Кыргыз гезиттер архиви

  Майрамдык эмес маанай

"Адилет" укуктук клиникасынын директору Чолпон Жакупова менен жаз майрамы алдында олуттуу темалардан качып, жаз, аялдар майрамы, эне-бала мамилеси, үй-бүлө куруу жөнүндө гана сүйлөшсөк дедик эле, бирок баарыбир саясаттан кача албадык.
Чолпон Жакупова:
"Эркектерди аялдар өзүбүз бузуп жатабыз"
Саясат
- Коммунист депутат И. Масалиев бейөкмөт уюмдарды ооздуктоо жөнүндөгү мыйзам долбоорун өз демилгеси менен көтөрүп жатабы, же…
- Албетте жок. Мырза Масалиев Акүй эмне кааласа ошону гана жасарын өткөндө ачык эле айттым. Бул иш ушу боюнча калбайт. Азыр биртоп акциялар даярдалып жатат. Биз эларалык коомчулукту, көптөгөн институттарды көтөрөлү деп жатабыз. Түрдүү форумдарды өткөрүп, жөө жүрүштөрдү баштайбыз. Эгер мурда социалдык сектордо гана иш алып барган бейөкмөт уюмдар саясый иш-чараларга каршы болуп жүрүшсө, эми депутаттардын мындай демилгеси аларды да активдүү болууга аргасыз кылууда.
- Ганси авиабазасы чыгарылат деп айтылды, депутаттар колдошту. Бирок иш муну менен эле бүтпөй турганын билип турабыз…
- Башынан эле бул иш ачык соодага айланганын айткам. Ким көп каражат берсе, ошого берем деген иш болбодубу. Эми ким берип атат? Дегеле ушундайдан кийин өнөктөштүк жөнүндө сөз кылууга болобу? Ушинтип колдон колго өткөн киши кандай аталарын элдин баары билет. Мына, биздин өлкөнү ушундай абалга түшүрүшпөдүбү. Биз азыр жөн эле куурчак болуп калдык, башка өлкөлөр каалагандай калчап атат. Эң коркунучтуусу, өзүбүз бир нерсе чече албайбыз, жок дегенде аракет кылгыбыз да келбей жатат.
- Сиз бул маселенин экинчи жагына, Россиядан кредит келсе, Камбарата курулса, экономика көтөрүлөт беле дегенге кандай карайсыз?
- Сиз билесизби, бизде жылына канча алтын казылаарын? Бизде жылына он жети тонна алтын казылат. Бюджеттин чыгаша бөлүгүн жабуу үчүн бизге болгону жыйырма эки тонна алтын жетиштүү. Эми биз жылыга казылып жаткан алтындын пайдасын көрүп жатабызбы? Акыл калчап көргөн адамдар Кыргызстан эң бай өлкө экенин түшүнүшөт, себеби алтын кенине, суу ресурстарына байбыз. Анда эмне үчүн ушундай бай өлкөдө эл эң кедей жашайт? Анткени, коррупциянын деңгээли, уурулук жогору. Бизде эчтеке өндүрүлбөйт, бирок салынып аткан особняктар кайсы каражатка салынып атат? Алардын көпчүлүгү жалгыз айлыкка жашаган мамчиновниктердики экенин эл да жакшы билет. Эми Россиядан келе турган кредит мындай шартта кантип иштетилет? Же ошончо суммага чын эле Камбарата курулуп, элдин жыргалчылыгы үчүн кам көрүлөт деп ойлойсузбу? Эч качан мындай болбойт. Кыргыздар эчтеке түшүнбөгөн баеолугун качан калтырат? Уурдап көнгөн адамдар мындан ары деле уурдай беришет.
8-март, бакыт, жалгыздык
- Сегизинчи март сиз үчүн майрамбы?
- Дегеле майрам жөнүндө кеп кылсак, андан жаралган күчтүү сезим бала кезде болот. Жашың өткөн сайын майрам деле катардагы нерсе болуп калат экен. Бала кездегидей катуу кубаныч болбойт тура. Акыркы он жыл ичинде бир дагы майрам делген күндөрдөн өзгөчө эч нерсе сезе элекмин. Анткени эчтеке деле күтпөйм. 8- мартты мен жакшы көрбөйм, анткени ал мен үчүн майрам эмес. Ал мен үчүн фарисейликтин майрамы. Себеби, бирдемени калп эле даңазалоо мага жат. Мисалы, сен жакшы көргөн жоксуң, бирок жакшы көрүүгө милдеттүү болуп, аны ачык көрсөтүшүң керек. Мисалы, эненин эмгегин демейки күндөрү анча деле баалабайсың, бирок ушу күнү эмнегедир энеге анын кылгандары үчүн ыраазы экениңди билдиришиң керек. Ошон үчүн 8-март мен үчүн экижүздүүлүктүн, калп эле такыбасынуу күнү.
- Бирок, айрыкча эркектер энесине, аялына, карындашына жакшы көрөрүн дайыма эле айта беришпейт эмеспи, себеби табияты ушундай. Балким бул күн ушундай жакшы сезимин билдирүүнүн шылтоосу болуп жүрбөсүн?
