Кыргыз гезиттер архиви

  Өмүрдө каш карайганда чач агарат

Кубанычбектин өлүмүнө ким жооп берет?
"Агымдын" 26-сентябрь, 2008-жылдагы №61 санына "Эмне үчүн кыргыз аскерлери өлсө эле "муунуп" өлөт?" аттуу макала жарыяланган эле. Макалада аскер кызматын өтөөгө барган жоокерлердин бейажал өлүмү тууралуу кеп козголгон. Алардын бири Кой-Таштагы №73809 аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жүргөн Кубанычбек Сыдыгалиевдин табышмактуу өлүмүн айтып атасы Токтобек Сыдыгалиев кеп курган. Маркум Кубанычбек аскер бөлүгүндө үлгүлүү жүрүм-туруму үчүн командирлик кызматка көтөрүлгөндүгү, аны акыркы жолу чогуу кызмат өтөгөн Рамис Саипов деген жигит мойнун толгоп сыртка алып кеткен боюнча дайынсыз жоголуп, эртеси күнү бакка асылып өлгөн жансыз денеси табылгандыгы айтылган.
Окуя 2007-жылдын ноябрь айында болгон. Маркум Кубанычбектин атасы Токтобек Сыдыгалиевдин айтуусунда, бул кылмышты эки ай козгобой, ишти жаап, сотко "өзү өлдү" кылып өткөрүп жиберишкен. Качан гана уулунан айрылган ата-эне кайрадан арыз жазып кайрылган учурда ишти карап чыгышкан. Чубактын кунундай чубалган кылмыш иши арадан бир жарым жылга чукул убакыт өтсө да чечилбей, кылмышка шектүү кылмышкерлер учурда эркиндикте жүрүшөт. Алардын эң негизги себеби - кылмыш иши болгон жерден эч кандай далилдер, күбөлөрдүн көрсөтмөсү жок имиш. Ошондон улам жабылуу аяк жабылуу бойдон калган. Бирок, чолпондой уулунан ажыраган ата-эненин, жакындарынын күйүтүн ким басат?
Уулунан ажыраган Токтобек Сыдыгалиев "Агымга" башбагып, бир жарым жылдан бери чечилбей келаткан сот процессине нааразычылыгын айтып, өзү менен кошо ээрчите келген маркум Кубанычбек кызмат өтөгөн аскер бөлүгүнүн камсыздоо взводунун командири Рустам Алымов экөө отурушту. Токтобек Сыдыгалиев арыз-арманын төмөнкүчө баштады:
- Мага келтирилген материалдык жана моралдык зыянды сөз менен айтып да, жазып да жеткире албайм. Адамдар аны өз баштарына келгенде түшүнүшү мүмкүн, бөлөк мезгилде баласынан ажыраган ата-эненин абалын баалоо кыйын экен. Уулум көз жумганда келтирилген материалдык чыгымдар документтердин негизинде жалпы суммасы 272 миң 890 сомду түзгөн. Бирок, мен бул жерге башка чыгымдарды көрсөткөн жокмун. Мага келтирилген материалдык, моралдык зыянды бир миллион сомго баалап, доо арыз менен КР Коргоо министрлигине кайрылгам. Себеби, баламдын киши колдуу болуп өлгөндүгүнөн да, тарткан азабым, Бишкек шаарында өзүмдүн майыптыгым аз келгенсип, бир жарым жылдан бери чындык издеп чыркырап жүргөнүм канча мээнет-азап. Канча нерв кетти, үйбүлөм Атбашыда, өзүм Бишкекте жүрөм. Өз мойнуна алган милдеттерди Коргоо министрлиги да, ага түздөн-түз баш ийген ?73809 аскер бөлүгүнүн командирлери да так аткарбагандыктан, ушул каргашалуу окуя болуп отурат.
