Кыргыз гезиттер архиви

  Тарыхый күн, жылдыздуу саатка

Адилдик, актык - адам-заттын түпкү күлазыгы
КР Билим берүү жана илим министри Абдылда Мусаев "Агымдын" атайын кабарчысы Алым Токтомушевдин суроолоруна жооп берет.
Алым Токтомушев: - Абдылда Инаятович, алгач министрлик жаңы кызматка дайындалышыңыз менен куттуктап, ишиңизге ийгиликтерди каалап кетсек.
Абдылда Мусаев: - Ыракмат, ыракмат!
А.Т.: - Бул кызматты аркалар алдында сиз жетектеген Бишкек гуманитардык университетинде республикалык чоң иш-чара - "Социалдык адилеттүүлүк жана коомдогу консенсус маселелерин камсыз кылуу" илимий-практикалык конференция өткөрдүңүз. Сөз алдында бул иш-чаранын маани-маңызына токтоло кетесизби?
А.М.: - Бул демилгени президентибиз Курманбек Бакиев көтөрүп, Бириккен Улуттар уюмуна (БУУ) кирген 80 мамлекет бир добуштан колдоп кетти. Натыйжада БУУ Генералдык ассамблеясынын чечими менен 20-февраль Бүтдүйнөлүк адилеттүүлүк күнү деп жарыяланды.
Бул дагы бекеринен эмес. Анткени социалдык адилеттүүлүк ар бир мамлекеттин өзөгүн түзүп, анын пайдубалын бекемдеп, өнүп-өсүүгө шарт түзө турган ары ыйык, ары кымбат сапаттардын бири. Социалдык адилеттүүлүк принциптери бурмаланган, бузулган өлкөдө ички карама-каршылыктар, нааразычылыктар күчөп, анын күүсү менен мамлекеттин бүтүндүгүнө, көзкарандысыздыгына коркунуч туулат, келечегине балта чабылат. Мына ушул өңүттөн алып караганда БУУнун чечимин колдоого алуу керек деп ойлойм. Ал эми ушундай жаңы мезгилге үндөш, зарыл демилге президент Бакиев Курманбек Салиевич тарабынан, биздин мекенибиз тарабынан көтөрүлүп, бүткүл дүйнөлүк майрамга айланып отурганына ар бир кыргыздын, ар бир кыргызстандыктын жүрөгүндө сыймыктануу сезимин гана ойготуу керек. Майрам деп дагы бекер айткан жокмун. Менимче, бул күн адилеттүүлүктүн, боорукерликтин, биримдиктин, өнүгүүнүн, прогресстин майрамы болот. Албетте, социалдык адилеттүүлүктү 20-февраль күнү гана майрамдап тим болобуз дегендик эмес. Ал дайыма көңүлдүн борборунда болуп, анын принциптерин ар дайым бекем карманышыбыз керек.
А.Т.: - Социалдык адилетүүлүк коомдук турмушубуздун бардык тармактарында өкүм сүрүшү зарыл экендиги түшүнүктүү. Сиздин оюңузча, аны эми 20-февралдан баштап жаратабызбы же ал азыр биздин мамлекетте барбы?
А.М.: - Биринчиден, социалдык адилеттүүлүк деген түшүнүктүн негизи - калыстык, боорукердик, кайрымдуулук, кеңдик, айкөлдүк өңдүү сапаттар кыргыз элинин түпкү табиятына, улуттук кулк-мүнөзүнө түздөн-түз тиешелүү. Канчалык кыйын-кысталыш заманды башынан кечирсе да кыргыздар бул ыйык сапаттарынан ажыраган эмес. Дүйнөдөгү эң байыркы элдерден болуп, чачырап кетпей, элдүүлүгүн, мамлекеттүүлүгүн сактаганы ошондон. Муну маселенин бир жагы дейли. Экинчи жагынан, бүгүнкү мамлекеттик саясатыбыздын өзөгүн, уюткусун дагы социалдык адилеттүүлүктүн принциптери түзүп жаткандыгын танууга болбойт. "Жоктун жону катуу" дейт кыргыздар. Алаканды жайып жоктон бөлөк сөз айтпай, жакшылыкты көрбөй, жалаң эле жамандык издеп, нигилисттик позицияны карманып отура берүү калыстык болбос. Минте берсек өнүгүү да, өсүү да болбойт.
