Кыргыз гезиттер архиви

  Майкечен маек

Редакцияга баш бакканы Бактыгүл айылдагы 90 жашка чыккан чоң апасынын көзү өтүп кеткенин, эртеси жолго чыгарын айтканынан улам маегибиз өлүм жаатында уланып кетти.
Бактыгүл БАДЫЕВА:
"5 уул, 5 кыз төрөгөнгө денсоолук тилейм"

- Өлүмдөн качкан ким бар. Баарыбыз өлөбүз. Өлүмдөн коркпойм. Өтүп кеткен адамдар, демек, Кудайга керектир. Бир гана жаманы - айрымдардын өз өмүрүнө өздөрү кол салганы. Бул жалганда жаркырап жашайлы да, чын дүйнөдөн бейиштен орун алалы деп тилейли. Чоң апамдай небере, чөбүрө көргөнгө не жетсин. Кудайдан өмүр сурап, бүлө күтүп, бала-бакыралуу болуп, алардын бактысына күбө болуп жашайлы деп тилейли.
- Канча балалуу болгуң келет?
- 5 уул, 5 кызым болсо дейм. Анткени, үйдө төрт эле биртууганбыз. Бат-бат чогулабыз. Бир күнү эжем, бир күнү мен үйгө баарын чакырам. Чогулганда аз эле болуп калабыз да, апабыз көбүрөөк төрөсө болмок экен деп калабыз. Ошентсе да, Кудай кут кылсын, апам неберелерин эркелетип, бизге эркелеп эле жүрөт. Мага да ошондой бакыт буюрсун.
- Турмушка чыгууну качанкыга пландаштырып атасың?
- 25 жашымда үйбүлө курсам деп калам. Бирок биз пландай беребиз, а баары маңдайга жазылгандай болот экен… Бул жашоого неге келдим? Үйбүлө куруп, кыргыз катарын толуктаганы. Жашоомдун өзөгү - үйбүлө. Дүйнөнүн жарымына ээлик кылсаң да, жаныңда сүйүктүү жолдошуң, бала-чакаң болбосо, сен жакырсың. Жакшы күйөө, ыймандуу уул-кызым болсо, ошол менин бактым.
- Жандап жүргөн жигитиңди кыялыңдагы идеал, элестетип келаткан өмүрлүк сапарлашыңа окшото аласыңбы?
- Бу турмушта идеалдуу адам жок. Эң жаманы да болбойт. Анткени, ар адамдын жакшы да, жаман да сапаттары бар. Ар бирин артыкчылыгы менен кемчилигин кошо кабылдаганыбыз оң. Азыркы сүйлөшүп аткан жигит аябай жакшы бала. А келечекте кандай болот, ал Кудайдын буйругуна жараша.
- Байкаган кишиге мүнөзүң татаал. Жигитиңе сенин көңүлүңдү алыш кыйын эмеспи?
- Катаалмын, оңой менен эч нерсе жакпайт жигитимдин берген баасында. "Жүрөгүң таза, ошонуң үчүн сени сүйөм" дейт. Сүйүү албетте, жооптуу болуш керек, ошентсе да, эркекте сезим күчтүүлүк кылганы оң.
- Турмуш курууга колуңду сураган беле?
- Бир-эки ирет сунуштаган. Азырынча жүрөк чечим кабылдай элек. Жүрөгүмдү күтүп жүрөм.
- Жанатан бери апаң телефон чалып, кеңешип атат. Мурунтан ушундайбы же элге көрүнгөн кызы болгонуң үчүнбү?
- Балачактан бери ушундай. Энеге баары бирдей да. Биртуугандарым аябай жоош, токтоо адамдар, бирок, жашоодон өз ордун тапкандар. Шайыры, шок, шыр жүргөнү - менмин. Балким, ушул сапаттардан уламбы, кичинемден эле апам мени менен чоң адамдай кеңешип келет.
- Кенжелигиң ал кишиге дагы деле эркелөөгө жол береби?
- Кичинемде кандай эркелеп тизесинде олтурсам, азыр деле ошол. Оюмда дагы деле жаш баламын. Бирок, ак-караны ажыратып калдым. Элге Бактыгүл болсом, апама дагы деле Бибишкамын. Апам табиятынан аябай катуу аял. Эркелетиштин да чегин билет, урушканда урушат. Жалгыз бой бизди багып чоңойтуп, баарын турмуштан орун табууга багыттап келет. Апамдын айтымында, ага мүнөзүм боюнча окшош жактарым бар. Чечкиндүү, шыр жүргөнүмдү белгилеп калат.
- Сен туурасында көп ушак айтылат…
- Айта беришсин. Исламда ушакталган адамдын күнөөлөрү жуулат делет. Демек, ушак айткан адамдар мени тазалап атышат. Ушакты өзүн душман санаган адамдар айтар. Дегеле, душмандар адамга күч берет. Ыракмат айтыш керек аларга. Алар болбосо, адам намыстанып, билек түрүнбөйт. Башкысы, угарман эл, күйөрман калктын сыйынан калтырбасын Кудай.
- Үйдөгүлөргө сен жөнүндөгү кептер катуу тийбейби?
- Башында баары ырдап чыгышыма каршы болчу. Апам: "Дайым кеп-сөз үстүндө жүрөсүң. Кылбаганды кылды деп чыгышат" дечү. Анын айтканындай эле болуп чыкты. Көңүлүм ооруп, ыйлаганымды көргөн сайын "мен сага айтпадым беле!" дей берчү, азыр ушак-айыңга көңүл бурбашымды айтып, "башкысы, биз сага ишенебиз, кызым" дейт.
