Кыргыз гезиттер архиви

  Миң түркүн адам

Тайип ЭРДОГАН
"Иран менен АКШнын ортосундагы 30 жылдык конфронтацияга чекит коюп, эки мамлекеттин элдешүүсүнө көмөк көрсөтүүсүн Тегеран Түркиядан суранды" деп маалымдады Түркия премьер-министри. Тайип Эрдогандын айтымында, бул демилге Буштун учурунда эле көтөрүлүп, Анкара тарабынан АКШнын кароосуна берилген. "Эгер Америка элдештирүү вазийпасын Түркияга ылайык көрсө, биз колубуздан келген аракетти жасоого даярбыз" деп билдирди премьер-министр.
Нино БУРДЖАНАДЗЕ
Экс-спикер Грузия коомчулугунда жүрүп жаткан Россия жөнүндөгү негативдүү пикирлер бийликтин кезектеги апыртмасы деп эсептейт. "Бүгүнкү күндө Москва ЕС, НАТО жана АКШ менен мамилесин калыбына келтирүүгө аракеттенип жатат. Ага эч кандай согуштун кереги жок. Коомчулукту дүрбөлөңгө салган терс пикир өзүн кырдаалдын курмандыгы катары көрсөткүсү келген Саакашвилиге гана керек. Учурда бийликтегилердин мамлекетти башкарууга ал-дарамети да, моралдык укугу да жок. Ал эми Саакашвилинин 2013-жылга чейин президент, андан кийин премьер-министр болуу ниети бар" деп билдирди Бурджанадзе Грузиянын "Маэстро" телекомпаниясына берген маегинде. Экс-спикер 9-апрелден тарта президентти кетирүү талабы менен митингге чыга турган оппозиция курамында.
Джордж БУШ
Жубайы Лора менен Техаста жашап аткан АКШнын 62 жаштагы экс-президентин дүкөн сатуучулары тааныбай коюшкан. Кардарларды эшик алдынан күлүп-жайнап тосуп алуучу дүкөн кызматкери Андреа Бонд катардагы сатып алуучу деп кабыл алган кишинин Джордж Буш экенин анын курткасынын артындагы эмблемасынан улам билген. Фонарик жана батарея сатып алууга кирген Буш дүкөнчүлөрдүн айтымында, өтө жөнөкөй кийинип алгандыктан таанылган эмес.
Анжелина ДЖОЛИ
Голливуд жылдызы жетинчи ирет эне болууга даярданып жатат. Джоли жубайы Питт менен Тайландда жайгашкан Мьянма качкындарынын лагерине баргандан кийин ушундай чечимге келген. Анжелина ымыркай багып алуу менен дүйнө көңүлүн Мьянмада өкүм сүргөн жакырчылыкка, оор жашоого бурдурууга аракет кылууда. Ал эми учурда Джоли 4 жаштагы бакма кызы Захара жана 2 жаштагы өз кызы Шило менен жаңы наристеге кийим-кече тандап, дүкөн кыдырып жүрөт.
Иосиф КОБЗОН
Алты жылдан бери рак оорусу менен алпурушуп келаткан ырчынын абалы бир нече ирет жасалган химиотерапия сеанстары менен Германияда жасалган операциядан соң кескин начарлап кеткени белгилүү болду. Төмөндөп кеткен иммунитеттен улам артисттин кесилген жери ириңдеп, андан соң тигилген жиги ажырап кеткен. Мыкты онкологдор иштеген Израилге баруудан баш тарткан Кобзон учурда бир катар белгилүү адамдар дарыланган "Медицина" клиникасында жатат.
МАРАДОНА
Аргентинада легендарлуу футболчунун үстүнөн сот иши башталды. Үч жыл мурун Марадона Mitsubishi Montero машинеси менен телефон будкасын сүзүп кетип, талкаланган айнектен көчөдө кетип бараткан бир кыз, бир бала жабыр тартышкан. Жабырлануучулардын биринин айтымында, Марадонанын жанында дагы эки адам болгон. Кырсыктан соң машинедегилер из жашырып кетишкен. Эгер футболчунун күнөөсү далилденсе, бир жылга чейин эркинен ажырашы мүмкүн.




