Кыргыз гезиттер архиви

  Улуттук каналдын "Кайдасың?.." көрсөтүүсү - "Агымда"

Издейм сени, арасынан элдердин...
Жакындарын жоготуп, бирин-бири издеген тагдырларга "Кайдасың?.." көрсөтүүсүнүн эшиги дайым ачык. Программага ар кандай тагдырлар менен кайрылгандардын саны арбын. Кээси көптөн берки жоголгон жакынын тапса, кээси үзүлбөгөн үмүткө жетелене жакшылыктан күдөрүн үзбөй келет. Төмөндө жазылган тагдырлар тууралуу кабардар болсоңуз, кайдыгер калбай редакция менен байланышат деген үмүттөбүз.

Издейм сени, арасынан элдердин...
Мамытбеков Калыбай
Аксы районундагы Кызыл-Жар айылында туулган, болжол менен жашы алтымышка чыгып калган. Ал 1970-жылдарда Фрунзедеги Политехникалык институтта окуган. Үйбүлөсүндө 10 биртуугандын улуусу, Бактыгүл аттуу карындашы бар. Калыбайды жакындары издешет.
Асанбаева Фарида
Нарын облусунда туулган. Фарида Ош тарапка, Өткүр аттуу жигитке турмушка чыккан. Издеп жаткан адам үйбүлөсү менен таанышып, катташкысы келет. Алардын даректери редакцияда.
Давлетбаев Максат
1961-жылы туулган, жердиги Көлдөн. Максаттын атасы мугалим болгон. Максат, бул маалыматты уккан болсоңуз, биз менен байланышыңыз, сизди издеген адамдын дареги редакцияда!
Мамбеталиева Салтанат Турдушевна
1967-жылы 18-апрелде туулган. Салтанатты издеген адам кызыктуу жагдайдагы жолугушууга аракет кылыңыз деп жазат. Дареги редакцияда.
Программага дайынсыз жоголгондордон тышкары коомдук системанын таасиринен жапа чеккендер дагы кайрылышат. Өзгөчө 1916-жылдагы улуу үркүндө, ошондой эле 1937-жылдагы репрессияга туш болгондордун туш-тушка чачыраган үйбүлөлөрү же Улуу Атамекендик согуш маалында жокчулуктун айынан башка тарапка ооп кеткендер ошол кездеги жакындарын же алардын кийинки урпактарын болсо дагы таап, катташып, амандыктарын билип турууну самагандар бар.
Калыгул кызы Калиман (Айсулуу) биртууганы Осмонбектин балдарын, неберелерин издейт
- Мен Айсулуу Көчөрова, 76 жаштамын. Пишпек уездинде төрөлгөм, - деп жазат кат ээси. - Атамдын аты - Калыгул, апам - Бурматай. Менин азан чакырылган атым - Калиман эле. Атам Төрөкул Айтматовдор менен кошо "эл душманы" аталып атылып кеткен. Күйүткө чыдабаган энем ошондо эле каза тапкан. Беш жашымда томолой жетим калдым. Бизге кысым кылгандыктан биртууган агам Осмонбек мени Кетментөбөгө из жашырган. Калган биртуугандарымды кичине болгондуктан билбей калдым. Агам да жаш эле, Кетментөбөгө барган соң агам да каза таап, мени бейтааныш эле Таажы деген кемпир багып, атымды Айсулуу деп өзгөрткөн. Ошентип бөтөн эл, бөлөк жерде өз атым өчүп, урук-тууганым унутулуп жашап келем. Жети балалуу болдум, кудайга шүгүр, таарынычым жок, небере-чөбөрө көрдүм, балдарым эч нерседен кем кылбай багып отурушат. Бирок урук-тууганымды билсем деп ак эткенден так этем. Мүмкүн биртуугандарым тирүү болсо үн катар.
Токтомамбет менен Адигиненин уул-кыздары, неберелери изделет

1938-жылы сталиндик репреccия маалында Талас облусунун Акчий округунда, азыркы Кара-Буура районунда жашаган Токтомамбет биртууган иниси Адигине экөө Иманбек аттуу болуш менен бирге Оренбургга сүргүнгө айдалат. Кат ээсинин жазганына караганда, Оренбургда Иманбек өлтүрүлөт. Ошондон кийин Токтомамбет качып, бир ай дегенде Акчийге келет. Ошол кезде Токтомамбеттин атасы 90 жаштагы Сарыбай аксакал уулунун бул жерден кетишине кеңеш берет. Токтомамбет дароо алтын, күмүштөрүн жүктөп алып белгисиз жакка кетет. Божомол боюнча Кытай тарапка кеткен дешет аны издеп жаткан туугандары. 1938-жылы Токтомамбет 38 жашта болсо, Адигине 36 жашта болгон. Алардын балдары азыр 60 жаштардын тегерегинде болот. Балдары чоң атасына катталган болсо Эсенаманов же Сарыбай уулу болушу мүмкүн. Алардын көзү тирүү болсо өздөрүнө же балдарына жолугуп, катташсак деп тилек кылганын айтат Таластан Адигинеев Касымалы.
Акылбек Сейитканов
1985-жылы Казакстанда туулган. 2001-жылдан бери дайынсыз. Үйлөнүп, Көл тарапта жашайт деген маалыматтар бар.
Акпарова Жумагүл Жарибековна
1972-жылы туулган. Баткен районундагы Таян айылынын тургуну. 2007-жылы август айында Өзбекстандын Сох районундагы Хушяр айылына кеткен бойдон кайрылып келген эмес.
Жолдошбекова Улукбүбү Исабековна
1975-жылы туулган. Баткен районундагы Кара-Токой айылынын тургуну. 1997-жылы эртең менен эрте үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз.
Шарапов Курманбек Кенжебаевич
1974-жылы туулган. Баткен районундагы Кара-Бак айылынын тургуну. 1997-жылы Зардалы айылына аңчылыкка кеткен бойдон келген эмес.
Матмуратов Максыт Ураимович
1977-жылы туулган. Баткен районунун Кара-Бак айылынын тургуну. 1997-жылы Шарапов Курманбек менен бирге аңчылыкка кетип, келген эмес.

