Кыргыз гезиттер архиви

  Жерпайың кайсы, жетесиз?

Курама жыйнап журт кылган Манас!
Биз, кыргыздар XXI кылымда деле уруулук аң-сезимдин деңгээлинен көтөрүлө албай ич ара бөлүнүүчүлүккө жол берип, жалпы улуттун беделине доо кетирип жатканыбыз өкүнүчтүү. Жашырганда эмне, бул көрүнүш карапайым элдерден тартып бийликтин бардык бутактарында орун алган. Тарыхтагы уруунун кайсы бир ханына, акылманына же баатырынын даңазасына таянып алып "ал биздин уруудан чыккан, биз кыйын болгонбуз" деген мактануудан тажабадык. Ошол уруу ич ара ынтымак болуп башкаларга үлгү болсо бир жөн. Бирок уруу арасында да тиги атанын урпактары, токолдун баласынан тарагандар же бакма баланын тукумдары болуп бөлүнүү дале болсо күчүндө.


Эми баары бүтүп ушу гана жетишпегендей Баткен районундагы кыпчак уруулары паспортубузга алдыдагы эл каттоодо улутубузду кыпчак атап жаздырабыз деп чамынып турушкан кези. Эске сала кетсек, мурдакы эл каттоодо да жыйырмадан ашуун баткендик улутун кыпчак деп жаздырышкан. Мунун өзү биз кыргыз эмеспиз деп тангандык. Демек, алар аргасыздан эле кыргыз болуп жүрүшөт. Баш-аягы жок санжырага токтолуп далилдөөнүн кереги жок. Кыргыздар талаша келсе улуу санжырачыны деле калпычы кылып баса берет. Кыпчак уруусу өздөрүн байыркы гундардын, половецтердин тукумдары деп билишет. Сүйлөй келишсе, "Манас" эпосунан тартып Аттилла баатыр, Барсбек, Султан Бейбарс, ал турсун легендарлуу Токтогул ырчы да ошолордуку. Азия менен Европа мындай турсун, муз үстү менен Аляскага өтүп, алгачкы ирет Американы ачкандар да кыпчактар.
Буга талаш жок, кыпчактар улуу болсо болгондур. Бирок бүгүнкү күндө алар өздөрүн улут атап, кыргызды жеригенде табары не. Бүгүн улутубуз кыпчак деп булар чыгышса, кыпчактар менен эзелтеден эриш-аркак келе жаткан наймандар, нойгуттар, каңдылар, бостондор, тейиттер деги эле уруулардын баары улутун уруунун наамына жаздырабыз деп чыкса кыргыз улуту жок болгону турат. Көрсө, бекеринен дүйнөлүк уюмдар Кыргызстанды жоголуп бараткан өлкөлөрдүн катарына кошпойт экен. Бул биздин экономикалык алсыздыгыбыздан же башка себептен эмес. Бөлүнүүнүн айынан бири-бирибизди курттай мүлжүп жок кылып бараткан кыялыбызды тигилер жакшы билишет. Эгер сырткы күчтөр астейдил киришсе кыргыздарды чабыштырып коюу өтө эле оңой. Өзүбүздү өзүбүз алеки саатта жеп алуудан кайра тартпайбыз. Жадагалса биздин кыйын окумуштуу тилчилер тилибиздеги бардык сөздөрдү монгол, араб, иран тилдеринен кийирип жиберишкен. Анан эки миң жылдык тарыхыбыз бар деп айтабыз.
Мажирөө майдалыгыбыздан улам Кыргызстанды башкарган жетекчилерди да жети атасынан бери териштирип, жерден алып көргө салгандан тажабадык. Мисалы "Ачык саясат" гезитинин № 3 санына Нурслан Акматов деген жазмакердин Кыргызстанды башкарган жетекчилер жөнүндө баштан аяк далилсиз фактылар менен ашаткан келжирек макаласы жарык көргөн. Автордун айтканына ишенсек, Абдыкадыр Орозбековдун түпкү теги өзбек, уруусу бостон имиш. Биринчиден, А.Орозбеков бостон эмес, ал кесек уруусунан болгон. Эгер улуту чындап эле өзбек болгондо Михаил Фрунзе менен совет өкмөтүн курууда чогуу жүргөн аксакал мамлекеттик кызмат үчүн Ташкенде эле калмак. Орозбековду Фергана өрөөнүндөгү өзбектердин баары кыргыз деп таанышкан. Ал эми Кыргызстанды кантип башкарды, кыргыз үчүн эмне кылды бул такыр башка кеп. Бир сөз менен айтканда, ошол макалага таянсак, Исхак Раззаковдон башка жетекчинин бири да кыргыз болбоптур. Ал тургай Апсамат Масалиевдин да уруусу тажик экен. Бирок автор ушинтип жазарын жазып алып, "мен буга ишенбейм" деп жыландын башын кылтайтат. Эң эле күлкүлүүсү, Исхак Раззаковду чыныгы кыргыз, ал саруу уруусунан, ошон үчүн Кыргызстанды мыкты башкарды деп бүтүм чыгарат. Ошондой эле Аскар Акаев менен Турдакун Усубалиевдин да кыргыз экендигинен шек санайт.
Иши кылып бөлүнүп жүрүп жакшылыктын үстүнөн чыкпашыбыз белгилүү болуп калды. Азыр муну саясатчылар өз максаттары үчүн ийгиликтүү колдонуп жаткан кези. Себеби, намысына келтирип элди козутуунун бирден-бир амалы ушул.
Келдибек НАЗИРОВ




