presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Азыркынын кумирлери

Акыркы мезгилде тартылган фильмдердин арасынан "Министрдин кызынын махабаты" көпчүлүк тасмалардан алдыга суурулуп, кинотеатрларда аншлаг менен өтүп, элдин көңүлүн өзүнө бурган эле. Албетте, бул тасма тууралуу ар кандай ой-пикирлер айтылып келет. Тасмадагы башкы каарман Жоробек менен жолугуп, маектештик. Чыныгы турмуштагы өз аты - Аскат Эрбаев. Тасмадагыга караганда мүнөзү түнтүрөөк, сөзгө сараң экен.

"Үч сулуу кызды тең сыйлайм, бирок..."
- Аскат, "Министрдин кызынын махабатындагы" Жоробек менен көпчүлүккө таанымал болуп калдың. Дагы башка тасмаларга тартылдыңбы?
- Учурда ЭлТР телеканалында оператор болуп иштеп атам. Искусство жаатынан алыстап кеттим деп деле айтпайм. Убагында Манас университетинин искусство жагына тапшырып, өтпөй калгам. Кудай буюрса ушул тармак боюнча жогорку билимдүү болсом деген жакшы тилегим бар.
- Тасмадагы эротикалык көрүнүштөрдү аткарасың го, үйүңдөгүлөр менен көргөндө уялдыңбы?
- Үйдөгүлөр кинону чыккандан кийин кечирээк көрүштү. Бирок, мен ал жердеги эротикасынан уялган деле жокмун. Себеби, үйдөгү кырдаалды абдан жакшы билем. Киного тартылалекте китепти окуп чыккам. Баарына психологиялык жактан даяр болчумун. Эч ким тоскоол болгон жок. Ошонүчүн тартылдым.
- Сулуу, жаш кыздардын арасындагы лидер катары тартылдың. Ошол кыздардын ичинен бирөөнү көңүлүң жактырып, сүйүп калган жоксуңбу?
- Эми бул кино эле болуп калды. Негизи, биздин кинодогу кыздардын арасында эч кандай сезим болгон жок. Тасмадагы башкы ролду ойногон үч сулуу кызды мен адам катары сыйлайм, бирок ортодо эч кандай сүйүү же жакшы көрүү сезим жок. Кээде телефон аркылуу сүйлөшүп турабыз.
- Көчөдөн сени Жоробек деп тааныгандар болобу?
- Чындыгында менин чыныгы атымды эч ким деле билбей калды. Учурда ар бир кыргыз үйүндө ушул "Министрдин кызынын махабаты"тасмасынын диски бар болуш керек деп ойлоп калдым. Себеби, көпчүлүк атымды атабай эле Жоробек деп кайрылышат. Аскат деген өзүмдүн атыма караганда Жоробек деп кайрылгандарга көнүп калдым. Айыл жеринде тасма легендага айланып кетиптир. Мен барганда баардыгы тең "Жоробек келиптир" деп өзүмдүн айылыма чоң мейман болом.
- Эгерде кыздар менен тааныша турган болсоң атыңды ким деп таанышасың?
- Анда Аскат деп эле таанышам. (Күлдү)
- Көпчүлүккө таанымал Медер Итибаевде тарбияланып, тай-цзи менен машыккан экенсиң…
- Кытайдын тай-цзи чоань өнөрү күрөшүү искусствосунун атасы деп аталат. 2001-жылы Ош мамлекеттик университетине студент болуп жаңы окууга киргенден эле Кытайдын ушул искусствосу менен машыгып келатам. Ошто машыгып жүрүп, кийин Медер Итибаев агай Бишкекке келгенде анын артынан бир жыл өтпөй мен да келдим. Бул жактан ошол боюнча зал ачып, окуучуларга үйрөтүп, сабак берем. Спортто машыгып жүрүп Рустам Аташов байке менен таанышып калдым. Чыгармадагы Жоробектин образы мага туура келген окшойт, ролду сунуштап калды. Кичинемен эле күрөшүү аралашкан кинолорго аябай кызыгып, кыялданчумун. Тасма тартылалекте эле "Министрдин кызынын махабаты" китебин окуп чыккам. Китеп мага абдан жаккан эле. Негизи кызыктуу китептерди окуп аткан учурда чыгарманын каармандары менен аралашып, кирип кеткен учурлар болот эмеспи. Ошол китепти окуганда негедир кино көрүп аткандай сезилчү. Арадан эки-үч жыл өтпөй ошол китептин негизги каарманы өзүм болуп калдым.