ДҮЙНӨКҮН
ЖАНДҮЙНӨ. Салмагы 216 килограммга жеткен 17 жаштагы британиялык өспүрүм Мелисса Джонс операциялык жол менен ашказанын буудуруп, бир жыл ичинде эки эсеге арыктаган. Бул жаш кыз 2 жашынан баштап эле өтө тездик менен толо баштаган. Ал өзүнүн жашына туура келген нормадан 7 эсеге көп тамак жеп-иччү. Чипсы, шоколад, гамбургерсиз күн өтчү эмес. 16 жашка келгенде семиздигинин айынан Мелиссанын денсоолугу солгундап, атүгүл баса албай калган. Эгерде тез арада салмак таштап чара көрбөсө, 18 жашына жетпей өмүрү үзүлүп каларын медиктер эскерткен. Эч кандай диета ага жардам берген жок. Аргасыздан 18 жашка чейинкилерге тыюу салынган тобокелдүү операцияга макул болууга мажбур болду. Ийгиликтүү өткөн операциядан соң Мелисса бир жылдын ичинде 127 килограммга арыктады. Эми терисиндеги бүктөм-бырыштардан арылуу үчүн косметикалык операция алдында турат.
ЧАЧДҮЙНӨ. Румыниянын жашоочусу, 72 жаштагы Иоанна Чиоанка 16 жашынан баштап чачын өстүрүп, алгачкы бир метрин кыркып алып кийим токуп алууга пайдаланган. Андан кийин да ушул жашка келгиче улам өстүрүп, улам кыркып алып олтуруп, жалаң чачынан токулган буюмдары тогузга жетти: топу, жоолук, юбка, кофта, сумка, капчык, плащ, анан эки жуп колкап. Акыркы жылдардагы буюмдарынын өңдөрү мурункулардан айырмаланып турат, башкача айтканда, алар кийинки он жылдагы ак бубак чачтан жасалгандар. Иоанна Гиннестин рекорддор китебине кирүүдөн үмүт үзбөй, "башкалар чачтан буюм жасап көргөндүр, бирок саны боюнча эч кимдики меникине жетпес" деп өзүнчө сыймыктанууда.
ТАҢДҮЙНӨ. Жети жылдан бери москвалык жубайлар уулуна төрөлгөндүгү боюнча күбөлүк алалбай, медициналык карточка ачалбай, аны эч жерге каттаталбай келишет. Эмне үчүн дебейсизби? Кеп, балага коюлган ысымда. Ата энеси ага БОЧ рВФ 260602 деген ысым ыйгарышкан - "Биологический объект человека рода Ворониных-Фроловых родившийся 26 июня, 2002 года". Москва ЗАГСысынын начальник орунбасары Т. Ушакованын айтуусунда бул иш далай сот инстанцияларында каралып, макулдук беришкен эмес. "Ата-эне өздөрүн гана ойлобой, баланын келечекте бул ысым менен кантип жашаарын ойлошпойбу" дейт Татьяна Ушакова. Бирок ал кандайдыр бир ысымдарга тыюу салган мыйзам жок экенин да четке каккан жок. Айтканынан кайтпаган Воронин-Фроловдор Страсбург сотуна чейин арызданышкан. Ал жактагылар ишти кароодон таптакыр баш тартышты. Баланын атасы "Страсбург соту сөзсүз биздин пайдабызга чечип бермек. Алар Россияны күнөөгө жыккандан, эларалык жаңжалдан качып коюшту. Европада деле А22 аттуу кыз жашайт" деп оюн билдирди. Вячеслав Воронин өз атын жек көрөт, "кул" деген маанини туюндурган бул ысым менен чакырууга баарына тыюу салып, фамилиясын гана айтканга, болбосо эч кандай атабай эле коюуларын өтүнөт. Жакында ал да БОЧ рВП 250856 деген жаңы атка өтүүгө ниеттенүүдө.
МАСДҮЙНӨ. Арак ичүү боюнча ааламдагы мамлекеттер ичинен алдыга чыккан өлкө Шотландия экен. Бул боюнча маалыматты Шотландиянын Саламаттык сактоо министри Шон Робинсон өкмөттүн жыйынындагы докладында айтты. 2007-жылы шотланддыктар 50 млн. литрге жакын таза спиртти кекиртекке кетиришкен. Министр Робинсон арактын өтө арзандыгынан, баардык жерде жайнап сатылгандыгынан улам "мас" мамлекетке айландык дейт. Өкмөттүн докладында16 жаштан жогорку ар бир шотланддык жылына 11,8 литр спирт ичери көрсөтүлгөн.
КҮЙДҮЙНӨ. Нигерия жашоочусу, 32 жаштагы Аджоук Белло 21-февралда алты эгизди - 3 эркек, 3 кызды жашоого жараткандан кийин көз жумду. Салмактары 600-900 граммдан төрөлгөн ымыркайлар операция жолу менен алынып, учурда алардын денсоолугу бир калыпта. Тогуз ай бою чыдап боюна көтөргөн алты баласын көрбөй кеткен келин операциядан кийин көп кан жоготуп, врачтардын аракетине, жетиштүү деңгээлде кан куйгандарына карабай каза болду.
Бүтдүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматында Нигерия төрөттөн каза болгон аялдардын саны боюнча Индиядан кийинки экинчи орунда турат. Дүйнөдө жылына жарым миллион аялдын өмүрү төрөттөн үзүлүп, өлүмдүн 10%ы Нигерияга таандык.




 Айланбас жердин айланма жаңылыктары


АКШ. Америка бийлик эгедерлери Хилари Клинтон, Рингар Сапанта менен Пакистан тышкы министри Шах Мехмуд Курешинин ортосунда сүйлөшүүлөр Вашингтондо өттү .
ПАКИСТАН тышкы министри киши кийлигишпеген учактарды берүүсүн АКШ өкмөтүнөн өтүндү. Кебетеси, чегарада бугуп жаткан талибдерге асмандан асылбаса болбой турганын түшүнгөн көрүнөт.
ГОЛЛАНДИЯ. Амстердам аэропортуна коноордо түрк туугандардын "Боин-737" учагы талаага кулап түшүп, бир нече бөлүккө ажырап кеткен. Кудай жалгап, авария учурунда жарылуу болгон эмес. Ошентсе да, 9 адам каза таап, алты жүргүнчүнүн абалы оор. Учак ичинде 134 жүргүнчү болгон.
ӨЗБЕКСТАН. Өлкө президенти өз аймагын пайдаланууга АКШга уруксат берди көрүнөт. Бармак басты, көз кысты кандай экени белгисиз, бирок өзбек өкмөтү менен партиясы аскерий эмес, жүк ташууга гана уруксат деп баса белгилеп, баасын бычты.
ИРАН. "Орус менен дос болсоң..." деген макалды кече эле кыргыз чыгарганына бүгүн канча жыл болгону белгисиз. Иран өлкөсү да билер-билбеси күмөн. Ошентсе да Тегеран менен Москва атомэлектр станциясын ишке киргизүү боюнча Бушер АЭСин бутуна тургузмак болушту. Эки өлкөнүн атомщиктери С.Кириенко менен Г.Агазаде келишимге кол коюшту.

WWW
булактарынан даярдаган
Канышай Бешбаева