Адилеттүүлүк үчүн айтыш керек, мына көзкарандысыздыкты алган 10-15 жылда жалаң кулатуу-уратуу процесстерин баштан кечирип келдик эле, акыркы 3-4 жылда акырындап болсо да куруу, жаратуу, өнүгүү тенденцияларын баштадык. 2005-жылга салыштырмалуу мамлекетибиздин кирешеси 2,5 эсе өстү. Ошондон улам социалдык чөйрөгө бөтөнчө көңүл бурулуп, мисалы, медицина тармагына жумшалган каражат 6,5 эсеге, социалдык коргоого 2 эсеге, билим берүүгө 2,5 эсеге көбөйдү. Муну көрбөй, эсепке албай коюуга болбойт. Башкасын коёюн, таланып-талкалангын миңден ашуун мектеп оңдолуп, акыркы эле 3-4 жылда 242 жаңы мектеп салынды. Былтыркы жылы эле мектеп курулушуна мамлекет 1 миллиардга жакын каражат жумшады. Мугалимдердин айлыгы эки эседен ашуун көтөрүлдү, мектептерди компьютер менен жабдуу активдүү жүрүп жатат. Качан ушундай болду эле?
Албетте, бул багытта чече турган маселе толтура. Бирок акырындап өнүгүү, оңолуу процесстери жүрүп жатпайбы. Негизгиси, жылыш бар.
А.Т.: - Жакында Бишкек гуманитардык университетинин студенттеринин жалпы жаштарга болгон кайрылуусу гезиттерге чыкты. Жаштар кайрымдуулук акцияларына чакырыптыр.
А.М.: - Өкмөттүн колдоосу менен Бүтдүйнөлүк адилеттүүлүк күнүнө арналган конференция да БГУда өттү. "Күн баарыбызга бирдей тиет", "Жакшылыкка, боорукерликке ишеничти өзүңдөн башта" деген чакырыктардын алдында студенттер кайрымдуулук акцияларын уюштурушту. Жаштарыбыздан көкүрөгүнүн тазалыгына, назиктигине, боорукердигине бир эсе таңгалдым, бир эсе сүйүндүм. Мындай жаштар барда кыргыз эли өлбөйт. Кароосуз калган кары-картаңдарга, майып балдарга ар дайым жардам беребиз деп чын ниети менен милдеттенме алып жатышты. Ушундай иш-чараларды көбүрөк өткөрүп турушубуз керек экен.
Анан бул багытка түздөн-түз тиешеси бар дагы бир чоң маселе бар. Мен мекенчилдик, патриоттук сезимдерди өнүктүрүү жөнүндө айтып жатам. Президент кайрылуусунда "Мекенибиз бир, жерибиз бир" деп мамлекетибиздин тагдырына кайдыгер эмес ар бир атуулду биримдикке үндөп, жекелик кызыкчылыктардан өйдө көтөрүлүп, болгон күч-кубатты мекенибиздин, Кыргызстаныбыздын өнүгүшү үчүн жумшоого үндөп жатпайбы. Менимче, бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгаруу, ынтымакка келүү бизге бүгүн бөтөнчө керек. Ар бир кыргыз кыргыз экенине сыймыктанса, мекенин сүйсө, көкүрөгүндө бекем ишеним болсо гана өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кошулат. А кыргыздар улуу, таланттуу эл. Улуу эл гана дүйнөгө улуу "Манасты", улуу Айтматовду берет.