- Тасма тартылып аткан учурда кайсы сюжет купулуңа толбоду?
- Мен бул тасмага тартылууга өзүм кызыкдар болчумун. Ошондуктан эч бир сюжетти тандаган жокмун. Режиссердун айткан көрсөтмөлөрүнүн баарын так аткарууга аракеттендим. Жүрөгүмдү өйүгөн жери жок. Өзүм баалап, берилүү менен ойногон жери - мушташуу учуру. Мушташкан учуру мага аябай жаккан. Мушташкан учурлардын көпчүлүк бөлүгүн өзүм койгом.
- Негизи мушташкан тасмаларды тартканда көпчүлүк артисттер денесинен ар кандай жаракат алышат экен, силерде да ушундай болдубу?
- Мушташ өнөрүндө денеден жаракат алуу көп эле болот. Бирок, бизде абдан оор деле жаракат болгон жок. Мен аларды жаракат деп деле эсептебейм.
- Үйлөнө турган курак келип калыптыр, качан турмуш куруп, жекече жашоону баштайын деген оюң бар?
- Учурда сүйлөшкөн кызым деле жок. Үйбүлө куруу жөнүндө эми ойлонуш керек окшойт деп ойлоп калдым. Кино дискке чыккандан кийин кыздар телефонума СМС жазып, таанышып албайлыбы деген чалуулар болгон. Бирок, чыныгы сүйүүмдү жолуктура элекмин. А мектепте баардык эле адамдарда балалык сүйүү болсо керек. Мектепте жакшы көргөн кызым бар болчу. Азыр экөөбүздүн жолубуз эки башка, ал турмуш куруп кеткен. Бирок, ага сезимимди билдире алган эмесмин. Студент болгондон кийин кыздар менен сүйлөшүүгө анча кызыкпай калдым. Анткени болгон күч-аракетимди сабак менен эле спортко жумшадым. Бирок, кыздар менен сүйлөшпөй калдым деп эч убакта өкүнбөйм.
- Негизи сага кандай кыздар жагат? Мисалы, тасмадагы аткарган үч кыздын кайсынысынын образы көбүрөөк көңүлүңө толот?
- Ал кинодогу кыздардын образдарын айталбайм. Бирок, мага ачык айрым, жөнөкөй, чыныгы жашоодо кандай болсо, ошондой табияттагы кыздарды жактырам. Жасалма сүйлөгөн, бой көтөргөндөр жакпайт. 14-февраль сүйүшкөндөрдүн күнүндө деле бирөөгө сүйүүмдү билдирип, майрамдаган жокмун.
- Циркте "Жылдыздар манежде" долбооруна аралашып атыптырсың, өнөктөшүң ким?
- Азыр циркте ар бир катышуучу өзүнчө номер көрсөтө турган болду. Аттар менен ар кандай трюктарды жасаган "жигитовка" деген тобуна катыштым. "Жигитовканын" жигиттери мага жардам берип атышат. Жигиттер тобунда беш бала болсо, алардын бири мен болуп чыгам.
- Рустам Аташов "Министрдин кызынын махабатын" тарткандан кийин тартылган актерлор артынан ар кандай сөздөрдү айтканын угуп калдык эле?..
- Албетте, мени Жоробек деп элге тааныткан Рустам байке. Ага ыраазымын. Аны мурда кандай көрсөм, азыр деле ошондоймун. Эгерде мага киного тартылууга сунуштаса макул болмокмун.




