдеше кеткенде козунун этин бир отуруп эле жеп койчу экен. Тоодо агасынын жылкысын издеп жүрүп, катуу жаанда уктап калып, буту-колу кыймылдабай калып, көз жумуп кете бериптир. Анда мен эки жарым жашта экенмин, таптакыр элестете албайм атамды.
… Апам бизди өзү жалгыз өстүрдү. Айылда 500 түтүн болсо, жалгыз биздин бүлөдөн агам экөөбүз гана 1,5 км. алыстыктагы бала бакчага барып, орус мектепте окуганбыз. Апам бизди мектепке эшек менен жеткирчү. Алдыбыздан айылдын аксакалдары чыгып: "Оо, Бакынын балдары келаткан турбайбы. Атың ким?" деп сураса, улуу агам: "Насиев Жыргалбек", экинчиси: "Насиев Бакытбек" десе, мен алардын артынан: "Наши Нашгүлбек" деп койчумун. Апам бул кыз кекеч болуп калабы деп чындап чочулаптыр. Анткени, экинчи класска чейин тилим келбей "Здравствуйте, Любовь Григорьевна" дегенди "Дачучу, Любоб Глюгог" депмин. Кийин бүт мектеп чогулуп, ошол эжейибизди пенсияга узаткан кечеде эң эсте калган окуучуларынын катарында мени да атап атпайбы. Боюм кичине, тилим кекеч, анан ушундай тентек кыз болупмун. Чыйрактыгымдан мектепти бир жыл эрте бүтүргөм.
… Кичинемде стюардесса болом деп кыялдансам, апам "анүчүн бою узун, сулуу болуш керек, сен жарабайсың" деп калат эле. Анан апама "неге мени мындай төрөдүң" деп таарынып ыйлачумун. Кечелерден калбай ырдап, монолог айтып жүрүп, чыгармачылыкка жакын болуп кеттим. Мектепти бүтүрүп, борборго келдим. Түгөлбай Казаков биртууган таекем, анын үйүнө түштүк. Искусствого тапшырарымды айтсам, ырдатып көрдү, бирок, жактырган жок. Кыз баланын ырчы болбой эле койгону дурус экенин, башка окууга тапшырсам окутарын айтты. Ошентип полиграфияны бүтүрдүм. Турмушка чыккандан кийин гана Искусство институтуна келип тапшырдым. Биринчи экзаменден да, экинчисинен да "беш" алып чыгып, үчүнчүсүндө монолог айтып же ырдашым керек эле. Өзүм ай-күнүмө жетип калгам, ырым - Ооганда каза тапкан "Жоокер жардын арманы". Кыйналып-кысталып ырдасам, экзаменаторлор мени жаман көрүшүп, кичинекей "үч" коюп чыгарышты. Жолдошум кайра түртүп киргизип атып, окуп калдым. Бактыма жараша, Чолпонбек Базарбаев, Мелис Асылбашев аттуу таланттар менен группалаш болдум.
… Кичирээк кезимде филармонияда катчы болуп иштеп, айрым жылдыздарды таанып калгам. Окууну аяктаган соң, жумушу жок жүрсөм Абдымалик Шерматов менен Динара Акулова келатыптыр. Алар ошондо "Динара" эстрадалык тобун жаңыдан ачып иштеп атышкан экен. Жумушка чакырышты. Башында жардамчы, кийин администратор, жүрүп-жүрүп куудул да болуп кеттим. Бир күнү эле Динара эже мени ырчы кылам деп ырдатып салды. Гастролдоп Кыргызстандын бүт жерин кыдырып, ал киши менен бирге жүрүп көп сабак алдым. Анүстүнө кесибим боюнча да маданий иш-чараларды уюштуруучу болгондуктан, алган билимим иш менен бекемделди.
… ОРТдагы "Моя семья" деген берүүнү көрүп алып эле теле тармагына кызыга берчүмүн. Акыры кыргыз телесинин босогосун аттадым. "Айкөл" студиясына кирип, "Түркүн кеңештер" рубрикасын алпара баштадым. Көрөрмандарга кеңеш берем деп, китепканадан чыкпай отуруп, көп нерсени үйрөндүм. Ал менен катар "Денсоолукту сактай бил" аттуу берүүм бар болчу. Ошогезде теледе аты чыгып калган бир продюсерден катуу көңүл калып, "экинчи келбейм" деп кеткен элем. Орус телеканалдарындагы берүүлөрдү жактырып жүрүп, түрмөдөгү аялдардын абалын чагылдыргым келчү. Анүчүн адегенде түрмөгө кирүүгө уруксат алып, таанышып чыгышым керек. ГУИНден уруксат алып, колонияларга концерт берип, спорттук мелдеш өткөрө баштадым. Кээси ыйлайт, кээси жардам сурайт. Ар кандай абалга туш болосуң. Ошондо ойлондум, мүмкүн теле аркылуу булардын үнүн, арыз-муңун жеткирсемби деп ойлондум. "Туңгуюк" деп долбоор жазып, телеге киргиздим. Таптакыр кабылданган жок, үч жыл жүрдүм. 2008-жылы февралда Мелис Асаналиевичке окутсам, ал киши кабылдамак тургай, берүүнүн атын да өзгөртүп эфирге жол ачты. Ошентип, "Темир тордогу үмүт" деген аталышта чыгып келди. Кудай буюрса, дагы өзгөртүлүп, жаңыртылып кайрадан эфирде пайда болот.