- Сиздин доо арызыңыз канааттандырылдыбы же каралып атабы?
- Тилекке каршы, Бишкек гарнизонунун аскер соту менин арызымды карап чыгып, каршы пикир жазыптыр. Бул доо арыз боюнча КР Коргоо министрлиги кылмыш иш боюнча айыпталуучу 73809-аскер бөлүгүнүн катардагы жоокери Р.Саиповдун жана прапорщик Алымовдун күнөөсү далилдене электигин, андан тышкары, Кубанычбектин сөөк коюуга, кыркына жана жылдыгына кеткен материалдык чыгымдарды эсептеп чыгышкан. Кубанычбектин сөөгүн туулган жерине автомашина менен жеткирген бензинге, 14000 сом акчалай жардам, 20 килограмм күрүч, 10 литр суу май, бир кап ун, беш килограмм кумшекер, сөөктү бальзамдоо үчүн 5 миң сом бөлүнгөндүгүн, ал эми мен талап кылган моралдык зыян үчүн миллион сомду өзүн байытуу максатында көздөгөн деп жооп жазышыптыр.
Биринчиден, уулум Кубанычбек Сыдыгалиевди 2007-жылы аскерге медициналык комиссиядан өткөрүп тирүү, акыл-эси ордунда бергем. Кайра уулумду тирүү жаны менен бериш керек болчу. Кубанычбекти өлтүрүп туруп, аны көмүүгө кеткен чыгымды мен сураган эмесмин. Уулумдун табышмактуу өлүмү өзүнүн тартипсиздигинен же аскер бөлүгүнүн сыртында, көчөдө жүргөндө болгон эмес. Ал өзүнүн командирдин орунбасарлык милдетин аткарып жатып таламандын так түшүндө ошол эле аскер бөлүгүнүн чалгындоо ротасынын казармасынын ичинде тартиптин жоктугунан, тартипсиз жоокерлердин колунан каза болду. Ушул өлүмгө байланыштуу жоокерлерди же офицерлерди учурунда Коргоо министринин юристтери тактап албаган өздөрүнүн күнөөсү деп эсептейм. Мен уулум Кубанычты тирүү берип, кайра өлүгүн алгандан кийин мага келтирилген материалдык жана моралдык чыгымды үйбүлөм менен тарттым. Ошондуктан бизге келтирилген материалдык жана моралдык чыгымды үйбүлөм менен өндүрүүгө акылуумун деп эсептейм. Коргоо министрлигинин өкүлдөрү менин ар-намысыма шек келтирип жазган каршы пикиринин негизинде министрликке дагы доо коюу менен өкүлчүлүктөрүн сотко берүүнү чечтим.
Токтобек Сыдыгалиев менен кошо келген Койташтагы №73809 аскер бөлүгүнүн камсыздоо взводунун командири Алымов Рустам Кеңешбекович да сөзгө аралашты:
- Кубанычбек чынында жоокерлердин арасында кадыр-барктуу жигит эле. Кызмат өтөп бүткөндөн кийин аскерде калып иштейм деп максат коюп жүргөн. Эми мындай кырсык болот деп эч ким ойлогон эмес, баары күтүлбөгөн жерден болду. Негизи, Кубанычбектин душманы бар болчу деп айталбайм, ал дайыма жылмайып күлүп жүрчү. Анын жаман жагын, же болбосо бирөөлөр менен урушканын бир да жолу көргөн эмеспиз. Иштегениме он жыл болуп калды. Буга чейин деле ушул сыяктуу окуя болгон. Кубанычбектин өлүмүнө тиешеси бар деген шектүүлөр сурак берип атышат, бирок, тилекке каршы, эч кандай далил, күбө жок болуп, иш ачылбай атат. Бул боюнча прокуратура иштеп аткан учур.

