Кыргыз гезиттер архиви

  Тагдырдын тайгүлүк ташы

Өмүр берчү төрөтканадагы өлүм
Талас облусунун Аксай айлынын жашоочусу Кожоналиева Дамира 24 жаштагы келини ак халатчандардын кайдыгерлигинен төрөттөн көз жумгандыгын айтып, соттун адилетсиз чечимине нааразычылыгын билдирип отурду. Айыл жергесиндеги ак халатчандардын оорулууларга болгон мамилесин башкалар окуп, эл билсин дейт. Келининен калган небересин алып отуруп, маектешим көзүнө жаш алып буларды айтып берди.

- 1982-жылы төрөлгөн Акматова Райхан уулум Замир экөө эки жыл сүйлөшүп жүрүп баш кошуп, эки кыздуу болушкан. Үчүнчү баласын 2006-жылы 31-октябрда төрөп, 1-ноябрда доктурлардын кайдыгерлигинен каза болуп калды. Боюнда барда доктурга көрүнүп, үчүнчү баласын жакшы эле төрөгөн. Келиним төрөгөндө жанында болуп, палатага которгон убакта ысык чай берип, анан үйүбүзгө кеткенбиз. Эртеси наристеге ороо-чулгоо алып, тойго даярданып атсак, Райхан кыйналып атат деп ооруканадан чакыртып жиберишиптир. Барсак Райханга капельница коюп коюшуптур. Эмне болгонун сурасак, кан басымы көтөрүлүп кетти дешти. Райхан көзүн ачкан жок, уктап аткан го деп ойлогонбуз. Жакшы болуп калды, кете бергиле дегенинен кетип калганбыз. Бирок, арадан эки саат өтпөй катуу кыйналып атат деп кайра чакыртып жиберишиптир. Барсак бөлөк палатага которуп коюптур, колунда дале капельница бар, көзү жумулуу эле. Түшкө чейин жанында отуруп, катуу кыйнала баштаганда "Райхан катуу кыйналып атат, көрбөйсүңөрбү" деп доктурларга айтсам, чуркап келе калышты. Текшергенден кийин Таласка алып барыш керек, ал жерден аппаратка салсак жакшы болуп калат дешти. Таластан "тез жардам" машинесин чакыртышып, Райханды шаарга алып жөнөдүк. Ушунча убакыт бою Райхан эсине келген жок. Жолдон эжесин да кошуп алдык. Таласка барып кабыл алгандан кийин эле свет жок деп айтышты. Электр энергиясынын жоктугуна байланыштуу дагы эки-үч саат аппаратты күтүп калдык. Доктурлардын оозунан чыккан дарыларды сатып келип, алар сайып, дарылап атышты. Төрөткананын реанимация бөлүмүнүн врачы К.Үкүев чыгып, Райхандын жүлүнүнөн сары суу алышканын, мээсине кан куюлуп кеткендигин айтты. Сары суу алганда ал кан аралаш чыккан экен. Эртеси кечки саат жетилерде келиним эсине келбей комада жаткан боюнча кайтыш болду. Доктурлар Райханды сойдуруп, эмне себептен көз жумганын текшеребиз дегенде, адегенде макул болгон эмеспиз. Бирок, болбой эле текшеришибиз керек дегенден кийин ага да макул болдук.
Райхан менен палатада чогуу жаткан келин күбө катары төмөнкүлөрдү айтып берди: "Палатага жаңы төрөгөн келинди алып келишкенде карасам, мектепте окуткан окуучум Райхан экен. Бир аздан кийин ал: "Эже, жүрөгүм айланып, ооруп турам, доктурду чакырып келесизби" деп үнүн араң чыгарып суранды. Аларды ойготуп чакырып келдим. Райханды көрүшүп, "чыдай тур, таң атсын, дары жок" деп кайдыгер басып кетишти" деди. Ошол боюнча келиним кыйналып жатып, эсине келбей кан басымы жогорулап, комага түшүп кеткен экен. Эртең менен гана анын эсин жоготуп койгонун көрүшүп, капельница коюшуптур.
- Доктурлардын үстүнөн арыз жазып, сотко берип, алардын күнөөсү аныкталдыбы?
- Адегенде райондук сотко бергенбиз. Сот карап атып эле тынчып калды. Биз болсо ымыркай менен алышып, кийинчерек эмне болгонун сурасак, өз ара бири-бирине сөгүш берип, ишти жаап салышыптыр. Сот адилеттүү карасын, күнөөлүүлөр өз жазасын алсын деп, 2008-жылы кайрадан ишти козготтук. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгын Бишкекке жөнөтүп, анын корутундусун күтүп калдык. Өткөн жылдын октябрь айында сотмедэкспертизанын жыйынтыгы келип, кайрадан сот процесси болду. Соттук-медициналык экспертизанын корутундусу боюнча Р.Акматовага өз убагында дарылоо тактикасын туура эмес жүргүзүшкөндөн улам кан басымы жогорулап, эклампсия болуп, өтүшүп кетүүнүн негизинде баш мээсине кан куюлуп, "гемморагический инсульт" болуп, натыйжада төрөттөн кийинки өлүмгө дуушар болгондугун көрсөттү. Чатбазар айылынан Таласка чейин кан басымы көтөрүлүп аткан оорулууну алып барбаш керек болчу. Негизи оорулуу төрөттөн кийин эч кандай медициналык жардам албай, каралбай калган деп жыйынтык чыгарыптыр.
- Күнөөлүү делген ак халатчандарга сот чечими кандай чара колдонушту?
