presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Чу! Чу!

"Куудул Жамбыл "КАМЧИЕВдин "чолок" камчысы
Куудул Жамбыл КАМЧИЕВ кызын күйөөгө узатып, Бишкекке тойго келген экен. Анан атайы "Агым" үчүн маек берип, түштүк регионунда жайгашкан кээ бир айылдардын мышык ыйларлык абалын айтып, кейип отурду. Маегибиз азыркы Кыргызстандын экономикалык абалы, Өзбекстанды кантип "муунтсак" ал бизге газды арзан баада берет? Андан тышкары, кандай адам тарбиялуу деп эсептелет сыяктуу маанайда болду.

- Мамлекеттик тилди өнүктүрүү максатында түштүк регионундагы орус, өзбек, тажик мектептерине, айылөкмөттөрүнө кыргызча программа менен Чаткал, Алабука, Аксы райондоруна, Ташкөмүр шаарынын айланасындагы айылдарга гастролдоп, концерт коюп келдик. Арасында таптакыр концерт коюлбаган айылдар да бар экен. Концерттик номерде тамашалуу, тарбиялык мааниси чоң макал-ылакап, интермедиялар аралашкан. Учурда эстрада жылдыздары ырдаган жеңил-желпи ырларды да аралаштырып койгонбуз. Кээ бир айылдарга жаңы клуб курушуптур, ал жерге концерт коюуга мүмкүн эмес. Микрофон колдонсок үн жаңырып, көрүүчүлөр биздин сөзүбүздү укпай, чурулдап отура беришет экен. Бир фляганын ичине кирип алып сүйлөп аткандай эле болот экенсиң.
- Сиз кайсы топту жетектейсиз?
- "Аралаш" тамаша театры деп коебуз, негизи куудулдар-аралаш коомдук фонду. Мурда Рахман Разыков, Манас Бердибеков, Дөөлөт Мадымаров болуп иштегенбиз. Манас Бердибековдун көзү өтүп кеткенден кийин Оштон фонд ачкан элек. Чаткалдын Акташ деген айылына барып оюн койдук. Алардын клубу жок экен, бирок, эли ачык асман астында бизди туруп көрүштү. Ошол Акташта илгери ГЭС курулат деп планга кирген экен. Чаткалдын суусу Өзбекстанга карап жөнеле агып атыптыр. Акташтагы Чарбак деген Өзбекстандын суу сактагычы Ташкент шаарын ошол суу менен камсыз кылат экен. Ошол суунун 60-70 пайызы Кыргызстандан агып чыгат экен. Эгер биз Акташтагы ГЭСти кура турган болсок, Өзбекстан бизге бир топ эле көзкаранды болуп калмак. Жанагынтип газдын баасын асмандатпай, биз айткан боюнча бере тургандай акыбалга келип калмак. Себеби, Өзбекстан алып аткан суунун кожоюну биз болуп калмакпыз. Ошол ГЭСти курса, Кыргызстандагы бир нече региондорго электр энергиясы кененирек жетип калмак. Бул мамлекеттик деңгээлдеги иш, муну өкмөткө гезит аркылуу сунуштап коеюн деп атам. Чаткалда алтын кенин издеген он эки четмамлекеттик ишкана бар экен. Алардын үстүнөн райондук, облустук деңгээлдеги текшерүүлөр текшере турган болсо тоготушар түрү жок. Колдорунда куралдары да бар экен. Ошондуктан мамлекеттик деңгээлде күч колдонуп болсо да, буларды тартипке салыш керек. Болбосо, Чаткалдын экологиясына абдан терс таасирин тийгизип атышыптыр. Айылдагы клубдардын аренда акысы ар башка, башаламан. Бир клубга барсак 30 пайыз десе, экинчиси 20 пайызды сунуштайт. Булар өздөрүнчө эле бааларды коюп алышып, өзүмбилемдик абдан күч алыптыр. Аларды эч ким көзөмөлгө албайт. Кыскасы, маданият министрлиги иштей турган иштер абдан көп экен. Эшик-терезеси жок клубдарды көрдүм, бирок, эл ошол жерге келе берет. Ошондой эшик-терезеси жок клубдар дагы бизден аренда алып атышты. Султан Раевге жолугуп айткам, эки жылдан бери