Кыргыз гезиттер архиви

Секске кандайсың, секет?!
Французча секс: француздун ойношу бар…
Англисче секс: өзүнүн аялы француз менен ойноп атканын эшиктин тешигинен шыкаалап аңдыйт…
Грузинче секс: шыкаалаган англисти артынан коомай аңдып келип…
Италиянча секс: грузинче секс жөнүндө кино тартат…
Советтик секс: италиянча порнографияны көргөнү үчүн орусту партжыйында тоңкойто токмоктошот…
Кыргызча секс: аргасы түгөнгөндөрдүкү англисче секс… акчасы көптөрдүкү французча секс… саясаты күчтүү кумганчылардыкы грузинче секс… иттей чудиктердики италиянча секс… пенсиядан ары советтик секс…

Сен ким менен?!
Бүгүн-эртең эгер жаан-чачын болбосо, шамалдын ылдамдыгы чөптүн башын кыймылдатпаса, бензин кымбаттабай, абийир арзандабай турса, "Бойдоктор" партиясы борбор аянтка бикетке чыгабыз деп беленденип жатышат. Алардын койгон талаптары: "Талак, талак жана талак!", "Контрольный талак!", "Кетсин, кетсин, кетсин!", "Жашасын жалгызжат!", "Урук коргоочулардын укугу тебеленбесин!" ж.б.


Жентльменсиңби, ыя?!
Тарбия-таалими бар жентльмен менен тубаса жентльмен кантип айырмаланат. Айталы, жентльмен мейманканадан номур алат да, душка жуунмак болот. Душта болсо кудай жалгап, жылаңач бийкеч киринип атат дейли. Тарбия көргөн жентльмен эмне дейт болдукен?
- О, мадам, миң мертебе кечирим сурайм… же ушул сыяктуу сөз айтат дейт.
Ал эми тубаса жентльмен эмне дейт болдукен?
- Кечирип коюңуз, сэр. Ушу жерде менин көзайнегим унутта калган көрүнөт… - деген экен, кайран эр.

Тост-торгой
Эскиден калган эстүү сөз бар экен: "Бир атасы он баласын баккандай, бир атасын он баласы багалбайт" деген. Келгиле, анда, ылайым балдарыбыз бизди багып кыйналышпасын (оорубайлы), уре!

Байыркы Чыгышта: "Алтынды от менен сынайт, аялды алтын менен сынайт, эркекти аял менен сынайт" деп кыт куйгандай айткан экен. Эмесе, достор, ушундай сыноолордун бардыгынан абийир менен чыккан азаматтар үчүн!

Адамдын алтынчы сезими деп эсептелген жокчулук деген нерсе калган беш сезимдин көзүн көр кылат дешет. Менин каалоом - биздин беш сезимибиз эч убакта ишсиз калбасын!

"Өзүң өздөштүргөн бир тажрыйба башка бирөө үйрөткөн алты акылдан өйдө турат" деген экен бир акылман. Эмесе, колуңдагы шарапты бир эле тартып жибер!

Эгер мас болгуң келсе, үй ээсинин жанына отур. Эгер курсагың тойсун десең, кожойкенин жанына отур дейт абалтан. Келгиле, биздин урматтуу жана меймандос үй ээлери үчүн!

Грузинден аялы сурайт:
- Африкада кээ бир уруулардын эркектери өз аялдарын сатып жиберишет экен. Эгер биз Африкада жашасак, сен мени сатат белең?
Күйөөсү колун жайып:
- Сени кантип сатам, уят да! Сени бекер эле белекке кармата бермекмин, - дептир.
Келгиле, грузинче сатылбас сүйүү үчүн!

Чыныгы эркек деп, аялынын туулган күнүн унутпаган, бирок аялы канча жашка чыкканын "унутуп" калган эрлерди айтат экен. Эмесе, аялзатынын турмуш жолунда дайыма чыныгы эркектер жолуксун!




Сөзирмемдер
Эки буттуу айбандын адам болмогу арсар.
Абийирдүү ууру аркы айылдын малын согот.
"Абийириң жок экен!" деп тилдептир ажалы жок бир кийик.
Кокуй өкүмат коррупциянын колун узартат.
Организмге коргошун жетишпесе, өлдүң дей бер!
Өлөр эчки койчунун бычагы менен сакалын алат.
Өкмөттөн сөз чыкпаса, аныңар май чайнап отурат дей бер!
Ишбилги каракчы "коногун" кийимине карап тосуп, эс-акылына келтирбей жолго салат.
Кримжигиттер иш таштаса, төбөсү менен көр казат.
Карышкырдан калган жалгыз туяктын ээси бар бекен?!
Ээси жок баштын мээси көгөрүп ишке чыкпайт.
Ок жаңылат, бирок күнөөсүн мойнуна албайт.