Кыргыз гезиттер архиви

  Айназик сандыгынан

Баурум, сага деген сезим жанган
... Коштошпостон мекениңе сапар алдың. Мейли дедим, коштошуу мага да оор, сага дагын. А бирок, ичим дале жанат. Балким, ошондо кеп баштасам, ичимдеги сезимдерден сыр ачып калар белем дейм.
... Сыртыңдан жактырып, көз кырымды салганым болбосо, жаныңа барып таанышкандан айбыгып тургам. Аңгыча, чет тилдүүлөр менен баарлашууга котормочу издеп калыпсың. Жаныма келип, жардам берүүмдү сурандың. Оозеки которуу колдон келбестигин жооп кылдым. Ысымыңды айтып, менин атымды да сурадың. Ошентип тааныштыгыбыз башталды. Ошол кечте чогуу жүрдүк. Бир-бирибизден узабай. Канча улуттан чогулсак да, кыргыз-казак чогулуп башкалардан бөлүнүп калдык. Көпкө баарлаштык. Саясат темасын калтырып, музыкадан кеп козгодук. Ырдап бердиң. Дегеле ыр жандуу экениңди айттың. Ошондой ачык асманды, кыштын күнү болсо да ошондой жылуу түндү биринчи ирет көргөнсүп, таң атканча биз чогулган имаратты айлана сейилдеп жүрө бердик. А эртеси коштошор күн эле...
Дагы далай айтылбаган сөздөр кыйнайт. Эки күндүк элестер менде эки айдан бери жашап келет. Дал ошол кооздугу, ысыгы менен. Өзүң ырдагандай: адамга бак берер тек гана Аллам экен… Балким, жараткандын буйругу бардыр. Биз бир күн кезигербиз...
Асылбек, Бишкек
Колуктуң болгум келет!
Майрамды өзгөчө белгиледим. Сен мага бөтөнчө бир майрам куруп бердиң. Шакек тартууладың гүлдестеңе кошо. Cүйүнүчүм дале басылалек, болгон курбу-дос, туугандарымдын баарына сүйүнчүлөп чыктым.
Шакек тартуулап, колумду сурабасаң да, кол кармашып бирге болууну чыдабай бир күн өзүм деле айтып салмактырмын. Анткени, сен дегенде бар-жокту унутам да, баарына кайыл боло сени элестетип жата берем. Жаныңда ак жоолук салына жайдары жүргөнүмдү кыялданам.
Мага ар бир кебиң, ар бир кыймыл-аракет, ар бир жылмайышың кымбат. Билбейм, неге мынча сүйөрүмдү. Бир гана өтүнүч, ушундай сезимдерден көңүлүмдү калтырба. Антпесиңе ынанам, жаным! Ушул сөздү өзүмчө миң кайталай сага жалбара берсем да, бетме-бет келгенде айтыш мага өтө оор эле. Ошол күнү кармана албадым. Жаным дедим, сүйөм сени, сезимдерим чексиз дедим…
Кайрынса, студент




