Кыргыз гезиттер архиви

  Айт, дува!

Дамира НИЯЗАЛИЕВА, ЖК депутаты:
"Айыл чарба министрлиги армиясы жок генерал сыяктуу"

Айыл чарба министрлигинин башына кимдер келип, кимдер кетпеди. Бирок бул тармактын жакшы жолго коюлушу тозоктун иши. Анткени, жер дыйкандардын колуна жеке менчикке берилип кеткен. Алар кааласа күнкарама, кааласа буурчак айдайт. Айдоого каражатым
жок деп иштетпей койсо деле эч ким унчукпайт. Демек, жер иштетүү дыйкандардын кабак-кашына жараша болот. Жакында Жогорку Кеңеште жазгы талаа жумуштары боюнча өкмөттүк саат өттү. Биз ушул маселелер туурасында КСДП фракциясынан Дамира НИЯЗАЛИЕВАны кепке тарттык.
- Өкмөт мүчөлөрү менен жолугушканда берген суроолоруңузга канааттандыңызбы?
- Биз өкмөттүк саатта өз суроолорубузга так жооп алган жокпуз. Ал суроолорду жыл сайын кайталап келатабыз. Дагы эле эң ириде күйүүчү май маселеси. Биринчиден, күйүүчү май айылга кеч жетет. Экинчиден, жерине жеткенче кымбат болуп барат. Бажыканада айыл чарбасына берилүүчү күйүүчү майга салык төлөнбөйт. Муну эсептеген киши жок. Бул үчүн миллиондогон сомдор жумшалат. Демек, салыктан бошогондон кийин күйүүчү май дыйкандын колуна ошол баада жетиши керек. Тилекке каршы, бизде мындай эмес. Чүй облусуна арзан баада жеткени менен алыскы райондорго базар баасына чамалаш жетүүдө. Биз эл менен жолугушканда, дыйкандар "берсеңер эрте бергиле, бербесеңер акчасын бергиле" деп ачык эле айтышууда. Бул маселе быйыл да чечилбей, ошол бойдон калып калды.
Дыйкандын дагы бир көйгөйү - үрөн маселеси. Канча жолу айткан менен бүгүнкү күнгө чейин бул маселе оң жолго коюлган эмес. Үрөндүн сапаты өтө төмөн. Быйыл дыйкандарга өкмөт 150 млн. сом беребиз деп жатат. Бирок бул акча азырынча жок. Дыйкандын колуна качан тиери белгисиз. Бере турган болсо январь, февраль айларында бериши керек эле... Анүстүнө кредит алуу үчүн толгон-токой документтерди толтуруу керек. Муну жөнөкөйлөтүү зарыл.
2008-жылы өтө төмөн түшүм алынды. Буга баарыбыз күбө болдук. Ошого карабай мурдагы Айыл чарба министри 1,5 млн. тонна дан жыйнадык деп рапорт берди. Бул 2007-жылга салыштырмалуу 21,5 миң тоннага көп имиш. Ал кандайча көп алат? Чүйдөн канча, Нарындан канча түшүм алынганына өзүбүз күбө болбодукпу. Дүйнөлүк уюмдар да аз түшүм алды деп айтышты. Анан биздин министрлер азык-түлүк кризиси Кыргызстанга келбейт деп ишендиришти. Келбесе кудайга шүгүр, бирок ошол сандарды болгонун болгондой, көбүртүп-жабыртпай туура айтыш керек да. Алар кадимки эле союз мезгилинен калган адат менен рапорт бергендери өкүнүчтүү. Дүйнөлүк экономикалык кризис учурунда элге чындыкты айтып, болгонун болгондой түшүндүрүш керек. Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын алкагында алып караганда ар бир бешинчи кыргызстандык жардамга муктаж. Ошон үчүн алар Кыргызстанда жыл кургакчыл болду деп 8 млн. долларды 580 үйбүлөгө бөлүп беребиз деп жатышат. Андыктан өкмөт мактанууга азгырылбай, чыныгы абалды айтканы дурус.
- Сиз өкмөттүк саатта күздүк оруп-жыйноо боюнча премьер-министр түзгөн комиссиянын иш жыйынтыгы жөнүндө сурадыңызбы?
- Ал боюнча кимди жазаладыңар, иштин жыйынтыгы кандай болду деген суроого эч кандай жооп алган жокмун. Деги эле айыл чарбасы терең реформалоого муктаж, чоң кооперативдерди түзүп, чарбаларды ирилештирүүгө мезгил жетти. Себеби, он үйбүлө чогулуп трактор, кредит, үрөн алса жеңил болот. Бул үчүн мамлекеттик узак мөөнөттүү программа керек.
- Бирок Айыл чарба министрлиги деген аты болгону менен дыйкандар бул тармактын сөзүн укпайт. Жакында эле И.Айдаралиев министрликти колхоз башкармалыгына салыштырып жиберди го…
- Мунун баары туура. Азыр министрлик айыл чарбасына жөн эле көзөмөлдүк кылып атат. Андыктан министрликке тармакты толук координациялоочу укукту берүү зарыл. Армиясы жок генерал сыяктуу эле жер жеке менчик болгон соң, ар ким каалаган түшүмүн айдайт. Бирок пландуу иштер да жок болуп жатпайбы. Быйыл картошка кымбат деп баары картошка айдаса, мындан зыян тарткандан кийин баары кызылча айдайт. Өкмөт жок дегенде ушуларды көзөмөлдөөгө алы келбей жатат. Азыр дыйкандар сепкен түшүмүнүн баасы күзүндө канча сом болорун билбей, тобокелге салышууда. Ошондуктан өкмөт айыл чарба түшүмдөрүнө такай саресеп салып, аларды дайыма өз көзөмөлүнө алганы оң. Анткени, дыйкан өндүргөн түшүмүн күзүндө баланча сомдон сатам деп бекем ишениши керек.