Жогоруда сөз болгон тагдырлар тууралуу кабардар болсоңуз, төмөнкү дарекке кайрылсаңыздар болот: Бишкек шаары,
Жаш Гвардия бульвары, 59, "Кайдасың?.." программасы. Телефону: 65-84-83,
Нуркамал АСКАНОВА,
Мухтар ЖАРКУЛОВ. Электрондук дарек:
kaidasyn @ mail.ru
Назгүл КАЛМАМБЕТОВА




Мындай жагдайдагы өтүнүчтөрдү ишке ашырууда "Кайдасың?.." көрсөтүүсү менен КР Кызыл Ай коомунун издеп-иликтөө жана үйбүлөнү бекемдөө бөлүмү кызматташып келет. Ошол кызматтын жардамы менен 65 жаштагы мекендешибиздин өзүнөн кийин төрөлгөн, бирок өмүрүндө көрбөгөн, азыр Украинада жашаган сиңдиси табылып, алар телефон аркылуу таанышып, баарлашуусуна шарт түздүк.
Күттүргөн табышуу

Анна Мироcлавовна Чернявская Кыргызстанга 1971-жылы Россиядан көчүп келген. Үйбүлөсү, абышкасы экөө ошондон бери Кемин шаарчасында жашап турушат. Өзүнүн татаал тагдырына, балалыгына өкүнгөн мекендешибиз турмушунда эки балалуу болуп, алар эр жеткенде автокырсыктан Россиянын шаарларынын биринде каза болгонун өкүнүү менен айтып берди. Ал эми өзү жөнүндө: 1944-жылы Австрияда согуштук концлагерде туулгандыгын, апасы Юстина Федура аттуу аял экендигин гана билет.
Кызыл Ай коому Чернявская кайрылган сегиз жылдан бери биртоп иликтөө иштерин жүргүзүп, жер-жерлердеги бөлүмдөрү аркылуу Аннанын апасы ким болгондугун тактап чыгышкан. Көрсө, Федура Юстина Федоровна 1919-жылы Украинанын Ивано-Франковский областындагы Рожнятовский районуна караштуу Ясень кыштагында туулуп, кандуу фашисттик Гитлердин кол салуусуна чейин ошол кыштакта жашайт. Согуш учурунда кандайдыр бир себептер менен Юстинаны Австрияга мажбурлоо иштерине айдап жиберишет. Мына ошол жерден Анна төрөлүптүр. Андагы ачкачылык, кыйынчылыктан жаңы төрөлгөн ымыркайды австриялык Флостордун үйбүлөсү сактап калат. Бирок, наристенин бактылуу балалыгы төрт жашка чыкканда башка нукка өзгөрөт. 1948-жылы Флос айым менен күйөөсү экөө тең каза болот. 4 жашар Аннаны багар-көрөрү жок калгандан кийин, башка ыктыярдуу асырап алчулар чыкпаган көрүнөт, Австрия анын апасы украиналык болгондугу үчүн Киевге жөнөтөт. Украинадагы жетимдер үйүндө чоңоюп, мектептен тарбия алып, бой жеткенден кийин Анна өз турмуш жолун издеп СССРдин аймактарында иштейт. Бирок, анын ата-энеси жөнүндөгү түпөйүл ою эс тарткандан бери жай таппай келет.
Анна Чернявская Кыргызстан-дагы Кызыл Ай коомунун издеп-иликтөө жана үйбүлөнү бириктирүү бөлүмү чогулткан маалыматтарга ылайык, Аннанын апасы Юстина согуштан кийин кайрадан Украинага кайтып келип, туулуп-өскөн айылы Ясенде калган өмүрүнүн акырына чейин жашайт. Тилекке каршы, ага кызы менен жолугушчу күн буюрбаптыр. 1994-жылы 26-июлда 75жаш курагында Юстина Федура көз жумат. Украинадан алынган маалыматтар боюнча Федуранын дагы бир кызы согуштан кийин 1949-жылы туулган Гоцман Магдалина Игнатьевна. Апасы туулуп-өскөн Ясень кыштагында жашап турат экен. Анна синдиси жөнүндөгү кабарды кубануу менен кабыл алып, аны менен байланышуу тууралуу өтүнөт. Кызыл Ай коому украиналык коллегалары менен кеңешип, биздин каарманды синдиси Магдалина менен телефон аркылуу байланыштырдык. Өмүр бою эңсеп, сагынып издеген апасын бир көрүүсүн ташбоор тагдыр дагы бир жолу ырайымсыздык кылып буйрубаптыр. "Эми жок дегенде энелеш сиңдим бар деп канааттанып жашайм" дейт Анна апа. Анын мындан аркы максаты - Украинага барып сиңдисине жолугуп, апасы Юстинанын мүрзөсүн көрүп келүү. Бирок, майып абышкасы экөөнүн алган пенсиясы "ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет" болуп, кыйынчылыкты туудуруп турат.