  Эй, эл көзөлдөрү!

Баялы кызы Лариса:
"Исакеевдин тарыхый ирбити качан келет?"

Камалганга чейин Кыргыз ССР Эл комиссарлар кеңешинин төрагасы болуп иштеген Баялы Исакеевдин жалгыз кызы Лариса эже бүгүн 75 жашта. Ал Б.Исакеевдин Муслима аттуу казак аялынан төрөлгөн. Бирок кызынын 11 ай кезинде Муслима ден соолугуна байланыштуу Ларисаны чоң энесинин колуна калтырып, төркүнүнө кетип калат. Ларисаны 11 айынан 4 жашка чыкканча Баялынын үчүнчү жубайы Надежда Щеглова багат. 1937-жылы Баялы Исакеев менен кошо аялы Надежда да түрмөгө кесилип, кыз кароосуз калганда таенеси НКВДнын кишилеринен коркуп, Казакстандагы апасы Муслиманы телеграмма аркылуу чакыртат. Лариса үчүн накта азаптуу турмуш ошондо башталат. Эл ичинде чагымчылык кылып жалган жалааны ойлоп тапкан НКВДнын баканооздору аркылуу Муслима да эл душманынын аялы деген жалаа менен түрмөгө камалат. Бирок Муслима атактуу Абайдын жакын туугандарынан болгондуктан, Ларисаны Абайдын небереси Увасилия багат. Муслима түрмөдөн бошонгон соң эл душманынын бүлөсү деген жалаа менен аларды Алматы шаарындагы эки бөлмөлүү квартирадан кууп чыгышат. Кайда барарын билбеген Муслима менен Лариса тепкичтин астында укташып, өлбөстүн күнүн көрүшөт. Муслима каза болгондон кийин Лариса балдар үйүндө тарбияланат. Ал атасы Баялы Исакеевдин акталганын 1957-жылы угуп, атасы бар экенин да ошондо билет.
Лариса Кыргызстанга келгенде аны расмий өкүлчүлүктөн Совминдин ошо кездеги төрагасы Абды Сүйөркулов кабыл алып, экинчи апасы Надежда Щеглованын Москвадагы дарегин берет. Ал Ларисага жазган катында "атаңдын каттарын, буюмдарын алууну унутпа. Мен карылыктан алым кетип, колумдан эчтеке келбей калды. Керек болсо атаң гана эмес, сенин да бактылуу балалыгың репрессиянын курмандыгы болуп кеткен. Сен да дүйнөдөгү эң кымбат нерселерден атаң үчүн ажырагансың" деп жазган. Ошол бойдон Лариса эженин үйбүлөсү 1969-жылы Турдакун Усубалиевдин чакыруусу менен Кыргызстанга көчүп келишкен. Азыр Лариса эже болгону эки бөлмөлүү квартирада жашайт. Уулу, неберелери бар. "Маданиятка эмгек сиңирген ишмер" наамын кошкондо 2200 сом пенсия алат. Баялы Исакеевдин 110 жылдык мааракеси өкмөттүк деңгээлде белгиленбей калганын айтып, көз жашын сыдырып алды.
- Өмүр таржымалыңыз аянычтуу экен. Ушу тапта Баялы Исакеевдин сизден башка жакын туугандары барбы?
- Атамдын жакын туугандарынан эч кимиси жок. Баары Кытайга качканда атылып кеткен экен. Эл менен кошо Кытайга качып кайра келгенден кийин партиянын катарына өтүп, өмүрүнүн акырына чейин жалаң партиялык кызматтарда иштеген. 1937-жылы Жусуп Абдрахманов сыяктуу биртоп парткызматкерлерди Сталиндик режим бирин-бирине жамандатып жаздырып отуруп, баары атылып кетишет. Акырында баары бир чуңкурга жатып калышат. Бул ошол кездеги кыргыз жетекчилеринин эң аянычтуу трагедиялык тагдыры болгон. Жусуп Абдрахманов Сталинди баш кылып, Кагановичти сындап эмгектерине жазып жүргөн. Ошол эле учурда Баялы атамды да "саткын, сатылды, эки жүздүү" деп жамандаган. Саясаттагы бул салтты азыркылар деле пайдаланып жатканы өтө өкүнүчтүү.
