Кыргыз гезиттер архиви

 "Пейджер" - Сиздин үнүңүз!

Урматтуу окурман!
Кимдир бирөөгө же айрым бир жагдайда сын-пикириңиз, зарыл сөзүңүз, каалооңуз барбы? Ар аптанын экинчи күнү (шейшемби) эртең мененки 10дон 12ге чейин 66-55-68 телефонуна чалып же AGYMpage деген сөздөн баштап 2525 номуруна SMS-билдирүү жөнөтсөңүз болот. 3-4 сүйлөмдөн ашпаган куйкум сөзүңүздү, боорду эзген азил оюңузду, көңүл көтөргөн куттуктоолоруңузду күтөбүз. Бүйүр кызыткан билдирүү ээси "Пейджердин" белегине арзыйт. "Пейджер" - сиздин үнүңүз! Чалыңыз, SMS-билдирүү жөнөтүңүз. Бир SMS баасы $0.75

10-мартта "Пейджер"
менен
сүйлөшкөндөр:

"Пейджерибизге" жана SMS үчүн кыска номурга сахна жана саясат жылдыздарына арналган далай арзуу, сын-пикир билдирүүлөр түшүп турат. Ошондон улам жылдыздарга багытталган билдирүүлөрдү "Пейджердин" "Пейджерчесине" жарыялап турууну туура көрдүк. Коомдогу окуяларга күйүп-бышсаңыз - "Пейджерге" 66-55-68 номурун бурап, жылдызды сүйүп-күйүп атсаңыз, же сын айтсаңыз - "Пейджерчеге" AGYM деген сөздөн баштап 2525 кыска номуруна SMS жолдоңуз. Бул ирет рубриканын мейманы - ырчы, обончу Сыймык БЕЙШЕКЕЕВ.

п-62. Сыймыктын филармониядагы концерти эң жогорку деңгээлде өттү. Мейман болуп келген Келдибек агайды эл аябай сагынып калыптыр, сүйлөттүрбөй 5 мүнөт кол чаап турушту. Бирок чакырган конокторунун бири да келген жок. Таланттар бири-бирин сыйлабайбы же көралышпайбы, түшүнгөн жокпуз. Ыракмат, Сыймык. Бүбүайша эжең.
п-63. Сыймык байке, жакшы сөз айтыңызчы мага… 0770ХХХХ55. Жылдыз.
п-64. Сыймык, азыркы козу карындай жайнап чыккан жаш ырчылардан көрө Бек экөөңдүн эл арасында кадыр-баркың жогору. Ырыңардын сөзү обондоруңарга куп келишет. Укканда да ыр уккандай болосуң. Алмаз.
п-65. Сыймык байке, күзүндө сахнаны таштайм деген сөзүңүз бар эле. Мен сизди гана угам, эгер ошентсеңиз экинчи бетиңизди карабайм. Айнура.
п-66. Сенин талантыңа таазим этип уулумдун атын Сыймык койдум эле. Кудайдын бергениби, айтор, ырдап жүрөт. Үнү да укмуш. Өзүңө жолуктурайын дедим эле. Кадырбек.
п-67. Сизди кафеден көрдүм. Сахна артында башкача адам экенсиз. 0555ХХХХ31. Нурайым.
Бир SMS-билдирүүнүн баасы $0,75

П-306. Мадумаров талашка түшкөн Ош-Исфана жолундагы Чорку айылын айланып өтүүчү 275 метр жерди тажиктерге 49 жылга берип келдиби же алып келдиби, белгисиз. Азыр Адахан 48дерде болсо 49 жылдан кийин 97ге чыгат экен. Жердин тагдыры эмне болгонун өзү деле көрбөй калат го, байкуш. Алмаз.
П-307. Концерт-тойлордон кол бошобой, Ак-Эмирдеги кыздарды куттуктабай калыптырмын, эсиме жара чыгып. Кеч болсо да куттук айтам. Бир жума тапканымдын баары, аялыма билгизбей, силер үчүн. Он миңге алган аккордеонум менен базарды жаңыртып, аңылдап ырдап бекер концерт берем. Алып баруучум Колдур болот. Мен ырдап турганда артымда аялча кийинишип Муха, Жылма, Тополоң, Асакелер бийлеп турушат. Коңурбай.