… Ар ким ар кандай ой жоорутуп: "Назгүл неге эле түрмөлөргө бара берет, мүмкүн бирөөсү отурабы?.. Же бирөө колдойт го…" дешет экен. Кудайым сактасын, түрмөдө эч кимим отурбайт. Ар бир ирет жаман нерсеге кабылып калбасам экен деп Кудайдан тиленип барам. Бул менин мамлекетке болгон салымым болсун дейм. Анткени, түрмөдөгү адам коомдон барат, мөөнөтү аяктаса кайра коомго кайтат. Абактан чыккан адам тагдыры өтө татаал. Жакшы жумуш табалбайт. Же түрмөдө ою менен өзүн-өзү жеп бүтөт. "Темир тордогу үмүт" берүүсүнүн башталышын карасаңыз, тор артынан алакан, бер жагынан бир алакан келет. Бер жактан мен кол сундум, азыр мен жалгыз болсом, кийин алакан саны көбөйөр деген үмүт менен. Ушул берүүнү көрүп, башкалар да, а балким, бейөкмөт уюмдар да өз салымын кошор дейм. Антпесе, бизде түрмө шарты абдан төмөн. Боштондукка чыкканда ал жактын бүт дарты бизге тиет. Ушул нерсени унутпай, баарын алдын алганды үйрөнсөк болот эле.
… Абак турмушу менен таанышууга эң алгач барганымда коштоп барган полковниктин колунан аябай катуу кармап алыпмын, титирегенимден бутум баспай калган. "Кайда кирип баратасың? Не балээни баштап алдың?" дегем өзүмө өзүм. Полковник: "Коркпо, булар деле кадимки эле адамдар. Өзүң да жакшы ниет менен концерт алып келаткан соң чочулаба. Биз турабыз" деп алаксытып койду. Бир жаш бала өз бөлмөсүнүн кире беришине: "Адамга адамдай мамиле жаса" деп жазып алыптыр. Ошол жазуу азыркыга чейин эсимде. Түрмөнүн өз мыйзамдары, өздөрүнүн ичинен "Смотрящий", "положенец" дегендер бар. Алар да ички тартиптин сакталышын камсыздап беришет. Эгер ошол кезде концерт коюп барган ырчылар сыртта, жаан болсо жаанда, шамал болсо шамалда өнөрүн тартуулап келсе, азыр атайын клубдар курулган. Ар бир барышымда апам ыйлайт, коркот мен үчүн. Телеберүү боюнча кайрылганымда Юстиция министри Айтбаев мырза эле. Телефондон "башыңа балта менен бир чапса не кыласың? Билесиңби аякта кандай адамдар отурат?" деди. Чындап коркком. Азыр ойлосом, коркпой эле жакшылык ишти жасай бериш керек экен. Канча эрте баштасам, азыр ошончолук көп жакшы иштер жасалып, абактагылардын жашоо шартына жакшы өзгөрүүлөр кирип калмак. Мени түшүнүп, жакшылык жасоого колун сунган ырчы, куудулдарга ыраазы болом.
… Бир күнү мага бир жигит телефон чалып, үйлөнүү тоюна чакырды. Мурда абакта отуруп чыгыптыр. Мен тааныбайм. Ал абактагы кезинде эле мени тоюна күбө кылам деп пландап алган экен. Ушундай сонун той өткөрдү. Жанындагы келинчеги үлбүрөйт. Аларды карап алып ыйлагам. Жашоо өзү кызык тура, бир күнү темир тор артында, бир күнү ак той ээсисиң. Ош базардан дагы бир жигит учурашып, мени күттүрүп коюп, бир кучак гүл алып келип тапшырган. Сурасам, концерт коюп келген сайын "боштондукка чыксам, ушул эжеге гүл тапшырам" деп өзүмө-өзүм сөз берчүмүн дейт. Ооруканада жатсам бир белгилүү эле киши азык-түлүк көтөрүп келип, акыбалымды сурап кеткен. Көрсө, түрмөдө отурган баласы сураныптыр. Бир жигиттин өтүнүчү менен ЗАГСтын кызматкерин алпарып, түрмөдөн үйлөндүргөм.