Мисалы, И.Арабаев университетинде иштеген Сыртбай деген окутуучу бар. Өткөндө бир гезитке Жусуп Абдрахмановду жазып жатып, атам Исакеевди жамандаптыр. Мен аны менен соттошоюн деп чалсам, "кечирип коюңуз, мен Исакеевди да, Абдрахмановду да жакшы көрөм" дейт. Алар сталиндик каардуу мезгилдин курмандыктары болушту. Азыр мунун кереги барбы? Бул мага өтө оор тийди. Жүрөгүм кыйналып, бир ай дегенде араң өзүмө келдим. Мен муну президент К.Бакиевге жазып, "эмне үчүн окумуштуулардын ушундай аракетине жол бересиз" деп арызданайын да дедим. Абдрахманов да, Исакеев да бир мезгилде атылышкан. Андыктан, сөз эркиндигин тарыхый инсандарга колдонууда этият болушса. Бул жөнүндө Турдакун Усубалиевге да айттым. Ошол Сыртбайдын жазганын эстеп ушул күнгө чейин ыйлап келем.
- Деги эле эгемендик жылдарында бийликтегилер абалыңызды сурап, Баялы атаны эскериштиби?
- 2007-жылы Баялы атамдын 110 жылдык юбилейи эле. Ошол жылы балам каза болуп калды. Жолдошум да жаш кезинде каза болгон. Эне болгондон кийин кыйналат экенсиң. Мен акыры президенттин администрация башчысы М.Садыркуловго кат жазып кирдим. Мени жардамчысы кабыл алып, "о эже, Исакеевдин 110 жылдыгын билбей калганыбыз өтө уят. Макул, мен муну президентке айтам" деген. Бирок азыркыга чейин жооп жок. Ыракмат, Баялы атамдын эки эстелиги бар. Чоң той өткөрүп, эт тартуунун кереги жок. Бирок Исакеевди маалымат каражаттарында чагылдырып, илимий жыйындарды уюштуруп, эмгектерин басмадан чыгарууга неге болбосун? Убагында Кыргызстандагы биртоп окуу жайларды, филармонияны, орус драма театрын Исакеев ачкан. Элдик таланттарды чогултуп, алгачкы жолу олимпиада өткөргөн. Эми аны эскерген эч ким жок. Ушул жагы абдан өкүнүчтүү. Атамдын ысымын жогорку окуу жайлардын бирине ыйгарып, музейин уюштурса болмок.
- Сиз атаңыз атылганда төрт жашта экенсиз, анын кандайдыр бир элеси көз алдыңызда калдыбы?
- Эч нерсе билбей калдым. Атамдын биринчи аялы кыргыз болгон. Ачкачылыктан казактар жер оодарып Кыргызстанга келгенде атам да кошо келген экен. Апам Абайдын тукумунан болуп, Семейден келишкен. Казактарды ачкачылыктан алып калууга Абдрахмановдун, Исакеевдин эмгеги чоң. Апам Муслима ажарлуу, сулуу болгондуктан, Баялы ата төрөбөй жүргөн аялы менен ажырашып, апама баш кошкон. Ошондон тартып атамдын үстүнөн "обкомдун катчысы болуп туруп, кулакка тартылган байдын кызына үйлөндү" деп үстүнөн арыз жазышып, тынчтык беришпейт. Муслима апам атамдан жыйырма жаш кичүү экен. Деги эле тарыхый инсандарды эскерип, алар жөнүндө иш-чараларды өткөрүп туруу - тирүүлөрлөрдүн милдети болсо керек. Мисалы, Кочкордо атамдын эстелиги болгону менен, ал жерге туристтер келип "бул ким?" деп сурашат экен. Азыр бул суроого жооп берчүлөр чанда. Жок дегенде атамдын 110 жылдыгын Нарындагы жергиликтүү аткаминерлер билүүгө тийиш эле.
Мен Исакеевдин кызы болгондугум үчүн атамдын эмгектерин айтып аткан жокмун. Атамды эскерүү аркылуу анын замандаштары эскерилет. Мисалы, атам менен кошо жүз киши түрмөдө жаткан. Бүгүн эл алардын ким экенин, эмне айып менен түрмөгө түшкөнүн билбейт. Андыктан, атамдын эмгектери толугу менен китеп болуп жарыяланса, элибиздин тарыхы үчүн жакшы болмок.
Келдибек НАЗИРОВ