Бир пикир
Дааватчы ким?
"Даават" деген чакыруу, ал качыруу эмес. Ушул эки сөз бири-бирине карама-каршы. Бирок, кызыгы, экөө тең "а", "к", "ч", "ы", "р", "у" деген тамгалардан куралат экен. Айырмасы гана маанисинде, ойлонууда. Каалаган адам ой калчап, "чакыруу" сөзүн курап алат. Тамгаларды эптеп эле кураштырсам болду дегендер, "качыруу" деген терс маанилүү сөздү табат. Даават да ошондой эле нерсе. Котормосу - чакыруу. Исламга чакыруу. Ислам жакшыбы? Ооба. Ислам сулуубу? Ооба. Ислам чындыкпы? Ооба. Анда неге эле айрым дааватчылар исламга чакырса, эл ирээнжийт. Элестетип көрүңүз. Бир жигит жыты буркураган шишкебек жасап, өткөн-кеткен элди чакырып атат дейли. Жытынан эле маалым, шишкебек өтө ширин, лаззаттуу. Жегиңиз келет. Жакындап барасыз. Бирок, сатуучунун кейпи!.. Кийген халаты мурда ак, таза болсо керек эле. Көптөн бери жуулбаган, көмүрдүн карасы, майдын, эттин тактары, айтор, азыр кийиминин түсүн айтыш кыйын. Баса, бул түстүн бир гана аталышы бар - кир деген. Ал да аз келгенсип мурдун да сиздин көзүңүзчө жеңи менен аарчып жиберет. Эки жең тең жылтыраган, жийиркеничтүү жылтырак. Мындайды кыргыз "шалтурук" деп коюшат. Эми сиз шишкебек сатып алат белеңиз ошол сатуучудан?
Ислам дини тазалык үстүнө курулган. Бул улук пайгамбардын кеби экен. Исламга чакыруучу элди Алла Таалага чакырат. Алла Таала таза. Ал да таза нерсени гана кабылдайт. Бул хадисте баяндалыптыр. Исламга чакырган адам өзү биринчи кезекте ТАЗА болушу кажет. Жүрөгү таза, пикири таза, түшүнүгү таза, акылы тунук, таза денелүү, таза кийимдүү. Ошондо эл ээрчиши ыктымал.
Мирлан
Сатыбалдиев,
Бишкек




  Кумирге кат

Ырчы Нуриса АБАЗОВАга
… Азыркы чоюлган, созолонгон жылдыздарды көргөндө негедир сизди эстей берем. Жок-жок, сизди андайлардын арасына кошконум жок. Болгону, эркек мүнөздүү экениңизди угуп калам. Анан, жылдызбы же жөн эле кыргыздын бир каратору кызыбы, жасалмадан качпайбы деп кейип калам. Сахнада, теледе кандай болсо, турмушта ошол калыбында жүрөт дешет сизди. Ошон үчүн сыйлайм. Жактырып сизди укканым, кудалашкан кызым сизге түспөлдөшүп кетет. Ата-энеси да ырчы Нурисага окшош деп калышат экен. Таанышканда эле байкагам анысын. Ошондон бери ал менин "Нурисам". Үйлөнсөм, сизди тойго атайын издеп, чакырармын. Анан ошондо мага белектин ордуна "Ал менин кыялымдагы жомок" деген ырды ырдап бериңизчи. Ошол ырды качантан бери уга элекмин. Өзүңүздү да далайдан тарта теледен деле, гезиттерден деле көрбөй калдым. Сыйлайм сизди! Бар болуңуз, эжеке!
Иниңиз
Бекчоро




Ыр кутуча
Жандүйнө жааганда
Кыргыз деген шыбыш жанды толкутат
Бул тамгалар жандүйнөмдү тазартат.
Түбөлүктүн даамын сезем бул сөздөн,
Дүнүйөнүн жалганынан арылтат.
Тагдыр бурбайт, тагдыр бизден жаралат,
Адам эси буга такыр ой салбайт.
Маңдай жазуу ишке ашат деп баарыбир
Арам иштен, ыплас ойдон качалбайт.
Ооба дегин, бул сөзүңдөн баш тартпа,
Көңүлүмдү сындырбагын, кыйратпа.
Келечегим, менин көрөр күндөрүм
Бир өзүңдүн берешен, март колуңда.
Нечен ирет сабырдуулук кылбадым,
Акыл-эстен тайып кете жаздадым.
Табигаттан болгон татаал напсини,
Толук жеңип, тарбиялай албадым.
Кантип сени сүрөттөөнү билбепмин.
Нуруң төгүп жүрөгүмдү ээледиң.
Касиетиң мактоону максат кылып,
Кайдан мактоо, жамандаган экенмин.
Эржан КАЙЫПОВ