Кыргыз гезиттер архиви

  World of news

Гүлзат БАЙЗАКОВА да актерлукка ашыкты. Насыр ДАВЛЕСОВдун мааракесине арналып коюла турган "Аста-секин, колукту" спектаклинде ырчы студент Гүлмиранын ролунда. Карагул Тиленчиев, Аман Жапаров, Эрик Кадырбаев аталган оюнду жаңылап, мюзикл тибиндеги вариантын даярдашууда. Убагында бул оюн опера жана балет театрында эң көп коюлган. Гүлзат айым менен катар оюнда Токтобек Асаналиев, Жамиля Муратова, Алина Жетигенова, Жаныбек Алыкулов, Кубик, Мерген Турган, Назира Жетигеновалар катышат.

Юрий БОБКОВ демилгелеген "Ырдайлы кыргыз ырларын" фестивалы көпчүлүктүн купулуна толду. Көрүүчүлөр да көбөйүп, бөтөн улут өкүлдөрү созгон кыргыздын эзелки ырлары да арбыган. 20дай улут мамлекеттик тилибизде ыр аткарып, негрлер да кыргызча ырдап атышса, "киргизденгенден" арданбайлыбы, кыргыздар!..

"Параграф" аттуу басылма жарык көрдү. "Форматы - коомдук-саясый. Максаты - элдин көйгөйүн чагылдыруу. Медалдын эки тарабындай, калыстык позицияны карманабыз" дейт баш редактору Назира СААЛИЕВА.

АЛИХАН өз продюсерлештери менен 8-мартка карата Москвага сапар алат. Бул бир чети мекендештерге Алатоодон артына барган ыр арноо болсо, экинчи жагынан ырчынын бул сапары ал жакта турган апасына күтүүсүз белек болот. Ал эми апасына берчү майрамдык белекти Орусиянын ушул шаарынан продюсери менен бирге тандап алат.

Улуттук биринчи каналдын "Алатоо" программасынын диктор кыздары үчүн бу жылдын алгачкы кварталы майлуу-сүттүү. Чү дегенде эле Асел Мамбетова аталган мекеме жетекчилигинин орунбасарлыгына дайындалса, Айжан Иманкулова "Мерседес-Бенц-500" маркасындагы машине минген. Дикторлордун арасында эң тажрыйбалуу айдоочу Чынара Капарова 10 жылдан бери "Мерседес-Бенц-320" үлгүсүн алмаштыргысы келбесе, Гүлжан Кулмамбетова да астындагы "Лексус-330" тулпарын биротоло жактыргандай. Лунара Мамытова чет элдик темир аргымак минип чыга келсе, айдоочулук күбөлүгү бар туруп Кыял Шаршеева рулга отургандан бир аз чочулап тургандай. Нуржамал Бурханова менчик унаасы болсо да, негедир айдоочу жалдап жүргөнүн эшиттик. Баса, "Алатоо" жетекчилигине бул жумада 5-каналдын белдүү журналисти Сюита Соурбаева дайындалып келди.


Кубаныч САТАЕВ кичи мекендеш айымдарына куттук иретинде эртең Таласта ыр кечесин өткөрөт. Ал эми майрам күнү Карабуурага баш багат. Бир ок менен эки коен атмакчы ырчы биротоло Таластагы чоң апасын, апасын да 8-март майрамы менен куттуктап кайтмакчы.

Айжан ГАЗИЕВА акыркы кездери попсага басымдуулук кылып барат. Буга "Сизге арнаймын", "Сүйөм сени" ырлары күбө. (Байкасаңыз, сизден сенге өткөн)! Экинчи ыры учурда радиолордон байма-бай жаңырууда. Айтмакчы, дал ушул "Сүйөм сени" ыры мындан төрт жыл мурун ырчыга автор тарабынан сунушталып, бирок, негедир унут калып кеткен. Өзүнө гана энчилегенби, айтор, ыр Айжандын аткаруусунда жаңырды.

"ДЕМ" тобу күйөрмандарынын өтүнүчү менен ушул жазда адаттан тыш багыттагы кече өткөрөт. Мурда аталган топ жигиттери күлкү гана чакырса, бул ирет көздөн жаш агызган оюндарды да аткарышат. Айтмакчы, карап туруп уурдаткан машинесинин ордун аталган топ жетекчиси Назым МЕНДИБАИРОВ жакында эле толуктап, жаңы темир тулпарлуу болду.

ДАНИЭЛЬ "Жашоо" аттуу санат түрүндөгү ырын клиби менен бирге элге келе жаткан жумада сунуштайт. Ырда Даниэль куракташтарын жашоонун азгырыктарына берилбей, туура жолго багыттайт.