Кыргыз гезиттер архиви

  Кыргыздыкы ичтенби?


Өлкөнүн аймактык бүтүндүгү бүгүнкү улуттук стратегиялык кызыкчылыктардын башкы милдети экендиги президенттин жакында болгон кайрылуусунда баса белгиленди. Чындыгында аймактык бүтүндүк, сырткы чектердин коопсуздугу коркунуч жаратпай койбойт. Ушу маселелер боюнча адис, кадрдык чекист жана чегарачы Алик ОРОЗОВго кайрылдык. Ал өз убагында СССР КГБсынын, Россиянын чегара академиясынын жана Россия ТИМ дипломатиялык академиясынын жогорку курстарында атайын даярдыктан өткөн. Кийинки кезде өкмөт аппаратынын коргонуу жана укук коргоо органдары боюнча бөлүмдүн башчысы, КР Коопсуздук кеңешинин секретарынын орунбасары болуп иштеген.

Жок душманга тап берип...
- Алик мырза, өлкөнүн улуттук аймагы деген эмне? Анын мааниси эмнеде?
- Менин алгачкы билимим тарых боюнча, ошонүчүн тарыхчы катары адамдар көңүлүн адегенде кандай гана улут болбосун ал жашай турган базистик негиз болгон улуттук аймакка, анын маанисине бурар элем. Биздин улуу ата-бабаларыбыз нечен кылымдардан бери бизге тил, адат-салт, өзгөчө маданиятты эле эмес, баа жеткис байлык болгон улуттук аймакты калтырып кетишкен. Ошонүчүн өз жерибиз, аймагыбыз деген түшүнүк ар бир улут үчүн ыйык. Дүйнө тарыхындагы болгон согуштун бардыгы жалаң жер үчүн болгон. Жерди коргоо үчүн далай адамдын каны суудай аккан.
- Азыр Кыргызстандын территориялык бүтүндүгүнө коркунуч барбы, алар канчалык реалдуу?
- Коркунучтар албетте бар, бирок биз күткөн жактан эмес. Биздин аң-сезимибизде улуттук кызыкчылыктарга, аймактык бүтүндүккө келтирилүүчү коркунуч боюнча эскирген түшүнүктөр бекем орун алган. Кээде биздин күч органдары реалдуу коркунуч менен реалдуу эмес нерсени айырмалай албай жаткандай таасир калтырат.
- Чечмелеп берсеңиз?
- Кыргызстан - географиялык параметрлери боюнча кичинекей өлкө. Бирок биздин мээбизде ушу кезге чейин боло турган коркунучтар жөнүндө советтик-импердик ойлонуу терең калыптанган. Кыргыздын аскер стратегдери чоң өлкөлөрдөгү кесиптештерин туурап, ошолордукундай аскердик категориялар менен ойлонуп, аларга теңелгиси келет, айласыз алардын түзүлүш схемасын туурашат. Айрым бир нерселерден биз алардан да өтүп кеттик. Генералдардын көптүгү боюнча кыргыздарды Гиннес китебине киргизсе болот. Бир коргоо министрибиз армия генералы чинин уялбай тагынып жүрдү. А биздин аскер ведомствобуздун бардык бөлүгүн кошкондо штаттык дивизиянын жарымынан көбүрөөгүн түзөт. Эгер бир аз кое турганда биздин "эр жүрөк" Эсен Топоев Башкы командачы Акаевден маршалдык погонду алары турган иш эле. Ал эми бажы начальниктеринин бири -генерал-полковник чининде жүрдү. Бизде ар бир үч-төрт солдатка бирден полковник, бирден подполковник туура келет. Аскар Акаев азамат, армиянын алсыз, начар жагын ушинтип толтурду. Биздин генералдар эчкимден уялбай эл алдына чыга берсе болот. Бирок… Бирок өзү ойлоп тапкан эчтекеси жок, башкаларды туураган мындай өлкөлөргө цивилдүү өлкөлөр банандык республика катары мамиле жасайт.
- Территориялык коопсуздукка коркунуч кайдан келет, ага кантип каршы турууга болот?
- Биз куралдуу күчтөрүбүздү кандайдыр бир көзгө көрүнбөгөн, абстракттуу душманга даяр кармайбыз. Бизге эмне, Кытай, Казакстан же Өзбекстан кол салабы? Эң башкы катачылык ушунда. Каршы согушканы жаткан душман ким экенин билбейбиз. Баарыбир ага болбой эле даярдана беребиз. Мамлекеттик аскер доктринасы мындай принцип менен түзүлбөш керек. 1999- жылдагы Баткен окуясы башка нерсе. Бүт дүйнө жүзүнө бизге ислам боевиктери кол салгандай түшүнүк берилди. Бизге эчким кол салган эмес. Болгону Тажикстандын тоолуу райондорунун биринде жашынып жаткан ИДУ талаа командири Жума Наманганиге өз байланышчыларын Өзбекстанга өткөрүү үчүн биз аркылуу коридор керек болгон. Кыргызстандын аймактык бүтүндүгүнө эчким кол салган эмес. Министр Эсен Топоев чегара аймагындагы кичине инцидентти бүт дүйнөгө чуу салып, Баткен согушу катары таанытты. КР Конституциясы бузулуу менен коргонуу Кеңеши түзүлүп, анда министр өлкө жетекчилигине Өзбекстан тарапта ИДУнун жети миңге жакын боевиктери Кыргызстанга кол салуу үчүн даяр турушкандыгы