Кыргыз гезиттер архиви

"Актар" жана "кызылдар"
Абал жакшы эмес. Организмде жылыш жок калды. Болгон жылыш - эки кадам артка, бир кадам алдыга кетип атты. Капталга канча кадам кеткени да эсептелип атты. Компүтер-заман ушундай болот тувайбы!
Ошентип, узакка созулган "алагүү" стадиясы бара-бара "ылжыраган" ылайдай абалга билинбей өтө баштады. Бирок, өзүнө билинбеген менен өзгөлөргө билинип атты. Билмек түгүл, ар түрдүү божомол, дөдөмөл, урдурма ушак, ой жорууларды ортого салып, үстүнө байге сайышып упай топтой башташты. Упайды күздө санайбыз дешти. Бирок ал күзгө чейин күталбайт эле. Күзгө чейин андан эчтеке калбайт болчу.
Ошону менен биздин замандын XXI кылымынын башында, тагыраак айтканда, биринчи он жылдыгында согуш башталды. Граждандык согуш. Согуш организмде жүрүп атты. Арактын согушчан молекула, атомдору денедеги болгон жылуу орундардын баарын ээлеп алган эле. Андыктан, бул уруш - атомдук согушка айланып кетти. Өздөрүн "актарбыз" деп атап алышкан градустар организмде оккупация жүргүзгөнүнө көп болуп калган. Бул урушка жөн солдаттар жарабай калгандыктан, атайын үйрөтүлгөн, такшалган жоокерлер алынып келинди. Штрафбаттын жаналгыч жоокерлери. Ал итибайларың "ачууну ачуу талкалайт" деп алигиден аңкилдек аттырып ийишип эле согушка кирип кетип атышты. Уруш кызып, ар бир чуңкур, ар бир дөбө үчүн кызыл кыргын жүрүп атты. Арактын согушчан атомдорунун казармасы - ашказанды биринчи ирээтте бошотушту. Ашказандын бүдүрүн кемирип аткан жеринен бошотушту. Ал жерде карантин жарыяланып, бүлүнгөн бүдүрлөрдү калыбына келтирүү иштери чукул арада башталды. Андан ары кош бөйрөктү штурм менен алышты. Душмандар таштай качкан бөйрөктөгү таштарды тылга, экспертизага жөнөтүштү. Арасында асылташтар болушу мүмкүн да. Бирок баарыле котур таштар экен. Жүрөктү бошотуу иштери да ийгиликтүү аяктады. Кайран мотордун эки толтосу кансерт-залга айланып кеткен экен, экөөнү тең жууп-тазалап, тартипке келтиришти. Душмандын калдыктарын калдактата кууп, бир талайын арткы тешиктен айдап чыгышты. Бирөөнү да туткунга алышкан жок. Тукум курут кылмак болушту.
Албетте, чечүүчү салгылашуу мээни бошотууда болду. Буткулдардын арасын буктурма катары пайдаланган "ачкылтектер" ар бир сантиметр, миллиметр үчүн жан аябай катуу каршылык көрсөтүштү. Өзгөчө, аты жок (памиттен өчүп калган) буткул-дөбө үчүн каршылаштар бири-бирин бөтөнчө коколошту. Бирок, көпчүлүк деген көпчүлүк да, акыры "ачкылтектерди" тыйпыл кылышып, ал дөбөгө желек сайышып, жаңы ат коюшту. "Эверест" чокусу деген.
Ошентип, штрафбаттын куралдуу күчтөрү он эки мүчөнү "аккупант-актардан", мурунду болсо "кызылдардын" үстөмдүгүнөн бошотушуп, "өлкөдө" көптөн күткөн бейкуттук орноду. Ар кандай согуш тынчтык менен бүтөт дегендей, жер-жерлерде тынчтыкты биротоло бекемдөө механизмдери иштелип чыгып, жүзөгө ашырыла баштады. Агарып бараткан мурундун ары жагынан көптөн бери көрүнбөй кеткен кызылкүн градустай көтөрүлүп келатты. Организмде жаңы реформа жүрүп баштады. Ур-ре-е!..