- Мүмкүн. "Аялдар кулагы менен жакшы көрүшөт" деген сөз бар го. Бирок аялга "мен сени жакшы көрөм" деп бир жолу айткандан көрө, күнүгө кам көрүп, жардам берүү көбүрөөк жагат. Башкаларга көп көрүнбөгөн кичинекей бир иш жасаса, аял эркектин ушунусун жогору баалайт. Мисалы, жакында улуу уулумдан ушундай нерсени байкадым. Бир адам менден акча карыз алып, көптөн бери бербей жүргөн. Менин буга капа болуп жүргөнүмдү уулум билчү. Карыз алган адам жакында акчанын бир бөлүгүн кайрып берди. Балама "кокус мен ооруп, же дагы бир нерсе болуп калса, иниң экөөңдүн каражатың болот" дедим. Балам мурда эле, "мен чоңойбодумбу, майда чүйдөгө капа болбочу" деп калчу. Анын ушинтип койгонуна эле ыраазы болуп калчумун. Карыз акчанын бөлүгүн алган күнү уулум мага роза гүлүнүн чоң букетин тартуулады. Бул күн майрам деле эмес болчу, ал гүлдү алып келди да, "мама, бүгүн сенин көңүлүң тынчыды" деди. Бул чоң деле окуя эмес, бирок ушунусу менен мага болгон мамилесин көрсөттү да. Же болбосо уулум мен жумуштан келмейин машинени ордуна койбойт. Ал мени жумуштан кеч болсо да келип алып кетет. Ушунусуна абдан ыраазы болом. Баягы эл көчөгө чыгып, митинг болгон учурда мен да көчөдө жүрбөдүмбү. Балдарым менин кофени жакшы көрөрүмдү билишет. Аларга эч нерсе деп деле айткан жок элем, бирок уулум кофе даярдап термоско куюп, күнүнө эки-үч жолу аянтка алып келип берип турду. Мындай нерселер жүрөктү жылытып турат.
- Уулуңуз канчада?
- Улуусу - Эдил, жыйырма экиде, студент. Кичүүсү - Тилек, он беште.
- Бирок майрамга карата уулдарыңыз сизге баарыбир белек камдап атышса керек. Сиз балдарыңызды жалгыз баккан экенсиз, дегеле эне-бала катары мамилеңер кандай?
- Эмне үчүн жалгыз? Менин жолдошум беш жыл мурда каза болуп калган. Балдарымдын атасы мыкты адам эле. Кичүү уулум эмдигиче атасын сагынып жүрөт. Атасынын мүрзөсүнө барганда дагы эле ыйлайт. Мен эне катары канчалык жакшы болсом да, алардын атасынын ордун толтура албайм да.
- Балдарыңыздын бири кыз болуп калса деп ойлодуңуз беле?
- Экинчи уулум төрөлө электе анын кыз болушун аябай каалагам. Бирок эркек бала төрөлгөнүнө деле сүйүндүм. Азыр чынымды айтсам, кыздарга кандай мамиле кылышты билбейм. Кээде башкалардын кыздарын карап отуруп, алардын кыялы башкача болорун байкадым. Аларга көбүрөөк көңүл, мээримдүүлүк талап кылынат. Биздин тукумда эркектер көп төрөлөт, жээндерим да жалаң эркек балдар. Мен жалгыз кызмын, жалаң эркек балдардын арасында чоңойгом. Дайыма жумушта болгондуктан, үй оокаттарын балдарым жасашат. Мен тамак жасап, алардын кийимдерин гана үтүктөп берем.
- Улуу уулуңуз сиздин ишке кийлигишкен учурлар болобу?
- Ал менин ишим боюнча өзүнчө сарсанаа болуп жүргөнүн билем. Бирок түздөн-түз кийлигишпейт. Анткени алар мен тандаган эркиндикти, мен алардын эркиндигин сыйлайм. Бирок коопсуздук маселелерине тынчсызданышат. Кээде алар тиги же бул саясатчынын ишин сындап калышат. Алардын мен жөнүндө тынчсызданганын сыйлайм, бирок бул менин тандоом болуш керек деп ойлойм. Биз азыр дух өлдү деп атпайбызбы, жигиттердин духу алсыз дегенди да көп угуп, айтып жүрөбүз. Ушундай болушуна негизи аялдар күнөөлүү, анткени биз балдарыбызды ушундай тарбиялап жатабыз. Аларды биз канчалык кыйынчылыктардан калкалоого аракет кылсак, ошончолук алар алсыз болот. Бала үй-бүлөдө ата-эненин өз ара мамилесинен тарбия алат. Эгер үйдө аял өкүм жүргүзсө, күйөөсүн дайыма тыйып келсе, балдар да ошондой болот. "Сен бизди жакшы бакпайсыңбы, тигини карачы, үч кабат особняк курду, сенин колуңан эчнерсе келбейт" деп жемелеген сайын аларды биз жаман жолго түртүп жатканыбызды байкабайбыз. Эркек аялдын мындай жемесинен качуу үчүн мыйзам бузуп акча табуу жолуна да түшөт. Аял "сен үй-бүлөнү ойлобойсуңбу, эмнеге аны кыласың, аны жасаба" деп тыйганды көргөн бала да ошондойго көнүп, өтө аяр болуп, эркин көрсөткөндөн, ар-намысын коргогондон да коркот. Анүстүнө бизде мындай жаман адат бар эмеспи, адамдын колунда бийлиги болсо, аны жаман көрүп турса да конокко чакырышат, анткени ал керектүү адам. Мындай үй-бүлөдө өскөн бала да ушундайга калыптанып чоңоет. Ушундай нерседен дух, ар-намыс өлөт. Дух, ар-намыс эркек үчүн да, аял үчүн да бирдей керек, бирок эркектер аны көп көрсөтүшү зарыл. Аял үй-бүлө үчүн, эркек өлкө үчүн жооп берет деген түшүнүк болуш керек. Эгер аял эркектен табышкердикти эле эмес чыныгы эркектикти көрсө, үй-бүлө мамилеси теңсалмакта болсо, мындай үй-бүлөдө чыныгы эркектер чоңоет.