ана-мына, көрөбүз деп коюп жүрөт. Маданият министрлиги ар бир клубду текшерүүдөн өткөрсө жакшы болмок. Алайкуу өрөөнүндөгү кээ бир айылдарда бирөөнү бирөө сабап койсо, же башка көйгөйлөр чыгып калса, алардын бардыгы арак менен өлчөнөт экен. Участкалык милицияга канча бөтөлкө арак берсең, ал ишти жабат, айыл өкмөткө канча бериш керек, мугалим канча алат, айтор бардыгы арак менен бааланат. Алайкуу өрөөнүндөгү чегарада болгону отуз жоокер бар экен. Ошондой чегарага отуз жоокер койгону кантип болсун, жок дегенде жүз жоокерлик рота коюш керек болчу. Баардыгын эле Бишкектин тегерегине алып келе берүүнүн эмне кереги бар. Ал жерде шпиондор жөнеле өтө бере тургандай шарт бар. Бул эми коргоо министринин иши го. Ал эми Алайкуунун жолдору мышык ыйларлык абалда. 80 миллион акча бөлүнгөн имиш. Эгер ошол акча туура пайдаланып, жолдору оңолуп калса жакшы. Түштүктүн айылдарын кыдырып жүрүп, өзбекче которулган ар кайсы мамлекеттин фильмдерин көрүшөрүнө күбө болдук. Бишкектин көчөлөрүндө орусча, англисче кээ бир жерде кытайча көрнөктөр илинип турат. Бул биздин кыргыз тилди сыйлабагандыгы да. Буларга жок дегенде жылына бир жолу салык салыш керек. Ошондо гана бизде өнүгүү болот.
- Жогоруда бир аз саясый маселелерди козгоп кеттиңиз, өзүңүздү келечекте саясатчы катары, же маданият министри катары көраласызбы?
- Маданият министри катары өзүмдү эле эмес, досторумду деле көралам. Мисалы, Күмөндөр же Келдибек Ниязов маданият министри болсо жакшы эле болмок. Саламат Садыкова же Жаныбек Алыкулов деле жогорку билимдүү, булар деле ишти алып кеталышат. Рахман Разыков деле башкарып кеталмак. Азыркы министрибиз эч кандай концерт койбогон, маданият тармагында иштебеген адам. Маданиятты ушуга окшогон чала драматург, чала жазуучу жетектеп отурат. Анын жазган пьесаларына карата айтылган сындарды угуп жүрөм.
- Айылдагы оор жашоону көрүп көңүлүңүз чөгүп келиптир, а эмнени көрүп көңүлүңүз көтөрүлдү?
- Айыл жерлеринде жаңы мектептер курулуп атканын көрүп сүйүндүм. Алыскы тоонун арасында жакшы мектептер курулуп, билим берүү жүрүп атыптыр. Бирок, айылдагы мектептерде жалаң эле картаң мугалимдер калыптыр, жаштар келбейт дейт.
- Бир кезде кайсы гана майрам болбосун "Мыскыл жана тамашаны" көпчүлүк күтүп көрүшчү. Акыркы мезгилде куудулдар өздөрүнчө бөлүнүп, мындай тамашаны теледен көралбадык. Мунун себеби эмнеде?
- Куудулдар баягыдай эле өзүнүн тобу менен алына жараша иштеп атышат. Мисалы Рахман Разыков өзүнчө программа даярдап, жаш балдар менен "Беш тапан", "Бешилик" деп чыгарып атат. Жаныбек Алыкулов өзүнчө иштеп жүрөт. Куудулдардын көпчүлүгү тамада болуп кетишти. Себеби, тойдон көбүрөк пайда түшөт жана тынчырак жашайт экен. Ал эми гастролго чыгыш, бул азап-тозок, мамлекет эч кандай колдоо көрсөтпөйт. "Мыскыл жана тамашанын" көпчүлүккө тартууланбай калышына күнөөкөр улуттук телеканал болду. Улуттук каналда Токтош Айтикеева деген эже жетекчилик кылгандан баштап бузулду. Негизи "Мыскыл жана тамаша" сатира-юмор жанры эң опурталдуу жанр экен да. Сатира-юмор десе эле баардыгы коркуп турат. Акүй менен Көкүйдөн телефон чалып, эмне үчүн мындай сатираны кое бердиңер дейт экен. Ошондуктан булар жалтактап чыгарбай атышат.
