Кыргыз гезиттер архиви

  Шыпаагер

Ден соолук жөнүндө ойлор
Жакшы маанай ооруну айыктырат
Цянь Лун
Биздин жашоо биздин оюбузга жараша болот.
Марк Аврелий
Бардыгынан күлкү, музыка, уйку жана эң күчтүү ишеним (ишке, жакын адамыңа) жакшы адамдын күчүн калыптандырат.
А.Каррел
Кечиксең да, мүмкүн болушунча дарылоо ооруну айыктыруу мүмкүнчүлүг-үн түзөт, бирок оорунун изи кала берет.
Авиценна
Жылмайсаң - жаша-расың, кейисең - эрте картаясың, кайгы - оору алып келет. Кайгы канчалык күчтүү болсо, оору да ошончолук күчөйт.
Пянь Цюе
Жаратылыш кандай кааласа, так ошондой жаша.
П.Брегг
Картаюуга убактысы жок адам картайбайт.
Б.Франклин
Духтун бекемдигин сактоо үчүн дененин чымырдыгын колдоо керек.
В.Гюго
Дени сак дене - тунук, таза ой жүгүртүүнүн азыгы.
Б.Шоу
Адам жүз жылга чейин жашайт. Биз өзүбүздүн жыйнаксыздыгыбыз менен, напсибизди тыялбастыгыбыз менен организмге туура эмес мамиле жасагандыктан, өмүрүбүздү бир канча эсе кыскартабыз.
И.Павлов




Аденоид
Аденоид - алкым бездеринин чоңоюп кетишинен пайда болгон оору. Бул оору көбүнчө 3-10 жаштагы балдарда кездешет. Аденоид оорусу кызамык, скарлатина, сасык тумоо, дифтерия сыяктуу жугуштуу оорулар менен ооругандан кийин же тукум куучулук кемчиликтен пайда болот.

Белгилери. Мурундун дайыма бүтүшү, киңкилдөө, мурду менен сүйлөө. Оорулуу оозун ачып, коңурук тартып уктайт. Көп учурда баш ооруйт. Оорулуу балдардын дене түзүлүшүнүн өсүшү басаңдап, алсызданат, окуусунан начарлайт. Аденоид оорусу көбүнчө ортоңку кулактын оорусун да пайда кылат.
Аденоид оорусунда колдонулуучу дарылануу түрлөрү:
1. 1 аш кашык майдаланган грек жаңгагынын кабыгына (мөмөнүн тышкы жагы) 1 стакан суу куюп, кайнаганда отту токтотуп, биртоп убакыт демдеп, сүзүп алып, күнүгө 3-4 маал 6-8 тамчыдан мурунга тамызуу керек. Дарылануу мөөнөтү - 20 күн.
2. 2 аш кашык кырк муунга (хвощ полевой) бир стакан суу куюп 7-8 мүнөт кайнатат. 2 сааттан кийин аны сүзүү керек. 7 күн күнүгө 1-2 маал кеңилжээрди жууш керек.
3. Он бөлүк карагаттын жалбырагын, майдаланган итмурундун ашын, ромашканын гүлүн, беш бөлүк календуланын гүлүн, эки бөлүк калинанын гүлүн аралаштырып, бир аш кашык чөпкө бир стакан суу куюп, термосто 6-8 саат демдеп, сүзүп, бир тамчы пихтанын майын тамызып, 3 күн күнүгө 1-2 маал мурунду жууп туруу.
4. Эки бөлүк эмендин кабыгын жана бир бөлүк чай чөп (зверобой), жалбыздын жалбырагын аралаштырып, бир аш кашык аралашмага бир стакан муздак суу куюп, 3-5 мүнөт кайнатып, бир саат демдеп, сүзүп, күнүгө 1-2 жолу кеңилжээрди жууш керек.
5. Бир бөлүк жыттуу чөп (душица) жана мать и мачеха, эки бөлүк ит уйгакты (череда) аралаштырып, бир аш кашык чөпкө бир стакан кайнак суу куюп, 6-8 саат термосто демдеп, сүзүп, бир тамчы пихта майын кошуп, күнүгө 1-2 жолу мурунду жана кеңилжээрди жууш керек. Дарылоо мөөнөтү - 4 күн.
6. Аденоидди дарылоодо зверовойдон жасалган май да жакшы жардам берет. Зверовойлуу майдан ( бир бөлүк майдаланган чөпкө төрт бөлүк тузсуз ак май) бир чай кашыкка беш тамчы чистотелдин ширесин кошуп, кичинекей бөтөлкөгө куюп чайкоо керек. Күнүгө 3-4 маал эки тамчыдан мурунга тамызуу.
7. Бир стакан кайнак сууга чай кашыктын 4/1 бөлүгү сода жана 15-20 тамчы 10% прополистин спирттеги эритмесинен аралаштыруу. Күнүгө 3-4 маал ар бир таноону 0,5 стакан жаңы даярдалган аралашма менен жууш керек.
Даярдаган
Айгүл МОЛДОГАЗИЕВА