жөнүндө доклад жасады. Бул авантюрист Эсен Топоевдин чоң аферасы эле. Топоевдин, ошондой эле башка өлкөлөрдүн чалгын кызматтарына да Жума Наманганинин боевиктеринин саны болгону 300 адамдан ашпасы белгилүү болчу. Керек болсо ага тажик талаа командирлери жардам берери да белгилүү эле. Булар да болжол менен 300-400 адам, демек 600-700 боевик эч кандай Өзбекстанга кирмек түгүл, бул жөнүндө ойлошкон да эмес. Алар Кыргызстан менен согушууну каалашкан эмес. Бирок бул согуш Топоевдин планында бар эле. Ал түштүккө регулярдуу бөлүктөрдүн 5 миң аскерин орноштуруп, жок душманга катуу даярдык көргөндөй түр калтырды. Бул жок согушка аскер ведомствосундагы махинациялар жана талап-тоноолор шылтанып, бети жабылган, республикалык бюджеттен да чоң сумма жок кылынган. "Согуш" министрдин жеке рейтингин көтөрүп, адегенде ал генерал-полковник анан армия генералы болот. Башка аскер адамдарына да чиндер, орден-медалдар төгүлүп эле жатып калды. 5-6 офицер Кыргызстан баатыры болуп чыга келди. Алар "Манас" орденин алганы аз келгенсип, ошончо адамга кайра генералдык чин берилди. Бирок кимдин ким менен согушканы түшүнүксүз болуп калды. Мен ошо кезде өкмөт аппаратында коргонуу, укук коргоо органдары боюнча бөлүмдүн башчысы болгондуктан, министрдин аңырдай алкымынан мамлекет бюджетин сактоо үчүн топоевдик келесоо демилгелерди жокко чыгаруучу "партизандык" аракеттерди жасоого туура келген. Ошонүчүн биздин өлкөнүн коопсуздугуна негизги коркунуч жараткан ушундай мээси жок генералдар жана алардын өлкөгө чыныгы коркунучтар жөнүндө жакшы билбегендиги.
- Сиз чоң өлкөлөрдү туурабоо керек деп атасыз, анда өз суверенитетин сактоо үчүн кичине өлкөлөр эмне кылуу керек?
- Сиз Дания, Голландия же Бельгия, Франция менен Германияга кошуна тургандан өздөрүн коркунучта тургандай сезишет дегенди уктуңүз беле? Бул эки гигантка тең келүү үчүн булар булчуңдуу боло алышабы? Алар тигилердей бололу да дешпейт, каражаттарды кенедей да пайдасыз коротушпайт. Ошол эле кезде алар гүлдөп өсүп жатышат. Биздин чоң аскер "стратегибиз" Топоев кыргыз армиясын 30 миңге жеткирүүнү кыялданчу. Эгер анын ушу кыялы ишке ашканда биз Өзбекстан, Казакстан, Кытай менен андан бетер бир катарга туралмак эмеспиз, бирок өлкөнүн банкрот болушу турган иш эле. Биздин араңжан бюджет үчүн бекерпоздордон турган 30 миңдик армия өтө оор болмок. Бул ою ишке ашпай калган Топоев башкалардын башын айландыруу үчүн Башкы Командачы менен сүйлөшүп, Өзбекстанды туурап, Түндүк жана Түштүк аскердик тобун түзө баштады. Мындай кооз аталыштардан эчтеке көрүнбөй, бу жасалма бутафория эмнеге алпарарына кызыгып да койбогон Башкы Командачы дароо макул болот.
Азыркы глобалдашып бараткан дүйнөдө толук кандуу куралдуу күчтөрдү өз геостратегиясы бар, дүйнөгө таасир бере ала турган геосаясый оюнчулар гана кармай алышат. Биздин өлкө мындай күчтөргө кирбейт. Дегеле кичине өлкөлөрдүн бардыгы аскердик багытта өз абалын так билип, ошого жараша конкреттүү локалдык милдеттерди чечүүчү күчтөрдү кармоосу гана оң. Ал эми Швейцария сыяктуу өлкөлөр регулярдуу армияга эмес, мобилизациялык иштерге чоң маани беришет. Башкача айтканда, резервдеги адамдарга аскер өнөрүн үйрөтүп, жалпы граждандарынын физикалык даярдыгына кам көрүшөт. Булар кокус керек болсо өлкөдөгү болгон эркектерин курал көтөртүп чыга алышат. Бирок башка өлкөлөр өздөрүнүн улуттук аймагын коргоону башка нерседен көрүшөт.
- Эмнеден?
- Бизде территориялык бүтүндүккө коркунуч ичтен, кыргыздардын өзүнөн болуп жатканын белгилегим келет. Бизге 7000 боевик эч качан кол салбайт. Кокус кол салууга жол берсе, анда ОДКБ жана ШОС сыяктуу аскердик-саясый союздарды жоюп салуу керек. Биз өзүбүз чегараларыбызды жылаңачтап, Кыргызстандын түштүк бөлүгү жыйрылган теридей болуп, ичти карай жылып келатат. Кээ бир жерлерде чегара ондогон километр ичкери кирип кеткен. Бул үчүн бара-бара улутту жок кылууга алып келаткан миграция саясатын токтотуп, акыл-эстүү саясат жүргүзсөк жакшы болмок. Чегара коопсуздугун бекемдөө үчүн биздин чегарачылар эмне кылуусу керек деген өзүнчө чоң маселе. Буга кийин кайрылалы.
Аскер Сакыбаева