- Куудулдар арасында бирин-бири көралбай, тамашанын башы бирикпей калды деген маалымат алдык эле?
- Жок андай эмес. Бизде Келдибек Ниязов, Күмөндөр Абылов, Абдылда, Рахман, Жаныбек, Борончу, Тынар, Илияс деген куудулдар телевидениеде ОРТ каналындагы Петросян, өзбектер жасаган тамашаларды жасасак деген жакшы ой-максаттары бар.
- Бирок, Улуттук телеканалда "Кызыкча" деген сатира-шоу программасы көрсөтүлүп атпайбы?
- "Кызыкча" - бул юмор. Элди эптеп эле күлдүрүүнүн бир түрү. Ар бир юмордун артында жакшы намек болушу шарт. Сөзсүз түрдө коомдогу жат көрүнүштөрдү, мамлекеттик деңгээлдеги туура эмес иштерди чагылдырган сатира-юмор болмоюнча анын деңгээли төмөн болуп калат. Бул нерсени "Туңгуч" театры деле жасап атат. Алар деле коомдук маанидеги чоң маселени көтөрбөй эптеп эле күлдүрүп атышат..
- Куудулдардын сиздин чачыңызга эле асылып жатып калмай адаты бар, өзүңүз ага чычалабайсызбы? Сизге асылганын токтотуштубу?
- Чачыма асылса асылып аткандыр. Мен алардын өздөрүнө жараша айтып койгом. Мисалы, мен эч качан сахнага чыгып алып, Жаныбек Алыкулов бочка дебейм, же Күмөндөр - кыйылдак-чыйылдак, Абдылданын бети табактай, Рахмандын бети алмурутка окшош, Борончу кодо, Дөөлөт чолок деп айтпайм. Себеби, мен алардын физический кемчилиги үчүн күлбөйм. Анткени, мен тарбия көргөн жигитмин. Тарбия көрбөгөндөр, ошентип адамдын физический кемчилигинин үстүнөн күлүшөт. Бул аксиома союздун убагында эле жазылган. Азыр адамдар начар кийинип алган болсо, кара жумуш жасап, көмүр түшүрүп атса, көчө шыпырса, же "Москвич", "Жигули" минип алса, күлүшү мүмкүн. Кандай коом болсо да адамдын кемчилигинин үстүнөн күлбөш керек. Азыр бизде экономикалык кризис болуп, эл кыйналып атат деп атышат. Мен аны байкаган жокмун. Күндөн-күнгө четелдик машинелер көбөйүп, элдин жашоосу оңолуп эле калбадыбы. Бизде маданият, искусство, шоу-бизнеске мамлекет көп көңүл бурбай атат. Мисалы, банктар дагы шоу-бизнеске кредит бербейт. Демек, искусство, көркөм өнөр Кыргызстанда өнүкпөйт дегенди билдирет.
- Сиз Бишкекте жашайсызбы же Оштобу?
- Ошто жашайм. Мурда Бишкекте үйүм бар эле. Үйүмдү сатып жиберип, башка үй алайын дегиче баары кымбаттап кетип, алалбай калдым. Анан Оштон алууга туура келди. Эми концерт койсом сатып алаармын деп атам. Негизи жашоо Ошто жеңил, базарда баалар реалдуу. Ал жерден соодалашсаң азайтат. Бизде бир анекдот бар, Оштун базарына бир абышка барып, алманын баасын сураса, сатуучу 20 сом деп жооп берет. Абышка дароо эле алам десе, сатуучу эмне үчүн соодалашып арзандатпайсың, мен базарда жөнеле отура беремби деп урушкан тура.
- Ошто эмне кызмат кыласыз, шериктештериңиз сыяктуу тамадалык милдетти аткарасызбы?
- Жок, тамадалык кылбайм. Тойлорго барганга убактым жок. Учурда гастролдоп жүрүп атам. Көпчүлүк артисттер жакшы акча табуу үчүн Россияны кыдырып жүрүшөт. Чындап эле ошол жактан акчаны таап келип атышат. Бирок, биздин бияктагы абал начар болуп атпайбы. Сыртка чыкпай, элибиздин маданиятын көтөрсөк деген эле максат.

Назгүл КАЛМАМБЕТОВА









??.??