  Кермек даам...

Акаева алакан жаят. Сот небак чекит койгон

Түп районунун Акбулуң айылында жайгашкан "Мээрим булагы" жеке менчик балдар үйүнүн айланасындагы чыр-чатакты маалымат каражаттары түрдүү өңүттө чагылдырууда. Балдар үйүнүн директору Гүлнара Дегенбаева ЖК депутаты Ирина Карамушкина жетектеген комиссиянын ишине нааразылык билдирип, "балдар үйүн жабууга аракет кылгандар Акүйдүн алтынчы, жетинчи кабатында, ал эми аны аткарып жаткан профсоюздар федерациясынын алдындагы "Кыргызкурорттун" төрайымы Клара Шаболотова" деп айтты. Биз Ирина Карамушкина менен Клара Шаболотовага кайрылып төмөнкүдөй жооп алдык.

Ирина Карамушкина, ЖК депутаты:
"Балдар барымтада калышкан"
- Биринчиден, бизде жеке менчик балдар үйүн ачуу боюнча мыйзам жок. Ошондуктан "Мээрим булагы" балдар үйүнүн өзү мыйзамсыз. Муну Адилет министрлиги да мойнуна алат. Чегара кызматы Гүлнара Дегенбаеваны балдарды сыртка алып чыгып бараткан жеринен колго түшүргөн. Балдардын документтери жасалма, уруксат кагаздары жок болуп чыккан. Дегенбаева Александр Невский дегендин чакыруусу боюнча баратам деген. Биздин сурообузга Россиядан келген жооп боюнча Александр Невский катталбаган диний уюмдун өкүлү болуп чыкты. Ошондуктан Дегенбаева коомчулукту алдоо максатында балдар ачкачылык жарыялады деп жар салды. Ал жерге комиссиянын мүчөлөрү барганда бизди жолотуп да коюшпады. Тескерисинче, комиссия мүчөлөрүн кордошуп, уят сөздөр менен каргап-шилешти. Алардын айтымында, мен "Мээрим булагынын" кыздарын гезитте сойку деп атаган имишмин. Кайсы гезитте десем, "Комсомольская правда" дешет. Көрсөткүлө десем, көрсөтө алышпайт. Эми мунун баары атайын даярдалганы көрүнүп турат. Менин коркконум, ошол тарбияланып жаткан балдар үйүнүн кылмыштуу иштер менен алектенген башчыларынын барымтасында калыптыр. Азыр бул боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат. Г.Дегенбаеванын балдарды мыйзамсыз алып бараткандан башка дагы бир чет өлкөлүк донордон даттануу келип түштү. Анткени Г.Дегенбаева анын ишенимине кирип, балдар үйүнө эмерек алам деп 20 миң евро өлчөмүндө акча алган. Кийин 20 миң евро кайда жумшалды деп текшеришсе, Г.Дегенбаеванын Караколдогу баласынын үйүнө мүлк сатып алыныптыр. Биз мурда Г.Дегенбаева жөнүндө шектенсек, жогорудагы окуя анын ким экенин толук ырастады.
Азыр балдардын "Мээрим булагы" үйүндө турганы өтө кооптуу. Аларды тез арада психологдорго көрсөтүп дарылабаса кеч болуп кылышы мүмкүн. Азыр маалымат каражаттары, айрыкча "Азаттык" радиосу элге балдар үйүндөгү абалды бир жактуу көрсөтүп жатышат. Бул аларга аброй алып келбейт. Эртең баары дайын болуп ачыкка чыкканда уялып калышат. Азыркы Г.Дегенбаеванын жана анын граждандык никедеги күйөөсүнүн жасагандары - алардын акыркы амалы. Баарынан да тез арада ал жердеги балдар үйүнө бекем күзөт койбосо аягы оор жагдайларга алып келиши мүмкүн.

Клара Шаболотова, "Кыргызкурорттун" төрайымы:
"Бул маселеге чекит коюлган"
- Ысыкатадагы гидрогеологиялык режимдик экспулатациялоочу станция профсоюз федерациясынын менчиги болуп саналат. Аны Г.Дегенбаевага станцияны (Ысык булак) башкарып жүргөн Анатолий Корюгин деген жигит мыйзамсыз берген. Башкача айтканда, "Мээрим булагы" балдар үйүнө белекке бердик деген документти бир күндө жасашкан. Мунун айынан далай сот болду. 2004-жылы Г.Дегенбаева ал жерди "Мээрим" фонду менен да байланыштырууга аракет кылып көрдү. Бирок Майрам Акаева менен байланышсам, туура эмес болуп чыкты. Кезинде ал станция Кыргызстандагы бардык курортторду суу жана баткак (грязи) менен камсыздап турчу. Бир жолу М.Акаеваны тойдо жолуктуруп Г.Дегенбаева жөнүндө сурасам, "азыр менин атымды базардагылар деле сатып жатат" деп айтты. Мен бул жерде 44 жылдан бери иштейм. Убагында Москвадан сурап жатып ошол станцияны курдурганбыз. Жогорку сот бул маселеге эбак эле чекит койгон болчу. Анатолий Корюгинди таппай койдук. Прокуратура мамкаттоо кызматкерлерине чейин кылмыш ишин козгогон. Станцияны мен өзүмдүн менчигиме алып жаткан жерим жок. Ал профсоюз федерациясынын мүлкү. Эми Дегенбаева аман эле болсун, анын долулугуна чек жок. Азыр өзүнүн аракетине саясый боек сүртүп, "Муну Акүйдүн жетинчи кабатындагылар жасап жатат" дегени ошондон. Ал эми "Мээрим булагы" балдар үйүнө биздин тиешебиз жок.

Аскул КЕНЖЕБАЕВ