- "2008-жылдын 3-ноябрында Талас облусунун Талас райондук сотунун чечими менен күнөөлүү делген ак халатчандар Куттубаева Гүлбара Токтосуновна жана Дүйшөкеева Айнура Абаскановна КР Кылмыш-жаза кодексинин 119-статьясынын 2-бөлүгү менен беш жылга эркинен ажыратылышсын, Г.Куттубаева бир жылга төрөт бөлүмүндө врач акушер-гинеколог болуп, ал эми А.Дүйшөкеева үч жылга төрөт бөлүмүндө акушер болуп иштөөдөн ажыратылышсын" деп өкүм чыгарды. Бирок, кайра эле Г.Куттубаева менен А.Дүйшөкеева Кыргыз республикасынын 2008-жылы 4-августта чыккан аялдарга жана эрезеге жетелектерге мунапыс берүү жөнүндө КР мыйзамынын 2-статьясынын негизинде белгиленген жазадан бошотулушсун, эгерде сот чечимине нааразы болсоңор, облустук сотко кайрылсаңар болот деп айтышты. Күнөөкөр деп табылган доктурлар эч кандай жаза албай сот залынан боштондукка чыгып кетишти. Биз облустук сотко кайрылган күндө деле ушундай чечим чыгарат деп аларга ишеним болбой калды. Эң өкүнүчтүүсү, учурда экөө тең мурдагы эле орундарында эч нерсе болбогонсуп иштеп жүрүшөт.
- Кичинекей ымыркайды ооруканадан качан алып келдиңер?
- Райханды акыркы сапарга узаткандан кийин төрөтканада калган ымыркайды алып келип, атын Медер койдук. Үйгө алып келгенден кийин наристе ыйлап, басылбай тынчыбызды алды. Айылдагы доктурду чакырсак, ал текшерип көрүп, "Таласка алып барып баланын буту-колун рентгенге тарттыргыла" деди. Таласка барып рентгенге тарттырсак, жамбашы чыгып кетиптир. "Колубуздан келбейт, Бишкекке алып баргыла" дешти. Анын жамбашы ооруканадан чыгып кеткенин билдик. Бирок, эч ким мойнуна албайт. Бир айлык ымыркайды Бишкекке алып келсек, алар текшерип көрүшүп, бала өтө кичинекей экен, эмчек эмбесе, өзү да, силер да кыйналасыңар, андан көрө үч айында алып келгиле дешти. Үч айдан кийин баланы кайра алып келдик, эмчек эмбеген ымыркайды кыштын күнү улам шаарга алып келүү кыйынга турду. Каныбек Бегалиев деген жакшы врач бар экен, текшерип гипс койду. Үч ай гипсте жүрдүк. Ар бир үч ай сайын доктурга алып келиш керек болду.
- Райхан жаңы каза болгондо доктурлар күнөөлөрүн сезип, астыңардан өтүп, кечирим сураштыбы?
- Жок, кечирим сурап келишкен жок. Сот башталып, Райхандын көз жумганына 52 күн болгондо гана ооруканадагы доктурлар куран окутуп келишти. Ошо менен тынчып калышкан. Кийин кайрадан биз сотко берген учурда айылдагы аксакалдарды, молдолорду, айыл өкмөтүн ээрчитип кечирим сурап келе башташты. Алар ооруканада дале иштеп атышат, булар оорулууларга дайыма жакшы карайт деп ким кепилдик берет. Башкаларга сабак болсун деп ишти сотко өткөрдүк, сот чечет дедик. Бирок, сот биз ойлогондой чечкен жок. Сот учурунда алар адвокат жалдашыптыр. А биз кичинекей баланын көйгөйү менен жүрүп, адвокат жалдаш керектигин да билбептирбиз. Райхан көз жумганда кичүүсү Айпери эки жашта, улуусу Айдай үчтө болчу. Өткөндө жаңы жылда дасторкон даярдап атсак, Айпери энесинин сүрөтүн көпкө карап туруп, жаныма басып келип, "Апа, биздин мамабыз болсо ээ…" деп муңканса, жанымды коерго жер таппай калдым. Жүрөгүм сыздап мен да ыйладым, жанымда турган неберем да ыйлады. Улуу кызы кээде: "Мамам эмнеге келбей атат, каякта?" деп сурап калат, мен ооруканага кеткен боюнча келген жок, таппай атабыз деп сооротом. Мен эми качанкыга чейин ушинтем билбейм. Алардын жүрөгүн оорутуп, "мамаң өлдү" деп айтууга оозум барбайт. Райхан өз кызымдай, маңдайы жарык болчу. Он биртуугандын кенжеси эле. Ата-энеси, биртуугандары сыздап калышты. "Карга карганын көзүн чукубайт" дегендей, врачтар деле бирин-бири жаап-жашырып турушат экен. Сот чечим чыгаргандан кийин унчукпай, баарын Кудайга коюп кала бердик.
Адамдын жаны кыйналып, көзүнө көрүнгөндө дүйнөнүн баары бир тең, чымындай жаныңды аман алып калуучу дарыгериң бир тең болот эмеспи. Ошондой учурда кыйналып, өлүм алдында жаткан адамдан жүзүн буруп, кайдыгер басып кеткен ак халатчандарды адам эмес, Кудай да кечирбесе керек. Күлгүндөй жашында көз жумган Райхандын өлүмүнө себепкер болгон доктурлар дагы канча адамдын өмүрүнө залал келтирет болду экен?.. Жоопкерчиликсиз доктурларды кайрадан ошол эле ооруканадан иштөөгө шарт түзүп берген жетекчилеринин кайдыгерлигине таңгалдык.
Назгүл КАЛМАМБЕТОВА