Кыргыз гезиттер архиви

  Азыркы дүбүрттүн күлүгү

Мамедин КУЛМАНБЕТОВ:
"Уулум Назарбаевдин "жансакчысы болгон"
Жетимиш төрт жаш… Бир караган адамга узак өмүрдөй сезилет. Бирок убакыт учкан куштай зымырап тез эле өтүп кеткенин адам баласы учурунда аңдабай калат эмеспи. Ушул убакыт ичинде жашоонун ачуу-таттуусун, тагдырдын маңдайга жазган жазмышын, сүйүүнүн кубанычы менен кайгысын башынан өткөргөн адам өткөн өмүрүнө саресеп салып, эмнелерди ойлойт болду экен? Өмүр бою аскер бөлүмүндө дарыгер болуп иштеп, учурда ардактуу эс алууда жүргөн Мамедин КУЛМАНБЕТОВдун баянына назар буруңуз, окурман.

"Энем 12 жашында турмушка чыккан"
Токтогулдун Үч-Терегинде төрөлгөм. Ата-тегим аз тукумдуу адамдар экен. Атам Кулманбет да, анын атасы Иманалы да жалгыз болуптур. Чоң атам учурунда Токтогул Сатылганов менен бирге Сибирге айдалып келиптир. "Бегеттеги беш калпа" деп Токтогул ырдаган ырдагы беш калпанын бири - чоң атам Иманалы экен. Ал гипнозду жакшы өздөштүрүп, ошол учурда эпкиндеп калган кишилерди көрүп, дем салчу экен. Бир жолу Тогуз-Тородон Керимбай болуш атайы Иманалы калпаны чакыртып ооруган агасына дем салдырып, эгерде жакшылап айыктырсаң каалаганыңды берейин деп сөз бериптир. Бир ай дем салгандан кийин агасы жакшы болуп калат. Керимбайдын беш кыз, бир уулу бар экен. Кетеринде Иманалы калпага ыраазычылыгын билдирип, ат мингизип, тон кийгизиптир. Ошондо Иманалы калпа ага: "Беш кызың бар экен, 12 жаштагы кичүү кызың Үлпүлдөктү менин жалгыз балам Кулманбетке келин кылып алайын" дейт. Айла жок, айткан сөзүнө туруп, Керимбай болуш 12 жаштагы кызын 13 жашар Кулманбетке турмушка бериптир. Үч-Терекке келгенде үйлөнтөбүз дешсе Кулманбет туугандарына качып кетиптир. Үлпүлдөктү он бешке чыкканча чоң энем койнуна алып жатып чоңойтуптур. Кыз он бештен өтүп, Кулманбет он жетиге чыгып калганда экөөнү үйлөнтүшкөн экен. Экөө баш кошкондон кийин көпкө балалуу боло алышпай, улам төрөлгөн балдары өлүп, акыры мен төрөлгөндө ырымдап кыз төрөлдү деп эч кимге айтпай, кырк күн кырк үйгө сатып чыгыптыр. Жети жашка чыкканча кыздын кийимин кийгизип, кулагыма сөйкө салып, Макен деп эркелетишчү. Жетиге чыгып, сүннөткө отургузганда гана бул кыз эмес, эркек деп элге айтышкан. Кийин деле мени Кулманбеттин кызы деп айтып калышчу. 1949-жылы Тогуз-Торого энемдин төркүнүнө көчүп келип жашап калдык. Апамдын муундары ооруп, такыр басалбай калды. Атама энемдин көзүнүн тирүүсүндө эле башка аял алып берип, казан-аякка каралашып, мага биртууган төрөп берсин деп ойлошкон. Бирок, алган аялдарынан төрөлгөн балдар эмнегедир чарчап калып атышты. Ортодон атам беш-алты аял алып кетирди. Арадан көп өтпөй апам да кайтыш болду. Андан кийин атам алты кызы бар аял менен жашап, бир кыздуу болду.
Кызын кызганган кайнатанын каары
Тогуз-Тородон бой жетип, болочок жубайым Турнакан менен таанышып, бири-бирибизди сүйүшүп калдык. Анда мен 16да, аялым 14тө болчу. Атасы Солтобай деген баатыр киши эле. Ал Турнакан экөөбүздүн сүйүүбүздү билип калып, бир күнү: "Тентимиш, кызымды сага бербейм! Кызыма келбе! Сен калың төлөй албайсың, экинчи келчү болсоң мууздап салам" деп бычакты кекиртегиме такап коркуткан. Бирок, сүйүү анын коркутканына карамак беле, болбой эле жашырынып жолугуп жүрдүк. Турнаканга жолугуу үчүн кыргоол, кекилик атам демиш болуп, алардын үйүн эле айланчыктап жүрөр элем. Бир күнү Солтобай чыга калып: "Эмне, биздин үйдүн жанында кекиликтер жайнап калыптырбы? Экинчи келбе!" деп кыйкырып кууду. А мен болбойм. Көрсө, чоң кызматта иштеген, бирок, жашы улуурак адамга турмушка берем деп жүрүптүр. Ошентип, мектепти аяктагандан кийин Фрунзеге медициналык институтка тапшырып өтүп кеттим. Кийинки жылы өгөй энемдин чоң кызы менен Турнаканды медучилищага окутам деп шаарга алып келдим. Атасы Турнакандын мени менен кеткенин билген жок. Бирок, ал окууга өтпөй калды. Ошол боюнча айылга кетпей, экөөбүз эч кимге айтпай үйлөнүп алдык. Биздин үйлөнгөнүбүздү уккан Солтобай аябай каршы чыкты. Атам Кулманбетти Солтобай далай жолу келип, "уулуң менин кызымды калың төлөбөй алып алды" деп уруп кетчү экен. Тун кызыбыз Махабат төрөлөр алдында атам Кулманбет кайтыш болду.