Футбол. Евролиганын 8/1 финалынын жоопкайтарым оюндары шейшемби, шаршемби күндөрү тамам болду. Уткан командалар чейрек финалга чексиз кубаныч менен чыгышты.
Күтүлбөгөн нерсе - италиялык клубдардын бири дагы чейрек финалга жетпей калганы болду!
"Манчестер Юнайтед" менен "Интер" биринчи оюнда 0:0 чыгышып, жоопкайтарым оюнда англичандардын өз үйүндө жеңишке жетүү мүмкүнчүлүгү кыйла жогору эле. Беттешүүнүн жүрүшү жогорудагы божомолду тастыктады. Башталганына беш мүнөт бололекте Неманья Видич жакын аралыктан келиштире тээп, 4-мүнөттө эсепти ачты. Италиялыктардын өткүр оюн көрсөткөнүнө карабастан 47-мүнөттө "Алтын топтун" ээси Криштиану Роналду өз энчисине экинчи голду басты.
Ошентип "Манчестер" чейрек финалга чыкты. Бул жеңиш англичандардын чемпиондор лигасындагы эч бир командага уттура элек туташ көрсөткүчтүн 20-сы эле!
"Рома" менен "Арсенал" Лондондо өткөн биринчи оюнда англичандар 1:0 менен жеңишке жетишкен. Экинчи беттешүүдө да ушул эле эсеп кайталанды. Тогузунчу мүнөттө "Интердин" оюнчусу Жуан эсепти 1:0 кылды. Бирок ошону менен бөлөк жыйынтык болгон жок. Эки тайм өттү, андан соң кошумча эки тайм ойнолду. Соңунда кезек пентальтиге чейин жетип, бул жерде англичандар 7:6 менен эптештирип, чейрек финалга секирип өттү. Бул оюн дээрлик үч саатка созулганы менен рекорд койду көрүнөт.
Ал эми "Барселона" менен франциялык "Лион" голду нөшөрдөй төгүштү. Эки таймга экөөлөп 7 гол жаратышты. "Барселонанын" бактысына жараша, алардын бешөөсү испандарга тиешелүү эле. 5:2 деген жин ургандай эсеп менен испандар шордуу француздардын ичин "өткөздү" көрүнөт. Анри эки гол, Месси бир гол, Это О бир гол, Сейду Кейта бир гол тоголотушуп, француздардын түшүнө кире турган болду.
"Ювентус" менен "Абрамовичтин "Челси" клубу Англияда өткөн беттешүүдө 1:0 менен бүтүмдөшкөн. Эми "Юве" өз үйүндө өчүн алат деген ишеним өтө жогору эле. Ушуну далилдемекчи болгон Яквинта 19-мүнөттө "Челсинин" дарбазачысы Чехти сызга отургузуп эсепти ачты. Тилекке каршы, көп узабай Эссьен эптүүлүк кылып, Буффондун колунан тайып түшкөн топко биринчи жетип торго кадады. Экинчи таймдын 74-мүнөтүндө Дель Пьеро пенальтиден эсепти 2:1 кылды. Кудай албаган Дрогба 83-мүнөттө өз тилегине жетип, 2:2ге жеткизди. Ошону менен оюн тең-тең аяктап, англичандар чейрек финалдын чөбүн "оттой" турган болушту.
Беттешүүлөрдүн жыйынтыгы төмөнкүчө болду:
Шейшемби күнкү матчтар:
"Ювентус" 2:2 "Челси"
(биринчи оюн - 0:1)
"Ливерпуль 4:0 "Реал"
(биринчи оюн - 1:0)
"Панатинаикос" 1:2 "Вильярреал"
(биринчи оюн - 1:1)
"Бавария" 7:1 "Спортинг"
(биринчи оюн - 5:0)
Шаршемби күнкү оюндар:
"Барселона" 5:2 "Лион"
(биринчи оюн - 1:1)
"Манчестер" 2:0 "Интер"
(биринчи оюн - 0:0)
"Порту" 0:0 "Атлетико"
(биринчи оюн 2:2)
"Рома" 1:0 "Арсенал", пенальти боюнча - 6:7
(биринчи оюн - 0:1)
Өзүңөр көрүп тургандай чейрек финалга "Челси" (Лондон), "Ливерпуль" (Ливерпуль), "Вильярреал", "Бавария" (Мюнхен), "Барселона", "Манчестер Юнайтед", "Порту", "Арсенал" командалары чыкты.
Төлөгөн УРУМКАЛЫЕВ