Кыргыз гезиттер архиви

  Шоу калаасынан

Жылдыз айым-бийкечтер
мырзалардын сынында
Кенже ДҮЙШЕЕВА
Мирбек ИМАНБЕКОВ: - Кенже эже өтө тыкан, эмгекчил, аялзатынын да, эркектин да мүнөзүн түшүнөт. "Кызбуракта" Гүлшайыр эжеден кийинки эле орунда. Дайым сөзүнө турган, эч кимдин көңүлүн калтырбаган жан. Кичинемден эле ушул эжени жакшы көрчүмүн. Күйөрманы да болом. Кудай ага сулуулукту, улуулукту да берген. Ушул мүнөзүнөн тайбасын. 8-март майрамы менен куттуктайм. Сүйгөнү Кенже эжеге сүйрөлүп жетсин, бирок, кечиктирбесин. Бир аз жаш же мен улуу болсом, өзүм эле үйлөнүп алат элем…

Гүлнур САТЫЛГАНОВА
ОМА: - Элге көрүнгүсү келгендер көп болгону менен кыргызда чыныгы таланттуу адамдар саналуу. Талант өөдө жактан, Алла Тааладан берилет. Жараткандын ошол белегинин татыктуу ээси Гүлнур эжекебиз. Балким, бирөөнө жагар, бирөөгө жакпас. Бирок, бул адамдын күжүрмөндүгүн, чынчылдыгын баса белгилеп айтыш керек. Себеби, укмуш үндүү, таланттуу болуп туруп, адамдык сапаты төмөн адамдар көп кездешет. Бул жагынан да эжекебиз мактоого татырлык. Кудайдын белегин өз талабында алып жүрүү өтө чоң жоопкерчилик. Жашоодо бир чындык бар - адамдын пейили канчалык кенен болсо, Кудай андан аянбайт. Гүлнур эженин пейили кең, ошондуктан, талантына элдин сүйүүсү кошулуп, төбөсү көккө жетип турган кези. Гүлнур эже өз тагдырын өзү курган адам.

Сайкал САДЫБАКАСОВА
Темир НАЗАРОВ: - Эзелтеден "Кызбурактын" эл менен иштей билген сапаты бул кызга да өткөн. Сахна маданияты боюнча жакшы тарбия алган. Кыргыз ырчыларынын арасында жылдыздуу, сулуу кыздардын бири. Эл менен иштешти билип, жылдызы элди тартып турат. Сайкалды жакшы тааныйм. Ашыкча бир жаман жагын көргөн эмесмин. Бир гана аз-маз арыктаса, Кыргызстанда бардык жагынан төп келишкен ажарлуу бийкечтердин бири болмок. Алга демекмин, тайманбас мүнөзү менен алдыга гана умтула берсин!

Бактыгүл БАДЫЕВА
Замир МЫРЗА: - Айткан сөзүнө жооп берет. Мындай сапатка айрым эркектер да ээлик кылбайт. Кыргыз ырчыларынын ичинен Бактыгүлдү ушул сапаты үчүн сыйлайм. Көп жигиттер ашык болот, ошолордун мыктысын тандап, турмушка чыгып ал деп өзүнө да айтып калам. Балким, жүрөгү өз теңин жолуктура электир... Чыгармачылыгында багытын кеңейтип, репертуарын толуктап, жанрын, стилин, имиджин өзгөртсүн дейт элем. Себеби, Бактыгүлгө көп нерсе жарашат, мүмкүнчүлүгү да кеңири.

Кундуз КАНАТБЕК кызы
ОМАР: - 90Х60Х90 дегендей эле бар. Эң сулуу, эң ажарлуу кыздардын катарын толуктап турат. Кундузду көргөн адам ырчы экенин билип-билбесе да ажарына суктанып, бир кайрылып карап өтөт. Жаңы чыгып жүргөнүнө салыштырмалуу азыр бир топ деңгээлге көтөрүлдү. Иштегени да жагат. Жакпаган жагы - өтө эле таарынчак, эрке. Кээде тамаша айткандан да чочулайсың.

Айжан ГАЗИЕВА
Айбек, "КВАТРО" тобунун мүчөсү: - Стили боюнча бизде мындай ырчы жок. Жалпы эл түшүнбөгөнү менен акыркы ырларына караганда мурдагы эле джаз стили жакшы болчу. Айжан активдүү, тынымсыз иштеши керек. Өз деңгээлине жараша иш алпарып, дагы жогорулоого аракет көрсө болмок. Айжандыкындай үндү арабыздагылардан уга элекмин. Ар бир адамда өзгөчөлүк болгону жакшы. Ошол себептен, джаз стилин калтырбаганы дурус. Дал ошол өзгөчөлүгү үчүн Айжанды сыйлап келем.