- Сизди көзүндө оту, оозунда сөзү бар жылдыздуу айым катары көпчүлүк билет. Жолдошуңуздан ажырага-ныңыз беш жыл болуптур. Балдарыңызды кайра аталуу кылуу ойго келбедиби?
- Үй-бүлө куруу кокустуктан улам да, өз жолу менен да боло турган нерсе. Поль Вальеринин мындай мыкты фразасы бар: "Бизди сүйүүдөн бош эместигибиз сактап турат" деген. Ошонүчүн өткөн доорлордогу белгилүү ойношбектердин бардыгы бекерпоз болушкан. Ромео, Тристан дегендерде бош убакыт көп болгон. Балким, мени да бош эместигим куткарып атса керек. Мен жөн эле күйөөгө тийгим келип тие бере турган куракта эмесмин. Азыр жаш кыздардын көбү жөн эле сезимди сүйүү деп ойлоп, же сүйүүсү жок эле күйөөгө тийгенди каалашат, себеби алар батыраак аял, эне болгулары келет. Менин аял, эне катары каалаганым ишке ашкан. Үй-бүлө, күйөө, бала эмне экенин жакшы билем. Бул маселени мен кечке ойлой бербейм, анткени бул нерсе тагдырга байланыштуу экенин билем. Кээде өзүңө жаккан адам кездешип калышы мүмкүн, кээде андай адам жаныңан жөн эле өтүп кетиши мүмкүн. Эгер мындай кездешүү болсо, мен тагдырга ыраазы болом, жолукпай калсам нааразы болбойм. Демек, мен жалгыз өтөм. Кудай ушу жалгыздыкты жакшы көтөргөндөн берсин, бирок мен такыба эмесмин.
- Улуу уулуңуз Эдил сизди келиндүү кылам деген жокпу, кандай кайнене болушуңуз мүмкүн?
- Анын жактырган кызы бар, аны билем, жакшы кыз. Мен жакшы , акылдуу кайнене болот болушум керек. Негизги аялдардын проблемасы кызганыч да, эне баласын башка аялдан кызганат. Уулума мен дайыма "эгер мага жакпаган адамга жолуксаң, бул жөнүндө сага эки жолу айтам, үчүнчү жолкуда да сен болбой, "жок, мама мен бул аялсыз жашай албайм, мени ушул аял гана бактылуу кыла алат" десең, мен "балам, бул сенин тандооң болду, эми бул үчүн өзүң жоопкерсиң" деп айтам. Бардык үй-бүлөлөрдүн проблемасы - балага менчик буюмга мамиле кылгандай мамилебиз, баланы өзүм үчүн, карыганда жалгыз калбайын деп төрөгөм деп өзүбүздү сооротобуз. Ошентип аларга өз эркибизди таңуулайбыз, балам меники гана болуш керек дейбиз. Алар чоңойгондо өзүңдөн алыс кое берүү ошонүчүн оор. Мен уулумду башка бирөөгө кое берүүгө эрким да, акылым да жетет го деп үмүттөнөм. Эгер уулум ошол адам менен мени менен жашаган кездегидей бактылуу, жылуу мамиледе болсо, ал адамга мен да ыраазы болом. Парадокс мында болуп атпайбы, мен балдарым үчүн өлүмгө баралам, бирок алар үчүн алардын жашоосун жашай албайм да. Бакыт жөнүндөгү менин түшүнүгүм алардыкы менен дал келбей калышы мүмкүн. Балдарым мен ойлоп, каалаган үчүн эмес, чындыгында бактылуу болушса экен деп ойлойм. Бакыт деген адамдын ичиндеги нерсе. Балдарым бакытты имитация кылбай, чындыгында бактылуу жашашса экен деп ойлойм.
Аскер САКЫБАЕВА