Күлкүлүү үй
Эки келин сүйлөшүп турат:
- Күйөөгө чыгуу дегенди кандай түшүнөсүң?
- Күйөөгө чыгуу деген чөлдөгү закымды элестетет: ак сарайлар менен пальмалар, төөлөр. Анан, бир убакта карасаң эле ак сарай көздөн кайым болот, андан кийин пальмалар жоголот, акыр аягы "төө" менен каласың.
???
XXIII кылымдагы археологиялык казууларда окумуштуулар алатаяк таап алышат. Эмне таяк экенин түшүнүшпөй, акыры карылыгы жеткен бир профессорду алып келишет. Профессор алатаякты карап чыгып айтат:
- XX кылымдын аягында адамдардын бир түрүнө кирген ГАИ уруусунан чыккан ментозаврлар ушул таяк менен өздөрүнө тамак таап жешкен...
???
Сотто күбө болуп катышкан кишиге судья минтип кайрылат:
- Жалган көрсөтмө бергениңиз үчүн сизди эмне күтүп турат, билесизби?
- Ооба, бир "Мерседес" убада кылышты.
???
Сот жүрүп атат:
- Айтыңызчы, айыпкер, эмне үчүн токойдо бөтөн кишиге ок чыгардыңыз?
- Мен аны аюу деп ойлогом.
- Анын киши экенин качан билдиңиз?
- Ошол аюу кайра өзүмө ок чыгарганда.
???
От жакканга чектелген жоокер эриккенден үйүнө кат жазып, ата-энесин кубантмак болот. Бир барак кагаз таап келип, четтерин күйгүзүп туруп, анан жазып турган жери: "Кандайсыңар, ата, апа! Мен жакшымын. Бул катты өрттөнүп аткан танканын ичинде отуруп жазып атам..."
???
Күйөөсү:
- Бу, силер айбанаттарга өмүр бою карызсыңар, - дейт аялына.
- Ал эмне дегениң?
- Шуба, топуңарга норка жарап атабы, крокодил болсо сумкеңерге терисин сыйрып берет. Жылан байкушту туфлиңерге керектейсиңер. Анан, ар дайым бир эшек бар, ал келесоо ушунун баары үчүн акча төлөйт.
???
Мугалим келин класска кирип отурат. Башы тимеле сынат, кыртышы эчтеке сүйбөйт. Үнү үзүлүп кетчүдөй араң эле чыгат:
- Балдар, расписание боюнча азыр кайсы сабак?
- Математика.
- Эмесе, тапшырманын шартын уккула: эки жаш интеллигент келин эки бөтөлкө арак ичти, эми чечкиле: ошондон соң дагы бир бөтөлкө вино ичүүнүн кажети бар беле же жок беле?
???
Коенду тергөөчүлүккө дайындашат. Ал акең сразым түлкүгө асылат:
- Алдагы жонуңдагы асыл тери кимдики?
- Өзүмдүкү.
- Жок, бул уурдалган тери! Отурасың!
Түлкү ошентип түрмөдө отурса, казды айдап келип камашат.
Түлкү сурайт:
- А сени кайсы статья менен камашты?
- Коен кармап алып, "тапкан бир тыйының жок, кайсы пулуңа кышында түштүк жакка каттайсың?" деп, биякка тыгып салды.
???
Чукча өмүрүндө биринчи жолу кудукту көрүп таңгалат. Ээсинен анын суусу тазабы деп сурайт.
- Ого-ой, - дейт кудук ээси, - эми укмуш да. Бул кудуктан чоң атам да суу ичиптир.
- Оо-ми-ий! - деп чукча көзүн тостойтот, - чоң атаңдын мойну ушунча узун бекен?!
???
Радио кабар: "Түндө чукчалардын биринчи космос корабли кыйрады. Бир космонавт жана жүз кочегар курман болду".
???
Айылдык аксакал догдурга көрүнгөнү келип, дарыгерге айтат:
- Мен, балам, өзүңө өпкө-боор менен эле келип калдым.
- Түшүнөм аксакал, аларды бери бериңиз, муздаткычка салып коеюн.