Аида КУЛУЕВА
Мирбек АТАБЕКОВ: - Чыгармачылык жаатында бул кыз мактоого гана татырлык. Анткени, Аиданыкындай тембрдеги үн чанда кездешет. Өзү сулуу, ошол эле учурда эркек мүнөздүү. Көзүндө суктантчу нерсе бар. Бирок, көздөрүн боебой эле койсо… Себеби, табигый сулуулукка не жетсин. Шайыр, ичинде кири жок, боорукер, аябай жакшы кыз. Бильярдды катыра ойнойт. Аидадай кыздардын келечеги чоң. Аидага суктанган жигиттер көп, бирок, алардын ичинен татыктуусун тандап, турмушта ордун таап алсын.

Айя САДЫРОВА
Макс БЕГАЛИЕВ: - Иштеп жүрөт, иштегенди билет. Менеджердик сапаттары да бар. Бирок, сахнага билек түрүнө киришсе болмок. Өткөндө чакыруулар болгонунан улам кайрылсам, кечкисин дискоклуб, тойлордо ырдабайм деп чечкенин айтты. Менимче, ырчы болгон соң, өзүнө андай чектөөлөрдү койбогону оң. Тескерисинче, элге жакын болуп, элдин көңүлүн ачыш керек. Айтмакчы, акыркы клиби жакшы чыкты. Кеңешим - кыргызча ырларга басым жасоого тийиш.

Гүлнара ТОЙГОНБАЕВА
Ислам АКМАТОВ: - Дайыма шайыр жүрөт, кайгырса да капачылыгын билдирбеген жагы абдан жагат. Ууртунан күлкү кетпейт. Позитивди өзүнө камтып жүргөн адам. Анан да ар бир адамдын көңүлүн көтөрө билет. Бир гана кемчилиги - толуктугу, мүчө-келбети, балким, өзүнө да жакпаса керек. Бул эжебиздин башкы артыкчылыгы - атайын музыкалык билими болбосо да, мен-мен деген профессионалдардан өйдө ырдаганы.

НЕЛЯ
Ильяз АНДАШ: - Жылдыздуу, мүнөзү назик. Достукка бекем, достукка күйөт. Эң башкысы, адамдарды эч качан бөлбөй, баарына бирдей карайт. Эң чоң кемчилиги - уйкучу, эрке. Эгер баягы "Капкан шоу" долбоору тартылган күн болсо, ой-да сындап бермекмин. Ошондо колум жетсе, аны чаап деле жибермек болушум керек. Анткени, бүт өмүрүм көз алдыма тартыла түшкөн. Көргөндөр балким, абалымды түшүнөр. Баса, ырчылыгы гана эмес, ошондон кийин Нелянын актрисалык жөндөмүн да белгилесем болот. Себеби, ошол шоуда чындап ишенип, тамаша экенин туйган эмесмин.

НЭНА
Съездбек ИСКЕНАЛИЕВ: - Мейли талант, мейли вокал, мейли костюм, мейли мүнөз, айтор, бардык жагынан төп келет. Аткарып жаткан ырына ылайык кылып костюм тигип алганы жагат. Ырчылар көбүнчө жашоодо башка, ал эми сахнада таптакыр эле өзгөрүп, жасалма болуп калышат. Ал эми Нэна дайым бир калыпта жүрөт. Бирок, бир эле учурда мактоого татырлык ачык-айрымдыгы кээде чектен чыгып кетет. Теледе же радиодобу, маектеринде айрым тамашалары орунсуз болуп калат. Кыргыздын салт-санаасына жараша кыз деген бир аз назигирээк болгону дурус го…

АНЖЕЛИКА
СЕМА: - Өзү жаш болсо да мээримдүү энедей көрүнөт. Балдар үйүнө бирге баргандагы кыймыл-аракетин көрүп, балдарга төккөн мээримине таң бергем. Анан да кичипейил, тыкан. Бирок, жаңы ырларды чыгарып, активдүүлүгүн арттырса жакшы болор эле. А балким, буга үйбүлөсү объективдүү себеп болуп аткандыр. Сахнада өзүн алып жүргөнү жагат. Анжеликадай айымдар сахнада көбөйсө кана. Бул карындашымды көбүнчө концерттерде гана көрөм. Бирок, адам кыска убакытта эле билинип калат эмеспи. Анжелика жаман кепке калууга жол да бербейт.

Даярдаган
Айнагүл САПАРБЕК кызы