… Мүнөзүм аябай өзгөрмө, апам айткандай, Бишкектин аба ырайы сымал. Бир күнү аябай ыйлаак, бош, боорукер, назикмин. Кээде туруп эле бир да адамдын кеби өтпөйт мага. Өжөрмүн, катуумун, ташбоормун. Бирок, көбүнесе боорукермин. Эркектер мени эркектей көрүшөт. Абактагы жигиттер да ушул нерсени белгилеп калышат. Сөзүмө аябай бекеммин. Аял түрмөсүнө барганда деле менин катуулугумдан аялдар мага ачылып, сырын төгүп бералышпайт. Кичинемден эки агам көндүргөн. "Братишкам менен ким күрөшөт?" деп эле агаларым мени айылдагы балдар менен мушташтыра берчү. Негедир терезе сындыргандан канаат алчумун. Мектептин терезеси канча ирет сынып, канча ирет апам салдырып берди.
… Намыскөймүн абдан. 1-класска жаңы киргем, 1-сентябрь. Эки жаш улуу кыз экөөбүз таш тээп ойноп атсак, түртө салып "жетим" деп атпайбы. Эмне болдум билбейм, ушундай албууттанып барып тигил кыздын жапжаңы фартугун тытып салып атпайымбы. Бакырып ыйлап барып, апасын чакырат. Анын апасы, менин апам болуп баарыбыз директордун кабинетинде турабыз. Тигинин апасы: "Сатып бергиле, бул эмне деген кыз?" деп кыйкырып аткан. Апам менден сураганынан болгонун айтып берсем, тигил аялга: "Мейли фартук сатып берели. А менин кызыма намысты кайдан сатып бересиң?" дегени эсимде. Намысыма тийген адамдын түбүнө жетмейинче токтобойм. Кээде абак кызматкерлери: "Биз кайдан билебиз? Сен сойкуларды алып келаткандырсың" деп намысыңа тийгенде, сөздөрү сөөгүңө жетип кетет. Ыйлаган күндөрүм болот, канча нерв коротом. Катуулугум менен эле келатат окшойм. Абактагыларга гана эмес, аларды кайтарган солдаттарга да концерт коебуз. Байкуш жоокерлер бийлегенде өтүктүн жыттары чыгат.
… Телеге келгенин келип алып, терминдерин жаттай албайм. Кичинекей, орто жана чоң кассета деп өзүмчө атап алам. Чынын айтсам, компьютердик сабатым жок. Кесиптештеримден Ильич Кулназаров менен Мурат Жолукеев жардам берип келет. Түгөлбай Казаков биртууган таекем болгону менен бир да ирет кабинетине жумуш боюнча жардам же колдоо сурап кирген эмесмин. Жашым кыркка жакындап, уулум 15ке чыгып калса да таекемдин алдында өзүмдү баягы 17 жашымдагыдай элестетем. Ал кишинин ашыкча тынчын алгандан тартынам. Баса, уулум Улан Түгөлбай таекеме куюп койгондой окшош - баскан-турганы, өңү, сүйлөгөнү, оор басырыктуулугу. Кээде таекем алдымдан чыгып калса, кеңешин берип, сынын айтып, этият бол деп калат.
… Жолдошум Кубанды мен алтын шакек менен кошо утуп алгам деп тамашалап калам. Анткени, бир курбу кызым экөөбүз мелдеше кетип, Кубан кимибизди карап, үйлөнсө, жеңилгенибиз шакек алперет деп калдык. Ошондон тарта: "дискотекага барат элем, жаныма коштоп барчы", же "үлгүрбөй аттым эле, мага магазинден май алып келип бересиңби?" деп улам бир өтүнүч айтып жүрүп эле, кантип мага жигит болгонун өзү түшүнбөй калды. Анан үйлөнүп, Улан, Айкен аттуу уул-кыздуу болдук. Кезегинде мен алтын шакек эмес эле, алтын адамды утуп алгам дейм. Кудай кут кылсын.
… "Темир тордогу үмүт" берүүсүн "Жылдын мыктысы" аттуу наамга аракет кылып келаткам. Оштон съемка кылып, кайра Караколдогу СИЗОну тартышым керек деп шашып келатып жол кырсыгына кабылдым. Ошол кырсыктын айынан берүү көпкө тыным алып калды. Болбосо, теледен таптакыр узагым жок…

Жазып алган
Айнагүл САПАРБЕК кызы