Кыргыз гезиттер архиви

Пиво жана ФИО
Кокус пивого чымын түшүп калса…
…Англичан пивонун акчасын төлөп, кружке менен коштошпостон чыгып кетмек.
…Француз пивону аял алмаштыргандай алмаштырмак.
…Немис "Гитлер капут!" демек да, пивосун төгүп таштап, бөлөгүнө заказ бермек.
…Италиян "Мамма мия!" деп бир чочуп алып, чертип таштап иче бермек.
…Африкалык чымынга жөргөмүштү кошуп шоркуратмак.
…Кытай адегенде чымынды жеп, артынан баканы жутуп, андан кийин пивону жутмак.
…Арабдар чымын ургаачы болуп чыкса, үч жолу "талак!" деп кыйкырып, пивокананы таштап, бөлөк пивоканага үйлөнмөк.
…Орустар чымындан пил жасамак, аягын арак менен бүтүрмөк.
…Каколдор пивону чыпкалап куюп алып, ага каймак кошуп чачы-башын жуумак да, арт жагынан сало-майды кыя кесип жемек.
…Кыргыздар пивону каскагы менен кошо бирөөнүн көчүгүнө куюп жиберип, о-уу, бырат, байкабай жүрсө чымының бар турбайбы деп мактап, кайта-кайта пиво алдырып ичмек.



Ой тобо
Кечинде ойлонгонуң эртең мененкиге чейин эскирет. Акылынан адашкан адамга дүйнө жүзү кызылдай жинди болуп көрүнөт. Ооруну жашырсаң диагнозу жеңет эмеспи. Жаман диагноз соо кишини оору кылат. Жиндичалыштар менен жалкоолор эч качан партияга бирикпейт. Жиндилерди эч ким кошпойт. Жалкоолор өздөрү басып баргандан эринет. Ыңкылапты адатта революционерлер баштап, жиндилер жүзөгө ашырат. Үзүрүн Акүйчүлөр көрөт…
Эртең менен ойлонгонуң кечке чейин орундалбаса, анда оюң бир жерде эмес. Ойго алдырып, санаага жедирип жиберген кезиң. Бул диагноз да опурталдуу. Келген кези эмес, кеткен кези. Оомат оогон кези. Кеткенге кейибе, өткөнгө өкүнбө деп оозуңду кыбыратып калган маал. Бир эмес, үч маал ошентесиң. Беш маал эмете баштаганда маалкатпай намазга беш убак жыгыл…
Эмне кылышты кечинде эмес, эртең менен ойлонгон оң. Ал эми түшкө маал жорго минип келген таттуу ойлорго көп азгырылба. Алар бир алакачса, кечке жетпей арка-мойнуң астыңда калат. Ошондон корк…




Сөзирмемдер
Башын кумга тыккан кишинин артынан күнкарама өсүп чыгат.
Чаладоктур тамыр тандабай кыркат.
Эки чыканагыңа ишенсең, элден чыгасың.
Ашыкча сайраган чымчыкка таш тийет.
Аял башка чыккан жерде кыл жатпайт.
Ити чөп жегендин мышыгы жумуртка жейт.
Сөз алыстан башталса, иттин өлүгү буркурай баштайт.
Эмгекке аркаңды салсаң, жылаңач көчүгүң көрүнөт.
Камчыга бышкан катын жылы бою "көпкөк".
Карышкырдын териси өзүнөн көп жашайт.
Баса берсең балапан чыгат.
Акыл кирсе, бырышы кошо кирет.




Күлкүлүү үй
- Маймык, биринчи жолу качан өбүштүң эле?
- Аскерден… полктун туусун өпкөм.
???
Аялы күйөөсүнүн чөнтөгүнөн "Гуля" деген жазуусу бар телефон номурун таап алат.
- Гуля дегениң ким, ыя?! - дейт катыны кекирейип.
- Ал деген жарышка түшчү күлүктүн аты. Ушул күлүккө койсоң сөзсүз утасың деп бир жигит өзүнүн телефон номурун берген, - дейт күйөөсү тамагы кургай түшүп.
Эки күндөн кийин аялы бөйрөгүн таянган тейде:
- Сүйүнчүсүн камдай бер: бир саат мурун сенин Гуля деген "күлүгүң" ипподромдон телефон чалды!...
???
- Сиздин үйбүлөңүз быйыл кайда эс алат?
- Кызым Швейцарияда, уулум Америкада, аялым болсо Парижде!
- А өзүңчү?
- Жүрөгүм сезип атат, өзүм түрмөдө…
???
- Бири-бирине акыл кошуу деген эмне?
- Аялына акыл айтам деп кирип, аялынын акылы менен чыгуу…
???
Врачтын кабинетинде:
- Доктор, эчтекеге көңүл жок, жашоодон тажадым…
- Өзүңүздү алаксытышыңыз керек, жумушка баш-отуңуз менен кирип иштеңиз.
- Ия де! Баш-отум мененби! Мен деген сантехникмин да!..
???
Генералдын баласы согуш оюнун ойноп атып атасына:
- Ата, карачы, оң канатты бул жерге тиздим! Сол канатты болсо тигил жерге жайгаштырдым!
- Азаматсың, балам, туура тизипсиң! А мобу четтеги топтошкон солдаттар кимдер, буктурма го сыягы?
- Жо-ок, алар менин дачамды салып атышат…
???
Сөөктү жерге берүү кызматы жайгашкан имаратта:
- Кайсы табытты аларды билбей турабыз?..
Сатуучу:
- Ден соолукка жакшы десеңер, жыгач табыттан өтөрү жок. Көпкө чыдайт десеңер, цинк табытка эч нерсе жетпейт…
???
Капилеттен көз жумган бир электрикти жерге берип атышат.
Маркум менен чогуу иштешкендер өздөрүнчө:
- Канча көйнөк жыртыптыр?
Анда бирөөсү бышактап:
- 220 менен урганда майке-турса, көйнөк-мөйнөгүн бүт жыртып кетиптир!..
???
Кичинекей бир бала дүкөнгө кирип:
- Байке, банан барбы?
- Банан жок, барагой.
Алиги бала эртеси күнү да келип:
- Байке, банан барбы?
- Банан жок дебедимби, бар үйүңө!
Үчүнчү күнү:
- Байке, банан барбы?
Ачуусу келген дүкөнчү:
- Банан жок деп сага канча айтам! Эми дагы банан сурап келсең, алдагы делдейген кулагыңдан дубалга мык менен кадап таштайм!
Ошонун эртеси күнү:
- Байке, сизде мык барбы?
- Мык жок!
- Анда банан барбы?..
???
Радиого бир кыз телефон чалат:
- Урматтуу редакция, кечээ мен "Ататүрк" паркынан капчык таап алдым. Ичинде 5 миң доллар, 3 миң евро жана Абдимажит Ашыровдун наамына жазылган визалуу дакмөнт бар экен. Сиздерден өтүнүч: ушул байке үчүн жакшы ыр арнап, ободон жөнөтүп койсоңуздар экен…
???
- О-уу! Икра жеп эле болбойсуңар го!
- Эй! Бул деген баклажандын икрасы!
- Анткен менен бир чака толтура турбайбы!