Узак сапардагы улуу жол
Улуу кызым Махабат төрөлгөндө аны кыйынчылыктын айынан Солтобайдын иниси Асанбекке берип, Турнакан ишке кирди. Анын артынан эле, 1960-жылы Бакыт уулум төрөлдү. Эки жылдан кийин уулум Марат жарыкчылыкка келди.
Мединститутту аяктаганда аскердик бөлүмгө врач болом деп арыз жаздым. Институттан Сахалинге иштөөгө жолдомо беришип, балдарымды, аялымды ала кетейин десем, Солтобайдын бергиси жок. Ошондо Солтобайдын иниси Асанбектин аялы уулубуз Бакытты бизге берип, самолетко узатып койду. Биздин Сахалинге кетип баратканыбызды уккан Солтобай ат чаап келип, учуп бараткан самолетту аткан. Махабат менен Марат Солтобайдын иниси Асанбектин колунда калышты. Сахалинден эң кичине уулубуз Жами төрөлдү. Кийин жашообуз оңолуп, Кыргызстанга келгенде Солтобай кайнатам менден кечирим сурады. Баары унутулду, кечириштик. Сахалинде жети жыл иштеп, Москвада бир жылдай иштеп, андан кийин Ошко келдик. Кайра эле иш боюнча Казакстандын Талдыкурган облусуна кызматка которулдум. Аскер врачы болуп СССРдин улам бир жеринде иштеп, акыры Ысык-Көлдөгү "Тамга" санаториясында иштеп, ошол жерден ардактуу эс алууга чыктым.
Үйбүлөдөгү жети офицер
Улуу кызым Махабат мектепти аяктагандан кийин медициналык институтту бүтүрдү. Терапевт-врач, үч баласы бар. Балдары чоңоюп, үйлөнүп, мени чөбөрөлүү кылышты. Уулум Бакыт Алматы шаарындагы жогорку аскер окуу жайын аяктады, эки уулу бар, келинчеги украин улутунан, азыр Бишкектеги Аскердик даярдоо башкармалыгынын начальниги, полковник. Кийинкиси Марат, ал - чекист. Ленинграддан окуп келген. Карагандыда аскер кызматын өтөп, ошол жерден жогорку милиция окуу жайын аяктады. 1991-жылга чейин Бишкекте иштеп, "Альфа" антитеррористтик атайы топко өтүп кетти. Мындай топ КМШ боюнча Москвада жана Алматада гана бар. 1991-жылдан баштап "Альфада" иштеп, Казакстан президенти Н.Назарбаевдин жансакчыларынын катарында иштеди. Казакстандын ИИМинде да иштеди, майордук чини бар. Азыр пенсияга чыгып, газпромдо иштеп атат. Үч баласы бар. Кенжебиз Жами Челябинскиден жогорку аскер окуу жайын аяктаган. Учурда Байкоңурдагы аскер прокуратурасынын иликтөө бөлүмүнүн начальниги, подполковник. Эки эркек баласы бар. Мен өмүр бою аскер врачы болуп иштегендиктен, үйбүлөмдө балдарым, неберелеримди кошкондо жети офицер бар.
Жүгүрүп жүрүп көз жумду
Байбичем Турнакан экөөбүз кырк тогуз жыл бирге жашадык. Дайыма ээрчишип жүрчү элек, ортобузда чоң сүйүү болуп, турмуштун көп кыйынчылыктарын жеңип, эми балдарыбыздын чайын ичели деп атканда, 2005-жылы 7-ноябрда каза болуп калды. "Жүгүрүп жүрүп, мүдүрүлүп өлөйүн" деп көп айтчу. Айтканындай эле болду, оорудум дегенин уккан эмесмин. Басып жүрүп эле кете берди… Байбичем жок, жашоом чынында эле оорлоду. Балдарымдын баары эле көзүмдү карап, оозуман чыккан сөздү аткарышат, бирок, баарыбир байбичем бардагыдай болбойт экен. Турнаканга абдан көнүп калыптырмын. Жакында ооруп операция болдум. Балдарым үйлөнтөлү деп да айтышты. Бирок, байбичем, бала-бакырам, неберелерим менен салган Тамга айылындагы үйгө башка аялды киргизгим келбеди. Өткөн жашоомо саресеп салып, өмүрүмдөгү эң бактылуу убакыт, мүнөттөр Турнакан менен өткөнүн эми гана аңдап отурам. Бирок, балдарым, неберелерим бар, элим аман-эсен, мен бактылуу адаммын…
Назгүл КАЛМАМБЕТОВА