П-308. Бийликте кылар кызматы жок, сарсанаага сары убайым жеп Садыркулов байкуш кантти экен? Бюллетень менен баар тапкан, Байсалов не кылып жатты экен? Осмонакун менен Болоттой нөкөрлөрдөн алыстаган Майрам апчебиз кантип жатты экен? Кыларга кызматтары жок, чет өлкөдөгү качкындар биздин кантти экен? Азыркынын Асанкайгысы.
П-309. Чынар эжекемди жаз майрамы менен куттуктайм. Чың ден соолукта, узун өмүрлүү болсун. Уул-келин, неберелериңиздин урмат-сыйын көрүп, байыңыз менен бакубат дооран сүрүңүз. Кайырса.
П-310. "Аралаш" тобун алгачкы түзгөндөр Жамбыл, Манас, Рахман, Дөөлөт эле. Жамбыл менен Дөөлөт бар го, алар эмне катышпайт? Абдылда менен Борончу ара чолодо катышып жүрчү эле го. Мырза.
П-311. Кылдарын жүрөгүмдүн күүгө кага / Токтомдон уруксатсыз алып турак / Эмнени карабайын сенин гана / Ажарың көз алдымда жайнап турат. Эркин Жаныбеков.
П-312. Түшүмдө Кубанычбек Апас менен Нурлан Мотуев бири президент, бири премьер болобуз деп чамынып жатышыптыр. Ойгонсом эле түшүм. Деги март айында кыргыздар ушундай түш көрүшчү эле. Ыңкылаптын жышаанасы эмеспи… Бир бала.
П-313. Чеги жок тойлогонунан / "Дүжүр" болуп ойногонунан / Адептүү болбогонунан / Аракты койбогонунан / Кыргыз өлкөсү өнүкпөйт. Гансибек (Америка).
П-314. Депутат Гүлнара Дербишованы 8-март майрамы менен куттуктайм. Чың ден соолук, узун өмүр, ишине ийгилик каалайм. Жолдошу, уул-кыздары менен аман-эсен болуп, ойлогон оюна, тилеген тилегине жетсин. Элдин ишеничин актаган мыкты айымдардан бол. Кайырса.
П-315. Жаз келгени баягы тооктордун ызы-чуусун кайра башташты. Жалгыз корозумду грилге өткөрүп ийишиптир. Тооктор птичий грипп болуп калгырлар деп аялдарды каргап, Алмаз төөкуш бакса, төөкушка турмушка чыгабыз дешип бойлорун түзөп болушпайт. Турмушка чыкпай тунуп калгырлар. Акаевди кубалап жиберип жыргайбыз деген биздей болгону турушат. Төөкушка тийип алып арам өлүшөбү деп турам. Мамбетов А.
П-316. Мураталы ажы, өзүң эле сулуулана бербей кээ бир даабатчыларыңдын кебете-кешпирин карап койсоң боло. Даабатчылар айлыбызга келгенде ызы-чуу эле болуп калабыз. Иттер үрүп, эшектер айкырып, даабатчылар түшкө кирип чочуп ойгончу болдук. Кээ бир келиндер ыйлаган балдарын "даабатчы келатат" деп коркутат. Сөзсүз эле самсаалап кийинип, тытылган шыпыргыдай сакал коюш керекпи? Нурбек, Тополоң.
П-317. Үсөнов менен Түлеевдин апкелген автобустары сырты жалтырак, ичи калтырак. Сырткы кооздугуна кызыгып түшө калсаң, жетчү жериңе чейин калтырап барасың. Бирок жайында эл үчүн жакшы морозильник болчудай. Дарика.
П-318. Жапаров Кубанды 17-март туулган күнү менен куттуктайбыз. Окууларыңа, иштериңе ийгиликтерди каалайбыз. Эч качан оорубай, күлүп-жайнап бар бол. Өзүңө татыктуу жакшы түгөй табышыңа тилектештигин билдирген досторуңдун атынан бөлөң Калыгул.
П-319. Кыргызстандыктар, келечекте бала-чака, небере-чөбүрөлөрдүн бактысы үчүн жерлерибизди жашылдандырып, эмчектеги баланы кошуп, ар бир жан үчүн эки түптөн көчөт отургузалы. Кудай ыраазы болот. Кеч калбаңыздар. Суу куюп туруңуздар. Караш Насер.