Эмне демекчибиз, уулунун көз жумушу ата-эне үчүн орду толгус оор жоготуу. КР Коргоо министрлиги Кубанычбек Сыдыгалиевдин табышмактуу өлүмүнүн жандырмагын чечип, кылмышкерлер өз жазаларын алаар деген үмүттөбүз.

Назгүл КАЛМАМБЕТОВА




  Мүрзөгүл

Трагедиялуу өнөрдүн алпы кетти…
Кыргыз сахна искусствосунун залкар таланттарынын бири, Кыргыз Республикасынын эл артисти Гүлшара Дулатова дүйнөдөн өттү.

Гүлшара эже улуттук театрыбызда эң сейрек учурай турган таланттын ээси - трагедиялык актриса болчу. Анын көрүүчүнүн жүрөгүн титиреткен трагедиялык пландагы ири образдары кыргыздын сахна өнөрүнүн этаптуу көрүнүшүнө айланып, эчак эле көөнөргүс болуп калган. Биз Гүлшара Дулатова дегенде жөнөкөйлүгү, жупунулугу, айылдык аялзатына таандык коңур мүнөзү бар эстен кеткис Сейдени (Ч.Айтматов "Бетме-бет"), энелик мээримге сезими жык толгон Толгонайды (Ч.Айтматов "Саманчынын жолу"), анан албетте жеке чыгармачылыгынын гана эмес, дегеле бүтүндөй кыргыз актердук искусствосунун туу чокуларынын бири болгон, таштай жүрөгү, таңгалдыра турган эрки, ошол эле учурда бүт ааламды батыра турган энелик сүйүүсү бар Таңгабийке (Мустай Карим "Ай тутулган түндө") дароо көз алдыга тартылат.
Сейденин ролу Гүлшара эжени кыргыздын кыйырына гана эмес, ошол кездеги советтик театр өнөрүнүн баалоочуларына да аябагандай тааныткан. Сейденин образы менен Г.Дулатова кыргыздын улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын сахнадагы өмүрүнө ийгиликтүү жол ачкан.
Күйөөсү Ысмайыл Тотойдун жалгыз уюн уурдап союп койгонун билгендеги Сейде - Дулатованын көрүнүшү алигиче көз алдыбызда. "Сен белең?!" деп Ысмайылга кайрылганда, актриса ушул жападан - жалгыз фразага таң калууну да, өкүнүүнү да, жек көрүүнү да кантип сыйдырганына суктануу менен таң беришчү кесиптештери, театр адистери. Гүлшара эже жараткан Сейденин образы Ч.Айтматовдун көркөм дүйнөсүнө өтө жакын жаралган сахналык интерпретация болчу.
Адабий түп нусканын сахналык ажарын ачкан кийинки образы "Саманчынын жолундагы" Толгонай. Толгонай - Дулатова биринчи кезекте, эч кандай театр пафосу жок, патетикага алдырбаган, кадимки кара жердин өзүндөй баарын ичине батырган эне эле. Ошондуктан ар бир уулун жоготкон сайын, Дулатованын Толгонайынан адам көтөрө алгыс мүшкүлдү тартып атканы, ошону көтөрүп атканы эң элестүү, өтө таасирдүү чагылдырылчу.
Гүлшара эженин актрисалык, трагедиялуу дараметинин бүтүндөй кудурети Таңгабийкеде көрүндү. Дулатова - Таңгабийке вулкан сыяктуу ичине магманы чогулткан, дайыма тоону бузуп жарылып кетүүгө даяр тургандай таасир берчү көрүүчүгө, оюндун башынан аягына чейин. Гүлшара эженин бул образынан болуп көрбөгөндөй күчтүү кубат, өтө терең ички сезим, оргуштаган кудурет турганын баамдоого болор эле.
Баласы Юлмурза (Жолмырза) уруштан кайтпай калып, анын набыт болгонун уккандагы Дулатова Таңгабийкенин абалы, "О-о, Юлмурза-а!.." деп бүк түшкөн учуру трагедиялуу искусствонун эң жогорку хрестоматиялык үлгүсү эле десем жаңылышпастырмын.
Көрүүчүнү ар бир сахнасында титиреткен актрисанын бул ролу акыйкаттан эле кыргыз театрындагы теңдешсиз образдардын катарына кирет.
Албетте, Гүлшара эже сахнада булардан тышкары да ондогон жаркын образдарды жаратты. Алардын ар бирине токтоп олтурсам гезит бети чак келбес. Мен тек гана эженин эстен кеткис, кайталангыс чыгармачылык талантына мүнөздүү ролдоруна токтолдум.
Гүлшара эже таланттуу актриса гана эмес, таасын педагог да болчу. Бүгүнкү кыргыз театрынын чыгармачылык жүгүн көтөргөн орто муундагы таланттардын көпчүлүгү эженин колунан таалим-тарбия алышкан.
Мезгил эжени карытса да, анын жараткан образдары, берген өрнөгү күнү бүгүнкүдөй эсибизде кала берет.

Жаныш КУЛМАМБЕТОВ, драматург, сынчы