Келдибек НАЗИРОВ




  Убакыт көрсөтөт, бирок түштөн кийин...

Азизбек ТУРСУНБАЕВ, вице-спикер:
"Мен үчүн кресло биринчи орунда эмес"
"Ак Жол" фракция лидерлигин тапшырганы маалымат каражаттарында айың кептер арбын. Окуянын чын-бышыгын өз оозунан угуу үчүн Азизбек мырзага кайрылдык.


- Өткөн жылы май айында партиянын саясый кеңеши өтүп, кесиптештерим бир добуштан фракция лидерлигине бекитишкен. Анүчүн партиялаштарыма ыракматтан башка айтар кебим жок, мага жүктөлгөн зор ишенимди актаганга колдон келишинче аракет кылдым. Төрага орунбасары болгондуктан, парламенттеги чарбалык иштер менин мойнумда. Айтканга оңой болгону менен, аткара келгенде эки жумуш өтө оор, ал-акыбалың боюнча жетише албайт экенсиң. Мындан улам, партиялаштарыма макулдашып, фракция лидерлигинен кеттим.
Кандай гана тармакта эмгектенбегин, артынан сөз ээрчири турган иш. Менин фракция лидерлигинен четтетилишимди саясатташтырып жибергендерге түшүнүү менен мамиле кылам. Саясатка аралашкандыктан, ушуга окшогон айың кептерге даяр турушун керек.
- Былтыр Адахам Мадумаров жаңгак чатагынан улам төрагалыктан шыпырылган. Чырлуу маселеге сиз да катышып, спикерди көөлөп өткөн жайыңыз бар. "Турсунбаев Мадумаровдун "куйругун" басып алган. Адахам мырза ошондогу өчүн эми алып атат, тагырагы, фракция лидерлигинен алып түштү" имиши да жок эмес.
- Адахам Кимсанбаевич дасыккан саясатчы, мыкты адам. Ортобузда бөлүшө албаган нерсе жок, жылуу мамиледебиз. Сиз айтып аткан, ЖК имаратына ремонт иштерин жүргүзүү идеясы А.Мадумаров экөөбүздүкү болчу. Тилекке каршы, ал оюбуз жүзөгө ашкан жок.
- Канчалык актанып-жактанганыңыз менен, кадрдык алмашуулар жөндөн жөн эле жүргүзүлбөйт. Былтыр президент сизди кабыл алып, спикерликти сунуш кылганы туурасында кеп тараган. Ага ак да, көк да деген эмессиз. Саясый "кызыл кулактык" кылып, балким, төрагалыкка көз артып жүрбөңүз?
- Мен жөнүндө тараган маалыматтарга комментарий берип, журналист журтчулугу менен кайым айтышкым келбейт. Төртүнчү бийлик өкүлдөрүнө сыйлоо менен мамиле кылам. "Төрагалыкты сунуш кылыптыр…" ушагына каршы пикир билдирбегенимдин себеби ушул.
Кресло "дартына" чалдыккан адамдар көп. Мен алардын катарына кирбейм. Буга чейин кызматы жок деле жүргөнбүз. Мен үчүн кресло биринчи орунда эмес, андан көрө өз ишимди өргө жылдырышым абзел. Маселен, парламентке тиешелүү автопарк, пансионат боюнча аткара турган иштер арбын. Мына ошолорду жакшы нукка салуу ниетим бар. Кудайга шүгүр, спикер өз милдетин толук кандуу аткарууда.
- Учурда саясый кырдаал оор. Оппозициячыл маанайдагы саясатчыларга куугунтук күчөп, биртобуна кылмыш иши ачылды. Чыныгы эл өкүлү катары айтсаңыз, бул, бүгүнкү бийликтин алешем саясат жүргүзүп атканынын башкы белгиси эмеспи? Анын үстүнө, кыргыздар: "Бирөөгө ор казсаң кең каз, өзүң түшүп каласың" дечү эле…
- Жаңырган жылдын алгачкы айында өлкө башчысы элге кайрылуу жасап, биримдикте, ынтымакта болсок гана Кыргызстаныбыз өнүгөрүн билдирди. Чындай келгенде биз чакан мамлекетпиз, калкыбыздын саны аз. Ошого карабастан эгемендикке ээ болуп, эркин өлкө катары түтүн булатып атканыбызга сүйүнсөк. Ондогон улуттар өзүнчө мамлекет аталсак дегенде эки көзү төрт болуп жүрбөйбү. Жаманбы-жакшыбы бир нукка түшүп, экономикада аз да болсо ийгиликтер бар.
Демократиялык принципте жашап аткандан соң, сын-пикир айтылышы мыйзам ченемдүү көрүнүш. Бийликти объективдүү сындаган оппозиция керек. Тилекке каршы, айрымдары "атың чыкпаса жер өрттө" методун колдонуп, куру доомат менен кыйкырып чыгышат. Оппозициянын пикиринде, алар гана карапайым калк деп күйөт, ал эми Акүй, Көкүйдөгүлөр өз кызыкчылыгы менен гана алек. Бул туура эмес, биз дагы мамлекетибиз өнүгүп, элибиз байгерчиликте жашашы үчүн колдон келген аракетибизди жасап атабыз.
Ооба, оппозициячыл саясатчылардын айрымдарына кылмыш иши ачылды. Канчалык деңгээлде күнөөлүү экенин тиешелүү орган изилдеп, өз баасын берет. Ал жөнүндө ак же көк деп пикир айтканга укугум жок.

Нурканбек КЕРИМБАЕВ