- Криминал өкүлдөрү менен байланышы бар экениңди эшиткен жайыбыз бар…
- Мен адамдарды сен тигил топтосуң, бул биздин топто деп бөлбөйм. Бул турмушта кандай болбосун, душмандан достун саны алдаканча арбып турушу керек.
- Эркектерден дос күткөнүңдү жигитиң туура кабылдайбы?
- Ал ушундай түшүнүктүү жан. Экөөбүздүн мамиле ишенимден куралган. Башында эле экөөбүз чечишип, кызганыч дегенди калтырганбыз.
- Динге кандайсың?
- Айткым келген эмес эле. Мейли, жарым-жартылай жооп кылайын - намаз үйрөндүм. Убагы, сааты келгенде окуйм деген ниетим бар. Кудай өтө кечиримдүү экенин билем. Кетирген күнөө, кемчиликтерди кечирсин деп тиленем. Кудай буюрса, Меккеге барам.
- Денсоолугуңа кандай кам көрөсүң?
- Негизи ушул темада көп эле кеп козгой бергим келбейт. Көзүм ооруйт, башым ооруйт дей берсек, баарыбыз оорукчан болуп, соо кишини таппай калбайбызбы. Андан көрө денсоолугум мыкты, эч жерим оорубайт деп өзүмдү өзүм үгүттөйм. Кудайга миң мертебе ыраазымын, колу-бутум соо, акыл-эсим ордунда, көзүм көрөт, кулагым угат, өз нанымды өзүм таап жейм. Көп бала төрөп өстүргөнгө Кудай денсоолук берсин дейм.
- Чачыңды неге дайым узун алып жүрөсүң?
- Кыздын чачы көрк да, узун болгону жакшы.
- Неге дайым кара түскө боейсуң?
- Атайын чачтарачтын, визажисттин курсун бүтүргөн-дүктөн, өзүмө эмне деген гана эксперименттерди жасаган жокмун. Бир туруп блондинка болот элем. Акыры ушул түскө токтолдум.
- Улам ырдаган ырың жандүйнөңдөгү абалдан кабар берип турабы?
- Мурда жактырып калган ырларды ырдай берчүмүн. Азыр маанисин түшүнүп, заказ берип калдым. Көбүнчө Алтынбек Алымовго жаздырам. Кээде жүрөктө эмне болсо, ошону ырдап калам.
- Сахнада сага кандай ирмемдер жагат?
- Бир ырды элге тартуулаш үчүн айлап чуркайсың. Анан эл алдына чыгып, 3 мүнөт ырдап коесуң. Бирок, ошол үч мүнөт канчага дейре сага күч-кубат берет. Албетте, ар кандай нерселерге күбө болосуң. Көрүүчүлөрдүн бири көңүлкош, дагы бири жактырбай турат. Ал эми бир бөлүгү сени менен кошо ырдап, сүрөп олтурат. Өнөр кишисине мындай көз ирмем кымбатка турат. Ырчы болууну балакезден эңсеп келгем. Кут болсун, тилегим орундалып олтурат.
- Балалыгыңды ойдогудай өткөргөнсүңбү?
- Ата-энем бирге жашап жүргөндө баары сонун, турмушубуз бардар эле. Качан алар ажырашып кетишкенде ачуу-таттууну да көрдүк. Негизи эле турмушта ак-кара кошоктошуп жүрүшү керек тура. Кудай сыйлаар пендесин кыйнайт дейт, кандай сыноо болсо да, анын ыраазылык менен кабылдап, бар нерсеге тобо келтирем.
- Атаң менен байланышып турасыңбы?
- Ооба.
- Таарынбайсыңбы ал кишиге, кечирдиң беле?
- Мен Кудай эмесмин да аны кечирип-кечирбегидей. Мага өмүр бергенине ыракмат айтам. Өмүрүн тилейм, денсоолугу чың болсун дейм. Жашоодо өйдө-төмөн болот тура.
- Досчулукка ачыксыңбы?
- Адамдар менен бат тил табышам. Досчулукка бекеммин, терең баалайм. Эч качан биринчи менден айып кетпейт. Достуктун салтын бузгандарды кечирүүм кыйын. Бирок, өзүм кечиримдүү эле жанмын. Сүйүү кетет, келет, бирок, чыныгы достук түбөлүк калсын. Эгер ортодо чыныгы достук болсо, керекпи, ошол досум үчүн өмүрүмдү арноого даярмын.
- Кетирген катачылыктарыңды моюнга оңой эле аласыңбы?
- Эч ката кетирбегем деп айталбайм. Биз адамдар өзү ката кетирип, аны оңдоп жашайт эмеспизби. Оор катачылык кетиргенден Кудай сактасын.
- Кимден көп кечирим сурайсың?
- Апамдан. Анткени, балалык менен көңүлүн оорутуп аласың. Тиричиликте ар кандай да, бир маселеде келише албайсың. Анан кечирим сурап калам. Андан да көп Кудайдан кечирим сурайм. Ал эми тизе бүгүп, адамдардан кечирим сурагыдай жагдайдан алыс эле бололу.
- Турмушта сага эмне чоң сабак болду?
- Башкысы, мен эч нерсеге өкүнбөйм. Турмушта бир нан бөлүшүп жеп жүргөн эле адамдардын сатып кетмейи болот экен. Оозуң күйгөндө адамдар менен абайлап, этият болуп калат экенсиң.
Маек курган Айнагүл САПАРБЕК кызы