П-320. Экономикалык кризис Кыргызстанга келдиби же келелекпи? Келсе, качан келди же такыр кетпей койчу балээби? Ой, аялым тамак жасап, кир-кок жуубай калды. Бирдеме десең эле кризис деп кутулчу болду. Беке чал.
П-321. Карааныңдан кагылайын Балкыбеков, кайдасың? Бизди кечир, ит болдук. Орус периште болот дегенинен Давыдовду кое калсак, светти Москва убактысы менен бир өчүрүп, Кыргызстандын сааты менен бир өчүрүп, 16 саатка жеткирди. Кашайтты бизди. Өзүң кел, сенин 12 сааттык өчүрүүңө макулбуз. Алмаз.
П-322. Сүйгүзүп сан периден сүйгөн жаным / Жарданып эл турса да койбой кенеп / Ашкере сүйкүмүңдөн, алтын жарым / Көз албай карап тургум келет. Эркин Жаныбеков.
П-323. Кыргыз эстрадасынын жылдызы, атактуу Айчүрөк Иманалиеванын 20 жылдык концерттик сапарын көрүп ыраазы болдук. Мындан ары да чыгармачылык ийгилик каалайбыз. Жарашып атың затыңа / Айчүрөк деген атыңа / Кыргызда сулуу көп болсун / Кыздары сендей татына / Кулактын курчун кандырып / Ырдай бер кызым, катыра. Батмакан Алымбекова.
П-324. Атамбек братанды келе жаткан Нооруз майрамы менен куттуктайм. Көлдөн эсен-аман келишиңиз менен! Чың ден соолук, узун өмүр каалайм. Аяш абаң.
П-325. Караңгыда көз тапкан, капилеттен сөз тапкан, кыргызга күйгөн, кыргызды сүйгөн, кыргызча сүйлөгөн, көп жылдан бери издетип таптырбай жүргөн чыныгы кыргыз, кайдасың? Кыргызбай.
П-326. Иним Исмаилов Азатты уулдуу, ага удаа темир тулпарлуу болушу менен куттуктайм. Чың ден соолук, иштериңе ийгилик каалайм. Таякең Алмаз.
П-327. Бабанов мырза министр болуп барганы өңүнөн азып кетти. Атамбаев үйрөтсө керек, Акүйдүн ашканасынан тамак ичпе, бирөө кабинетиңе суу апкелсе ала көрбө, сак бол. Чыдабай баратсаң Кызыл-Аскердеги "Алмаз" кафесинен шам-шум этип шашлык жеп алып тур деп. Мамбетов А.
П-328. Кыргыздын тукумун улап, кылымдан кылымга жоготпой келе жаткан кыргыз энесинин канында өтө аялуу, сейрек кездешүүчү асыл нарк бар. Ошондуктан, акылман кыргыз элим кылымдарды карытып, жоголуп кетпей жашап келет. Кыргыз энесине баш ийип, таазим кылалы. Аларды аздектеп, барктап жүрөлү. Бар болгула, кечээки секелектер, бүгүнкү периштелер, эртеңки байбичелер! Асыл.
П-329. Группалаш курбум Жайчиева Нуриляны 16-март туулган күнү менен куттуктайм. Чың ден соолук, узун өмүр, окууларыңа ийгилик каалайм. Мираим.
П-330. Ушагыңардын баары эле Уулкан жөнүндө. Он эки эрге тийсе да Орунтай менен Бурулчаны бутуна тургузганга жарады го… Күйдүмчок.
П-331. Түлеев мырза жаңы кызматка келгенде "жакында шаарды тааныбай каласыңар" деп айтты эле. Көрсө, көзү ачыктык кылыптыр. Чынеле шаар түнкүсүн таанылбай калды. Түнкүсүн свет өчкөндө шаардын чет жакасында калсаң, центрди таппай адашып өлчүдөйсүң. Кунаш.
П-332. Атбашы менен Ача-Кайыңды айлынын ортосуна Салымбеков салып берген көпүрө тар болуп, эл кыйналып калды. Атамбаев мырзадан анын өйдө жагындагы Кара-Суу менен Терек-Суу айлынын ортосундагы кечмеликке көпүрө болуп беришин суранат элек. Арендасын төлөйбүз. Фантомас.