Рустам АТАШОВ профессионал деген сөзгө кыжыры келет
"Министрдин кызынын махабаты" тасмасы менен таанылган Рустам АТАШОВ "Эркектер" деген аталыштагы кыргыздын мырзалары тууралуу комедияны тарткан эле. Эми жаз келээри менен дагы бир тасманы тартып, элге тартууласамбы деп билек түрүнө камынып туру. Жаңы тасма эмне жөнүндө болмокчу, режиссердун өз оозунан угалы.

- Учурда жаңы тасма тартайын деп атам. Төрөлөлек балага ат койбойт дегендей, жаңы тасмага ат кое элекпиз. Ал бүгүнкү турмушту чагылдырган, заманбап кино болот. Аны тартууну апрелдин орто ченинде баштасакпы деп турабыз. Бишкекте, Ошто, Каракөлдө жана Кыргызстандын башка кооз жерлеринен тартылат. Сценарийин өзүм жаздым. Спортсмендердин криминал чөйрөсүнө аралашып кетүүсү, турмуштагы адилеттүүлүк, чындык үчүн күрөшүү жөнүндөгү боевик кино болот десек жаңылышпайбыз. Ошол эле криминал чөйрөнүн ичиндеги бирин-бири тарбиялоо эрежелери көрсөтүлөт. Биздин мамлекеттеги кээ бир мыйзамдар ишке ашпай атса, маселесин криминал чөйрө аркылуу чечкен учурларды камтыйт. Негизги максат - жаштарды спортко тартуу.
- Кинону ким каржылап атат, же өзүңдүн каражатыңа тартасыңбы?
- Башынан эле эч кимдин жардамысыз, демөөрчүсү жок кино тартып келатам. Мындайча айтканда, ар бир тасмадан түшкөн каражатты кайра кийинки киного жумшайм. Мамлекетке кайрылып көрсөмбү деген деле ой болгон. Бирок, "Кыргызфильмде" профессионал же профессионал эмес деген сөздөр ээрчип жүрөт. Алар тарткан тасманы мен деле тартып атам. Тилекке каршы, өздөрүн профессионал катары эсептеген кээ бир режиссерлор бар. Алар ошол тармак боюнча билими бар, көп жыл ошол чөйрөдө иштегендер, өзүлөрү тарткан тасманы өтө жогорку деңгээлде баалагандар. Биздин кинолор фестивалдарга катышып атат, алардын деңгээли жакшы, башка тасмалардын деңгээли төмөн деп биздикин сынга алышат. Профессионал деген наамды өздөрүнө өздөрү койгондор. А менин оюмча, профессионал деген кинодо негизги ролду ойнобош керек. Тасманы ким тартпасын, ал элдин талабына жооп бериши шарт. Элге жаккан кино болуш керек. Чынын айтыш керек, профессионал деген сөз мени аллергия кылып, кыжырымды келтирет. Мен кино жаатына аралашпай, ырдап жүргөн кезде да ушундай биз профессионал ырчыбыз деген бөлүнүү болгон. Бүгүн дагы режиссерлордун ортосунда биз профессионалбыз деп көкүрөк көтөргөндөргө кыжырым келет, себеби ошондой адамдардын эл үчүн кыйратып койгон тасмалары деле жок. Тескерисинче, эл арасынан чыккан автордук режиссерлор элдин талабына жооп берген, кызыгып көргөн, бүгүнкү кинотеатрларда аншлаг менен өткөн тасмаларды тартып атышат. Алар фестивалдарга катышып сыйлык утайын дегендер эмес, элдин кызыкчылыгын ойлогон режиссерлор деп ойлойм.
- Учурда кинотармагында атаандашуу күндөн-күнгө күч алууда. Тасмаларыңдын Кыргызстандан сырткы фестивалдарга катыштыруу жагына кандай карайсың?
- Негизи андай ой бар. Кандай гана тасма болбосун фестиваль үчүн гана эмес, адегенде кыргыз элине жагыш керек. Менин оюмча, кыргыздын терс жактарын көрсөткөн тасмалар эларалык фестивалга катышпаш керек. Азыркы кыргыздын фестивалга катышкан фильмдеринин көбү бизди басмырлап, терс жагыбызды көрсөткөндөр. Менин фестивалга катыша албаганымдын себеби: бизде сапаттуу техника жок. Ага чоң каражат керек. Тасмалардын сапаты кичине төмөн болгондуктан, сыртка чыгалбай атабыз.
- Жаңы тартыла турган тасмаңа артисттер элдин арасынан алынабы же атайын артисттер ойнойбу?
- Негизи элдин арасынан алынат. Мурдагы кинолордон айырмалантып, азыркы тасмага профессионал актерлорду аралаштырайын деп атам. Азырынча ким экенин айтпайм. Кастинг жакында өтөт. Тилекке каршы, актерлордун арасында да профессионал эмес деп биздин тасмага түшкөн артисттерди сындап келишет. Ошентип, сыртынан сынабай, кастингге келишсе жакшы болмок. Алар өздөрүн жогору сезип, кастингге да келишпейт. Бирок, ошентип жүрүп, эч бир киного тартылбай да калышат. Андан көрө намысты жыйыштырып коюп, бизди режиссер катары таанып келсе, ошолордун арасынан да тартмакпыз. Биз артисттерге чектөө койбойбуз. Жаңы тасмама өзүн профессионалмын деген артисттерди чакырып көрсөмбү деп атам. 6-марттан баштап "Манас" кинотеатрында "Эркектер" киносу көрсөтүлөт, кастинг ошол жерде өтөт.
Бетти даярдаган
Назгүл КАЛМАМБЕТОВА









??.??