  Көшөгө

Урматтуу түгөй издегендер! Жаштар! Жашы өтүп баратса да жашоодон жар издегендер! "Агымга" кабарыңарды билдирип, катташып туруңуздар. Азыр заман, мезгил баягыдай эмес. Гезит аркылуу таалайларын таап, өмүр бою таттуу жашап өткөндөр четтен табылат. Издеген адамыңызды биз аркылуу таап, бактылуу болсоңуз - биз да кошо кубаналы. Ак тоюңузга күбө бололу. Кана эмесе, кат жазгыла! Катташкыла! Биздин телефон: 66-56-70. Шаршемби күнү саат 10.00дөн 12.00гө чейин кайрылсаңыздар болот.

Абонент-13. Жашы - 42, бою - 160, жерлиги - Талас, билими - жогорку, мүнөзү - токтоо. Турмуш абалы - медик, үй-жайы бар. Материалдык жактан камсыз, бир баланын энеси. Кандай мырза менен таанышат - 40-50 жаштардагы ичпеген, иштеген иши бар, түшүнүктүү мырза менен турмуш куруу максатында таанышат.
Абонент-14. Жашы - 35, бою - 168, жерлиги - Көл, билими - жогорку, мүнөзү - токтоо. Турмуш абалы - туруктуу иши, бир баласы бар. Кандай мырза менен таанышат - Бишкекте жашаган, материалдык жактан камсыз, иштеген, 35-46 жаштардагы мырза менен турмуш куруу максатында таанышат.
Абонент-15. Жашы - 30, бою - 170, жерлиги - Ош, билими - жогорку, мүнөзү - оор басырыктуу. Турмуш абалы - өз жашоосуна тың, бир баласы бар, иштейт. Кандай мырза менен таанышат - 30-45 жаштардагы, иштеген, эркекке таандык жакшы сапаттары бар мырза менен турмуш куруу максатында таанышат.
Абонент-16. Жашы - 44, бою - 170, жерлиги - Жалал-Абад, билими - жогорку, мүнөзү - токтоо. Турмуш абалы - эки баласы бар. Балдары чоңоюп, өз алдынча кеткен. Жалал-Абадда иштейт, жашайт, үйлүү-жайлуу, материалдык жактан камсыз. Кандай мырза менен таанышат - чеги менен ичкен, токтоо, турмушка олуттуу караган 45-52 жаштардагы адам менен турмуш куруу максатында таанышат.

Урматтуу түгөй издегендер! Ушул жазылган абоненттерден көңүлүңүзгө төп келгенине кат жазыңыз же болбосо "Көшөгөнүн" 66-56-70 телефону аркылуу байланышып, өзүңүздүн дарегиңизди калтырыңыз. Эгерде сиз өзүңүзгө өмүрлүк жубай же жандүйнөңүзгө жакын дос-курбу күткүңүз келсе, жогорудагы абоненттердей анкета толтуруп, аты-жөнүңүздү, паспорттун катталган жерин, номерин жазып бизге жөнөтүңүз. Дареги, паспорт номери жок каттар жарыяланбайт.
Биздин дарек:
Бишкек шаары,
Чүй пр., 132, "Көшөгө".