П-333. Аскар Салымбековдон бай адам жок чыгар, миңдеген кишилерди жумуш менен камсыз кылат. Парламенттен өлүм-житимге 2-3 жылкыдан сойгонду токтоткула, өзбек-уйгурларга окшоп чыгымды азайткыла, аш-тойлор да ченеми менен болсун деди эле. А биздин вице-спикер К.Исабеков Кумтөр алтынынын артынан сая түшкөнүнө көп жыл болду. Жакында баласынын тоюна 700 киши чакырып дүркүрөгөн той бериптир. Элдин көбү жакыр жашап атса бул эмнеси? Иманалиев Осмонбек.
П-334. Сарымсакова Бермет Адыловнаны туулган күнү жана Нооруз майрамы менен куттуктайбыз. Аман болуп, үйбүлөңүз менен барчылыкта бакубат өмүр сүрүңүз. Уулдарыңыздын урматын, кыздарыңыздын кызматын көргөн дөөлөттүү байбиче болуңуз. Сиңдилериңиз Самара, Кыял.
П-335. Не кылам десе өз эрки / Ойгонбогон кыргызды / Ойгонгун деп ким айтат / Ойлонбогон кыргызды / Ойлонгун деп ким айтат. Зам. Байдылда.
П-336. Айнура, Сталбек, үйлөнүү тоюңар кут болсун! Ар убак дилиңер жаркып, жүзүңөрдөн кубанычтын күлкүсү кетпей аман болгула. Ден соолугуңар чың, өмүрүңөр узун болуп, алдыңарды бала, артыңарды мал бассын. Досторуңар.
П-337. Жаз келип, күн ысыса, шаар баягы таз кейпине кайра түшөөр бекен, ар жерден таштандылар албаа-далбаа болуп. Шаардан кетип баратып кээде кайсы айылга келип калдым деп ойлоп кетесиң. Өзгөчө чет жактардагы жаңы конуштардын жолдору аман эле болсун, даана эле кыштак. Айпери.
П-3387. Көлдүн Жети-Өгүзүндө жашаган атам Мисиркулга, апам Каныкейге, ини-карындаштарыма салам жолдоп, келе жаткан Нооруз майрамдары менен куттуктайм. Силерге чың ден соолук, узун өмүр, иштериңерге, окууларыңарга ийгилик каалайм. Эркин.
П-339. Төрөт үйлөрүндө эркек балдар көп төрөлүүдө деп уккандай болдум эле. Бул жөн эле сөз окшойт. Кошуналардын төрт келини төрт кыз төрөп берди. Маршруткада баратсам үч келин балдары менен чыгышты. Үчөө тең кыз экен. Чет элдин ууланган азыктарын жей берип жигит-келиндерибиз суукчан болуп кеткен окшойт. Абайлайлы. Тукум курут болуп калбайлы. Караш Насер.
П-340. Кудачам Айдарбекова Гүлүмдү 15-март туулган күнү жана удаалаш келген жаз майрамдары менен куттуктайм. Ийгиликтер көп болсун. Динара.
П-341. Өткөндө троллейбуска түшө калып, ичиндеги бир далай кемпирди көрүп таңгалдым. Бир эле убакта мынча көп кемпир көрбөптүрмүн. Бул байкуштардын таң атпай эмне жумуштары бар болду экен? Кайрат.
П-342. Биздин ажобуз теледен сүйлөгөнүн, жыйындарда айткан сөздөрүн угуп отуруп, эмне үчүн айтылгандар аткарылбайт деп көп ойлончу болдук. Аткарылса азыркы акыбалда болбойт элек го. Мунун бардыгы талаптын жоктугунан, коррупциянын, тааныштыктын, жердешчиликтин күчөгөнүнөн, демократиянын анархияга айланганынан эмеспи. Азыр "Карга карганын көзүн чокубайт" деген макалдын гүлдөп, жеп-ичкендердин бири-бирин колдоп турган мезгил болуп калды окшойт. Арманбек, Кыялбек.
П-343. Айымдар, майрамыңар менен! Азамат.
Жеңүүчүбүз - ыңкылап жышаанасын сезген (П-312), редакция менен байланышыңыз.
Даярдаган
Канышай БЕШБАЕВА